Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланды
Кадры

Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланды

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны өттү. Анда премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралды.

Жыйында парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлашты.

Ал жакта отурган депутаттардын бири да Жапаровго суроо узаткан жок, каалоо-тилек да айткан жок, дароо эле добуш берип, бир добуштан колдошту.

Эми Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке өкмөттүн түзүмүн жана курамын сунушташы керек. Андан кийин парламент өкмөттүн башчылыгына Жапаровдун талапкерлигин жактыруу жол-жобосун баштайт.

Рекомендуемые

Датский историк предсказал России экономическое чудо после ухода Путина

Фото — Президент Сооронбай Жээнбеков обсудил с Торага Жогорку Кенеша Дастанбеком Джумабековым, Премьер-министром Мухаммедкалыем Абылгазиевым и лидерами парламентских фракций текущую ситуацию, связанную с проникновением коронавируса на территорию страны

Обсуждены вопросы проведения совместных мероприятий по укреплению приграничного сотрудничества

Оставить комментарий