Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Садыр Жапаров жыйынга чогула албаган, чечим чыгара албаган депутаттарды коркоктор деп атады
Политика

Садыр Жапаров жыйынга чогула албаган, чечим чыгара албаган депутаттарды коркоктор деп атады

Бүгүн, 6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү керек болчу. Садыр Жапаровдун айтымында, учурда парламент чечим кабыл алып, кызматка дайындай турган жалгыз мыйзамдуу орган бойдон калууда. Алар премьер-министрдин милдетин аткаруучуну дайындаса, өкмөт башчы өз кезегинде бөлүм башчыларын дайындайт.

Бирок, депутаттардын көпчүлүгү жыйынды тоготушкан жок.

Камчыбек Ташиев дагы “Достук” мейманканасына келип, спикер Дастан Жумабеков менен баарлашты.

Садыр Жапаров депутаттарды чечим чыгара албаган коркоктор деп атады.

Жолугушуу боло турган залдын кире беришиндеги кароолчулар медиа өкүлдөрүн залга киргизбей жатышат.

Ичинде бир нече депутат бар. Бирок кворум болуш үчүн 61 депутат катышышы керек. Мынча депутат келген жок.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий