“Салам Кыргызстан” ырчыларды мазактаганын качан коет?

Маданияттын өргөөсү болгон КТРКнын куттуу студиясында отуруп алып маданиятсыз жүрүш-туруштары менен элдин талоонунда калган “Салам Кыргызстан” шоусунун алып баруучулары иштен четтетилип, бир аз убакыттан соң кайрадан алып бара башташкан. Эми дал ошол алып баруучулар кайрадан элдин каарына калып жаткан учуру. Дегеним, жакында эле жаш ырчы Мурадил Данияровду мейманга чакырышып, колунан келишинче сөз менен чүнчүткөндөрү аз келгенсип, жаш баланын жаңы костюмун кескилеп эрмектешкен. Алардын мындай жосунсуз жоругуна интернет колдонуучулары иренжүү менен карап, бул долбоордун эч кандай эстетикалык тарбиясы жоктугун айтышып, эмне себептен көзөмөлдөнбөйт деп нааразы болушууда.

Булак: «Фабула»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *