Шайырбек Эркин, журналист: «Азаттыктагы» арамзалык

Акыркы күндөрү “Азаттыктын” тегерегинде кеп-сөз күчөшү мени да ойго салды. “Азаттыкта” баш-аягы 17 жылдай иштептирмин, кырчындай жаштыгым калды. Региондук кабарчылыктан тарта Бишкекте, кийин Прагадагы баш кеңсесине чейин ар кандай тепкичтерди басып өттүм. Анын ичинен 7-8 жылдай “Азаттык” сайтынын башкы редактору болдум, күндөп-түндөп иштеген учурлар болду. Азыркы мульти-медиалык сайт ошол учурда башталып, миллиондук деңгээлге чыгышына салым коштук.
Эми ошол мен үчүн ыйык болгон “Азаттык”, тагыраагы анын азыркы жетекчилиги коомчулуктун кайсы бир бөлүгү тарабынан непотизм менен коррупцияга айыпталып жатышы албетте өкүнүчтүү. Бул катты жазып, кол койгондор менен жеке мамилем жок, бирок тилекке каршы анда жазылгандар дээрлик туура деп эсептейм. Анда менин да атым аталып калгандыктан өз оюмду, көргөн-билгенимди айтууга туура келүүдө.

Айрым кесиптештер өзүбүздөгү трайбализимди эл аралык деңгээлге алып чыгуунун канчалык кажети бар, болсо болгондур, көлдүк журналисттер кыйын болсо эмне кылалы дегендей ойлорду жазууда. А ошол эл аралык деп эсептелген мекеме “кыргызбайчылыктарга” чулганып, ирип-чирип атса, радионун устав-эрежелери, принциптери одоно бузулуп атса да көз жумуп, унчукпай отура бериш керекпи анда? Башкасын айтпаганда “Азаттыктын” азыркы жетекчилик-редакторлук курамы (5-6 адам) жалаң бир региондон чыккан эже-сиңдилер экен. (“Азаттыкта” аялдардын кантип жалайык жууганын талкуулаган “Эже-сиңдилер” деген берүүсү бар беле, тамаша албетте:))… Мындан тышкары акыркы бошогон орундарга да көбүнчө көлдүктөр алынган. Же өзү Бишкекте туулуп өссө да түбү көлдүк, же көлгө жээндер, кур дегенде ушул аймакка күйөө бала болгондор. Бул эмне трайбализм, непотизм эмеспи, аны башкача кантип айтабыз? А көлдүк журналисттер кыйын болсо эмне кылалы дегендер баягы Бакиевдин бир кезде “инилерим акылдуу болсо эмне кылайын” деп алакан жайганын эске салат эрксизден.
Мен өзүм жердешчиликти, аймакка бөлүнүүнү жинимден жаман көрөм. Эгер кокус бул орундардын эки-үчөөндө эле бир аймак эмес, Кыргызстандын тен жарымын ээлеген Ош, Жалал-Абад, Баткенден чыккандар отурганда “оштуктар ээлеп алды” деп айтып чыкмакпыз балким. Мүмкүн кыргыздын табияты ошондойдур. Мен сыйлаган Тынчтыкбек Чоротегин агай менен аке-досум Кубат Оторбаев да бир кезде “Азаттыкты” башкарып турганда ушундай сөздөрдөн, эл эмне дейт дегенден уялган үчүнбү нарындык жердештерин жумушка алгандан айбыгып турчу окшойт азыр ойлосом. Буга бир канча кесиптештеримдин “нарындык болгон үчүн ишке албай койгон” деп айтып, жазып жатышы күбө. Азыркылар болсо “эмне дешсе ошо дешсин, билгенибизди кылабыз” дегенге өтүп алган го кыязы. Кандай болсо да жердешчилик, трайбализм кыргыз коомунда талылуу маселе экени эске алыныш керек эле бир аз болсо да…
Эми бул трайбализм маселесине анча тереңдебей, сөздү башка нукка буралы, чукуса сөз чыга берет окшойт. Мен урматтаган дагы бир инсан, ыраматылык Султан Жумагулов мамлекеттик каналга директор болуп кеткен соң Венера Жуматаева “Азаттыктын” Бишкек бюросуна мурдагы премьер-министр, өлкөдөгү эң чуулуу саясатчылардын бири Өмүрбек Бабановдун маалымат катчысы Султан Каназаровду алып келген. Бул RFE/RL эреже-принциптерине, эл аралык журналистиканын стандарттарына таптакыр каршы иш болгон. Анткени бул эреже-принциптерге ылайык, “Азаттыктын” жетекчиси эле эмес, жөнөкөй кабарчысы да саясий күчтөргө тиешеси, саясатчылар менен жакын, ысык мамилеси болбошу керек. Султан Каназаров ошол учурда Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясында иштеп, Бабанов менен коюн-колтук алышып жүргөн, анын көздөй адамдарынын бири болчу.

Аны “Азаттыктын” Бишкек бюросуна жетекчиликке дайындоо учурунда Прага менен Бишкек офистеринин ортосунда он-лайн байланыш жүрүп, ага RFE/RL Борбор Азия кызматынын жетекчиси Абас Жавади менен Венера Жуматаева да катышкан. Ошондо Айданбек Акмат уулу, мен жана башка кабарчылар Султан Каназаровдун саясий күчтөргө жакындыгын, а түгүл аралашып жүргөнүн айтып, анын директорлукка келиши радионун устав-эрежелерине канчалык туура келет деген суроону кабыргасынан койгонбуз. Бирок Абас Жавади да, Венера Жуматаева да бул суроого так жооп бере алган эмес. Будамайлап кеткенде мен суроого жооп болбогонун айтып, кайра кайталап бергенимде ооздоруна “бысмылда” кирбей, ортодо бир мүнөттөй пауза болуп калган. Ага кыргыз кызматынын Бишкек жана Прага офисиндеги ошондогу кызматкерлери баары күбө. Ошентип RFE/RL эреже-принциптери одоно бузулганына карабай Султан Каназаров Бишкек бюросуна жетекчиликке дайындалган. Ал жетекчи болуп турганда мурдагы шефи Өмүрбек Бабановго чаң жугузбай, керек учурда аны “Азаттык” аркылуу кыйыр да, түз да пиарлап турду. Буга 2014-жылдын 30-декабрында, кечки прайм-таймда башкы канал – КТРК аркылуу чыккан “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы далил. Анда бул программанын эки тараптан эки киши чыкчу форматын одоно бузушуп, Өмүрбек Бабановду жалгыз чыгартышкан. Жана ага берилчү суроолор алдын-ала даярдалып, макулдашылган. Эң кызыгы – акырында Бабановго эркин микрофон берилип, Бабанов элди жаңы жылы менен куттуктоосуна, өз каалаган ой-пикир айтуусуна кенен убакыт берилген. Саясатчыларга эркин микрофон берип, каалагандай сүйлөтүү “Азаттыктын” тарыхында буга чейин болгон эмес эле. Бери дегенде бул “Азаттыктын” эзелтен келаткан салт-принциптерин, он миңдеген доллар төлөнүп чыгып жаткан кымбат эфирин, жок эле дегенде миңдеген угарман-көрөрманын сыйлабагандык. Демек бул программа кызылдай Бабановду пиарлоо болгонун медиаэксперт эмес, катардагы көрөрман деле айтып берет. Анын акыркы бөлүгүн мобул шилтемеден көрсөңүз болот. https://www.youtube.com/watch?v=Ap2T3gB6ATs

Султан Каназаров 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында да талапкер партия лидерлеринин баарына сөз беребиз деген шылтоо менен “шефи” Өмүрбек Бабанов менен тандемдеши Камчыбек Ташиевди “Азаттыктын” сайты аркылуу түз эфирге чыгарттырып, аларга ыңгайлуу суроолорду бердирткен. Бул кыйыр реклама болгонун аны көргөндөр четтен айтып чыккан. Андан кызыгы ошол 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында, эң жооптуу учурда – шайлоо өнөктүгү маалында Султан Каназаров “Азаттыктагы” ишинен отпуск алып, “Республика” партиясынын – Бабановдун шайлоо штабына отуруп алып, пиар жагын тейлеп иштеген да, шайлоодон кийин директорлук кызматына кайра келип отуруп алган. Бул дагы “Азаттыктын” принциптерине караманча каршы иш болгон. Бирок Венера Жуматаева ага макул болуу менен көз жумуп койгон. Демек бул сүйлөшүлгөн иш болгон. Буга жетиштүү далилдер жана күбөлөр бар. Ишенбесе “Азаттык” ошол учурдагы иш кагаздарын аңтарып көрсүн.
Ошентип Султан Каназаровду каалагандай калкалаган Венера Жуматаева коллективдин ичинде бул аракеттерди ачык, катуу сындап чыккан тажрыйбалуу кызматкерлерге бут тосуп, эптеп иштен кетирүү айласын издей баштаган. Алардын ишинен кынтык таба албаган Венера Жуматаева менен Султан Каназаров акыры Прага офисиндеги бир жылдык ротация ыкмасын колдонууга өтөт. Тактап айтсак, “Азаттыктын” ичинде өздөрү оппозиция деп эсептеген, 15-20 жылдан ашуун иштеген, тажрыйбалуу журналист-редакторлорду – мени менен Айданбек Акмат уулун 2015-16-жылдары бир жылдык контракт менен Прагага иштегени чакырышат. Контракт бүткөндөн кийин “орун жок, күтө тур” деген шылтоону айтышат. Де-факто бир мекеме болгону менен Бишкек бюросу “Азаттык-медиа” деген ат менен Кыргызстанда өзүнчө катталган. Андыктан Бишкек жана Прага бюролоруна өз-өзүнчө контракт түзүлөт. Ушул эле ыкма анын алдында дагы бир таланттуу журналист Аида Касымалиевага да колдонулган эле. 2017-жылы ушул эле ыкма Айданбек Акмат уулуна да колдонулат. Жылдык ревьюдагы көп көрсөткүчтөр боюнча Айданбек Акмат уулу мыкты деп табылганына карабай, аны да четтетип, ага аны президент Атамбаевдин талабы деп түшүндүрүшөт. Башкача айтканда ошол учурда Атамбаев “Азаттыкка” 20 миллион сом доо коюп, соттошкону жаткан. Бирок “Азаттыктын” жетекчиси Венера Жуматаева менен сүйлөшүүдө Атамбаев “мени сындап жүргөн Айданбекти иштен кетирсеңер арызды алабыз» деп талап койгон имиш. Эгер бул чын болсо анда “Азаттык” күчтүү журналистин коргой албай, Атамбаевдин айтканын кылган болот.
Кыскасы Венера Жуматаева баштаган топтун өздөрүнө жакпаган кызматкерлерди мындай ыкма менен кетириши бери дегенде компания — RFE/RL үчүн чыккынчылык. Себеби Прагадагы бир жылдык контракт деген өзү башында (Чоротегин агай башкарып турган учурда) Бишкектеги мыкты кызматкерлерди ротациялоо менен дагы да такшалтып, тажрыйбасын арттыруу, кайра алардын тажрыйбасын иш үчүн колдонуу максатында ачылган эле. Бул үчүн ошол кызматкердин айлыгына, Прагадагы бир жылдык квартирасына, жол жана башка чыгымдары үчүн жүз миңдеген доллар каражат сарпталат. Демек ошончо каражат сарпталган кызматкердин тажрыйбасын колдонбой, иштен акырын узатып коюу – ошончо каражат талаага кетти дегендик. Бул эч кандай логикага, эч кандай менеджментке сыйбаган иш. Албетте акча өз чөнтөгүнөн кетип атпаган соң Венера Жуматаева менен Султан Каназаров ротация маселесин ушинтип өз кызыкчылыктары үчүн, аларды сындап турган кызматкерлерден арылып, “жыргап-куунаган” бийлигин улантуу үчүн колдонгон.
Тескерисинче, ошол эле жылдары Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке иштеп кеткен кызматкерлерин Венера Жуматаева кайра кучак жая тосуп алган. Маселен, 2015-жылы премьер-министр Темир Сариевге, парламент спикери Чыныбай Турсунбековго пресс-секретарь болуп кеткендер шефи кызматтан кетери менен “Азаттыкка” кайра келип алган. Прагадагы башкы офисте иштеп келгендерге табылбаган орун ошентип бийликте иштеп, саясий күчтөрдүн камчысын чапкандарга оңой эле табылган. Муну демек “Азаттык” өзүнүн башкы офисинде эмес, Ак үй, Көк үйдө “стажировкадан” өткөндөргө артыкчылык берет экен деп түшүнсөк болобу? Кыскасы бул жерде да RFE/RL принциптери одоно бузулган.
Дагы бир жагдай — “Азаттык” дал ушул Венера Жуматаева башкаргандан бери ири өлчөмдөгү соттук доолорго жыгыла баштаган. Маселен 2012-жылдары Бишкектеги бир мечиттин Нурлан аттуу имамын сот, тергөөгө чейин эле педофилдикке айыптап жазып чыккан. Кийин бул үчүн имам сотко берип, утуп алганын, “Азаттык” бир миллион сомду куруттай кылып шатырата санап бергенин азыр айтылуу аалым Чубак ажы айтып жүрөт. Андан кийин “Азаттык плюс” телеберүүсү сойкулук боюнча берүү тартып, анысына Ош аэропортунан чыгып келаткан кыздар тартылган кадр чапталып калат. Дал сойкулар боюнча сөз болгон жерде ошол кыздардын жүзү даана көрсөтүлгөн кадр эфирден кетет. Ал кыздар билим берүү долбоору боюнча иштеген Бишкектеги бир таасирдүү мекеменин кызматкерлери болуп чыгат. “Азаттык” “опровержение” бергенине карабай, ошол төрт кыз сотко кайрылып, сот “Азаттыкты” алардын ар бирине жүз миң сомдон (төрт жүз миң сом) төлөп берүүгө милдеттендирет. Албетте бул каражат Венера Жуматаеванын чөнтөгүнөн эмес, RFE/RL бюджетинен, демек АКШдагы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнөт. Венера Жуматаева мындай калпыстыкка жол берген кызматкерлерин жазаламак тургай, аларды кайра Прага офисине которуп кетет.
Андан кийин да “Азаттык” парламент спикери Чыныбай Турсунбековду негизсиз каралаган макаласы үчүн сотко берилип, акыры бир канча таасирдүү адамдарды ортого салуу менен кечирим сурап кутулат. Өз жазганын төгүндөп, кечирим суроо айла жоктогу акыркы чара экенин өзүн сыйлаган ар бир медиа мекеме жакшы билет. Негизи эл аралык журналистиканын эрежелерин карманган, баарын эки тараптуу, калыс, тактап чагылдырган медиа эзели сотко кабылбаш керек, кабылса да эгер чын эле калыс чагылдырса айыпка жыгылбаш керек. Башкача айтканда сотко кайрылууга себеп болгон жагдайларга жол берилбеши шарт. Демек бул маселе да “Азаттыктагы” негизги принциптер – бейтараптуулук, калыстык, фактыларды тактоо принциптери сакталбагынан кабар берет. Эми санай берсе мындай нерселер, Атамбаев бийлигинин айтканын жасап, кээ бир материалдарды сайтынан өчүрткөн, же алар каалагандай материал жасаткан фактылар, одоно каталарга жол берилген учурлар толтура. Кези келсе аларды да айтып чыгабыз….

Шайырбек Эркин, журналист

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *