Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев СИЗО-1ден бошотулду

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев Бишкек СИЗО-1ден бошотулду. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында жарыялады.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрга караган түнү митингчилер ак үйдү басып алгандан кийин дароо митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков , экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев ж.б. Атамбаевдин тарапташтары бошотулду.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ишкер Сыргак Кенжебаевди тергөө изоляторунан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды, анткени ал кичинекей кезинен бери бронхиалдык астмадан жапа чегет, ошондуктан COVID-19 жугуштуу оорусу менен ооруса, өзгөчө коркунучта болот.

Сыргак Кенжебаев 2019-жылдын 20-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. Ал кытай бизнесменинин арызы боюнча шылуундукка шектелип колго түшүрүлгөн. Ошол эле күнү УКМК Кенжебаевди убактылуу кармоочу жайына камаган.

Ал эми 21-декабрь күнү С.Кенжебаевге аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны  №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Ал эми 23-декабрь күнү УКМК Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш ишин ИИМге өткөрүп берген.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *