Сыдыковдордун кланы каптады

Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо жыйынтыкталып, жаңы келген депутаттар мэрди да шайлап, өз иштерин баштады. Коомчулукта болсо Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген 45 депутаттын дээрлик көбү капчыгы калың курулуш компанияларынын ээлери же анын балдары экенин, ошондой эле мурдагы аткаминерлердин балдары болгонун каңырык түтөтүп кеп кылып бүтө албай отурушат. Маселен, Бакиевдин тушунда жакшы эле тайраңдаган Үсөн Сыдыков небереси Алымбек Бактыбековду «Республика – Ата-Журт» партиясынан депутат кылды.

Атасы Бакытбек Сыдыков болсо Жогорку Кеңешке депутат. Көргөндөр баягы эле Үсөн Сыдыковдун доору жүрүп жатканына ичтери чыкпай, баш чайкаганга аргасыз. Бул ата-бала кланынын ишмердүүлүгүн эл жакшы билет. Үсөн Бакиевдер качканда андан калган куйруктарды чогултуп, бийликти кайра басып алмакчы болуп камалып, абактын жытын жыттап чыккан. Баласы Бактыбек “Манас” аэропортун жетектеп турганда аң уулаганы бармакчымын деп мамлекеттин самолётун Нарында жардырып жиберген жайы бар. Революциядан кийин камалат болуп кылмыш иши козголуп, бирок кылтакка илинбей, Өмүрбек Бабановдун партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат. Ушундай баскан изде­ри мандемдүү ата-баланын “бөлтүрүгүнөн” жакшылык күтүүгө болобу? Кыргызда мындайды “алма сабагынан алыс түшпөйт” деп койчу эле…

Булак: “Фабула”

1 комментарий

  • Райымбек Усупжанов:

    “Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап!!!” Болоору болду, боёсу канды. Атасы үчүн баласын күнөлөө менимче, туура эмес. Кыргызда “Атадан кем бала, атага тең бала, атадан артык бала”-деген учкул сөз бар. А балким, атасынан да, чоң атасынан да мыкты чыгаар? Аталары кетирген каталарын өзү моюнга алып, эл алдында ак эмгеги менен актап берээр? Жакыпты жаман -деп Манасты хан көтөрбөй коюшкан эмес да? Же, атам, телторуну бербей койду-деп Курманбек жоого аттанбай койсо болот беле? Баарына мүмкүнчүлүк түзүп берген өзүбүзбүз. Партиялык система менен шайлоо бул “Билип туруп уу ичкендик”. Себебин, турмуш өзү көргөзүп койду. “Партия”-деген теринин алдында “карышкыры да, бөлтүрүгү да, түлкүсү да, уурусу да, коррупционери да, деги эле койчу адамдык сапаты, ар-намысы жоктордун баары жамынып парламентке жана майлуу- сүттү кызматтарга келип алышты. Шайлоодогу добушубузду канчага, кимге жана эмнеге сатканыбыздын үзүрүн эми көрө баштадык. Кудайга шүгүр, биз аларга болбогон акчага добушубузду эле саттык. Алар болсо, ар-намысын, абийирин акчага сатышып, керек болсо, мандат үчүн бала чакабыздын күнүн көрбөй калалы-дешип карганып жиберишти.Ошондуктан кыргыздар айткандай “Учкашпа, учкашкандан кийин көтүм! -деп айтпа”. Шайладыңбы, ата-жотосуна асылбай сыйлап ал!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *