Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Сыймык Бейшекеев: «Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин»
Баардык жаңылыктар

Сыймык Бейшекеев: «Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин»

«Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин», — бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген артистти Сыймык Бейшекеев Инстаграм баракчасында билдирди.

«Бир ай бою гүлдөтөбүз, кыйратабыз, биз менен гана силердин келечек түптөлөт деген кесмелер армиясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди. Эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор. Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин», — деди ал.

Ошондой эле, ырчы Бейшекеев шайлоо тууралуу ыр саптарын жазып калтырган.

Шайлоо шайлоо шардана шайлоо болоор,
Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор,
Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң,
Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор.
Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок,
Бүктөп кайрып, колу-бутуң байлоо болоор.

View this post on Instagram

Бүгүн эми 1 ай бою гүлдөтөбүз кыйратабыз, биз менен гана силердин келечек түптөлөт деген кесмелер ариясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди. Эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор, ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин. Шайлоо шайлоо шардана шайлоо болоор Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок Бүктөп кайрып колу бутуң байлоо болоор #ойлонкыргыз #ойгонэми #шайлоо #менбаарынакаршы

A post shared by Сыймык Бейшекеев (@syimykbeyshekeev) on

Оставить комментарий