Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Сыймык Жапыкеев: «Асылбек Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Райымбек Матраимовго кылмыш иштерин козгодум»
Политика

Сыймык Жапыкеев: «Асылбек Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Райымбек Матраимовго кылмыш иштерин козгодум»

Парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго да кылмыш иши козголгон.

«Бүгүн кылмыш иштери ачылды, аларды Аскер прокуратурасынын тергөө тобу иликтөөдө», — деди Сыймык Жапыкеев.

Белгилей кетсек, Бишкектеги башаламандыктан кийин «Чоң Казат» саясий кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев партия мүчөлөрү тарабынан башкы прокурор болуп жарыяланган.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий