Ташкентте кардарлардын акчасын уурдаган банк кызматкерлери камалды

Ташкентте кардарларынын миллиондогон акчасын уурдоого шектелип «Давр» банкынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИБ) кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, аларга Сырдарья облусунун тургуну кайрылып, «Давр» банкы аркылуу ипотека алуу үчүн баштапкы төлөм катары которгон 75 миң сум (9 миң доллар) акчасы курулуш компаниясынын эсебине түшпөй калганын билдирген. Көп өтпөй дагы 20 киши ушундай эле арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган.

ШИИБден билдиришкендей, бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары аталган банктын Учтепа районундагы өкүлчүлүгүнүн эки кызматкери кармалган. Ошол эле күнү аларга расмий айып тагылып, райондук сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы белгиленген.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштерин Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *