Тумандуу Кыргызстан

Улуу Британияны деңиздин коюу туманы бат-бат каптап турганы үчүн Тумандуу Альбион деп атап коюшат. Кыргызстан: андай туман каптабаса дагы, келечек багыты так көрүнбөгөндүктөн «Тумандуу Кыргызстан» деп атоого туура келип жатат. 7 жыл бою Кыргызстан деген кемени мас капитан башкарып, багыты жок сүзүп, кеме туңгуюкка кептелген. Ошондон бери кеме ордунан жыла албай турат. Жаркын келечекти коюу тумандан көрүү дагы деле кыйын.

Атамбаев жана анын айланасына топтолгон командасы мамлекетти башкарууда, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда мыйзам менен бекиген механизмдерди формалдуу эмес механизмдер менен алмаштырып, мамлекеттик түзүлүшкө чоң сокку урган. Мыйзамсыз соккудан улам Кыргызстанда мамлекеттик башкаруудагы деле өз ордуна келе элек. Атамбаев баштаган топ мамлекеттик башкарууда өзүнүн функционалдык компетенциясынан чыгып, же болбосо мыйзамдуу мамлекеттик башкаруунун ордуна жеке лоялдуу принципке баш ийген жамааттык башкарууну орнотушкан. Ушул кадам келечегибиз көрүнбөгөн, калың тумандуу туңгуюкка алып келген негизги себеп болду.

Азыркы өкмөт башчы Мукан Абылгазиев командасы менен канчалык аракет кылбасын, келечекти так аныктоого кудурети жетпей келет. Сөздүн ток этери, азыркы Өкмөт аке чама-чаркы чектелүү экенин далилдеп койду. Мындай жүрүш менен келечекти элестетүү алда канча кыйындап калды. Атамбаев жана анын командасы “мурас” катары таштап кеткен, убакыт-сааты жетип жарылганда мамлекетти жоготчу кесепети күчтүү кыңыр иштерди биринин-артынан бирин тазалабаса, азыркы бийликтин тагдыры да аянычтуу абалга кептелээри бышык.

Атамбаевдик бийлик тышкы карызды атайлап өстүргөнүнүн себеби, келген тыйындан коррупциялык схема менен өздөрүнүн чотурун чыгарып турган болсо, алардын бул адал эмес иши өлкөнүн көз карандысыздыгынын, коопсуздугунун деңгээлин кыйла төмөндөтүп, мамлекеттин суверендүү иммунитетинен баш тартып, бүтүндөй укуктук системасын бүлүндүргөн. Эми бул айтканга объективдүү фактыларды келтирейин.

2011-жылдан 2017-жылга чейин гранттан тышкары 4 млрд доллардан ашык таза кредит алынган. Ток этери, Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда мамлекет 20 жыл ичинде алган тышкы карыздан 2 эсеге көп тышкы карыз алган. Болгондо дагы үстөгү жогору, кайтарып берүү мөөнөтү кыска, мамлекет үчүн коркунучтуу шарттар менен. Кредит алуу үчүн коркунучтуу шарттарга массалык түрдө макул болуп кол коюп, алган кредитти реструктуризация же болбосо карызды кечүү маселесин демилгелөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, мамлекеттин суверендүү иммунитетинен баш тартып, эл аралык арбитраждык териштирүүлөр Кыргызстанга каршы иштей турган абалды жараткан.

Абылгазиевдин өкмөтү күнүмдүк тиричилик менен алектенбей, мурунку бийликтин ушул кесепетин жоюу үчүн баш оорутушу керек эле. Мындай кадам азырынча өкмөт тарабынан жасалып жатканы байкалбайт. Келечектин коңгуроосу бул өкмөттү деле ойгото алчудай эмес.

Бүтүндөй дүйнөнү каржы баскыны менен чоочутуп жаткан Кытай өлкөсү менен келечегибизди азыр талкуулап, бир бүтүмгө келип албасак, 2-3 жылдан кийин алардын айтканына көнүп, бер дегенин бербеске аргабыз калбайт. Муну бийлик тараптан ойлогон жан жоктой.

Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда Кытайдан 45 млн доллар кредит алынса, Бакиевдин 5 жылдык бийлигинин тушунда 145 млн доллар кредит алынган. Ал эми Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда 2 млрд 450 млн доллар карыз мамлекеттин көз карандысыздыгына шек келтирчү шарттар менен алыныптыр. Бул деген эки президенттин башкаруусундагы учурда алынган кытай кредитинен 13 эсе көп дегенди билдирет. Атамбаев алган кытай кредиттеринин шарттары өлкөнүн каржы коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй сокку урса, келечек муундун тагдырын талкалоого барабар. Кыргызстан 2019-жылдан баштап тышкы карызды төлөө үчүн болгон ресурстун көпчүлүгүн жумшап, өнүгүүгө көңүл бура албай калганы ачык байкалды. Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чеги кийинки жылдан баштап, 2031-жылга чейин созулат. Так цифра менен айтканда, 2021-жылы 250 млн доллар, 2023-жылдан баштап 320 млн доллар, 2027-жылы 402 млн доллар менен жыл сайын тышкы карызды жаап беришибиз керек. Бул сумманын 2/3 бөлүгү Атамбаев алган кредиттерди төлөөгө кетет. Ошентип, өлкө алдыдагы 15 жылга жакын өзүнүн каржы ресурстарын тышкы карыздарды тейлөөгө багыттайт. Ушундай абалда өлкөнү Тумандуу Кыргызстан деп атабаска арга барбы?

Кыргызстан жаңы президент келгенден бери тыштан карыз алган жокпуз. Мындан 3-4 жыл мурун финансы институттар менен кол коюшуп койгон программалык займаларды гана алып жатабыз. Бул жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Бирок…

Абылгазиев 2018-жылдын апрелинен баштап өкмөттү жетектеп келатат. Аткаруу бийлигинин 2 жылдык ишине жоопкер адам. 2 жыл аралыгында өлкө экономикасын көтөрө турчу ири ишкана ачылдыбы? Инвестициялык программалардан жок дегенде бирөө ишке аштыбы? 2 жыл ичинде чет жактан ири инвестиция тартылбады? Бул суроолордун баарына “Жок” деген гана жооп айтылат. Экономика балчыктан өйдө көтөрүлө албаган соң, Кытайдын каардуу кредити кантип төлөнөт?

Кыргыз тарап Кытайдан насыя алып жатканда, эгер өз убагынан бир саат кечигип төлөй турган болсок, бүт карызды ошол күнү төлөп бересиңер деп кытай тарап доо койгонго макулдук берип койгон. Акчаны бир мүнөт кечигип төлөй турган болсок, Кытайдан алынган акча жумшалган долбоорлордун баарын башкаруу кытайлардын колуна өтө турган келишим түзүп, аны парламент ратификациядан өткөрүп, мыйзамга президент Атамбаев кол коюп кете берген. Эми Абылгазиевдин өкмөтү карызды бир мүнөт кечиктирсе, кытайларга түндүк-түштүк альтернативдүү жолду, “Датка-Кемин”, Бишкек ЖЭБди карматып олтура беребизби? Эл аралык арбитраждык соттон утуу Кыргызстандын түшүнө да кирбеши керек. Себиби, келишимде “… В случае, если стороны не смогли прийти к мировому соглашению, каждая сторона имеет право отправить подобнуя спорную ситуацию в Гонконгский Международный Арбитражный Центр для вынесения решения…” деп жазылып калган. Маселе Гонконгдо, Кытайдын мыйзамы менен чечилет.

Азыркы өкмөттү “жетеленме”, “күнкарама” деп сындагандар арбыды. “Ата-Мекендин” партбоссу Өмүрбек Текебаев дагы партиясынын шаардык жыйынында өкмөттү сындайм деп, Абылгазиев тараптан өзүнө жараша жооп алды. Соцтармактын “аналитиктери” да Текебаевди катуу тепкиледи. Эми, Текебаевди тепкилегенге жүйөө бар. Бүгүнкү системанын калыптанышына анын кошкон салымын эч ким жокко чыгара албайт. Бирок, Абылгазиевдин өкмөтү алсыз болуп жатканы да чындык. Жүрүшү кашаң. Канча жолу сын айтылса дагы ошонусунан жазган жок. Өкмөттүн бүгүнкү абалын элестетип, бир кезде Жогорку Кеңештин төрагалыгына чейин жеткен, “тоо сатар” деген атка конгон Айтибай Тагаев жөнүндө айтылып жүргөн икая эске келди.

Айтибай Тагаев мектепте окуп жүргөндө жакшы окуган студенттердин катарына кирчү эмес экен. Айрыкча тарых сабагынан катуу жүдөчү дейт. Тарых мугалими дагы согушка барып келген агай болгондуктан, окуй албаган балдарды чоң муштум менен нукуп койчу экен. Ошол тарыхчы агай бир күнү сабакты жакшы окуй албаган Айтибай Тагаевге суроо берсе, Тагаев башын кашып жооп бере албай жүдөйт. Агайы көнгөн адатына салып, эч нерсени билбеген Тагаевди нукумакка жанына барса, Айтибай мырза, эки колу менен башын жаап, агайынан коргонуп, “Болушум ушул болсо не кылайын агай?” деп өзү тууралуу анык баа бериптир…

Айтибай Тагаев сыяктуу азыркы өкмөттүн “Болушу ушул болсо не кылалы?”…

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *