Турсунбек Акун: «Атамбаев мени киши катары көргөн эмес»

Мурдагы акыйкатчы, жарандык коомдун өкүлү Турсунбек Акун 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамынан өз ыктыяры менен чыгып кетти. Мындай чечимге ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште өзүнүн аты аталып жатканы менен байланыштырды. Айрымдар Батукаевдин ишине байланыштуу Турсунбек Акундун аты аталып жатканын, андыктан, комиссияга анын кириши туура эмес болгонун айтып чыгышкан. Ал эми Акун мырза өзү комиссиядан чыкканга үч негизги себеп түрткү болгонун айтты.

— Турсунбек агай, Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссиянын курамынан өз каалооңуз менен чыкканыңызды жар салдыңыз. Мындай кадамга барууңузга эмне түрткү болду?

— 3-сентябрь күнү саат 11де комиссиянын отуруму болду. Башталганда эле мен чыгып сөз сүйлөп, жеке каалоом боюнча комиссия курамынан чыга турганымды билдирдим. Ага үч себеп түрткү болду. Биринчиден, мени көп жылдан бери ою жаман, ичи жаман адамдар, ошол кездеги бийликтин өкүлдөрү ушак кылып, Батукаевдин ишине байланыштырып, күнөөлөп келишет. «Батукаевди елөт деп чыгарып ийгендердин бири» деп менин атымды ушу ишке жабыштырып келатышат. Жакындан бери бул иште Атамбаевдин да аты аталып, ал камалды. Тергөө жүрүп, сотко өтүп атат. Аягына чыгыш керек. Аягына чыкмайынча менин комиссия ишине катышканым моралдык жактан туура эмес деп эсептейм. Экинчиден, мен Атамбаевди көп жылдан бери сындап келатам. Батукаев боюнча катуу сындадым. 2013-жылы дагы катуу сындадым. Мени парламент кызматтан кетиргенде 19 күн саясый ачкачылык жарыялап, октябрда, Атамбаев күркүрөп турганда «Батукаевди качырган Атамбаев» деп айтып чыктым. Алты айдан бери, ошол иш кайра жандангандан бери кайрадан биринчилерден болуп Атамбаевдин атын атап чыккан мен болдум. Анан ал камалды. Катуу сындап аткан адамдын ишине байланыштуу комиссияга мен мүчө болуп барсам, туура болбосун түшүндүм. Калыстык болбой калат экен. Бул ишти калыс, нейтралдуу адамдар иликтесин. Айрымдар айтып атышат, «Турсунбек Акун комиссияга кирип алыптыр, бул иш калыс каралбайт эми» деп. «Мейли, көлөкө түшүрбөйүнчү» деп чыгып кеттим. Үчүнчүдөн, эң негизгиси, биз — саясатчылар, укук коргоочулар, белгилүү коомдук ишмерлер ММКнын айткан сындарынан да жыйынтык, чечим чыгарыш керекпиз. Мен «Азаттык» берген макаладан чечим чыгардым. Күмөн ойлор жаралбасын деп.

— Комиссия курамында кимдер бар?

— Коомдук ишмерлерден азыр жумушсуз жүргөн Исмаил Исаков бар. Генерал Кубатбек Кожоналиев, «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы, Бакиевдин убагында иштеп жүргөн жигит Артур Медетбеков, эксперт Алишер Мамасалиев бар. Ошондой эле 7 депутат мүчө. Башкалары бийликтин өкүлдөрү. Менин ордума жарандык коомдук өкүлдөрүнөн кириши керек.

— Өткөндө Атамбаевге 100 миң сом доо артып аттыңыз эле, андан баш тарттыңыз. Ал дагы ушул чечимиңизге байланыштуубу?

— Атамбаевден эмнеге доомду алдым? Анткени аныкы кылмыш иши эмес, жарандык иш болчу, Атамбаев камалгандан кийин ага 15 кылмыш иши ачылды. Өзү камалып атса, кантсе да мурдагы президент да, анан мен жарадык иш менен 100 миң сом үчүн анын артынан жүргөнүм туура эмес болуп калат, адамдыкка жатпайт. Бир чети аяп жатам, экинчиден, башына мүшкүл иш түшүп жатат. 15 кылмыш иши, ар бири бери дегенде 7-8 жылдык. Ошентип басынып атса, доо артпай эле турайын да.

— А анын «Апрель» телеканалына 500 миң сом дооңузду албаганыңыздын себебичи?

— Ооба, «Апрель» телеканалына 500 миң сом доомду артка кайтарбайм. Кеп 500 миңде эмес, аны аламбы-албаймбы, соттон утамбы-утпаймбы билбейм. Бирок, ал акчаны өзүм эмес, колунда жок адамдарга, бей-бечараларга берем. Кеп башкада. Канат Каниметов деген журналист жигит эч кандай далили жок туруп, «Турсунбек Акун 100 миң доллар чеченден пара алды, жеп алды, там салып алды» деп жамандаганында кептин баары. Мен өмүр бою абийирим үчүн жүргөн адаммын. Мына, 60ка чыгып алып да жөө-жалаңдап жүрөм. Элдикиндей «джиптерим» жок. Илгери «Кожзавод» жакка курган үйүм кулап атат эскирип. «100 миң доллар алды» деп булакка таянышкан болсо дагы, качып кеткен, жабылып калган басылмаларга таянган мыйзамсыз го. Бабакулов деген өзбек жигит Кыргызстанды жамандап качып жүрөт. Гезиттер эчак жабылып калган. Ошентип, улам-улам 3-4 жолу кайталап берди. Мен Канатка эскерттим, «туура эмес кылып атасың, оңдоо берип кой» деп. Бирок, алар берген жок, туруп алышты мени менен тирешип. Бир ай күттүм. 25 жылдан бери адам укугун жактап келатам, жоро-жолдош, бала-бакырам, кудаларым, тарапташтарым бар. Абийиримди төккөнгө, каралаганга жол бербейм. Жөндөн-жөн каралабаш керек да. Же мойнума коюп беришсин. Башка жагынан караласа, мен чыдайт элем. Анан «кримтөбөлдөн акча алды» деп каралаган бул мен үчүн өтө чоң удар. Ошон үчүн «Апрель» телеканалына, Каниметовго болгон доомдон баш тартпайм.

— Башка да доолоруңуз бар эле, алар кантип атат?

— «Апрель» телеканалынан башка дагы 2-3 гезитке доо арткам. Бирок, алар белгисиз себептер менен токтоп турат. Билбейм эмнеге, чакырбай жатышат. Кайсы гезиттер экенин атабай эле коёюн. Өздөрү билишет. Алар дагы мен жөнүндө ойго, акылга сыйбаган калптарды жазып чыгышкан. Чоң сумма эмес, символикалуу айыптарды койгом аларга, кечирим сурашса, ошол замат алып салам доону. Абийиримди акташ мен үчүн баарынан маанилүү. «Апрель» дагы кечирим сурап кайрылышса, 500 миң сомдон баш тартканга даярмын.

— Элдик акыйкатчы болуп жүрөсүз. Атамбаев камалгандан бери кандайдыр бир жолдор аркылуу ал киши менен сүйлөшүү жүргүзө алдыңызбы?

— Сүйлөшпөйм. Мен аны катуу күнөөлөп аткандардын биримин. Мен элдик акыйкатчы болсом да, убагында ага жолугайын деп алты жыл катуу аракеттендим. Ал мени кабыл алган жок, киши катары көргөн жок. Баарыбызды түрттү. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын чанды, каматты. Эми мына ошонун баарынын азабын тартып атат.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *