Түркмөнстанда мамлекеттик телеканалдын жетекчиси иштен алынды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 7-майда мамлекеттик «Мирас» телеканалынын жетекчиси Бяшим Атаевди кызматтан алды.

Расмий маалыматка ылайык, анын иштен алышына «жумушундагы олуттуу кемчиликтер» себеп болгон. Телеканал жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруу телерадиоканалдын башкы редактору Кувватберди Хеззиевге жүктөлдү.

Өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, президент мындан тышкары Телеберүү, радио жана кинематография боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Нурмаммет Гарлыевге катуу сөгүш жарыялап, ага акыркы жолу эскертүү берди. Анын «өз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана телерадиоканалдардын ишине карата көзөмөлдү начарлаткандыгы» айтылууда.

Бирок расмий билдирүүлөрдө бул эки аткаминердин ишинде кандай кемчиликтер болгону так көрсөтүлгөн эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *