Видео – Элвира Сурабалдиева: “Садыр Жапаровдун талапкерлигин Матраимов, Жээнбеков жана Зулпукаров колдогон”

Бүгүн, 7-октябрда VI чакырылыштын депутаттары өлкөдөгү учурдагы кырдаалды талкуулап, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо жана жаңы премьер-министрди шайлоо боюнча маселени кароо үчүн чогулушту. Бирок кворум жок.

Жабык жыйынды депутат Элвира Сурабалдиева чагылдыруу үчүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан түз эфирге чыгып жатат.

Ал жыйынга келген Мыктыбек Абдылдаевден “Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлоо үчүн Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимовдон ишеним кат келгени чынбы? ” деп сурады.

Абдылдаев бул алардын тандоосу болгондуктан баш тарта албаганын айтты.

Ошол эле учурда, Сурабалдиеванын айтымында, аталган депутаттар президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо сунушуна макул болгон эмес.

“Мен эмнеге Садыр Жапаровго каршымын, бакиевчил дегенимду угушпайт, бул бир жагы. Анын түн ичинде криминалдык топтор менен мородерчулук жасагандар ошолор, бизнесмендерди барып коркутуп жатышыпты” – деди Сурабалдиева.

Опубликовано Эльвирой Сурабалдиевой Среда, 7 октября 2020 г.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *