Видео – Индонезиядагы цунами 43 кишинин өмүрүн алды

Кечээ, 22-декабрда Индонезияда болгон цунами 43 кишинин өмүрүн алып, 584 кишини жабырлантты. Бул туурасында РИА Новости сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Индонезиянын батыш тарабындагы Ява жана Суматро аралдарын бөлүп турган Зонд куймасынын аймагында болгон. Куткаруучулардын берген маалыматтарына караганда, жергиликтүү убакыт менен алганда 04.30да (Бишкек сааты боюнча 03.30) дагы эки киши дайынсыз болуп жатат. Алар маалыматтар түшкөн сайын жабырлангандардын саны өсүшү мүмкүндүгүн айтышат.

Кырсыктын кесепетинен бир канча үйлөр, имараттар, мейманканалар жабыркаган.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *