Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Видео — Кайрат Примбердиев: «Мен чындыгында эле шайлоонун үгүт иштерине катышпайм, аларды мактабайм жана жактабайм»
Видео Саясат

Видео — Кайрат Примбердиев: «Мен чындыгында эле шайлоонун үгүт иштерине катышпайм, аларды мактабайм жана жактабайм»

Менин соцтармактагы баракчамдан кайсы бир партияны жактаган, мактаган сүрөттөрдү же видеотасмаларды көрбөйсүздөр. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев билдирди.

«Ырчылар стабилдүү, принципиалдуу эмес деп айта бересиздер. Мен сиздерге айткым келет. Тескерисинче далилдегим келет. Ырчылар стабилдүү жана принципиалдуу. Мен чындыгында эле шайлоонун үгүт иштерине катышпайм. Ошондой эле, менин соцтармактагы баракчамдан кайсы бир партияны жактаган, мактаган сүрөттөрдү же видеотасмаларды көрбөйсүздөр жана жолуктурбайсыздар» — деди ырчы Кайрат Примбердиев.

Эскерте кетсек, Примбердиев буга чейин шайлоонун алдында концерттерде ырдап жүргөнүнө уялып жатканын айткан:

“Мен дагы буга чейин шайлоонун алдында концерттерде ырдап жүргөнүмө уялам жана кыргыз элинен кечирим сурайм. Эми шайлоонун шайтан оюндарына аралашпайм”,- деген ал.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий