Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Видео — Таластагы «Жерүйдө» кампа тонолуп, алтын казуучу фабриканын имараты өрттөлдү
Видео КООМ

Видео — Таластагы «Жерүйдө» кампа тонолуп, алтын казуучу фабриканын имараты өрттөлдү

«Жерүйдө» кампа тонолуп, алтын казуучу фабриканын имараты өрттөлдү. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматтар боюнча, белгисиз жарандар тобу «Жерүй» алтын казуучу ишкананын аймагына эртең менен кирип келишкен. Бир катар кызматкерлер дароо техниканы жана жабдууларды таштап, мекемеден чыгып кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери басып кирүү тууралуу маалыматты тастыкташты, бирок талап-тоноочуларды токтотуу үчүн кандайдыр бир чаралар көрүлүп-көрүлбөгөнүн такташкан жок.

Акыркы маалыматтарга караганда, кол салгандар ишкананын башкы директорун сабап, кампаны тоноп, алтын чыгаруучу фабриканы өрттөшкөн.

Мындан улам «Альянс Алтын» ЖЧКсы абал турукташканга чейин жеринде бардык жумуштарды токтото турууга аргасыз болду.

Горит наше с вами будущее…

Опубликовано Касиет Карачолоковой Вторник, 6 октября 2020 г.

Рекомендуемые

Юлия Латынина, журналист: Батька, похоже, был прав. Вагнеровцы устроились недалеко от резиденции Лукашенко

Элнура Кулуева, журналист: «Жетим баланы ичке уруп, бүк түшүрүп камап салышты. Кайсыл бийликте ушундай көрүнүш болду эле?»

Ыңгайсыз суроолор: Оппозициячыл генерал Өмүрбек Суваналиев жана КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков

Оставить комментарий