Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Ырчы Асел Кадырбекова: «Элдин кызы» болуп калганымды билген эмесмин»
Баардык жаңылыктар

Ырчы Асел Кадырбекова: «Элдин кызы» болуп калганымды билген эмесмин»

«Элдин кызы» болуп калганымды билген эмесмин. Бул тууралуу жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова Инстаграм баракчасында билдирди.

Белгилей кетсек, ырчы айым жол кырсыктан кийин биринчи кайрылуусун жасады.

«Салам достор! Мен барган сайын жакшырып баратам. Албетте, толук калыбыма келүү үчүн убакыт талап кылынат. Дарыгерлерге, апама, атама, күйөөмө, туугандарга, досторго, кесиптештерге жана баарыңыздарга ырахмат. Сиздер, менин, кызымдын, туугандарымдын жанында болгонуңуздарга ыраазымын. Мен сөзсүз оңолом, сиздерге ыраазычылык билдирүү менен видеокайрылуу жасайм. Сиздердин дубаңыздар мени жашоого, кызыма, үй-бүлөмө алып келди. «Элдин кызы» болуп калганымды билген эмесмин. Бул сөздөр сиздерге ыраазычылыгымды билдирүү үчүн жетишсиз. Алдыда көптөгөн пландар бар, башкысы ден-соолукта болуп, калыбыма келүү», — деди ырчы айым.

Эскерте кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

View this post on Instagram

Привет друзья! Со мной все лучше и лучше. 🙏🏻 Конечно нужно время, что бы полностью восстановиться 🤲🏻 Спасибо врачам, маме, папе, мужу, родственникам, друзьям, коллегам и всем вам. 😘🙏🏻 Что вы, были со мной , с дочкой, с моими родными. 😘🤲🏻Обязательно как станет лучше, напишу видео с большим благодарением. 🙏🏻 Именно Ваши молитвы спасли, вернули меня к жизни, к дочке, к родным. 🤲🏻 Я и не знала, что я стала «Дочкой народа» Этих слов не хватит, сказать мою благодарность Вам. Впереди очень много планов на будущее, главное поправится. 🙏🏻 Дай бог осуществится им. 😘🤲🏻 Берегите себя. 🌺 #фотоархив

A post shared by Asel Kadyrbekova (@aselkadyrbekova) on

Оставить комментарий