Ырынан чыры көп, баягы эле “Кумтөр”

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин IV сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип, Кыргызстандын өкмөтү “Кумтөр” кени боюнча жаңы келишимди карап жатканын маалым кылды. Ал өз сөзүндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө “Кумтөрдү” иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыгаарын билдирди. Мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек. Буга байланыштуу төрага: “Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн” – деп айтты.

Булак: “Фабула”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *