Зарылбек Рысалиев менен Рыскелди Момбековду бетме-бет жолугушууга Айбек Мырза чакырууда. Эмнеге?

Эртең, 15-январда, Бишкектеги “Достук” мейманканасында Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча тегерек стол болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда уюштуруучулардын бири. активист жаран Айбек Мырза билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чарага Жогорку кеңештин депутаттары, мамлекеттик бийлик бутактарынын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттердин, кайдыгер эмес жарандардын катышуусу күтүлүүдө.

“ЖК депутаттары Рыскелди Момбеков, Марлен Маматалиев жана Зарылбек Рысалиев иш-чарага келип береби?”,- деген суроого, ал келип берээрине терең ишенээрин айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *