Жалал-Абад: облус аймагы кантип өнүгөт?

Өткөн жыл Президент тарабынан өлкөдө региондорду өнүктүрүү жылы катары кабыл алынып, социалдык-экономикалык, маданий өнүгүү жагынан бир топ иштер аткарылды. Бардык азыноолак болсо да өнүгүп-өсүү багытына кадам таштоого, жылыш жасоого аракеттер көрүлдү. Айрым аймактарда иш оңунан келип, ийгиликтер жаралса, айрым жерлерде эч болбосо жакшы долбоорлор ишин баштап калды.

Эми быйылкы жыл да Президент тарабынан региондорду өнүктүрүү менен өлкөнү санариптештирүүгө арналып отурат. Демек аймактарды өнүгүү багыты, темасы быйыл да актуалдуу бойдон кала берет. Мындан келип чыкты, биз өткөн жылда бул багытта эмнелер жасалганына назар салып, алдыдагы милдеттерди аткарууга астейдил кадам таштаганыбыз оң.

Жүз он алты иш-чара аткарылды

Региондорду өнүктүрүү багытында областтын жетекчилиги жалпы област аймагындагы бардык тармактарда эч болбогондо 116 иш-чараларды аткарууну алдыга максат кылып койгон эле. Ал иш-чаралар негизинен төмөнкү тармактарды камтыган: областтык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу; өнөр жай тармагын өнүктүрүү; өнөр жай тармагындагы орто жана кичи ишкердүүлүктү өнүктүрүү; айыл чарба тармагын өнүктүрүү; ирригация тармагын өнүктүрүү; айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү, экспортко чыгаруу; инфраструктураны өнүктүрүү; калкты таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү; туризмди өнүктүрүү; билим берүү тармагын өнүктүрүү; саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү; маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоону өнүктүрүү багыттары.

Албетте, кабыл алынган иш-чараларды аткаруу үчүн областтык жетекчилик тарабынан көптөгөн уюштуруу-көзөмөл иштери алып барылды, ал эми район-шаарларда жандуу аракеттер жүрдү. Натыйжада областтагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу жаатында жакшы натыйжалар келип чыккан. Мисалы, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 106,1 пайызга, айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 100,6 пайызга, негизги капиталга инвестицияларды тартуу 113,9 пайызга, рыноктук кызматтардын көлөмү 105 пайызга аткарылды.

Ошентип, Президент алдыга койгон тапшырмалар жаман эмес орундалды.

Инвестиция тартуудагы ири кадамдар

 Региондорду өнүктүрүү тышкы жана ички инвестицияны тартуусуз болбостугу анык. Бул жагынан област аймагында кыйла бараандуу иштер жүрдү, анын жыйынтыгы да жаман болгон жок. Деген менен, элетти көтөрүү биринчи кезекте негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмүнөн жана анын ыктуу пайдаланылышынан көз каранды экенин баары билип калды.

Эми бул жагынан областта конкреттүү эмне натыйжага жетишти? Мисалы, 2018-жылы жалпы суммасы 23 миллиард 892 миллион 969 миң сомдук капиталдык инвестициялар тартылып, 2017-жылга салыштырмалуу (салыштырмалуу баада) өсүү темпи 113,9 пайызга жетти. Анын ичинен: ички инвестициянын жалпы көлөмү 5 миллиард 748,6 миллион сомду чапчып, өсүү темпи 121,5 пайызда түздү. Бардык ички инвестициянын ичинен да республикалык бюджеттен 1 миллиард 119,2 миллион сом; жергиликтүү бюджеттен 276,8 миллион сом; ишканалардын жана уюмдардын эсебинен 1 миллиард 354,1 миллион сом; калктын жана башка каражаттардын эсебинен 2 миллиард 998,5 миллион сом тартылган.

Ал эми тышкы инвестициянын жалпы көлөмү 18 миллиард 144,4 миллион сом болуп, өсүү темпи 116 пайызга жетти. Анын ичинен: чет өлкөлүк кредиттен 12 миллиард 775,7 миллион сом; тике чет өлкөлүк инвестициялардан 4 миллиард 928,4 миллион сом; чет өлкөлүк грант жана гуманитардык жардамдан 440,4 миллион сом тартылган.

Көрүнүп тургандай, Жалал-Абал областында инвестицияларды тартуу жана аны регионду өнүктүрүүгө пайдалануу жаатында 2018-жыл текке кетпеди.

Өнөр жай тармагында өрүш болдубу?

Өлкө боюнча алып караганда да област – өнөр жайы өнүккөн ири аймак. Демек, өткөн жылы аткарылган иштер да ошого жараша болду. Мисалы, “Токтогул ГЭСтер каскады” ишканасында жалпы суммасы 1 миллиард 254,6 миллион сомдук реабилитациялоо иштери аткарылды. Нефти, газ өндүрүүнү жогорулатуу максатында “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунда жаңы скважиналарды бургулоо, 20 скважинанын дебитин жогорулатуу боюнча жалпы суммасы 1 миллиард 12,4 миллион сомдук иштер бүткөрүлдү.

Андан сырткары, Чаткал районунда «Куру-Тегерек» участогунда «Кичи-Чаарат» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 3 миллиард 428,2 миллиард сомдук инвестиция тартылып, алтын кенин иштетүүчү фабриканын курулушу жана ишке киргизүү үчүн жөнгө салуу иштери бүткөрүлдү, 700 жумуш орун түзүлдү. «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан алтын жана сурьма кенин иштетүүчү фабриканы куруу долбоору боюнча иштери жүргүзүлүүдө, 360 жумуш орун түзүлгөн. Ала-Бука районунда “Фулд Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 30 миллион сом каржыланып, 16 мегаватт кубаттуулуктагы көмөкчү чордон орнотулду жана ишкананын күз-кыш мезгилинде туруктуу иштешине шарт түзүлдү.

Деген менен, өнөр жайдын өсүшүнө ушул тармактагы орто жана кичи ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн мааниси зор. Албетте, бул жагынан да областта бир топ иштер аткарылды. Мисалы, областын аймагында 180 жаңы ишканалар ишке киргизилип (2017-жылы 137 ишкана), жалпысынан 791 жумуш орундары (2017-жылы 680 жумуш орун) түзүлгөн. Анын ичинен өнөр жайы ишканасы 65, соода борбору 23, айыл чарба ишканасы 8, кызмат көрсөтүү ишканасы 84 (анын ичинен кызмат көрсөтүү 44, курулуш куруу ишканасы 29, каржылык кызмат көрсөтүү мекемеси 5, транспорттук кызмат 6) ишкана ишке киргизилген. Эгерде район-шаарлар боюнча алсак, абал төмөнкүдөй:

Аксы районунда – 7 ишкана, 55 жумуш орун;

Ала-Бука районунда – 29 ишкана, 111 жумуш орун;

Базар-Коргон районунда – 13 ишкана, 92 жумуш орун;

Ноокен районунда – 14 ишкана, 71 жумуш орун;

Сузак районунда – 12 ишкана, 193 жумуш орун;

Тогуз-Торо районунда – 2 ишкана, 5 жумуш орун;

Токтогул районунда -19 ишкана, 101 жумуш орун;

Чаткал районунда – 6 ишкана, 26 жумуш орун;

Жалал-Абад шаарында – 55 ишкана, 95 жумуш орун;

Кара-Көл шаарында – 3 ишкана, 9 жумуш орун;

Майлуу-Суу шаарында – 5 ишкана, 15 жумуш орун;

Таш-Көмүр шаарында –15 ишкана, 18 жумуш орун түзүлгөн.

Кандай болгондо да областта атуулдардын социалдык-экономикалык активдүүлүгү улам артып барат.

Айыл чарбасында да арыш барбы?

 Айыл чарбасы – областтагы маанилүү тармактардан, себеби областтын калкынын көп бөлүгү ушул чөйрөдө алектенет. Жыл өткөн сайын агротехникалык маданият калыптанып, дыйкандар кыйла прагматикалык аракеттерди жасап жатышат. Бул, албетте, кубанычтуу көрүнүш. Ошонун натыйжасында, өткөн жылы кыйла алга жылыштар орун алды.

Мисалы, өткөн жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, себүү, рентабелдүү эгиндердин аянтын кеңейтүү иштери талаптагыдай ишке ашырылды. Жалпысынан 155 миң 853 гектар аянтка айыл чарба эгиндери эгилип, 2017-жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган айдоо аянттары 1866 гектарга кыскартылды. Ошондой эле:

Дан 279 миң 551,3 тонна жыйналып, 2017-жылга салыштырмалуу 5358 тоннага көп (102%).

Пахта 44 миң 162 тонна жыйналып, 2017-жылга салыштырмалуу 4739 тоннага көп (112,%).

Тилекке каршы:

Жашылча 286 миң 253 тонна жыйналып, 2017-жылга салыштырмалуу 2347 тоннага аз (99,2%).

Картошка 134 миң 545 тонна казылып, 2017-жылга салыштырмалуу 1199 тоннага аз (99,1 %) болду.

Рентабелдүү техникалык өсүмдүктөрдөн  1064 гектар (109,3%) аянтка көп эгилген.

Өткөн 2018-жылы 154 көп тармактуу айыл чарба кооперативдери катталып, 25 жаңы кооперативдер уюшулду. Анан да күнөсканалар саны 769 даана болуп, алардын жалпы жер аянты 36,86 гектарды түздү. Мындан тышкары, 26 жерде жалпы аянты 83,3 гектар бак-дарактарды тамчылатып сугаруу системасы иштеп жатат.

Областтын жайыт комитеттеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында АРИС аркылуу 56 даана атайын техникалар бөлүнүп берилди. “Айыл Банк” аркылуу лизинг шарттарында 41 даана айыл чарба техникалары, анын ичинен 29 даана тракторлор, 12 даана айыл чарба шаймандары насыяга берилген. ФАО долбоорунун алкагында глобалдык экологиялык фондунан Ноокен районунун Шайдан айыл аймагындагы “Кенч” үрөнчүлүк чарбасына инновациялык технологиядагы түздөн-түз эгүүчү 1 даана сеялка бөлүнүп берилди.

“Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорунун алкагында областын айыл чарба товар өндүрүүчү 2342 субъектиге жалпы суммасы 961 миллион 196 миң сомдук жеңилдетилген 10 пайыздык жана кайра иштетүү тармагына 6 пайыздык насыялар берилген.

Бул сандар айыл чарбасындагы жандуу аракеттерди даана көрсөтүп турат.

Ирригация жагы илгериледиби?

 Айыл чарбасынын арымдуу жылышы үчүн ирригациянын өнүгүшүнүн ролу зор жана бул багытта областта кыйла иштер аткарылды. Мисалы, айыл чарба эгиндерин вегетация мезгилинде сугат суу менен камсыздоодо областтагы жалпы узундугу 705 чакырым чарбалар аралык, 3335 чакырым ички чарбалык каналдар, 49 насостук станциялар, 650 даана гидротехникалык курулмалар, 321 суу өлчөөчү түйүндөр толук даярдалып, вегетация мезгилинде эгин талаалары сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздалды.

Анан да Сузак районундагы Көк-Арт дарыясындагы Э. Жороев атындагы суу тосмону (5,2 миллион сом) калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү (8584 гектар аянтты сугарат). Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясындагы суу тосмону (28 миллион сом) калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү (24 миң гектар жерди сугарат). Ноокен районунун Майлуу-Суу дарыясындагы “Майлуу-Суу” суу тосмону (14 миллион сом) калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү (3700 гектар жерди сугарат). Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушунда 81 миллион сомдук курулуш иштери аткарылган.

Ирригация тармагында алдыңкы технологияларга ыктап, сугат системасын дагы да жакшыртуу аракеттери улантыла бермекчи.

Кайра иштетүү жана экспорт жагы кандай?

 Айыл чарбасы чийки сырьё өндүрүү жана сатуу менен арыштуу алга жыла албайт. Бүткүл тармакта кайра иштетүү жана маркетинг системасын жолго коюп гана натыйжалуу алга жылууга болот. Бул жагынан да өткөн жылы кыйла аракеттер болду.

Мисалы, областтын аймагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагынын 25 ишканалары ишке киргизилген. Анын ичинен Аксы районунда 2, Ала-Букада 6, Базар-Коргондо 1, Ноокенде 3,  Сузакта 3, Токтогулда 3, Тогуз-Тородо 1, Жалал-Абад шаарында 3, Кара-Көл шаарында 1 жаңы ишканалар жана Ноокен районунда 2 логистикалык борборлор ишке киргизилген. Ноокен районунда суткасына 20 тонна пахта буласын өндүрүүчү 2 ишкана ишке киргизилип, 52 жумуш орундары түзүлгөн.

Жалал-Абад шаарында жана Ала-Бука районунда  ЕАЭБнин талабына жооп берген 2 мал союучу жай ишке киргизилип, жалпысынан 40 жумуш орундары түзүлдү. Токтогул районунун алыскы Сары-Камыш айыл аймагында жүндү кайра иштетүү, кийиз жасоо ишканасы ишке киргизилип, 4 жумуш орундары түзүлгөн. Ала-Бука районунда жеке ишкерлер тарабынан мөмө-жемиштерди кургатуучу 3 цех ишке киргизилип, жалпысынан 6 жумуш орундары, Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагында сүттү кайра иштетүү цехи берилип, 7 жумуш орундары түзүлдү.

Инфратүзүмдөр жаңырып жатат

 Элетте, шаарларда инфратүзүмдөрдү жакшыртуу аракеттерди өткөн жылы кыйла жемиштерин берди. Деген менен, социалдык-экономикалык өнүгүүгө түздөн-түш байланышкан бул иштер бардык аймактарда колго алынды.

Атап айтсак, Областтын аймагындагы автожолдорго, көчөлөргө жалпы узундугу  52,08 чакырым асфальт төшөө иштери аткарылган. Анын ичинен, жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маанидеги автожолдорго 20,6 чакырым, жергиликтүү маанидеги ички жолдорго, көчөлөргө жалпы узундугу 31,48 чакырым асфальт төшөө иштери аткарылган. “Бишкек-Ош” автожолунун Жалал-Абад – Маданият аймактарынын ортосундагы 507 – 574 чакырым аралыгы (67 чакырым) участкасын реабилитациялоо боюнча “АзВИРТ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 11 даана атайын техникалар алып келинип,  курулуш иштери башталды. Долбоордун жалпы суммасы 51 миллион 600 миң АКШ долларын түзөт.

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында Кара-Үңкүр дарыясына 79 миллион сомдук, узундугу 98,7 метр жаңы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү.

Альтернативдик «Түндүк-Түштүк» автожолунун областтын аймагы аркылуу өткөн участкасынын 1-фазасы боюнча 7 миллиард 250 миллион сомдук иштер аткарылды, жалпы узундугу 110 чакырым асфальт төшөө иштери бүткөрүлүп, 2095 метр туннель курулду.

Жалал-Абад аэропортунун аэровокзалы 13 миллион сомго бүткөрүлдү жана саатына 150 жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүндүгү пайда болду.

Суу менен камсыз кылуу унутта калбады 

Областтагы 441 айылдын ичинен ичүүчү суу системалары жок 179 айылдан 2018-жылы 50 айылдын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо, куруу иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен, Ала-Бука районунда 4, Аксыда 7, Базар-Коргондо 6, Ноокенде 3, Сузакта 3, Токтогулда 12, Тогуз-Тородо 3, Чаткалда 3  айылда таза суу системаларын реабилитациялоо жана куруу иштери жүргүзүлүп, Ислам Өнүктүрүү Банкнын каржылоосунда  24 айылдын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жалпы суммасы 18 миллион 800 миң АКШ долларлык нарктагы долбоорду долбоорлоо иштери аяктоодо.

Ошондой эле, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкнын каржылоосунда ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо үчүн Токтогул шаарынын 6,4 миллион евро (шаарга кошумча райондун 5 айылынын),  Майлуу-Суу шаарынын 8,1 миллион евро долбоорлору боюнча мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад шаарынын суу түтүктөр жана саркынды суу каналдар тутумун реабилитациялоо боюнча Европалык Өнүктүрүү жана Кайра куруу Банкынын каржылоосундагы 8,25 миллион евро курулуш иштери толук бүткөрүлдү.

Дүйнөлүк банктын каржылоосунда Кербен шаарынын (6 айыл) 210 миллион сомдук суу түтүктөр тутумун реабилитациялоо иштери жүрүүдө жана курулуш иштери 50 пайыз аткарылды. Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы 4 айылды  ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн жалпы сметалык баасы 21 миллион сомдук  400 кубометр колөмүндөгү суу кампасын,  ичүүчү суу тутумдарын куруу иштери аткарылган.

Туризм аркылуу аймакты өнүктүрүүгө кадам 

Туризм багытындагы саясат областтын экономикасын көтөрүүгө, социалдык жана саясий туруктуулукту камсыздоо менен бирге элдин турмуш деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Жалал-Абад областында туризмди өнүктүрүү жагынан туристтик зоналарга бөлүнгөн:

  • экологиялык туризм;
  • курорттук-рекреациялык туризм;
  • тарыхый туризм;
  • маданий туризм чөйрөсү;
  • зыярат жасоо туризми.

Сырткы жана ички туристтер үчүн туристтик жайлар, конок үйлөрү, мейманканалар, коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандар, автоунаалардын абалын тейлөөчү жана май куюучу жайлар, соода түйүндөрү, калкты турмуш тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар кызмат көрсөтөт. Кымыз менен дарылануунун (саамал сүт) жылдан жылга популярдуулугу артып, ички жана сырткы туристтердин кызыгуусун жаратууда.

Өткөн жыл ичинде областыбыздын аймагындагы туристтик жайларга келген туристтердин жалпы саны 533 миң 795 адамды түздү. Анын ичинен жергиликтүүлөрдүн саны 486 миң 485ти, КМШ мамлекеттеринен келгендер 42 миң 649ду, алыскы чет өлкөдөн келгендердин саны 4421ди түздү. Ал эми област боюнча туризмден жергиликтүү бюджеттерге чегерилген акча каражатынын суммасы 42 миллион 184 миң сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттерге чегерилген акча каражаты 115 пайызга өскөн (2018-жыл ичинде  36 миллион 518,5 сом болгон). Ал эми келген туристтердин саны 218 мин 466га көп (2017-жыл ичи 315 миң 329 турист келген).

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо

Билим берүү жаатында да кыйла иштер бүткөрүлдү. Быйылкы жылдын 1-январына карата 9 мектептин имаратынын, 5 мектептин окуу корпустарынын жана 1 мектептин кошумча  бѳлүмүнүн курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Областтын аймагында бүгүнкү күндө 296 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринде 34 миң 18 бала тарбияланып, камтуу көрсөткүчү 33,2 пайызды түздү. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 3 пайызга көп. Өткөн жылы областта 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелери ачылган.

Калктын саламаттыгын сактоону жакшыртуу боюнча көп аракеттер болду. Областтык клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча окутуу борборунда  5,7 миллион сомдук  капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кытай Эл Республикасынан жалпысынан 2 миллион сомдук медициналык жабдуулар менен камсыздалды.

Базар-Коргон райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 10,5 миллион сомдук, Ала-Бука райондук ооруканасында 1,5 миллион сомдук  капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Германиянын колдоосу менен областтык клиникалык ооруканасынын жабдыктары менен сметалык наркы 3 миллион евро болгон 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушу жүрүп жатат. Күйүктөн жабыркагандарды дарылоочу 50 орундуу борбордун имараты курулуп, 9 миллион сомдук жабдыктар алынды, жалпысынан 29 миллион сомдук иштер аткарылып, пайдаланууга берилди.

Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы аймактык оорукананын кошумча эки кабаттуу имараты пайдаланууга берилди. Жалал-Абад шаарында тез жардам бөлүмүнүн имараты “Ас-Салам” коомдук фонду аркылуу курулуп, пайдаланууга берилди. Областтын аймагында жергиликтүү бюджеттин жана инвесторлордун эсебинен 9 ФАП курулду. Жалал-Абаддагы 110 орундуу балдардын психоневрологиялык социалдык   стационардык мекемесинин   90 миллион 253,5 миң сомдук  жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө.

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жергиликтүү бюджеттен 14 миллион сомдук аймактык оорукананын 20 койкалуу бөлүмүнүн курулушу жүрүүдѳ. Жалал-Абад шаарында 1 диализдик борбор жеке ишкер тарабынан, областтагы алгачкы жолу 1 диализдик борбор мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүк долбоорунун алкагында Fresenius Medical Care менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди.

Маданият жана спорттун өнүгүшү

Областтын аймагында жыл ичинде 3 спорт комплекс (Ала-Бука районунда 1, Сузак районунда 1, Жалал-Абад шаарында 1), 5 спорт зал (Ноокен районунда 3, Базар-Коргон районунда 1, Аксы районунда 1)  жана 10 кичи футбол аянтчалары (Тогуз-Торо районунда 2, Сузак районунда 3, Ала-Бука районунда 1, Аксы районунда 1, Токтогул районунда 1, Жалал-Абад шаарында 1, Майлуу-Суу шаарында 1) курулуп, пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад шаарында “Газпром балдарга” программасынын алкагында “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун каржылоосунда спорттук комплекстин курулушу бүткөрүлдү. Базар-Коргон районунун борбордук стадионун реконструкциялоо боюнча 40 миллион сомдук курулуш  иштери аткарылды.

Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу «Жалал-Абад — Сузак» автожолундагы «Курманбек баатыр» арка комплексин реабилитациялоо долбооруна 14 миллион сом, Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы борбордук стадионду реконструкциялоого 10 миллион сом каражат бөлүнүп, курулуш иштери башталууда. Ала-Бука районундагы 1-Май айылдык аймагынын Ажек айылындагы сметалык баасы 12 миллион 501 миң сомдук, 220 орундуу Маданият үйүнүн курулушу бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди.

Калк коопсуздугуна көңүл бурулду

Өткөн жылы областтын аймагында 90 объектте алдын алуу, келип чыккан кесепеттерди жоюу иштери аткарылып, жалпы узундугу 3421 метр коргоочу суу тосмолор жана 3 ички чарбалык көпүрөлөр курулуп, калыбына келтирилди.

“Жашыл” долбоор алкагында жалпы аянты 14 гектар жер көчкү коркунучу бар участкаларга 8200 түп көчөт отургузулуп, 85 килограмм бадам уругу эгилди. Аксы районунун Итагар айылында Итагар дарыясынын 100 метр жээгин бекемдөө иштери, Сузак районунун Ынтымак айылында Көк-Арт дарыясынын 280 метр жээгин бекемдөө иштери аткарылды

Базар-Коргон районунун Коргон-Жар айылына өтүүчү Кара-Үңкүр дарыясына узундугу 24 метр ички чарбалык көпүрө курулуп, Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында Кара-Үңкүр дарыясынын 100 метр сол жээгин бекемдөө иштери ишке ашырылды. Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Жүзүмжан айылында 3,5 гектар жер аянтына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, айланасы тосулду.

Корутунду

Быйылкы жылы да өлкөнүн аймактарынын өнүгүшү үчүн албан иштер алдыда турат. Бардык район-шаарларда, айыл аймактарында күрдөөлдүү иштер жүрөт жана мурда болуп көрбөгөн жаңы аракеттер башталат. Ошого байланыштуу жер-жерлерде жетекчилердин, тийиштүү адистердин, жамааттардын жоопкерчилиги да жогорулатылат, суроо-талаптар күчөйт. Ансыз ырааттуу өсүштү камсыз кылыш кыйын иш.

Эң башкысы, бизде алдыга коюлган так, даана максаттар бар. Конкреттүү талаптар жана милдеттер айкын. Бир гана астейдил аракеттер керек.

Жалил САПАРОВ, журналист

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *