Жалал-Абаддын мэри мончодо кимди сабаган?

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев тарабынан ур-токмокко алынды делген тургун 5-июлда милицияга тосмо арыз жазды.

Буга чейин бир катар ЖМКлар 4-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн жергиликтүү тургун арыз жазганын жазып чыгышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, “Тагай Бий” мончосунда 3-июлга караган түнү чыр чыгып, Тагаев бир тургунду сабаган.

Окуя болгон күнү “Малина ТВ” ютуб каналы тасма жарыялап, анда шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Кулмамат Капаров сабалды делген тургун жардам сурап кайрылганын тастыктап берген.

“Бизге 1987-жылы туулган тургун келип кайрылган. Бейтаптын жана туугандарынын айтымында окуя шаардагы “Тагай Бий” мончосунун жанында болгон. Аны өзүнүн таанышы урган экен”, – деп айткан Капаров.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков шаар башчысы тургунду сабады деген маалымат жалган экенин айткан болчу. Эгер окуя мончодо болсо, анда сабаган да, сабалган адам да чогуу болушкан жана алар эс алып жатышкан болушу мүмкүн.

Баса, мындан мурда да М.Тагаев мэриянын имаратына кирген бир улгайган аялды сабабаса да, булкулдатып-жулкулдатып, орой мамиле жасагандыгы тууралуу маалымат тарап, коомчулукту дүң кылган болчу. Ал жоругун М.Тагаев кайсы бир жыйынга шашылып жаткандыктан, өзүнө жолугуу үчүн келген апасындай эжени кагып-силкип салгандыгын моюнга алгандай болгон. Эмнеси болсо да бул чиновник этика сабагын окуш керек экен.

Булак: «Майдан»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *