Жерүй кени саясый сооданын оюнуна айланабы?

Кыргызстанда саясатчылар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдана башташты. Баягы эле – ачуу билдирүүлөр, популизм, ири долбоорлор боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу – сонун ыкма эмей эмине десең.

Быйыл минтип жаңы шылтоо табылып олтурат – жакында Жерүй кени иштетиле  баштайт. Эки жыл бою бул долбоорду эч ким эстебей жатты эле, ал долбоордо мамлекеттин үлүшү жок экенин эми биле коюшкансып, четинен коңгуроо кагып киришти. Жерүй жөнүндө кечээ кеңири жазганбыз (шилтемени караңыз: https://kyrgyztoday.org/news_ky/kajradan-zheruj-bul-ken-bajlygynda-babanov-menen-atambaevdin-kyzykchylygy-barby/ ).

Жакында эле, сентябрдын соңунда автивисттер Таластагы Улуттук көчмөндөр оюнуна “Бакубат Талас” фонду 100 миң доллар коротконун билдиришкен. Эми алар курултай өткөрүп, үч маселени койгону жатышат: Жерүй боюнча тендердин мыйзамдуулугу, кендеги мамлекеттин үлүш маселеси жана жаратылыш ресурстары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү. Анан эле “провакация болот экен” деген шылтоо менен курултайды өткөрбөй калышты.

Жума башында Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынын өткөрүп, анда: “Өкмөт башчы М.Абылгазиев Жерүйдөгү мамлекеттин үлүшү боюнча маселени чечкенге аракет кыларын айтты” деди. Эртеси эле Өкмөт саясатчынын бул сөздөрүн четке какты. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт башчынын сөзүн Бекназаров туура эмес келтиргенин билдирди.

“Өкмөт башчы “Альянс Алтын” компаниясы да, өкмөт дагы кызматташуунун бардык шарттарын бекем сактап келет. Бул инвестициялык климат үчүн абдан маанилүү. Ошону менен катар өкмөт Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын катуу көзмөлгө алган. Өкмөт сүйлөшүлгөн шарттарды так аткарат – деп айткан”, – деди Адилет Султаналиев.

Бирок милдеттерди бузуп койсо болобу? Варианттары, албетте, бар. Өкмөттүн мындай позициясына карабай, Жерүйдү иштетүүнүн шарттарын кароо маселеси күн тартибине бат эле туруп калышы мүмкүн. Мисалы, тоо өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү мамлекеттин Жерүй  боюнча долбоорго кириши пайда гана алып келерин айтып чыгышты. Алар эки сунуш киргизип жатышат: мамлекет үлүш алуусу керек жана Кумтөр мисалындагыдай жалпы кирешеден кошумча салык төлөнүүгө тийиш.

“Соңку учурда саясатчылар, элдик курултай, жаштар уюмдары сурап жатышат: Жерүйдө эмнеге Кыргызстанды үлүшү жок? – деп. Ошондуктан абал курчуп кетпеши үчүн өкмөттүн чечими менен жумушчу топ түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүшү кажет. Бул долбоордон мамлекет кандай табарын изилдебесе болбойт”, – дейт ассоциация мүчөсү Дүйшенбек Камчыбеков.

Кыскасы, Жерүй дале болсо баш сындырчу маселелерди ачыкка чыгарып, саясый сооданын чордонуна айланары айкын болуп калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *