Жол кырсыгын жоюш үчүн эмне кылуу керек?

Кыргызстанда акыркы мезгилдерде адам өмүрү менен коштолгон жол кырсыктары өтө эле көп катталууда. Жок эле дегенде бир күндө өлкө боюнча жол кырсыгынын кесепетинен бир-эки адам өмүр менен кош айтышып жатканын байкоого болот. Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда болуп жаткан жол кырсыктарынын кесепетинен канча адам өмүр менен кош айтышаарын иликтеп, Кыргызстан жол кырсыгынан каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнөдөгү 179 өлкөнүн ичинен 6о-орунга чыкканын жазып чыгышкан эле. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан 2-орунда экени айтылып жүрөт. Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу аракети боюнча өлкөдө көп эле талкуулар болуп, Жогорку Кеңеш депутаттары аталган маселени бир нече ирет көтөрүштү. Бирок тилекке каршы маселе эч чечилбей келет. Эки жыл мурун Ички иштер министри Коопсуз шаар долбоорун кабыл алып, тендер жарыялап ишти баштаганы менен көп узабай эле иш токтогон. Эмне себептен токтогону али күнчө белгисиз. Өкмөт болсо жол коопсуздугу тууралуу эч кандай камаараган жери жок. Албетте, күн сайын адам өлүмү менен коштолуп жаткан жол кырсыктарына ким күнөөлүү? Биринчи кезекте айдоочулар өздөрү күнөөлүү. Жол эрежесин так сактабай, машинесин алкынтып катуу ылдамдыкта айдагандыгынын кесепетинен аянычтуу кырсыктарга кириптер болуп жатышат. Эгер айдоочунун машине айдоо маданияты жогору болуп, жол эрежесин так сактап айдаганда, болуп жаткан жол кырсыгы мынчалык көп катталбайт эле. Баса, расмий маалыматка таянсак, өлкө боюнча бир жылда 128 жаш бала жол кырсыгынан каза болуптур…

Аскер Сакыбаева, журналист:

-Бизде мыйзамды катуулатпаса, иштебесе, мындай кырсыктар көбөйө берет. Анан калса машине айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү да буга себеп болуп жатат. Дагы айта кетчү нерсе, баягы баарыбыз жетпей жүрүп жолдо жүрүүнүн коопсуздугу боюнча долбоордун ишке ашпай жатканы  чоң кедерги болуп жатат. Эгер yшул долбоор ишке ашса, шаарлардын ичинде, чоң трассаларда видеокөзөмөлдөө иштесе, кырсыктар бир топ азаймак деп ойлойм.

Жолдошбек Бузурманкулов, ИИМдин ардагери, полковник:

-Ар бир адам унаачаны болобу, жөөсү болобу жол өмүр агып турган дайра, кылт этсең бул дүйнөдөн агызып алып кетет дегенди унутпашы абзел. Өзүбүзгө-өзүбүз көр казып жатканыбызды билбей, анан МАИни күнөөлөйбүз. Жол эрежеси жолдо өлгөндөрдүн каны менен жазылганын унутпаш керек.

Азимжан Ибраимов, парламент кызматкери:

-Эң биринчиден, авто күзөт, айдоочунун күбөлүгүн берген системадагы коррупцияны жойбосо эч кандай майнап чыкпайт. Экинчиден, коомдук көзөмөл, электрондук көзөмөл жолго коюлушу шарт. Кыргызды карап турбасаң эле, ата-энесинен же мугалиминен жашынган баладай болуп мыйзам бузуп, өз билгенин кыла баштайт. Бул багытта ИИМде козголбой жатып калган »Коопсуз шаар» долбоорун иштетүүгө дарманыбыз жетпей койгону кечирилгис кенебестик. Кыргызстанда азыр сууга чөккөн же автокырсыкка учураган кыргыздарда өнөкөткө айланды. Бир жылдагы өлүм-житимди эсептесек, кудум согуш жүрүп жаткандай.

Азамат Дүйшөнбай уулу, журналист:

-Жол кырсыктарына бир гана айдоочулар күнөөлүүбүз. Жолчулардын да, МАИ кызматкерлердин да күнөөсү жок деп так кесе айтсак болот. Муну мен айдоочу катары күнүгө билип-көрүп айтып жатам. Качан шофёрлор бири-бирин сыйлап, шаар,айылдардан 40-60, трассадан 100 менен эле айдаса мындай кырсыктар болбойт эле. Өзүбүздү эмес, машинабыздагыларды, жолдогу жолоочуларды сыйлабайлыбы туугандар!

Булак: «Фабула»

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *