Жыргалбек Турдукожоев, публицист: Шайлоочунун жаңылганы – келечектен айрылганы

1.Жаман бийлик кайдан чыгат?

Келерки жылы өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Бул мезгил ичинде экономикабызда, социалдык чөйрөбүздө, маданиятыбызда, калкыбыздын жашоо-тиричилигинде аздыр-көптүр өзгөрүүлөр болгону талашсыз. Бул тармактардагы оң жылыштар жөнүндө сөз кылсак, анда мамлекеттин салымына караганда элибиздин, жарандык коомдун салымы көп болду деп айтаар элем. Карапайым калкыбыз көп кыйынчылыктарды башынан кечирип, өз киндигин өзү кесип, белин бекем бууп, өз турмушун өзү оңдоп келатат. Эгемендүүлүктүн эле эмес, эки революциянын дагы ээси болду.

Бирок калкыбыз татыктуу бийликке жарыбай койду. Ооба, өлкөбүз  демократиялык өзгөрүүлөргө багыт алып, шайлоо артынан шайлоо өткөрүлүүдө: эгемендүү Кыргызстандын 29 жылдык тарыхында 7 президенттик шайлоо өнөктүгү, 6 – Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү бийлик органдарына жүздөгөн шайлоо, 8 референдум болуп өтүптүр.

Эл өзү шайлады деген эки президент оор кылмыш жасап, качып кетсе, үчүнчүсү камакта олтурат. Ал эми парламентибизчи? Анын дарегине “ууру”, “коррупцияга, кылмышка аралашкан”, ”“базарком”, “сабатсыз”, “балык”, “чимкирик”, “түкүрүк”, “плагиат”, “уялчаак” ж.б. эпитеттер коомчулукта кеңири тарап жатат. Талапкер болуп жүргөндө алар берген убадалар  баарыбыздын эсибизде. Politmer.kg басылмасы жүргүзүп жаткан талдоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 2015-жылы парламентке шайланган депутаттар жана алардын партиялары берген убадалардын 20%га жакыны гана аткарылыптыр.

Ушундан улам суроо туулат: “талапкер кезинде баары жакшы, жаман бийлик кайдан чыгат?”

Бийликке (бийлик бутактарына) карата ар ким ар кандай реакция кылат: көпчүлүгүбүз “пешенебизге жазылган турбайбы” деп үшкүрсөк, айрым билимдүүрөгүбүз “ар бир эл өз журт башына татыктуу” деп Сократты эстейбиз. Биринчи пикирдин жөн-жайын түшүнүү кыйын эмес: ар бирибиз жаманды дагы, жакшыны дагы тагдыр, маңдайга жазгандык (жазмыш) менен байланыштырабыз. Ал эми улуу ойчулдун мааниси терең сөзүн кандай түшүнөбүз?

Анын негизги мааниси, менимче, мында. Эгерде бийлик элдин, өлкөнүн кызыкчылыктарын унутуп, эптеп күн өткөнүнө кайыл болуп, начар иштесе, коомдо бышып жетилген көйгөй маселелерди  убагында чечпесе же ууру-кескилерге, кылмышкерлерге алы жетпесе, ал аз келгенсип, элдин ырыскысына кол салып, өз көмөчүнө күл тартып турса, анда ким күнөөлүү??? Албетте, ушундай бийликке катуу талап коюп, иштете албаган, анын мажүрөөлүгүнө, аракетсиздигине чыдаган эл күнөөлүү. Ооба, ошондой бийликке чыдамкай мамиле кылганы үчүн, андай бийликтин былыктарына кайдыгер караганы үчүн күнөөлүү. Бирок коомдо оор кырдаал түзүлгөндө элдин чыдамы түгөнөт эмеспи. Анын аягы кандай натыйжаларга алып келерине өлкөбүздө болуп өткөн эки революция күбө.

Мыйзам ченемдүү мындай суроо туулат? Ошондой адамдарды бийликке алып келген ким? Албетте, эл, биз – шайлоочулар!

 2.“Өз майыңдын чөбөгөсү” дептир илгери апенди Ханга…

“Өз майыңдын чөбөгөсү” дептир илгери апенди Ханга… Эл өз тандоосунун же саткан добушунун “жемишин” жеп, анан айласы кеткенде анын натыйжалары менен күрөшүп, революция жасап жатат. Качанкыга чейин начар мажүрөө, дараметсиз бийликке каршы күрөшүп, кайра-кайра революция жасай беребиз?!

Андан көрө андай бийликти алып келүүчү себеп, жагдайлардын алдын алып, бөгөт койбойлубу?! Саясий укугубузду толук, туура пайдаланып, жарандык милдетибизди жоопкерчиликтүү аткарып, тынч, мыйзамдуу жол менен элге, өлкөгө ак кызмат кылган, майнаптуу иштеген татыктуу бийликти алып келбейлиби?!

Андай жол – бийликти шайлоо жолу.

Жоопкерчиликсиздик менен же добушуңду сатып шайлап алып, “өз майыңдын чөбөгөсүн” жегениң же төңкөрүш жасаганың жакшыбы же болбосо, шайлоого жигердүү катышып, келечектеги бийликти акыл-эстүүлүк менен туура тандап, добушуңду сатпай, шайлап алганың жакшыбы?

Бийликке барам дегендер дагы, ага жеткендер дагы ошондо гана элинин кудурет, күчүнө, таразасына ишенип, мандат колуна тийгенден кийин маңкурт болбой, элине сый мамиле, ак кызмат кылат эле. Президент болом дегендер жардам сурап, чет мамлекеттердин жетекчилерине чуркабайт эле. Депутат болом дегендер акчанын, партиянын лидеринин күчүнө ишенбей калат эле. Эң башкысы бийликке барам деген адамдын Президент дагы, депутат дагы коррупцияга, башка былык иштерге аралашпаган абройлуу, ириде элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлогон мекенчил, интеллектиси жогору, тажрыйбасы чоң, калыс адам болуш керек экенине көзү жетет эле.

3.Биздин добуш – таянаар тообуз!

Өзүбүз шайлоого жигердүү катышпасак, катышсак дагы татыктууларды туура тандабасак, а тургай добушубузду сатсак, мыйзамды бузсак, анда “шайлоо таза болбой калды, мыйзамга ылайык шайлоо жокко чыгыш керек, шайлоо кайрадан болсун” (Ө. Текебаев) деп парламенттин экс-депутаты санаган “БШКдан, укук коргоо органдарынын жетекчилеринен, президенттен, премьер-министрден” кайсы бетибиз менен талап кылабыз?! ” “Добушту кымбатырак сатыш керек, 10-20 сомго…, дейт Жогорку Кеңештин депутаты А. Сулайманов, – ошентип, шайлоочулар олигархтарды жазалайт… акылдуу, билимдүүлөр келишет”. Андай болгондо капчыгы убактылуу жукарган олигархтар (эртеси аны он эселеп кайтарып алуучу депутаттар) жазаланабы же “добушту кымбатырак сатып” “өз майынын чөбөгөсүн” жегендер – шайлоочулар жазаланабы?! Олигархтар эч качан жаңыланууга, реформага барышпайт, себеби алар тутумду (системаны) өзгөртүүнү каалашпайт. Алар шайланар замат элге берген убадаларын, дегеле элди унутуп, өз көмөчтөрүнө күл тарта баштайт, ал эми карапайым калк Пушкиндин жомогундагыдай “сынган тепшинин” жанында калат…

Ооба, учурда шайлоодо жаңы технологияларды колдонуунун натыйжасында мурда орун алып келген бюллетендерди дүңүнөн салуу, “айланкөчөк” (“карусель”) ыкмасы, шайлоо комиссияларында добуштарды саноодогу бурмалоолор ж.б. жокко чыгарылды, “бир шайлоочу – бир добуш” деген принцип ишке ашты. Азыр добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоону уюштуруучулардын (шайлоо комиссияларынан) субъективдүү мамилелерине б.а. “тигил же бул талапкерди же партияны өткөрөбүз” деген оюна көз каранды эмес! Ошондуктан шайлоого ат салышкан талапкер, саясий партия шайлоону уюштуруучуларды сатып алууга аракеттенбей калды. Демек, кимди шайлаарын, кимди шайлабай турганын б.а. шайлоонун натыйжасын шайлоочу гана чечип калды!

Биздин бүгүнкү добуш, туура тандообуз – адил бийликти түзүүгө, коомдо тынч, туруктуу, жаратман жашоого өбөлгө. Биздин бүгүнкү добуш, туура тандообуз – балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн жаркын келечегине ишенимдүү, татыктуу салым. Биздин добуш – таянаар тообуз!

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

Атайын Кыргызтудэй сайты үчүн даярдалды

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *