“Кыргызстан бүгүн” – Kyrgyztoday.kg маалымат агенттиги 2009-жылы январь айында негизделген. Ошол эле жылы бул долбоордун Kyrgyztoday.kg интернет-телевидениеси иштеп, тараткан маалыматтарынын оперативдүүлүгү, жаңычылдыгы менен тез эле коомчулуктун көңүлүнө илинген. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүш учурунда мародер-талоончулар Kyrgyztoday.kg интернет-телевидениесинин студиясындагы видеоаппаратураларды, тележабдыктарды уурдап кетишкенинен телеканалдын иши токтоп калган.
2012-жылдын 1-февралынан тартып Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигинин экинчи долбоору – маалыматтык-серептик Kyrgyztoday.kg порталы иштей баштады. Биздин сайт күн сайын өз окурмандарына коомдук-саясый, экономикалык, каржылык, социалдык актуалдуу маалыматтарды оперативдүү таратып турат. Андан сырткары сайт коомдогу ар бир кубулушка сереп салып, аналитикалык материалдарды, комментарий-жорумдарды жарыялап келет.
“Кыргызстан бүгүн” – Kyrgyztoday.kg маалымат агенттиги келечекте Kyrgyztoday.kg интернет-телевидениесинин ишин кайра жандантуу максаттарынын үстүндө иштөөдө. Андан сырткары маалымат таратуунун бардык усулдарын, формаларын, каражаттарын жана жабдыктарын пайдалануу менен дүйнөнүн маалымат айдыңында өз ордун табууга аракеттенет.
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары
Чүй проспекти 130/8
Телефон: +996-312-62-20-23
Электрондук даректер: [email protected]

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.