Menu

САЯСАТ

БУУ: Газа тилкеси балдардын көрүстөнүнө айланып баратат

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин кескин сынга алып, карапайым калкка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотууну талап кылды.

Анын айтымында, Израил гумандуу согуш жүргүзүү боюнча эл аралык мыйзамдарды ачык эле бузуп жатат. ХАМАСка каршы согушта карапайым калкты коргоо негизги максат болушу керек.

“Израил карапайым элди бомбалоону жана өлтүрүүнү, ооруканаларды, качкындар лагерлерин, мечиттерди, чиркөөлөрдү жана жарандык инфраструктураны, анын ичинде баш калкалоочу жайларды жок кылууну улантууда. Газа балдардын көрүстөнүнө айланып баратат”, – деди БУУнун баш катчысы.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Гутерриштин Газа тилкеси “балдардын көрүстөнүнө” айланып баратат деген билдирүүсүнө кескин жооп кайтарды.

“Уят, Антонио Гутерриш! Газа тилкесинде ата-энеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 30дан ашык бала, анын ичинде 9 айлык ымыркай барымтада”, – деп жазды Коэн “X” социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Мындан тышкары БУУнун ири гуманитардык мекемелеринин жетекчилери менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) биргелешкен билдирүү жасап, Газа тилкесинде гуманитардык максатта тез арада ок атышууну токтотууга чакырышты.

“Дээрлик бир айдан бери дүйнө жүзү Израилдеги жана оккупацияланган Палестина аймагындагы кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууда. Курмандыктардын санынын өсүшү үрөйдү учурууда. Ракеталар түшүп, он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул коркунучтуу. Бирок мындан да коркунучтуусу – Газада андан да көп карапайым калктын өлтүрүлүшү жана 2,2 миллион палестиналыктын тамак-аш, суу, дары-дармек, электр энергиясы жана күйүүчү майсыз калганы”, – деп айтылат билдирүүдө.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

Камчыбек Ташиев: Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Аларга байланышы бар 202 кызматкер иштен алынды

Кечээ, 2-ноябрда КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду “мафия” деп атагды.

“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей гана “Матиз” машинасын минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же биздин ички саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек”, – деген ал.

Ташиев учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалаган.

Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин айткан эмес.

4-октябрдагы атайын операцияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

2021-жылы УКМК Матраимов бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, сот ага 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго санкция салган.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2-ноябрдагы билдирүүсү тууралуу журналисттерге комментарий берди.

“Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес”, – деди ал.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспийден өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспий деңизинен өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү меморандумга 1-ноябрда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт форумунун аягында кол коюлду.

“Түштүк коридор” деп аталган жаңы маршрут Орусиядан Каспий деңизи, Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өтөт. Маалыматка караганда, жаңы жол Кыргызстанга Европа жана Орусияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.

Июнь айынын ортосунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз тарап “Түштүк коридорду” ар тараптан изилдеп, анын финансылык жактан ыңгайлуу экенин аныктаганын билдирген. Ал айрым инфратүзүмдүк кыйынчылыктарга карабай, маршруттун келечеги ачык экенин белгилеген.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын Казакстан менен чек арасында оор машиналардын тыгыны көп болууда. Айрым депутаттар бул көрүнүштү казак тараптын тоскоолдугуна байланыштырган.

Быйыл августта Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев бул көйгөй туруктуу болуп калганын айткан.

Алсак, 30-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335ке жеткенин Чек ара кызматы билдирген. Ошол эле маалда жүк ташууда эч кандай чектөө болбогону, бул мезгилде айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар көп болору белгиленген.

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт

2-3-ноябрда Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн президент Садыр Жапаров катышуу үчүн Астанага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммит “TURKTIME” темасында өтөт. Бул Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – билим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия дегенди билдирет.
Маалыматка караганда, өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.
Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле 6-февралды “ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү” деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу каралган.
Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.
Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет.

Рамзан Кадыров башаламандыктарга катышкандарды "чекеге атуу" буйругун берди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жапырт башаламандыктардын алдын алуу жана зарылчылык жаралса ага катышкандарды “чекеге атуу” буйругун берди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Мындан бир нече күн мурда – жекшемби күнү кечинде Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган.

“Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, аны кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, – деди Кадыров чечен өкмөтүнүн жыйынында.

Чеченстандын башчысы Владимир Путин сыяктуу эле Дагестандагы антисемиттик акцияларга Киев менен Батыш өлкөлөрү “шыкакчы” болгонун айтты.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын мындай дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атаган.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып жатат деп айыптап, аны нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда жекшемби күндөгү башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалганы кабарланган. Бирок аларга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Дагестанда өзбек дарыгери "жөөт" эмес экенин далилдөөгө мажбур болду

Махачкаладагы антисемиттик акция учурунда агрессивдүү топ Москвадан Дагестанга келген адамды Израилдин жараны деп кармап алган.

“Кавказ.Реалии” жазгандай, ал жөөт эмес экенин жана израилдик эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында полициячылар аны жоон топ кишилердин арасынан алып чыгып кеткен.

Ал улуту өзбек, Москвада дарыгер болуп иштеген Дилшод Мамадалиев экени белгилүү болду.

Күч органдары 30-октябрда таңга жуук тополоңду таркатууга жетишти. Бул окуя боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Дагестандын баш калаасы Махачкаланын аэропортунда жекшембиде болгон тоз-тополоңдо 20дан ашуун киши жабыркап, ону олуттуу жараат алганы маалым болду. “Свобода” радиосу полиция 60 кишини кармаганын жазды.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган. Телеграм каналдардын бири жарыялаган видеодо 20дай киши өзүн “өзбекмин” деген жигиттин паспортун тартып алып, кайра бербей жатканы тартылган. Жаалданган топ “жөөттөрдү издөө үчүн” ОМОНдун машинелерин дагы тинткенин “Сота” жазды.

Орус бийлиги Дагестандын башкы аэропортундагы тоз-тополоңго “чет жактардан, анын ичинде украиначыл Телеграм каналдардын кырдаалды дестабилдештирүү аракети” түрткөнүн белгилеп, күнөөнү тышка оодарды.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамга тынчсыздануу билдирди

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, Британиянын Кыргызстандагы жарандык коомго көрсөткөн колдоосуна тоскоолдук жаралышы мүмкүн.

Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

“Биз элчилик катары да буга чейин мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануу билдиргенбиз. Азыр да бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуу катына көңүл бурууга чакырабыз”, – деди элчи.
Ал жарандык коомдун мыйзам долбоорунун авторлоруна Батыш өлкөлөрүнө виза бербөө боюнча кайрылуусунан кабары бар экенин, бул маселе талкууланарын жана Кыргызстанда виза берүү саясаты өзгөрбөгөнүн тактады.
Элчи Боулер Кыргызстан Борбор Азиядагы эркин өлкө экенин, буга эркин медиа менен жарандык коомдун салымы чоң экенин белгиледи. Эки институттун болушу жаратман экономиканын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.
Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.
Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.
“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.
25-октябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Буга чейин анын адвокаты Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырлышы керектигин билдирген.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленген.
Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген белги коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын маалымдаган. Мадумаров өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтып келет.
Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Бишкекке келди

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди.

Аларды 25-октябрда “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана жана Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани да Бишкекке келген. Аны 25-октябрда президент Садыр Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Президент Жапаров эки өлкө ортосунда соода алаканын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, пакистандык инвесторлор менен тыгыз кызматташуу жаатында иш алып барууну сунуштады.

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди кабыл алды. Жапаров Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртуунун үстүндө аракеттенип жатканын айтып, деңизге чыгуу үчүн Ирандын аймагын пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.

“Кыргызстандын Иран рыногуна төө буурчакты экспорттоо үчүн чоң потенциалы бар. Төө буурчак 55 миң гектардан ашык аянтты ээлейт, 2022-жылга карата дүң жыйым 78 276 тоннаны түздү”, – деди Акылбек Жапаров.

24-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий сапары менен Бишкекке келген. Ал сапардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, 12 документке кол коюлду. ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынына Ли Цян да катышат.

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө жалган маалымат менен күрөшүүгө жардам берет

Самаркандда өткөн Борбор Азия -АКШ же С5+1 форматындагы аймактык кызматташуу боюнча биринчи министрлер жыйынында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аймакта ишке ашырууга ниеттенип жаткан жаңы долбоорлорун жарыялады.

Бул тууралуу Gazeta.uz билдирди.

USAIDдин администратору Саманта Пауэр 14,3 миллион доллар бөлүнөрүн кабарлады. Каражат Борбор Азияда экономикалык өсүштөгү тоскоолдуктарды жоюуга, туруктуу жана жашыл энергетикалык системаларды түзүүгө жана дезинформация менен күрөшүүгө жумшалат.

“Биз журналисттерди жана медиа адистерин маалыматты так аныктоо жана жарыялоо үчүн зарыл болгон инструменттер жана ыкмалар менен камсыздайбыз. Ошондой эле өнөктөш өкмөттөр менен жалган маалыматтын жайылышын алдын алууга жардам берген саясатты иштеп чыгууга жана көз карандысыз ЖМКларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөбүз”, -деди Саманта Пауэр.

USAID маалымат каражаттарын колдоо – жарандардын укуктарын коргоого, ачык-айкын жана отчеттуу өкмөттөрдү түзүүгө багытталган маанилүү демократиялык жана экономикалык реформа экенин баса белгилейт.

Меню