Menu

Бишкек жана Алматы шаарларында аялдардын укуктарын коргоо акциялары өттү

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Казакстандын Алматы шаарында кыз-келиндердин укуктарын жактагандар митингге чыгышты. Калаанын борбордук бөлүгүнөн алысыраак жайгашкан Ганди атындагы паркта өткөн иш-чарага миңге жакын адам чогулду.

 RFE/RL радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, митингге чыккан активисттер негизинен сексуалдык зомбулукка каршылык билдирип, өлкөдө аялдарга кордук көрсөткөндөр көп учурларда жазасыз каларына нааразылык билдиришти. Мындан тышкары ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам кабыл алууну талап кылып, парламент менен жогорку кызматтарда аялдардын санын көбөйтүүгө чакырышты.

8-мартта Кыргызстандын баш калаасы Бишкен шаарында да гендердик зомбулукка жана басмырлоого каршы аялдардын тилектештик жүрүшү өттү. Акцияга болжол менен 500гө жакын киши катышты. Спорт ордосунан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эки чакырымдай жолду жөө басып өткөн жүрүштүн катышуучулары кыздардын, аялдардын бардык укуктарын сактоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу талаптарын коюшту.

Уюштуруучулар акция Бишкек мэриясы жана милиция менен макулдашылганын айтышты. Иш-чаранын коопсуздугун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты.

Акциянын айрым катышуучулары демонстранттардын бирин кармап кетип жатышканына күбө болгонун маалымдашты. Алардын айтымында, милиционерлер бир эркекти күчтөп жетелеп кетишти, аны каяка алып кетишкени азырынча белгисиз.

“Милиция кызматкерлери украин тилинде жазылган жана ЛГБТ символикасы тартылган плакат көтөргөндөргө тандап барып жатышат”, – деп жазды Kloop.kg. Басылма жарыялаган видеодон кармалган киши түстүү беткап тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция формасын кийген жана жөнөкөй кийимчен бир нече киши анын беткабын сыйрып, жетелеп кетип жатканын көрүүгө болот.

Акылбек Жапаров Өзбекстандын Асака шаарындагы «UzAuto Motors» автозаводуна барды

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Асака шаарындагы (Анжиян облусу) «UzAuto Motors» акционердик коомунун заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты.

Өндүрүш менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров Асака шаарындагы автозавод инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү экендигин белгиледи.

«Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», – деп белгиледи ал.

Маалымат үчүн: Асака шаарындагы заводдун курулушу 1994-жылдын июнь айында башталган. 1996-жылдын март айында ишканада Damas унаасын чыгаруу башталган.

Учурда ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда.

Өткөн жылы завод 327 миң автоунаа чыгарса, быйыл 400 миңге чейин автоунаа чыгаруу пландалууда.

УКМК башчысы коргонууга 1 млрд доллар жумшалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абад облусунда жүргөндө Кыргызстан армиясы чындалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул максатта акыркы эки жылда бир миллиард доллар бөлүнгөн.

“Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси – биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз”, – деди Ташиев.

Бийлик 2021-жылы Кыргызстандын аскердик техникасын жаңылоого, тактап айтканда, Орусия менен Түркиядан учкучсуз учактарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүнөрүн жарыялаган. Андан кийин бир нече жолу ар кандай жабдыктарды алганы тууралуу кабарланган. Өткөн айда Беларустан модернизацияланган Печора-2 БМ көчмө зениттик-ракеталык комплекси сатылып алынган.

Мурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард сом, 2022-жылы 52,2 миллиард сом каралганын билдирген.

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү өтөт

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады.
Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Сауд Аравиялык кыргыздар Мекке шаарында кыргыз элчиси менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-мартында Мекке шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин жардамы менен Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген 200дөн ашуун мекендештердин катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар (футбол, волейбол турнирлери жана ар кандай интеллектуалдык оюндар) уюштурулду.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи У.Марипов мекендештерди жана бардык катышуучуларды Мамлекеттик герб күнү жана Ак калпак күнү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Элчилик тарабынан Сауд Арабия жана башка аккредитацияланган өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын катышуучуларына ошондой эле мамлекет башчы тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” тууралуу маалымат берилди.
Бул концепциянын алкагында У.Марипов жаш муундардын кыргыз тилин, үрп-адатын, өлкөнүн тарыхын билүүнүн, ошондой эле ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга умтулган ар түрдүү маданий, этникалык, диний негиздердеги коомчулукту калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык түшкү жана кечки тамак уюштурулуп, турнирлердин жана оюндардын жеңүүчүлөрү баалуу белектерге ээ болушту.
Мындан тышкары, Элчиликтин консулдук кызматкери жеринде Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды жана консультацияларды көрсөттү.

УКМК: Сузак районунун архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн, "Кадастр" мекемесинин адистери айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатышкандыгы үчүн кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган Кыргыз Республикасынын жараны К.О.С. кармалды. 

Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.

Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык фактылар болсо, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнүн: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери  аркылуу кайрылууну өтүнөт. 

Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

УКМК: Бишкек шаарынын эң баалуу муниципиалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга жасалма документтер менен каттап алган "БишкекБашкыАрхитектуранын" адиси кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоюу иштеринин алкагында “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин  жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн  Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.     

2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.

Токаев менен Путин жыл башынан бери үчүнчү жолу телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорда билдирди.

Маалыматта президенттер «мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруунун контекстинде эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары да чыңдоонун келечегин талкуулашты» деп айтылат.

Акорда транзиттик-транспорттук каттамдар менен соода-экономикалык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт.

Бул жыл башынан бери эки мамлекеттин башчысынын телефон аркылуу үчүнчү жолу расмий түрдө сүйлөшүүсү болуп эсептелет.

«Кемпирабад иши»: активисттер аялдарды үй камагына чыгарууну сурашты

Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташты.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Президент Садыр Жапаров жер мунапысын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Чүй облусунун жетекчиси Нурил Алимбаев менен Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында Мамлекет башчысы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү  тапшырмасы берилген.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Президент Садыр Жапаров бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган Мыйзамга карабай, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

УКМК: Бишкекте жана Чүй облусундагы айрым даректерди тинтүү учурунда 3 млн сомдук 12.000 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКсы КР Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттиги) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылган. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.

КР УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбайт жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылат. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. 

Алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу түрүндө республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирет, бул  алкоголду өндүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатка тоскоолдук жаратууда.

УКМК: Талас райондук ооруканасынын жетекчилери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2,2 млн сомду кошумча айлык катары чегерип алышкан

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун   администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. 

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды. 

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы дарыгердик практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Министрлер кабинети базарда ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдыруусу мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда ишкерлерге 10 миңдей көзөмөл-кассалык аппараттары (ККМ) бекер таратылып жатканын, дагы 20 миң ККМди сатып алууга акча бөлүнгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына салык саясаты боюнча берген маегинде айтты.

“Биз базарда иштегендерге 1-апрелге чейин көзөмөл-кассалык аппараттарды койбой эле койгула деп уруксат бергенбиз. Керек болсо аны жылдыруу мүмкүнчүлүгүн да карайбыз. Бирок бир жылда эмне иш жасалды көрүшүбүз керек. Базардын ээлери, ал жакта иштегендер менен сүйлөшкөм. Силер товарды кимден алып атасыңар айткылачы, андан башка эч нерсе сурабайбыз деп атабыз. Бизде товар ташыган 400гө жакын чоң-чоң компаниялар бар. Алар мурда 1,5-2 млрд. сом патентке төлөчү. Товарды кимге саттың деп сурасак эле баарын патентке берип салганын айтышчу. Ошентип алар 72 млрд. сомду патентке чыгарып коюп салык алынбай калчу. Биз азыр базардагылардан электрондук эсеп фактураны колдонуп товарды кимден алдыңар көрсөтүп койгула деп атабыз”.

Базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот. Салык кызматынын эсебинде, өлкөдө ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңден ашат. Бул бизнесмендердин ишине жараша бир аз азайып же көбөйүп турат.

Бул аппаратты милдеттүү коюу талабы ишкерлердин нааразылыгы менен коштолуп келет. Бишкектеги, аймактардагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү ага каршы бир нече жолу акцияга чыгышкан. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 65 миңден ашык ишкер ККМ колдонуп жатат. 2022-жылы ККМге өткөн ишкерлер дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

Андан тышкары быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Бул да ишкерлердин нааразылыгын жаратты.

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданды

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну өтүнүшкөн.

“Алгач 100 миң рубль болчу, азыр пайыздарын кошкондо 249 миңге чыгып кетти”, – деди жабырлануучулардын бири.

“Мен телефонго келген кодду айтып бергенден кийин алар “Золотая коронанын” кызматкерлери кайра чаларын билдирип, тиркемеге кирбей турушубузду эскертишкен. Алгач картамдан 30 миң рубль алышкан, азыр пайыздары менен 50 миң карыз болуп калдым”, – деди Бакыт аттуу дагы бир мигрант.

“Эң кызыгы, шылуундарда менин жеке маалыматтарым болгон. Алар мен качан, каякка жана канча акча которгонумду билишкен. Мен кодду айткандан кийин 50 миң рублдик насыя төлөшүм керек болуп калды”, – деди Максуда деген мигрант.

Мындай жол менен алдангандар жүздөп саналат. Шылуундар айрымдарынын атынан 10 миң, башкаларыныкынан 200 миң рубль насыя алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, насыяга берилген сумма алгач алардын эсебине түшүп, кийин жоголуп кетип турган.

“Менин Кыргызстанда да насыям бар болчу. Орусияга ошону төлөйүн деп келгем. Эми бул жакта да насыя төлөшүм керек болуп калды. Кантип төлөйм билбейм”, – деди Жанарбү аттуу мигрант.

“Золотая коронанын” колдонуучуларынын жеке маалыматтары кантип шылуундардын колунда болуп калганын азыр полиция иликтеп жатат. Сервистин атынан насыя берген “Страна экспресс” микрокредиттик компаниясы ички иликтөө жүргүзгөнүн, жеке маалыматтар үчүнчү тараптын колуна тийгени аныкталбаганын билдиришти.

Москва полициясы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө “Золотая корона” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын эрежеге ылайык сактабаганы аныкталып, сот аны ырастаса, мигранттарга берилген насыялар жокко чыгарылышы керек. Болбосо мигранттар пайыздары күн сайын өсүп жаткан башка бирөөлөрдүн насыясын төлөөгө аргасыз болушат.

ТИМ: Казакстанда кыргыздар бараткан поездди капталынан тепловоз сүзүп, кагылышуу болду

Бүгүн, 5-мартта Астана убактысы боюнча саат 10:20да Актөбе облусунун Шалкар районунун Биршогыр вокзалында Бишкек-Самара багыты боюнча №317 (10 вагондон турган) жүргүнчү поезди каптал тарабынан маневр жасоочу тепловоз (вагонсуз) менен кагылышуу болду.
Окуянын кесепетинен 3 вагон (2 жүргүнчү жана 1 баш тепловоз) рельстен чыгып кеткен (оодарылуу болгон эмес).
Поездде жалпысынан 214 адам (жүргүнчүлөр – Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жарандары, ошондой эле, КТЖнын кызматкерлери) болгон, алар поезддин башка вагондоруна жайгаштырылган.
Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, 2 адам медициналык жардам сурап кайрылган (поезддин проводниги (жолдо вагонду кароочу кызматкер) – кан басымы жогорулаганына арызданган, жүргүнчү – кол оорусуна арызданган). Экөөнө тең тез медициналык жардам көрсөтүлдү, госпитализация керектелген жок. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча башка жарандар кайрылган эмес.
Саат 10:40та аталган жерге 6 кызматкер жана 1 атайын техника бирдиги жөнөтүлгөн, ага кошумча катары, саат 13:10до «Казавиаспас» АКнын ЕС-145 тик учагында (220 км) 4 кызматкерден турган ыкчам оперативдик топ жөнөтүлгөн.
«Казакстан темир жолу» УК АБнын Шалкар жана Кандыагаш станциясынан 2 калыбына келтирүүчү поезди жана 50 кызматкер жөнөтүлдү.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жана Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана «Казакстан темир жол» УК АБнын өкүлдөрүн тартуу менен ыкчам штаб түзүлгөн.
Ошондой эле, поезддеги жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздоо маселеси иштелип чыккан.
Жакынкы арада, жүргүнчүлөрдү каттам боюнча андан ары жөнөтүү үчүн кошумча вагондор жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жергиликтүү мамлекеттик органдар менен байланышта жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси биргеликте каралууда.

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн Талас мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 миллион сомун мамлекеттин кирешесине кайтарды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 миллион сом кайтарылган болчу.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган. 

Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору «Д.Ш.С.» кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С. мыйзамсыз иштери кылганыдгы боюнча маалыматтар алынган. 

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарына алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.

Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Айбек Бузурманкулов, экс-губернатор: ""Кумтөр" алтын кенинин 100% Кыргызстанга өттү дейли, бирок эмне себептен $6 млрд алтыны бар "Жерүй" алтын кенинин жок дегенде 50% Кыргызстанга өтө элек?"

Талас облусунун экс-губернатору Айбек Бузурманкулов Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек СИЗО-1 абагында жатып, коомчулукка кат жазып кайрылган. Каттын текстин өзгөртүүсүз жарыялайбыз.
Жерүй аферасы жана Кумтөр аферасы (салыштыруу)
Жерүй алтын кениндеги Кыргыз Мамлекетинин үлүшү:
1) Кыргызалтын – 70%, Морисон Кнудсен – 30%
2) Кыргызалтын – 60%, Оксус – 40%
3) Кыргызалтын – 40%, Вертекс – 60%
4) Кыргызалтын – 0%, Альянс Алтын – 100%
Кумтөр алтын кениндеги Кыргыз Мамлекетинин үлүшү:
1) Кыргызалтын – 67%, Комеко – 33%
2) Кыргызалтын – 33%, Центерра(Комеко акция) – 67%
3) Кыргызалтын ~ 24 %, Центерра(башка акц-р) – 76%
4) Кумтөр алтын кени Кыргызстанга толук өттү, бирок Центеррада Кыргызалтындын үлүшү- 0%.
24% акций кимге, канча баада сатылганы белгисиз, коомчулукка ачык айтылган жок.
Мейли Кумтөр алтын кени тонолуп, мөңгүлөрүбүз талкаланып, экологиябыз кыйрап, уу калдыктарга ээ болуп, коррупционерлер жоопко тартылбай 30 жылдан кийин Кыргызстанга толук өттү дейли. Анда эмне себептен 6 млрд. доллар запасы бар, мамлекеттин 1% да үлүшү жок Жерүй алтын кени жаңы иштеп баштап жаткандыгына карабай Кыргызстанга жок дегенде 50% өтө элек???
Же Кумтөрдөй болуп 20 жылдан кийин алтын калбай, экология кыйраганда өтөбү?
Өзүбүздүн миллиарддаган доллар байлыктарыбызды чет мамлекеттик компанияларга тонотуп, кайра чет элден карыз сураганыбыз өтө уят иш.
Айбек Мырза, СИЗО – 1
27.02.2023

УКМК: Ош облусунун аймагында лицензиясыз «Ош сила» аттуу профессионалдык лотерея ойнотушкандар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, К.у.К. жана Б.М.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында тиешелүү лицензиясын албай туруп, «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.  

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендигин, бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан.

Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү “YouTube” каналы аркылуу көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда, лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган. 

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конвенцияны ратификациялайт

Эмгек министрлиги “Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.  Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу – жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түртү берери айылат.

Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкелерине карата да колдонулат.

Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.

2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты

Баткен облусунун Кадамжай райондук соту эки жашар кызын сабоого шектелген келинди үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу 2-мартта журналисттерге Кадамжай райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кийинки сот отуруму 6-мартта өтөт.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонго тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Келинге карата “Уруп сабоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 1-февралда райондук сот шектүүнү бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы нааразылык акциясы өттү

2-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-Моторс”, “Азиз базар”, Ош базарында соода кылган ишкерлер нааразылык акциясына чыгышты.

Алар салык төлөөдөгү жаңы эрежелер – товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) жана соода ишмердигине бирдиктүү салык киргизүүгө каршы экенин билдирүүдө.

Нааразы болгондор тамак-аштын дүң соодасы үчүн жаңы киргизилген салык мыйзамы шайкеш келбегенин айтып, “бийлик талап кылгандай суммадагы киреше таппайбыз” деп жатышат.

Алар салык саясаты боюнча талаптарын Жогорку Кеңештин депутаты жана президенттин угуусун талап кылышты. Акцияга чыккандарга Салык кызматынын төрага орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок акциянын катышуучулары депутаттар талаптарын укпаса, акция Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уланарын айтышты.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ишкерлер буга чейин да жаңы салык эрежелерине нааразы болуп бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Министрлер кабинети салык саясатын реформа кылуудан 2022-жылы 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп экенин кабарлаган.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда, товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Өкмөт бул товарларды көзөмөлдөөгө, атаандаштыкка шарт түзүп аткезчилик жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёрун билдирүүдө.

УКМК: Пара алып жаткан жеринен адвокаттын жардамчысы кармалды 

Кыргыз Республикасынын УКМК, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Мурда, КР УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. 

Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

2-март - Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кирген күнү

1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясынын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушуна жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна бир добуштан кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы БУУнун жооптуу мүчөсү болуу менен өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн башынан эле БУУнун Уставында бекитилген жалпыга таанылган максаттарды жана принциптерди бекем жана ырааттуу сактап келет. Эл аралык аренада кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга аракет кылууда. Кыргыз Республикасы ар дайым «эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө» умтулат.
Кыргыз тарап саясий, коомдук жана жарандык институттарды калыптандырууда, демократияны чыңдоодо, рынок экономикасын өнүктүрүүдө БУУ көрсөткөн колдоону жана жардамды белгилейт.
Кыргыз Республикасы БУУну тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү, жакырчылыкты азайтуу, адам укуктарын сыйлоо, айлана-чөйрөнү коргоо, адаптация жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, оорулар менен күрөшүү сыяктуу эң маанилүү глобалдык маселелер жана башка көптөгөн учурдун чакырыктары жана коркунучтары боюнча чечимдерди кабыл алуу борбору болгон беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары карайт.
Кыргызстан БУУнун ар кандай шайлануучу органдарына жана анын адистештирилген мекемелеринин башкаруу түзүмдөрүнө бир нече жолу шайланган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп, үгүт иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүнө жана анын беделин чыңдоого салым кошууда. Кыргыз тараптын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы бир катар резолюцияларды кабыл алды, алар дүйнө коомчулугунун көңүлүн өлкөгө, анын маданиятына жана тарыхына, жаратылышына жана экологиясына, ошондой эле учурдун көйгөйлөрү менен чакырыктарына бурууга салым кошкон. Ошентип, 2022-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы бир добуштан добуш бербестен жана БУУга мүчө 109 мамлекеттин демөөрчүлүгү менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун демилгеси менен бул токтом менен 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттери адамзаттын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укук берилген бирден-бир универсалдуу структура катары БУУну бекем колдойт. Өз кезегинде Кыргызстан БУУ глобалдык актуалдуу маселелерди чечүүгө татыктуу салымын кошот деген ишенимин билдирет.

ФБРдин башчысы COVID-19дун чыгышына Кытайдагы лаборатория себеп болушу мүмкүн деп эсептейт

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирди.

Апта башында АКШнын Энергетика министрлиги да коронавирус кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасаган. The Wall Street Journal басылмасы бул эки мекеменин позицияларынын дал келүүсүнө карабастан, алар мындай гипотезага түрдүү себептерден улам келишкенин белгиледи.

Кристофер Рэй Кытай өкмөтү пандемиянын себептерин иликтөө боюнча АКШнын аракеттерин токтотууга умтулганын билдирди. “Кытайдын өкмөтү АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн өкмөттөрү аткарып жаткан иштерге тоскоолдук кылып, аларды адаштыруу үчүн болгон аракетин жумшады”, – деди ал.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго “негиз жоктугун” айтып, АКШ да коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады.

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдан тергөө абагына которулду

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнөн Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

“Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек. Бул чечимге эч ким канааттанган жок”, – деди Булекбаев.

Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 10-февралда которулган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу камакка алынгандардын бири.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Февралда сот алардын камактагы мөөнөттөрүн дагы эки айга узарткан.

Бишкек абакта отурган украин жаранын Беларуска экстрадициялайт

Учурда Бишкектеги тергөө абагында отурган украин жараны президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду.

Анда ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашаганын, бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыкканын, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөнүн билдирген. Катта ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун аны экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырганын жазган. Беларус бийлиги ага “Компьютердик маалыматты модификациялоо жолу менен мүлк уурдаган” деген айып такканын билдирген. Беларуста өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан, Украинадан качкын макамын суроого мажбур болгонун айткан.

Адвокат Автандил Алимжанов Кадариянын кайрылуу жолдогонун ырастады.

Анын айтымында, украин жараны былтыр августта Кыргызстанга келип, сентябрда Беларустун өтүнүчүнө байланыштуу эки айга камакка алынган. Камакта жатканда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине качкын макамын алуу үчүн кайрылып, 2022-жылдын 9-декабрында аны качкын деп таануу боюнча арызы катталды деген күбөлүк берилген. 12-декабрда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын маалыматынын негизинде экстрадициялоо чечимин чыгарган.

Адвокаттар доо арыз менен кайрылган Бишкек шаардык соту 15-февралда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов бул маселе боюнча чечим Кыргызстандын Жазык кодекси жана Кишинев конвенциясына ылайык кабыл алынганын айтуу менен чектелди.

Буга чейин БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссиариатынын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана жана БУУнун Качкындар агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн жетектеген Ганс Дридрих Шоддер башкы прокурор Зулушевге кайрылып, Кадарияны экстрадициялоо чечими эл аралык конвенция менен жергиликтүү мыйзамды бузуп жатканын эскертип, аны жокко чыгарууга чакырышкан.

Президенттик администрация Кадариянын кайрылуусуна комментарий бере элек.

УКМК: Ноокенде жер тилкелерин коррупциялык жол менен сатып жүргөн депутаттар кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды.

Такталган боюнча, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ, 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн анда жер амнистиясы каралган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"Проект": Путин Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген

Орусия президенти Владимир Путин Олимпиада чемпиону Алина Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген. “Проект” басылмасынын иликтөөсүндө айтылгандай, каражат Путиндин  Кипрдеги Ermira офшорунан төлөнгөн.

Кеп Сочидеги “Королевский парк” турак жай комплексинде курулган 2600 чарчы метр аянттагы пентхаус жөнүндө болуп жатат. Анда бассейн, кинотеатр, патио, атүгүл тик учак коно турган аянтча да бар. Пентхаустун дизайны Валентин Юдашкинге таандык. 2021-жылы пентхаус “Орусиядагы эң чоң батир” деп таанылган.

“Проект” аныктагандай, 2011-жылы пентхаусту Олег Руднов өзүнө каттаткан. Кыймылсыз мүлктүн акчасы президенттик “капчыктан” – Кипрдеги Ermira офшорунан келип түшкөн. Руднов пентхаусту курулушчу белгилеген баадан беш эсеге арзан, 90 миллион рублга сатып алган.

Басылманын өз булагы Рудинов бул пентхаусту Кабаева үчүн сатып алганын ырастайт. Бул арада пентхаустун жанындагы эки батир Кабаеванын чоң энеси Анна Зацепилинга катталган.

“Проект” долбоорунун кабарчысы сатып алуучу катары бул үйдөн батирлерди саткан эки риелтор менен жолуккан. Алар пентхаус Кабаеванын жеке менчигинде экенин угушканын айтышкан.

Иликтөөчүлөрдүн эсеби боюнча Алина Кабаеванын бардык кыймылсыз мүлктөрүнүн наркы 120 миллион долларга жакындады.

Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бул тууралуу 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтөт.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар эки өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 млн долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы “кошумча импульс” деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну “чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит” деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары “Жоң жыйырмалыктын” жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

16 жылга соттолгон каракалпакстандык активисттин адвокаты Жогорку сотко кайрылды

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу соттолгон Даулетмурат Тажимуратовдун иниси жана адвокаты Ринат Тажимуратов Өзбекстандын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал “Газете.uz” басылмасына билдирди.

Каракалпакстандын биринчи инстанциядагы соту 31-январда “Эл хызметинде” гезитинин адвокаты жана гезиттин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал “Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу”, “Ири өлчөмдөгү каражатты коромжуга учуратуу же уурдоо”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу”, “Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу” жана “Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажимуратовдун адвокаты агасына тагылган айыптардын дээрлик баары тергөө жана сот учурунда далилденбегенин белгиледи.

Адвокат “Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренеси менен гана макул болуп, бирок муну ким болбосун колдонсо болорун айтты.

Ринат Тажимуратов Жогорку соттон агасынын ишин карап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Улуттук банкта 46,7 тонна алтын сакталып турат

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу 28-февралдагы маалымат жыйынында мекеменин атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал бул 2021-жылдан бери казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын экенин, аларды Улуттук банк сатып алганын белгиледи.

Карабаеванын айтымында, Улуттук банктын эл аралык алтын-валюта резервиндеги 16 тонна алтыны 87,3 млрд сомго барабар. Мындан тышкары запастагы алтын 138,5 млрд сомго тете.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Кумтөр кени Кыргызстанга өткөн эки жылдан бери 45 тонна алтын жана 8 тонна күмүш чогулганын, алар Улуттук банкта сакталуу экенин айткан.

УКМК: Таласта бирөөнүн жер участогун билдирбей башка бирөөгө саткан "Кадастр" мекемесинин кызматкери кармалды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Манас районунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталган. 

Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү  (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

КР Бажы кызматы: Өзбекстан бажы кызматы менен маалымат алмашуу порталы салыктан жашырылган 6 млн сомдук фактыны аныктады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстан Республикасы менен маалымат алмашуу порталын колдонуу аркылуу товарлардын тариздөөсүнө мониторинг жүргүзүүдө Өзбекстан Республикасынан «А» жеке ишканасына «санитардык-гигиеналык кагаз» (чийки зат) товарлары алынып келингендигин аныкташкан.

«А» ЖИ алуучу ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагында бажылык тариздөөдөн өтүп жаткан учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин экспорттук декларацияларында көрсөтүлгөн жалган маалыматтарды бергени аныкталган.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн укук бузуулар болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетине туумдарды кошкондо 5 908 378 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

УКМК: Дизелдик күйүүчү май ташыган фирманын салыктарын өзгөчө ири өлчөмдө азайтып берип жүргөн салык инспектору кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштар боюнча  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди. Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карама-каршы келген, “Э.О.” ЖЧКга  өзгөчө ири өлчөмдө өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.

Башкы салык инспектор Т.Б. “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда кышкы дизелдик күйүүчү майга  (ТНВЭД коду 2710192900) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.  

Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери уланууда.

Бишкекте аялы менен алты айлык баласын сабаган адам тергөө абагына камалды

Бишкектин Свердлов райондук соту аялы менен алты айлык баласын катуу сабаган деп шектелип жаткан 35 жаштагы шаар тургунун 26-апрелге чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкектин жашоочусу арыз менен кайрылганын кабарлаган. Анын айтымында, күйөөсү мас болуп келип, алты айлык баласы экөөнү катуу сабаган.

Милициядан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же үч жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

“Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда”, – деп кабарлады Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлиги 2021-жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөнүн билдирип келет. Башкы прокуратура 2022-жылы аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 6 580 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

Абакта жаткан "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Гүлнара Журабаеванын абалы начарлады

“Ата-Мекен” партиясынын көп жылдардан берки мүчөсү, ушул эле партиядан Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мүчө болуп шайланган, “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокат абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен, анын өнөкөт оорулары козголуп жатканын айтты.

“Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш”, – деген юрист 27-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевагы жолугуп чыкканын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Курманбек Бакиев, экс-президент: "Атамбаев бир нече рюмка алгандан кийин өз сөздөрүнө ээ боло албай калды, мен ага ал тууралу акырын айттым эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти"

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди:
Саламатсызбы, Курманбек Салиевич, ден-соолугуңуз кандай?
– Саламатсыңар, рахмат, баары жакшы.
– Президент Садыр Жапаровдун бардык президенттерди жолуктуруу демилгесин кандай баалайсыз?
– Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.
– Жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат…
– Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик.
Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду.
– Жолугушуу тууралуу Атамбаевдин айткандарын, өзгөчө сиз тууралуу сөздөрүнө сиз эч кандай комментарий берген жоксуз…
– Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам.
– Менин билишимче, Сизге карата кабыл алынган сот чечимдерине каршы арыз жазуу мөөнөтү өтүп кеткендей. Бул иштерди сиз кандай түшүндүрөсүз жана ага катышканыңызды кандай карайсыз?
– Муну өзүнчө талкуулаш керек, азыркы биздин кыска интервьюда мен Дубайда өткөн жолугушуу тууралу гана жооп берүүгө макул болгонмун.
– Чоң рахмат.

Бажы кызматы: «Манас» бажысы АКШдан Кыргызстанга «марихуана» баңги затын ташыган трансулуттар аралык топту кармады

«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты. 

Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган.

Натыйжада Telegram мессенджери аркылуу саткан, бул каналдын уюштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган.  

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш-аракеттери жатат.

Түркиядагы жер титирөө: сапатсыз курулуш иштери боюнча 182 киши кармалды

Түркияда 6-февралдагы катуу зилзаладан имараттардын кыйрашы боюнча 182 киши кармалып, 400дөн ашуун киши шектүү катары эсептелип жатат.

Associated Press маалымдагандай, негизинен алар – үйлөрдү курган компаниялар, имараттардын ээлери же жетекчилери. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, кармалгандардын арасында бир шаардын мэри да бар.

Эксперттер кыйраган имараттардын көбүндө сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, мамлекеттик стандарт сакталбаган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Түрк бийлиги талоончулук фактылары боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 200дөй киши кармалды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 50 миңге чамалады.

ТИМ: Новосибирскидеги газдын жарылуусунан жаракат алган кыргыз жараны ооруканада кайтыш болду

Башкы консулдук мурда маалымдгандай, 2023-жылдын 9-февралында Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан улам Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын бел омурткасы сынып, Новосибирск  шаарындагы Я.Л.Цивян атындагы травматология жана ортопедия институтунда (НИИТО) жаткырылып,  омурткасына операция жасалган.
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков жана Башкы консулдуктун кызматкерлери жабырлануучу А.К.га бир нече жолу барышып, НИИТОнун жетекчилиги менен жабырлануучунун ден соолугунун абалы жана анын кийинки реабилитациясы боюнча жолугушууларды өткөрүшкөн. Жарылуунун натыйжасында документтери жоголгондугуна байланыштуу КР Башкы консулдугунун кызматкерлери травматология ооруканасына барып, КР жараны А.К.нын паспортун жасап берүү үчүн  биометрикалык маалыматтарын кабыл алышкан.
2023-жылдын 21-февралында жабыркаган Кыргыз Республикасынын жараны А.К. реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок, 2023-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын жараны А.К. реабилитациялык борбордон тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны А.К. Бердск шаардык борбордук ооруканасында көз жумган.
Каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүнүн чоо-жайын тактоо жана жакындарына консулдук юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 2023-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Бердск шаарына жөнөтүлүп, алар Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реаниматологу жана Бердск борбордук шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
А.К.нын сөөгүн алып чыгуу үчүн Бердск шаардык борбордук ооруканасында тиешелүү документтерди даярдоодо, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен биргеликте «жүк-200» Кыргыз Республикасына жөнөтүүдө  А.К.нын жубайына жана туугандарына Башкы консулдук тараптан ыкчам жардамдар  көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары,  КР Башкы консулдугуна маркумдун жубайынан чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын жашы жете элек эки баласына  Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрү берилди.
2023-жылдын 25-февралында каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын сөөгү Новосибирск шаарынан  Ош шаарына Сибирь  (S7)  авиакомпаниясынын  рейси менен жөнөтүлгөн.

ИИМ: Ноокенде бирөөнүн 600.000 сом акчасын алдап алып, бербей жүргөн алдамчы кармалды

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Россия Федерациясынын Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында “Эдик” аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 (жети жүз миң) рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” – деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материал 2023-жылдын 23-февраль күнү Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында “Эдик” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-ж.т. тургуну С.А. экендиги такталган. С.А. 2023-жылдын 23-февраль күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

КР Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого уруксат берди

Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого салынган тыюуну алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

18-январда Казакстандын өкмөтү да өлкө ичиндеги бааларды турукташтыруу үчүн пияз экспортун үч айга токтоткон.

“Үчүнчү өлкөлөрдө казак пиязына болгон суроо-талаптын өсүшү Пакистандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу. Бул өлкө Азиядагы жана дүйнөдөгү ири пияз өндүрүүчү болуп эсептелет. Андагы суу ташкындарынан улам пияздын дүйнөлүк, анын ичинде биздин өлкөдөгү баасы да кыйла жогорулады”, – деп жазылган Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Январда Тажикстандын өкмөтү сыртка пияз, картөшкө жана сабиз экспорттоого тыюу салган. Анда мындай чечим айыл чабра азыктарынын баасы жогорулап кеткенине байланыштуу кабыл алынып, “базар турукташканга чейин” күчүндө болору кабарланган.

Бишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккандар кармалды

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына (Дубовый парк) Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин билдирди.

“Бүгүн Украинадагы согушка бир жыл толду. Ошол жерге согушта каза болгондорду эскерүү үчүн келишкен экен. Колдорунда украин желеги бар окшойт. Азыр жактоочу кетти. Алар кимдер экени белгисиз. Бирок, милициянын бул кылганы туура эмес. Эми курман болгондорду эскерип, гүл койгонго уруксат жокпу?”, – деди Абдирасулова.

Ал кармалгандар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө экенин билдирди. Милициядан бул боюнча маалымат даярдалып жатканын кабарлашты.

Бүгүн, 24-февралда Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин “Жер – биздин үй” деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификациялоо” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт.

Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялыктар табылды

“Оздолик” радиосу Москва облусунда “Вагнер” жеке аскердик компаниясына таандык көрүстөндү тапты. Ал жакта камактагылар көмүлгөн. Арасында компаниянын катарында Украинадагы согушта өлгөн борбор азиялыктар да бар.

Бул көрүстөндө табылган борбор азиялыктардын баарын “Вагнер” компаниясынын өкүлдөрү орус түрмөлөрүнөн азгырып, Украинадагы согушка алып кетишкен.

Көрүстөндө орнотулган жыгач такталарда 2022-жылдын октябрь айынан кийин өлгөн кишилердин аты-жөнү жазылган.

Арасында бир нече өзбекстандык, кыргызстандык жана тажикстандыктар бар.

Маселен, “Маврино” көрүстөнүндө төмөндөгү кишилердин аты-жөнү жазылган такталарды көрүүгө болот:

Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);

Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);

Жанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);

Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);

Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);

Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).

“Оздолик” алардын айрымдарынын аты-жөнүн тактады.

46 жаштагы Боходир Жанибеков Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунда туулган. Ал Екатеринбургда жашап, иштеп жүргөн.

Адахамжон Гүламжанов кыргызстандык болгон. “Оздолик” жазгандай, ал 2019-жылы түрмөгө камалганга чейин Владимир шаарында жашаган.

2019-жылы Владимир облустук соту Гүламжановду ири өлчөмдө маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кескен.

“Оздолик” аныктаган дагы бир кыргызстандык Аман Айдралиев 2020-жылы июнда Людинов райондук соту аны денеге оор зыян келтирүү айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.

37 жаштагы тажикстандык Муродбек Саидов 2020-жылы орус түрмөсүнө түшүп, 2022-жылы ноябрдын соңунда өлгөн.

45 жаштагы Шухрат Юсупов да “вангерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал 2022-жылы июлда соттолуп, ушул эле жылы декабрда каза болгон.

Жергиликтүү жашоочулар “Маврино” көрүстөнүн жарандык форма кийген кишилер кайтарарын, бирок алар өздөрүн аскер кызматкерлери деп атай турганын билдиришти.

УКМК: Сузак райондук архитектурасынын адиси жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергени үчүн кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалды.

          Такталгандай, К.О.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

          Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

          Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.

         Азыркы учурда кармалгандар А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

          Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Алдамчылыкка” шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров билдирди.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылганы кабарланган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын гана ырастаган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Меню