Маалыматка ылайык, 14-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.