Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду.

Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

Документтер:

  1. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  2. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  5. Кыргызстанжын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  6. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  7. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Томирис-Кен” ишканасынын ортосундагы “Сүлүктү талаа-11” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  8. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation” кытай компаниясынын ортосундагы “Торугарт 1” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан “Эркечтам” кыргыз-кытай чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  10. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Goldwind Science and Technology Co., Ltd” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  11. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Molin Energy Company Limited” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  12. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана “Delong Steel Group Co., LTD” ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Ли Цян Кыргызстанга 24-октябрда расмий сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Быйыл августта Үрүмчүдө өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда курулуш, гидроэнергетика жана билим берүү тармактары боюнча 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлган.

Кытай – Кыргызстандын эң башкы инвестору. Майдын аягында өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн долларды түзгөн. Бул сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары – Бээжинге төлөнчү карыз.

"Кумтөр Голд Компани": 2022-жылы "Кумтөр Голд Компани" тарабынан 15 900 кг алтын өндүрүлгөн эмес, 17 305 кг алтын өндүрүлгөн

Каржы министрлигинин өкүлү айткан маалыматта бир катар так эместиктер бар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров “Кумтөр Голд Компани”  жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча бир катар так эмес маалыматтарды берди.  

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинин жыйынтыктары тууралуу билдирет.  

Алсак, 2022-жылы “Кумтөр Голд Компани” тарабынан 15 900 кг алтын өндүрүлгөн эмес, 17 305 кг алтын өндүрүлгөн.  

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 млн АКШ доллары  өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчеттук мезгилдеги таза кирешеси  371,7 млн АКШ долларына жеткен, парламенттин отурумунда  билдирилгендей 385 млн АКШ долларына эмес. Өткөн жылы ишкананын  өлкөнүн бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык 

фондуна которуулар жана 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык  макулдашууда каралган башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 млн АКШ долларын (32,2 млрд сом) эмес, 385 млн АКШ долларын түзгөн.  

Муну эске алуу менен, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө бардык маалыматтар эркин  жана жеткиликтүү ишкананын расмий сайтында төмөнкү домендик дарек боюнча жайгаштырылган: www.kumtor.kg / “отчеттор” бөлүмү.

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышат.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

КР Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу менен кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты

Чикагодо Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту
2023-жылдын 11-майында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Чикагодогу Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна иш сапары менен барды.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын иштеп чыгуу боюнча презентациясын тартуулады.
Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга кетти

Президент Садыр Жапаров 7-майда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.

“Сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт. Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары ал 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат”,- деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаровду коштоп кеткен делегациянын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев , Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бар.

Буга чейин Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн” Москвага келип кетүүгө чакырганы белгилүү болгон.

Рахмон 2021-жылдын 9-майында Москвадагы парадга барган жалгыз чет элдик лидер болгон. 2022-жылы, Орусия Украинага согуш ачкандан кийинки 9-майдагы аскердик парадга бир дагы чет элдик президент же өкмөт башчы барган эмес.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экс-премьер-министрлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин ар кайсы жылдары бийликтин аткаруу бутагын жетектеген экс-премьер-министрлерди Кырдаалдык борбордун иши менен таанышууга чакырды.

Кырдаал борборунун ишке кириши менен  мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын электрондук инфраструктурасына кирген тутумдардын, ошондой эле өлкөдөгү  ири өнөр жай ишканалардын, социалдык объектилердин курулушун, мамлекеттик чек ара жана өткөрүү пункттары аркылуу товарлардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болгонун көрсөттү.

Акылбек Жапаров жүргүзүлүп жаткан реформалар, Министрлер Кабинетинин жакынкы келечектеги максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.

Жолугушууга Апаз Жумагулов, Азимбек Исабеков, Жоомарт Оторбаев, Кубатбек Боронов, Турсунбек Чынгышев катышты.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуунун  негизги максаты – өлкөнүн өнүгүүсү жана бакубаттыгы үчүн күчтөрдү бириктирүү болуп саналат.

Бакыт Төрөбаев: Адамдардын саламаттыгы жана экологиянын тазалыгы үчүн желим буюмдардан арылуубуз зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айлана-чөйрөгө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жаткан желимден жасалган буюмдар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө адистер, өзгөчө Ысык-Көл облусундагы кырдаалга токтолушту. Алардын белгилешинче, синтетикалык таштандылар Ысык-Көл акваториясынын флорасына жана фаунасына терс таасир алып келүүдө.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул багытта атайын ченемдик укуктук актылар иштелип чыгуусун белгиледи.

“Баарыбызга белгилүү, желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана башка буюмдар узак жылдар бою сакталып тура берет. Акыры ал адамзатка жана жаратылышка зыян алып келет. Ошол себептүү, экологиялык жактан таза буюмдарды колдонууга өтүүбүз зарыл”, – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында,  соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунушталды. Аны менен катар кагаздан жасалган баштык жана идиш буюмдарды чыгаруучу ишкана ачуу маселеси көтөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду
Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.
Мамлекет башчысынын чечими менен:
– Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
– Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
– Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жантаев Элчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

13-марттан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 2023-жылдын 13-мартынан, (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо), мекендеш статусун алуу үчүн кайрыла алышат.
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран:
1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда – калкты тейлөө борборуна (мындан ары – КТБ) же аймактык бөлүктөрүнө кайрылышы керек;
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун (Мекен-карт) ыйгаруу анын ээсине Кыргызстанда жүрүүнүн, мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн, билим алуунун жана дарылоонун тартибине, ошондой эле эмгек укуктарына өзгөчө укуктарды берет.
Мекен-карт алуу үчүн документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Кошумча суроолор болсо, 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).

Меню