Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Чолпон-Ата шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын үчүнчү сезону өттү. Бул тууралу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш -чаранын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Аталаган фестивалга 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын адистери катышып, долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынды.

Видео - Анжелика, ырчы: "Биз бири-бирибизди 3 жылдан кийин гана түшүнүп баштадык"

“Жашоо бактылуу көз ирмемдерден турат… Баардык эле кыздар гүлдөрдү жана таттууларды себепсиз алганды жакшы көрөбүз. Бул тууралуу жан шеригиңиз менен ачык сүйлөшүүдөн тартынбаңыз. Биз 3 жылдан кийин гана бири-бирибизди түшүнүп баштадык”, – деп ырчы Анжелика Instagram социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Ал мага тамашалап 5-сунушун Айда жасайм деп айтчу. Бирок 2-январда биз көктө учуп жүргөндөй болдук. Мен көшөгө артында калган мындай кадрларды көрсөтөм деп эч ойлогон эмесмин”, – дейт ырчы айым.

Белгилей кетсек, 2-январда ырчы айым сүйүктүүсү Дубайда колун сураганын, акыры ал сунушка макул болгонун билдирген.

“Мен болгону балдары бар, жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет”, – деп жазган ал.

Ырчы Мирбек Атабеков Бишкектеги кара түтүндөн улам үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кетти

Ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу кечээ, 4-январда ырчы мырзанын жубайы Мээрим Төлөпберген өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымы боюнча, Бишкек шаарын каптаган ыш алардын чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө себеп болгон.

“Бизди эч ким коркутуп же үркүткөн жок! Биз өлкөдөн менин жеке иштерим боюнча чыгып кеттик. Мирбек Бишкектеги кара түтүндөн качат. Акыркы 3 жылдан бери биз жаңы жылга чейин же андан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылабыз. Анткени ушундай жол менен гана Мирбектин катуу жөтөлүн токтотуу мүмкүн””, – деп жазган ырчынын жубайы.

Видео - 20 жаштагы Лазат Нуркожоева “Мисс Кыргызстан-2020” сынагын жеңип алды. Сулууга "ВMW X5" унаасы белекке берилди

Кечээ, 29-декабрда Бишкек шаарында “Мисс Кыргызстан-2020” сынагынын финалы “Ала-Тоо” ресторанында өттү.

“Мисс Кыргызстан-2020” сынагынын жеңүүчүсү болуп 20 жаштагы сулуу Лазат Нуркожоева табылып, эң башкы байге “ВMW X5” үлгүсүндөгү автоунаасынын ээси болду.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Лазат Нуркожоева президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы экенин айтышууда.

Актан Рыскелдиев: "ГИВ дегенди болду токтоткулачы. Силерден эл ГИВ күтпөйт. Чыгармачыл эмгек күтөт"

Бүгүн, 30-декабрда шоумен, актёр Актан Рыскелдиев ГИВ ойнотуп жаткан чыгармачыл инсандарга кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу өзүнүн Инстаграм баракчасындагы сторис бөлүмүндө жазылган.

Анын айтымында, эл чыгармачыл адамдардан ГИВ күтпөйт, чыгармачыл эмгекти күтөт.

Инста жылдыздар! ГИВ дегенди болду токтоткулачы, кайра-кайра ойноткондон тажаган жоксуңарбы? Түшүнөм, оңой анан бат келген олжо экенин. Билем канча табаарыңарды. Бирок, силер деген чыгармачыл адамсыңарда. Силерден эл ГИВ күтпөйт. Чыгармачыл эмгек күтөт. Өнөр тартуулап акча тапкылачы. Шоу-бизнеске биринчи кезекте шыгымды көрсөтөм деп келдиңер беле? Же акча табат элем деп келдиңер беле? Акча табат элем десеңер кыла бергиле. Таратман болбой Жаратман болсоңор жакшы болмок“, – деп билдирүү жазды шоумен Актан Рыскелдиев.

Назира Айтбекова: "Мен үчүн 2020-жылдын чоң жаңылыгы - атамды таптым. Аны менен тааныштым, кечириштик"

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова атасын таап, аны менен таанышканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында жазып чыкты.

2020 – жыл мен үчүн сонун жыл болду. Акыркы он жылдагы сыноону жеңип чыккандай, же жардын кырынан өткөндөй, же жаңы төрөлгөндөй, же сынагымды ийгиликтүү тапшыргандай, айтор, жеңиштин даамы бар жеңилденген жыл болду. 2020 – жылдын жарымы каткырык, күлкү – шаң , ийгилик менен өттү. 35 жыл издеген үйүмдү, же өзүмдү тапкандай, тынчып, ырахат алып, отурукташып, жыргап калдым. Бул жан дүйнөдөгү абал. Ден-соолук жак эркеледи. Аллергиялык астма кетпей жатат. Анын сырын чече элекмин. Эмнеге келди? Мага эмне айткысы келип атат? Азырынча түшүнбөй жатам. Бирок кабыл алып аны дагы, жакшы мамиле кылганга үйрөнүп алдым.

Апам, балам тынч. Бул жылы мага окшоп алар да тынчыды. Күлкүлөрү көбүрөөк чыкты. Эне катары да бир аз ийгиликтерим болду. Уулумдун үстүнө үйрүлүп түшө бербей, жоопкерчилик карматып, эркиндигин берип, ага толугу менен ишенгенди үйрөндүм. Кадимкидей балам өзгөрдү. Баланы канчалык кое берсең, ал ошончолук өзүнө ишенимдүү болот экен. Сүйгөндү үйрөндүм, баса. Мурун кайырчыдай суранып, суусап, муктаж болуп, тойбой, түбү тешик чакадай, толбой, бөксөрүп сүйчүмүн. А быйыл тешикти бүтөп, толуп – ташып сүйгөндү үйрөндүм. Мамиле курганды, ишенгенди, шартсыз, эрежесиз, эсептешпей, жөн эле сүйгөндү, сүйүүдөн ырахат алганды үйрөндүм.

Жылдын чоң жаңылыгы атамды таптым, тааныштым, небересин тааныштырдым, айылга алып барып, куран окуттук, кечириштик, тамырымды таптым, жети атамды билдим, бекемдедим. Эң чоң жетишкендигим ушул болду болушу керек. Укмуш кыйын кызмын да. Айтсам эле ишенбейсиңер. Тамыр бекемделмейин, терек бийик өспөйт экен да. Ошону түшүндүм. Учур чакта жашадым. Жашоодон ырахат алганды, жыргаганды үйрөндүм. Быйыл балкыдым, айтор. Эркин жашоодо эркин жашай албайт экенбиз да көрсө. Эркиндикке жеттим. Бул да эң чоң жетишкендик. Болуп көрбөгөндөй даамы таттуу экен. 2020- жыл, чоң рахмат сага. Сүйүү жана ыраазычылык менен узатам. 2021 – жыл, кош кел. Мүчөлүү жылымсың. Мага эле эмес, кыргыз элиме бакыт алып кел“, – деп билдирүү жазды Айтбекова. 

Акын, аткаруучу Марат Алыбаевдин кызы ырчы Анжеликадан бир чыгарма үчүн 20 миң доллар талап кылып жатат

Акын, аткаруучу Марат Алыбаевдин кызы ырчы Анжеликадан 20 миң доллар сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Анжелика өзүнүн Инстаграмдагы сторис бөлүмүндө айтты.

Анын айтымында, Марат Алыбаевдин кызы чалып, 20 миң доллар акча каражат бергенде гана “Жашоо керемет” аттуу ырын ырдоого уруксат берерин айткан.

“”Жашоо керемет” ырын эми ырдабайм. Беш жашыман бери Марат Алыбаев белекке берген ырдын акысына кызы 20 миң доллар сурап жатат”, – деп жазган Анжелика.

Ошондой эле, Анжеликанын айтымында, бардык авторлорго аранжировкасы жок 10 миңден 20 миңге чейин акча төлөнөт. Ал эми Алыбаевдин кызы 2 миллион сом талап кылып жатат.

“Бул ырды 5 жашыман бери ырдайм. Чоң сахнага ушул чыгарма менен чыктым. Менин чыгармачылыгымда бул ыр менин тумарым болуп эсептелет”, – деди Анжелика.

Видеоклип - "Дос бололу Садыр менен Камчыдай"

Белгилүү артисттер Жакут Сыдыков менен Асан Мансуров “Дос бололу Садыр менен Камчыдай” аттуу видеоклип тартып, элге жарыялашты.

 

Аргентинадан чыккан алгачкы дүйнө сулуусу Норма Каппальини автобус тебелеп кетип каза болду

Аргентинадан чыккан алгачкы дүйнө сулуусу Норма Каппальини автобус тебелеп кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-декабрда Буэнос-Айресте болгон. 81 жаштагы сулуулук ханышасын дүкөнгө бараткан жолдон автобус сүзүп кеткен.

Ал оор абалда ооруканага жаткырылган. Алган жаракатынан улам комада жатып, андан кийин көз жумган.

«Ал бир нерсе сатып алуу үчүн сыртка чыккан. Анын ден-соолугу жакшы болчу, демек, ал кырсыктын кесепетинен көз жумганы айдан ачык», – деди дүйнө сулуусунун жакын туугандары.

Норма Глэдис Каппальи 21 жашында Лондондо өткөн “Дүйнө сулуусу – 1960” сынагында жеңишке жеткен. Ал Аргентинанын бул наамды жеңип алган биринчи өкүлү болчу.

Филипп Киркоров 80 жаштагы үй кызматчысын 30 жылдык эмгегинен кийин кызматтан кетиришинин себебин түшүндүрдү

Орус сахнасынын падышасы Филипп Киркоров үй кызматчысы Людмила Дороднованын 30 жылдык эмгегинен кийин кызматтан алынышын түшүндүрдү. Бул тууралуу ырчы “Дни.ру” маалымат агенттигине билдирди.

“Мен аны жумуштан кетирген жокмун. Ал улгайган аял болгондуктан аны үйдө чуркатканга акым жок. Мен ага эмгек стажы үчүн абдан татыктуу акча бердим жана ыраазычылыгымды билдирдим. Кийинки 10 жылда бул акча анын жакшы жашоосун камсыз кылат”, – деди артист.

Анын айтымында, кызматтан бошотулгандан кийин, ал мурунку үй кызматкерин көргөн эмес, анткени коронавируска байланыштуу кырдаал оор болуп, 70 жаштан өткөн адамдар чыга албай жатышат.

“Менин оюмча, анын жашоосу сонун жана аны менен сүйлөшө турган адам бар”, – деди Филип.

Бир нече күн мурун Людмила Дороднова “НТВ” каналында кызматтан алынганы жөнүндө айтып берген. 80 жаштагы үй кызматкер ырчы ага таарынган деп эсептейт. Пенсионердин айтымында, Филипп ага жөн эле таарынып, өзүңдүн жайыңа бар, – деп айткан. Киркоров 30 жылдык тажрыйбасы бар үй кызматкерин жумуштан бошотту деген кабар Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган.

Меню