Menu

УКМК: Жалал-Абад облусунда жашыруун казино иштеткендер кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды. 

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

 Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.

Ошол эле учурда, облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Активист Ырыс Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды

22-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбуктагы “ПолитУзник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

Адвокаттын айтымында, Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында болот. Тараптардын жарыш сөзү 3-апрелге белгиленди.

“Кечээ саясий жана лингвистикалык экспертизалардын алкагында коркутунду чыгарган эксперттер суралды. Ал жакта карама-каршылыктар бар. Иш калыс каралса, сот актоо өкүмүн чыгарышы керек”, – деди Сыдыков.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин активист үй камагына чыгарылган.

Козголгон ишке байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан окуудан чыгарылган. Кийин жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган.

Бажы кызматы кармалган кызматкерлери боюнча комментарий берди

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган алты кызматкери тууралуу комментарий берди.

Билдирүүдө Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы чогуу аныктаганы айтылган.

Иштин материалдары Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экени белгиленген.

Мекеме “коррупциялык схеманын аныкталышы – бажы кызматындагы коррупцияны жоюу жана өздүк курамды абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча жигердүү иштердин уланып жатканынан кабар берерин” маалымдаган.

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштурганын маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд. сомго жакын болушу мүмкүн. 16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин айткан.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосуна ылайык, бажы кызматы өлкөдөгү эң коррупциялашкан орган катары таанылган. Сурамжылоого катышкан 1,5 миң кыргызстандыктын теңи бажы кызматын коррупцияга баткан мекеме деп атаган.

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эки жылдан кийин камакка алынды

Биринчи Май райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан кишинин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу 22-мартта соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.

Жашы жете элек кыздын зордукталганы жөнүндө арыз милицияга 2021-жылдын ноябрь айында түшкөн. Аламүдүн районунун тургуну небереси 2021-жылдын август айында зордуктоого кабылганын, окуя Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ичинде болгонун, ал жакка кызды Алтынбек аттуу киши TikTok социалдык түйүнүнө видео тартам деп алдап алып барганын, натыйжада небересинин боюна бүтүп, бала төрөлгөнүн айтып берген. “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл мартта Акыйкатчы институту 2022-жылы тергөөчү ишти токтотконун, шектүү эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүргөнүн кабарлаган.

Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова кыздын чоң атасы жардам сурап кайрылганын маалымдап, Биринчи Май райондук прокуратурасынан тергөөчүнүн ишине баа берүүнү талап кылган.

Тергөөчү ДНК маселесине байланыштуу ишти бир жылга токтотуп койгон бойдон кайра уланта электиги жана Орусияда жасалган тест баланын атасы шектүү экенин тастыктаганына карабастан, ал кайрадан Казакстандан 600 долларлык тест жасатууну талап кылганы кабарланган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.

АКШ Мамлекеттик департаменти: Тажикстан 31 жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө деп атады.

Мекеменин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 2022-жыл үчүн даярдаган баяндамасында Тажикстандын Конституциясы көп партиялуулукту кепилдей турганы, бирок бийлик саясий плюрализмге тоскоолдук кылып жатканы жазылган.

Ар жылкы баяндаманын авторлору президент Эмомали Рахмондун уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустами Эмомали 2020-жылы тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, атасынан кийинки өлкөдөгү экинчи кишиге айланып, мураскер болуп калганын белгилешкен.

“2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин эмес жана адилетсиз өткөн… Бардык күч түзүмдөрү менен Бажы кызматы түздөн-түз президентке баш ийет. Биздеги маалыматтарга ылайык, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көптөгөн мыйзамга каршы келген иштерди жасашат”, – деп жазылган Мамдепартаменттин баяндамасында.

Анда ошондой эле Эмомали Рахмондун тушундагы буга чейинки бир дагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жана ачык өтпөгөнү белгиленген.

“Мындан тышкары Тажикстанда жарандарды саясий себептер менен камакка алуу, кыйноо, өлтүрүү, журналисттерди коркутуу, сөз жана дин эркиндигин чектөө сыяктуу адам укуктары бузулган учурлар да катталууда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Мамлекеттик департаменттин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда адам укуктары бузулган учурлар боюнча өлкө бийлигин бир канча жолу сынга алышкан.

Өткөн жумада дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапкан. Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

Молдо Нияз “Дигарстаринда” Алымбек датканын аблади тууралу баяны

Кыргыз элинин алгачкы жазма акыны Молдо Нияз “Санат дигарстарында” бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн эң көп эстегени, ыр кылып баяндаганы, өзү айткандай “Алимбек датка аблади” болгону талашсыз (жааты, үй-бүлөсү деген мааниде – автор, 103-б.). Байкасаңыз Молдо Нияз Алымбек датканы, Курманжан датканы (ага арнап өзүнчө дастан жазган – авт. 101-105-бб.), уулдары Абдылдабек, Баатырбек, Маамытбек, Асанбек, Камчыбек, неберелери Мырзапаяз, Арстанбекти эстеп, Алымбек датканын абладинин тагдырын кыска чагылдырып, аларга арнап ыр саптарын калтырган.  Бул деген, өзү Кадамжайда жашаганы менен эл кыдырып, эл арасында болуп, көп убакта аттуу-баштуу адамдардын, алардын ичинде Алымбек датка, Курманжан датканын  тагдырынан кабардар болуп, ал үй-бүлөнүн трагедиясын тең бөлүшүп, алардын тарыхый тагдыры тууралуу башкаларга жеткиргени баамдалып турат. Молдо Нияздын “Санат дигарстарында” мындай саптар бар: 

“… Камчыбек деп кан жутуп, 

Курбанжан датка жойулду, 

Баланын дагын көрбөсүн…”

“.. Күлүшөдө күл болду,

Күйүт менен чок болду,

Сибирге кетип жок болду.

Мурзапаяз, Баатырбек,

Булардын дарди бир жактан,

Мамытбек деп мас болду,

Камчыбек деп гаш болду…”  

“Карып болдуң бу чакта,

Абдуллабектен айрылып, 

Дүйнөң кетти шо чакта…

…Алайдай жакшы жер кана,

Алымбектин баш уулу,

Абдыллабектей эр кана…

Алымбек датка балдары,

Абдылдабек, Асанбек

Баатырбек менен Махмутбек (Маамытбек – авт.)

Карчыга сындуу Камчыбек

Камчыбекке кабыр кыл,

Мырзапаяз, Маамытбек,

 Баатырбекке сабыр кыл!

Алымбектей дарман кыл! 

Абдылдабекти арман кыл!

Асанбекке шүгүр кыл!” 

(Молдо Нияз Санат дигарстар.  –Б., 1993. 101-106-бб.)

   Молдо Нияздын “Дигарстарында” аталган бул инсандар кадимки Алымбек датка, Курманжан датканын балдары жана неберелери. Мен окумуштуу тарыхчы катары, ошол Молдо Нияздын каармандары болгон атактуу даткалардын балдарынын, неберелеринин тагдырына саресеп салдым. Алар кандай болуп калыптанышты, ким болуп, эмнеси менен эл эсинде калышкан?  Алардын Молдо Нияз айткандан кийинки тагдырлары кандай болгону кызыктырды. Албетте мен булардын көбү тууралуу мурдатан эле изилдөө жүргүзүп келгеним да кашкайган чындык.[1] 

    Маалым болуп, тарых  барактары тастыктагандай, атактуу Алымбек датка жана Курманжан  датка беш уулду жарык дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбия беришкен. Белгилей кетели, аларга чейин Курманжан датка бир нече жыл төрөбөй калып, бир жолу жаш балалуу болгон кайын эжеси келгенде ырым кылып, аттан түшүрбөстөн өңөрүп келген баласын колуна алып үйүнө кирип, баланы таштап тай туягындай болгон алтынды кайын эжесинин ээр кашына илип коёт. Баланы ырым кылып алганын билип, кайын эжеси менен жездеси таштап кетет. Баланын аты Жаркынбай болгон, тарбиясы жакшы, Алымбек, Курманжандын чоң уулу катары өскөн Жаркынбай Алымбек датка каза болгондон кийин Ошко бек, саркер болгон. 1865-жылкы Ташкендин алдындагы кадимки Алымкул аталык менен полковник Черняевдин  салгылашуусунда баатырларча курман болгон. Анын ордун, эрезеге жетип, калыптанып калган Абдылдабек ээлеген. 

   Эми сөз кезеги Алымбек датканын балдары тууралуу болсун: Абдылдабек (1837-1876-жж.), Баатырбек (1939-1985-жж.), Маамытбек (1843-1913-жж.), Асанбек (1849-1909-жж.) Камчыбек (1852-1895-жж.). Баарына татыктуу тарбия, эл, мамлекети үчүн талыкпай кызмат кылуу вазыйпасын, жоопкерчиликти тарта билүүнү, саясий оюндун ыкмаларын, чыгыш дипломатиясынын наркында тарбиялашкан. Аларда акыл-эс, нарк-насил, ар-намыс жана кадыр-барк күчтүү болгон. 

   Абдылдабек Алымбек уулу 1837-1876-жж. өмүр сүргөн. агасы Жаркынбай Ташкендин алдындагы салгылашууда курман болгондон кийин анын ордуна 1865-75-жылдары Кокон хандыгынын  эгедери тарабынан Ош вилайетинин беги, акими  болуп дайындалган. Ошол эле убакта Кокон ханынын пайдасына жергиликтүү элдерден салык топтоочу саркер да болгон. Абдылдабек Кокон хандыгынын акыркы жылдары жана Орус империясынын колониялдык баскынчылык жылдарында өзгөчө белгилүү инсан болгон. Абдылдабек атасы Алымбектин көп касиеттерине ээ болуп, элине, жерине кызмат кылган, атасы салдырган Ак Медресени өз эсебинен каржылаган ата уулу.  Көпчүлүк биле бербеген дагы бир жаңылык, Абдылдабек да ата-энеси сыяктуу Кокондун ханы Худаяр хан тарыбынан “датка” наамына татыган. Буга, убагында менин доктордук диссертациямды жазууда табылган Худаяр хандын инайатнамэси күбө. Сөз чындыгынан бузулбасын үчүн ошол, хандын колу коюлуп, мөөрү басылган расмий документтин, Оштун башкаруучусу Абдылдабекке берилген орус тилиндеги котормосун мисал келтирейин:   

«В настоящее время да знают и ведают все хакимы и амины, и казии, и благородные улемы, и шейхисламы, и (все лица)… чубаризат – пансат Абдуллабек-датка купил на берегу сая вилайета Оша многочисленные лавки с пригодной для застройки землей, превратил в вакф медресе построенного его отцом, покойным Алымбеком-парваначи (и) изготовил вакфную грамоту, украшенную печатями казиев и улемов, которая удостоилась рассмотрения светлым взором нашего величества. …В месяц раджабе почитаемом года 1292 (1875 г.)». Демек, бул документ 1279-х.ж. (1875-ж.) Худояр хандын мөөрү менен бекитилген.[2] Ушул эле документ менен Худояр хан Абдылдабекти баардык салыктардан бошоткон.[3] Эске алчу жагдай дал ошол расмий документте үч жолу хан тагына олтуруп, мамлекет башчысы болгон Худояр хан Абдылдабекке датка наамын бергендигин тастыктап, аныктагандыгында болуп турат. Анткени Худаяр ханга да Анжиян, Ош, Алай тарапта ишенимдүү таяныч, анын эркин аткарган таасирдүү башкаруучу керек болчу. Алымбек даткадан кийин, Курманжандын таянычы болгон мындай адам, анын тун уулу Абдылдабек экенин, андан эч ким тизгин талашпасын туура баамдаган. Бул биринчиден. Экинчи жагы, чоң жер ээлиги – 20дан ашык уламалардын жана казыйлардын, хандын мөөрү басылган документте, Абдылдабекке берилип, ал өз кезегинде атасынын Ак медресесине өткөрүп берген жердин чеги, аянты аныкталган. Үчүнчүсү, ага аскердик паңсат чинин (аскердик даража – 500 аскер башы) берип, Абдалдабекти өзүнө тартып, ал, анын апасы аркылуу Ош, Алай, Кашгар соода, контрабанда жолун көзөмөлгө алуу, андан түшкөн байлыкка туйтунуу максатын да көздөгөн. Ошентип Абдылдабек дээрлик он жыл Худаяр ханга Оштун беги, башкаруучусу, саркери катары кызмат кылган. Бирок, 1875-76-жылдардагы элдик көтөрүлүш аны Худаяр хандан баш тартып, эл тарапка, эл колдогон Полот  хан тарапка өтүүгө мажбур кылган. 

     1875-жылкы элдик көтөрүлүштө Абдалдабек өзүнүн аристократиялык тегине карабастан, эл колдогон молдо Асандын уулу Исхакты – Полот ханды, апасы Курманжандын макулдугу менен колдоп, Худаяр ханга каршы аттанган. Абдылдабек эл арасында абдан абройлуу, таасирддүү  адам катары, Полот хандын эң ишенимдүү, жакын адамдарыны бири болуп калган. Кыска мөөнөттө Коконду, хан сарайын ээлеген көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Полот хан зор ийгиликтерге жетишип, тез эле Коконду, хан тагын ээлешет.  Ошондон кийин, 1975-жылы 10-октябрынан 1876-жылдын 30-январына чейин Абдылдабек Полот хандын дайындоосу менен Кокон шаарынын беги, азыркыча мэри, жаңы хандын эң жакын кеңешчиси болгон.[4] Белгилүү болгондой Полот хандын бийлиги көпкө созулган эмес.

     1876-жылдын февралында Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Туркестан крайынын Фергана областы түзүлгөндөн баштап Абдылдабек Орус империясынын баскынчылыгына каршы күрөшкөн. Ал жетектеген көтөрүлүштү басуу тууралуу Туркестан округунун башчысы генерал-адъютант К.П.Кауфмандын Россия империясынын Аскер министрине  1876-ж. июль айындагы билдирүүсүндө минтип айтылган“… в продолжении всей Кокандской войны… вопрос о подчинении кара-киргиз представляется, довольно продолжительное время невыясненным, …естественные препятствия в ущельях и долинах первоклассного хребта… и усилившие оборонительные средства кара-киргизов, давали им преувеличенное понятие о неприступности их кочевок и безнаказанности за участие в войне самозванца Пулат-хана с русскими. В виду этих соображений некоторое промедление в конце февраля этого года, в заявлении покорности кара-киргизскими родами, кочующими около Оша и Уч-Кургана, в связи с происками Абдуллабека и матери его, вдовы Алимбека, Мамаджан (Курманджан – авт.), заставили генерал-майора М.Д.Скобелева действовать решительно и двинуться 31 марта в урочища Гульча с отрядом из 3-й и 4-й Оренбургских и 1-й Семиреченской сотен, стрелковой роты 4-го Туркестанского линейного батальона».[5] 

      Иш жүзүндө бул орус аскерлеринин көтөрүлүштү биротоло басуу ниетиндеги алгачкы Алай өрөөнүнө кирүүгө, Кашгар багытынын соода жолун көзөмөлгө алуу  аракети болгон.  Бирок ийгиликке жетишкен эмес, ошондуктан бир аз кийинчерээк Абдылдабек жеткетеген көтөрүлүшчүлөрдү биротоло жок кылуу максатында, 1876-жылы Орус империясынын Алай илимий-аскердик экспедициясы уюштурулган. Бул максатта орус бийликтери олуттуу аскер күчүн даярдаган. Алар 4-Туркестан линиялык батальону, штаб жана 4 рота, 2-й Туркестан аткычтар  батальону – штаб жана 3 рота,  Оренбург казак аскеринин 1-жүздүгү, Сибир казак аскеринин 2-жүздүгү, 1-Туркестан артиллерилык бригадасынын 2-батареясы топтолгон.[6]  Абдылдабекке каршы  жүрүштүн башаты катары, жаңы түзүлгөн Ош уездинин борбору ыңгайлуу Ош шаары тандалган. Дал ошол кезде Абдылдабек тууралуу көптөгөн рас-мий  маалыматтар орус булактарында пайда болгон.[7]

     Абдылдабек жетектеген көтөрүлүштү басуу максатында Алай илимий-аскердик экспедициясы генерал М.Д.Скобелевдин жеткечилигинде өз жүрүшүн 1876-ж. 26-июлунда баштаган. Көтөрүлүшүн басуу үчүн аталган экспедиция үч багытта жүрүшкө чыккан: биринчи аскердик колоннаны полковник  Витгенштейн баштап, Оштон Папан, Шат, Турук капчыгай аркылуу Алай тоолоруна бет алса, экинчи колоннаны  подполковник Вардер, капитан А.Н.Куропаткин (болочок Орус империясынын Аскер министри), Уч-Коргондон Чоң Алай багытына жүрсө, үчүнчү аскердик колоннаны генерал  М.Д.Скобелев, капитан  М.Е.Ионов баштап оштон Гүлчөгө, андан ары Сопу-Курган аркылуу Алай тоолорунун тереңине бет алган. Баса ошол карателдик отрядды кадимки Шабдан Жантай уулу жигиттери менен коштоп жүргөн.[8]      

    Эми байкаңыз эч кандай университет, аскердик училища, академияны бүтпөгөн, Алайда, Ошто туулуп, өсүп, калыптанган, Кокондун саясий, аскердик күрөшүндө такшалган Абдылдабекке каршы канчалаган билимдүү, жогорку чиндеги аскербашылар, офицерлер, миңдеген солдаттар согушка аттанган.  Орус аксерлери менен Абдылдабектин алгачкы кагылышуусу, Кашгар стратегиялык багытын бууган Жаңырык деген жерде болгон.[9]   Абдылдабек баштаган көтөрүлүшчүлөр орус куралына туруштук бере алышпай, бийик тоолорго чегинүүгө мажбур болушкан. Дал ошол Алай, Кара-Кулжа, Өзгөндүн тоо тараптарынан дагы күч топтоп, орустарга каршы согуштук аракеттер болгону, расмий орус булактарында айтылат.[10]  Бул жүрүштүн башында генрал М.Д.Скобелев турган. Ошол аскерди, баскынчылык жүрүштүн алкагында 1876-ж. 3-июнунда генерал М.Д.Скобелев  Ош, Алай чөлкөмүнүн кыргыздарына кайрылууу жасаган (воззвание): «…не присоединится к шайке Абдуллабека, Абду Керим-бека, Сулейман-бека».[11]   21 июлда ошол эле генерал атайын прокломация таркаткан, анда «…к кыргызам …(рода) Япалак, Тулейкен, Явуш, Хажбек, Бури, Кукча, Джилгильда, Ятук, Хуш, Тауке, Барга, Бакал, Сувай, Ульжеке, Джури, Кара барга, Сары барга, Таз барга, Сартлар объявляю, что по воле могущего ярым падишаха, я иду с храбрыми войсками белого царя водворить порядок между Алайских кыргызов и принять от них присягу на верность белого царя к державе которого они вечные времена присоединены… Я иду … с желанием мира, спокойствия и счастья всем кара-киргизским родам… Я предлагаю аман всем родам, которые вышлют ко мне своих биев с покорностью и будет исполнять мои приказания» – деген кайрылуу болгон.[12]   Кантсе да орус армиясынын жоон тобу,  куралынын күчү, сүрү, башка аймактардагы кан төгүүсү таасир этип, кыргыздар орус бийликтерине баш ийүүгө мажбур болушкан.  

      Бирок, Абдылдабек орустарга баш ийүүнү калаган эмес, ал өз эли, жери үчүн күрөштү улантуу, кошумча аскер күчүн суроо максатында Ооганстан тарапка бет алат. Тилекке каршы Орус империясы менен жаңыдан калыптанып келе жаткан, өз өлкөсү үчүн пайдалуу болгон дипломатиялык карым-катнашын бузгусу келбеген, Ооган шахы Абдылдабекке аскер берүүдөн сылык баш тартат.   Ошол боюнча, кайгы-кападан, кусалыктан, узак жолдун азабынан жабыркаган Абдылдабек, Орус бийлигине баш ийгиси келбеген, эркин мүнөзү менен ооган жеринде 1876-жылы күзүндө каза болгон. Кээ бир маалыматтарга таянсак Абдылдабектин сөөгү азыркы Тажикистандын Мургаб районунун Баш-Күмбөз деген жайына коюлган жана ал күмбөз азыркыга чейин жеткени, абалы абдан начар экени кабарланат.

   Баса белгилей кетчү жагдай кеңеш доорунда Абдылдабек таптык көз карашка туура келбей, эзүүчү таптын өкүлү катары, расмий тарыхта, эл оозунан унутула баштаганы менен Молдо Нияздын “Дигарстарында” сакталып келгени абдан кубандырат.

 Камчыбек Алымбек уулу (1852-1895-жж.) агасы Абдылдабек Кокон хандыгынын олуттуу, орду бар мамлекеттик чиновниги болсо, Орус империясынын тушунда аскер башыларынын бири, генерал-лейтенант  Н.Корольков жазгандай: «…Семейство Курманжан-датки всегда играло выдающуюся роль в деле административного управления Ошским уездом. так, из 7 вилайетов этого уезда 4 или 5 должностей волостных управлений были заняты членами семьи Алымбековых…. …благодаря авторитету своих именитых родителей, их дети занимали важные, по тем временам, для кыргызов, посты в управлении Ошского уезда Ферганской области: Батырбек – волостной управитель Булак-Башинской волости,  Асанбек – Наукатской волости, Маамытбек – Гульчинской волости, Карабек (внук – авт.) – Ак-Буринской волости».[13] Бул тарыхый булактардын маалыматына таянсак Камчыбек  расмий кызмат абалын ээлеген эмес. Бирок, Алай, Ош, Фергана чөлкөмүндө агаларынан кем эмес элдин сый-урматына, абройго ээ болгон. Камчыбек  Алай, Ош, Фергана чөлкөмүндө  соода-сатыкты, эл аралык карым-катнашты нукка салып, Кытай империясы менен дипломатиялык, соода-сатык  иштерди бекемдеген. Атасынын Ак Медресесине ар тараптуу колдоо көрсөткөн. Азыркы күнгө чейин  Оштун так ортосунда жайгашкан Кербен сарайын, баардык шарттары менен салдырган (азыр Ош областтык ИИБ жанындагы Убактылуу кармоочу жай – СИЗО болуп калган – авт.). Эл арасында азыркыга чейин айың кеп калган. Кербен сарайын бүткөрүп, алгач апасы Курманжан даткага көрсөтүп, анын батасын алып, Кербен сарайдын ишин баштайын – деп апасын чакырат. Кербен сарайды кыдырып көрүп, купулуна толгон апасы уулуна карап: -Балам баары жакшы, бирок Кербен сарайыңдын дубалы калың, алды пас болуп түрмөгө окшоп калыптыр – деп айкан имиш деген сөз бар. Ким билет мүмкүн айтса-айткандыр, а мүмкүн айткан эместир. Кандай болсо да жаңыдан бийлигин орнотуп жаткан Орус империясынын жергиликтүү өкүлдөрү, кийинчерээк Кеңеш доорунда, өткөндүн калдыгы, тап душманы салдырган имарат катары Оштогу Камчыбектин Кербен сарайын түрмө кылып коюшат. Ошондон эл арасында жогорудагыдай сөз унутулбай келе жатат. 

 Расмий болбосо да, көмүскөдө  ал убакта Камчыбек Улуу Жибек жолунун Ош-Кашгар олуттуу аймагын,  соода жолун көзөмөлдөп турганы талашсыз.  Анын дал ушундай даражасы, чек араны көзөмөлдөшү Орус империясынын  Туркестан генерал-губернаторствосунун Фергана облусунун, Ош уездинин аскердик жетекчилигинин колунда, Ош-Кашгар жолундагы  бажы кызматкерлеринин өлтүрүү окуясынан кийин 1894-жылы “Камчыбек Алымбек уулунун иши”«дело Камчыбека Алымбек уулу»,  же тагыраагы дело «Об убийстве таможенного объездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде» –  деген пайда болгон. 

   Бул ишке Эркеш-Там бажысын көзөмөлдөөчү Боровков  баштаган 3 бажычынын одоно, чектен чыккан, мыйзамсыз иш-аракети себеп болгон.  Алдын ала жеткен жалган кабар, көкүтүү боюнча бажычылар Алайда конуш жаңылап келе жаткан Камчыбектин аялы Асел айым баштаган көчтү токтотуп, анысы аз келгенсип шек санаган сандыкты ачуу үчүн Асел айымдын чачпагындагы ачкычтардыы чачы менен кесип алганы себеп болгон. Көчтү коштогон Акбалбан баштаган топ, бегинин аялынын чачын кырккан бажычыга жини келип, намыс кылып, бажычыларды турган жеринен өлтүрүп, тоо арасына көөмп ташташат. Бирок, аны алгач Камчыбек билген эмес. Бир топ убакка чейин, бжычыларды ким өлтүргөнү белгисиз болуп, акыры шыбыш чыгып, Камчыбек, Акбалбандар камакка алынат.  Натыйжада  дал ошол 1894-жылы орустардын «бей своих, чтобы чужие боялись»  же “башкаларды жалкытуу үчүн, өзүңө караштууну катуу ур” – деген принцип боюнча атактуу Алымбек датканын, абройлуу Курманжан датканын кенже уулу Камчыбекти жазалоо жараяны башталган. Кадимки Курманжан датка өз аброюна таянып,  уездин начальниги – подполковник Б.Л. Громбчевскийге  (1893-1895-жж.  уезд начальниги – автор), Фергана аскер губернатору – Повало-Шыйковскийге жана  Туркестан  генерал-губернатору, барон А.Б. Вревскийге  кайрылганы да жардам берген эмес. Натыйжада дал ошол күндөрү булардан шек санап, бажы көзөмөлчүлөрүн өлтүргөндүгү үчүн, орус бийлигин кабыл алып, аларга кызмат кылган атактуу, даңазалуу Курманжан датканын урпагын, башкаларга үлгү иретинде жазалоо чечими кабыл алынган.     

“Камчыбектин иши” Аскер сотуна өткөрүлүп, өзү ал жакка тиешеси жок болсо да, катуу жаза берүүнү эске алуу менен жөнөкөй атуулдун ишин Аскер сотуна караткан. Камчыбекти жана неберелерин куткаруу максатында Курманжан датка чет жакка качып кетиши мүмкүн – деп шек санап, ошол кездеги Ош уездинин начальниги  подполковник Л.Б. Громбчевский  Туркестан генерал-губернаторствосунун башчысына кайрылып: «…срочно выслать всю семью Курбанджан-датки в Новый Маргелан, так как опасается, что они все уедут в Китай как только узнают, что дело будет разбирать Военный суд» – деп жазганы маалым.[14] Анткенге толук негиз болгон, себеби ошол 1894-жылдын 14-апрелинде Фергана облусунун Аскер губернатору Повало-Шыйковский, Туркестан крайын башкаруу тууралуу Жобонун  16-беренесине ылайык, Камчыбектин кылмыш иши өз кызматтык милдетин аткарып жаткандарга карата болгонун эске алуу менен, Камчыбектин ишин Аскер соту  кароосу керек – деген сунушун айткан эле.[15]

Ошол Камчыбектин ишинде Фергана облусунун жаңы Аскер губернатору Повало-Шыйковский тарабынан одоно катачылык кеткенин, бизге таанымал Б.Л. Тагеев минтип баса белгилеген: «…новый  военный губернатор (Повало-Шыйковский – авт.) допустил жестокую ошибку, исходатайствовав преданию военному суду всеми любимых, уважаемых беков. Как говорил губернатор, он сделал это для поднятия русского престижа. Будто бы упавшего. Как выяснилось следствием, хотевшие взять отступное от киргиз были несомненно, совершены без ведома волостных управителей. Они донесли позже, проверяя факт убийства. Да они заслуживали наказания, но не казни же…».[16]  Кандай болсо Орус бийлигине баш ийип, аларга кызмат кылган Курманжан датканын аброюн көзгө илбестен, даткалардын кенже уулу катуу жазага тартылган. 

Архивдерде сакталган расмий документтерге таянсак, Аскер соту «Об убийстве таможенного объездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде» аттуу Камчыбектин иши боюнча төмөнкүдөй тыянак чыгарган: Камчыбек, Акбалбан баштаган 9 адам өлүм жазасына тартылсын,[17]  Мамытбек, Асанбек, Мырзапаяз (небереси – авт.) баштаган 6 адам каторгага, сүргүнгө айдалсын,  11 адам акталсын деген өкүм чыккан.[18]  Тилекке каршы экөөнөн башка 7 адамдын атын тактоо мүмкүн болбоду.  Дал ошоль  күндөрү Курманжан датка Ош шарында көбүрөөк болуп, Ош уездинин начальнигине, Фергана облусунун Аскер губернаторуна, Туркестан генерал-губернаторуна бир нече жолу баласына, неберелерине калыс, адилеттүү жаза колдонууну, ыгы келсе мунапыс берүүнү суранып бир нече жолу кат жүзүндө да, ооз эки түрдө да кайрылган.[19]   Ушул мезгилде Курманжан баласын өлүмдөн алып калуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасаса да болбой, Камчыбек дарга асылган. Өз баласынын көз көрүнө даргага асылып жатышы Курманжан үчүн өтө оор болгон. Курманжаннндын көптөгөн өтүнүчтөрүнөн майнап чыккан эмес. 

   Натыйжада,  1895-жылы 3-марта 11 саат 10 минутада  өлүм жазасына тартылган Камчыбек менен Акбалбан эски Оштун Ат базарында (азыркы Навои паркында – авт.), көпчүлүктүн жана энеси Курманжандын көзүнчө дарга асылып, өлүм жазасы аткарылган. Бул тууралуу Ош  уездинин начальниги подполковник Л.Б. Громбчевский атайын телеграммада жогорку Орус бийликтерине билдирген.[20]  Курманжан датка өкүмдүн аткарылышына күбө болуп, баласын өлүмгө тике кароого үндөп, дарга асылганда бир да адамдын өкүрүк чыгаруусуна тыю салып, бар кайгысын Мадыда болгон тажиясында чыгарганы, азыркыга чейин эл эсинде.

    Ошондой оор учурда да Курманжан датка кайрат кылып, балдары Маамытбек, небереси Мырзапаязды Арстанбекти, алыска Сибирге кетирбей, эч болбоду дегенде жакын бир жерге которуу үчүн аракет кылган. Бирок бул жолу да анын ою орундалбады.

    Камчыбектен кийин Курманжан датка балдары Мамытбек, Асанбек, неберелери Мырзапаяз, Арстанбектин сүргүндөн кайтуусуна кам көрүп, акыры орус генералдарынын жардамы менен аларды бошоткону маалым.[21]  Бул тууралуу балдарын, небересин Мекенине кайтарганы үчүн ыраазычылыгын орус бийликтерине билдирген каттары күбө.[22] Каторгада, сүргүндө жүргөн балдарын, небереси Мырзапаязды бошотууга Туркестан генерал-губернатору А.Б. Вревский, Сыр-Дарыя областынын Аскер губернатору Н.И. Корольков, генерал-майора М.Е. Ионов ж.б. жакындан жардам кылганы белгилүү. Өзгөчө барон А.Б. Врёвский жардам кылганы, Россиянын Аскер министри, Иркутск губерниясынын генерал-губернаторуна өзгөчө өтүнүч менен кайрылып, ал жакка айдалган Мамытбек, Арстанбекти бошотуп бергени тарыхый чындык. Бул тууралуу  Россиянын Аскер  министринин Туркестан генерал-губернатору А.Б. Вревскийге жазган билдирүүсүндө жазылган: 

    «Туркестанскому генерал-губернатору! По докладу Государю императору, ходатайство Вашего Превосходительства о лишенных всех прав состояния и сосланных в Сибирь на поселение киргизах: Махмудбек Алимбеков и Арстанбек Камчибеков, Его Величество 27 сего марта Всемилостивейше повелеть соизволил даровать киргизам Махмудбеку… и Арстанбеку… помиловать, с разрешением им возвратиться на жительство в Туркестанский край» .[23] Көп өтпөй Мырзапаяз да бошотулганы маалым. 

     Баса дал ошол “Камчыбектин ишинен” кийин, Ош уездинин “кара-кыргызы” Курманжан датканы 1893-жылдын 25-сентябрында сыйлоого  сунушталган моюнга такчу “Андреев лентасындагы Чоң Алтын медал” – “Большой Золотой медали на Андреевской ленте для ношения на шее» – сыйлыгы берилбей калган.[24]  Анткени сыйлыкка сунуштама кеткенден кийин эле “Камчыбектин иши” пайда болуп, ал өлүм жазасынга тартылып жатса, империя апасына Алтын медал бермек беле, берсе деле Курманжан датка алмак эмес. 

     Кадимки Молдо Нияз дал ошол кезде эл арасында таанымал, дасыккан акын, даңазалуу жазгыч катары Курманжандын ошол жылдардагы трагедиясына куүбө болгон. Мүмкүн Камчыбектин тажиясына, ашына да катышып калгандыр. Эл арасындагы кээ бир маалыматтарда Курманжандын  Абдылдабек менен Камчыбекке кошкон кошогун кадимки Молдо Нияз жазып берген деген да имиш бар. Ким билет, мүмкүн чындыкка жакын кабардыр.

         Молдо Нияз эскерген Баатырбек Алымбек уулу – 1939-1985-жж., бул инсан тарыхый документалдык тууралуу  маалыматтар аз.  Белгилүүүсү Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана областы, анын курамында Ош уезди түзүлгөндө Алымбектин уулу катары ошол Ош уездинин Булак-Башы болуштугунун болушу болгону [25] так маалым.  Тилекке каршы, жаш эле көзү өтүп кеткен.  

        Эми Маамытбек – тууралуу кеп болсун. Маамытбек  Алымбек датка менен Курманжан датканын  үчүнчү уулу. Маамытбек  Алымбек уулу – 1843-1913-жж. өмүр сүргөн. Маамытбек тууралуу тарыхый маалыматтар аз. Болгону Орус империясынын тушунда атасы Алымбек датканын, апасы Курманжан датканын аброю аркылуу Туркестан генерал-губернаторствосунун Фергана областынын Ош уездинин Гүлчө болуштугунун болушу болгону маалым, бирок канча жыл болуш болгону так эмес. 

     Асанбек Алымбек уулу  – 1849-1909-жж. өмүр сүргөн. Бул инсан тууралуу да тарыхый, документалдык маалыматтар аз. Болгону Орус империясынын генерал-лейтенант  Н.Корольков жазгандай: «… благодаря авторитету своих именитых родителей, их дети занимали важные, по тем временам, для кыргызов, посты в управлении Ошского уезда Ферганской области: Асанбек волостной управитель – Наукатской волости… ».[26] Башка малыматтар жок, баса канча жыл болуш болгону да азырынча белгисиз.

    Молдо Нияздын дагы бир каарманы Мырзапаяз. Бул инсан кадимки Абдылдабектин уулу, 1895-жылдын март айындагы аскер сотунун чечими менен 6 кишинин катарында Сибирге сүргүнгө айдалып, [27] кийинчерээк чоң энеси Курманжандын жардамы менен боштондукка чыгып, мекенине кайтып келген. Мырзапаяздын уулдары Айдаркаарды, Бурканбек, Өмүрбек, Шамшы, Абдыкапар, Эржанбек. Кулакка башкача угулган Айдаркаарды бара-бара Адыш болуп калгандай. Адыштын уулу Муса. Демек кадимки академик Муса Адышев так ошол Молдо Нияздын каарманы болгон Мырзапаяздын небереси болот. Мырзапаяз 1932-жылы экинчи жолу сүргүнгө айдалган боюнча дайынсыз жок болгон. Сүргүнгө жетер жерине жеттиби же жетпей жок болдубу билбейбиз – дейт анын урпактары. 

    Жогоруда биз баса белгилеген Мырзапаяздын небереси Муса Адышев геология-минералогия илимдеринин доктору (1969-ж.), профессор (1971-ж.), Кыргыз ССРинин  Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти (1954-ж.), академиги (1961-ж.), вице-президенти (1974-ж.) жана Президенти (1978-ж.). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975-ж.)  болгон.  Мусанын уулу Жаныбек Адышев учурда АКШда жашап, Чикагонун Иллинойс университетинин  профессору катары эмгектенүүдө. 

     Ошентип бул жолу биз, кадимки жазгыч акын Молдо Нияздын “Санат дигарстар”  жыйнагында айтылган атактуу Алымбек датка менен айтылуу Курманжан датканын “аблади”, урпактары, алардын тагдыры тууралуу баяндадык. Кудай буйурса кийинки баяндамаларда дагы би топ аттуу-баштуу кыргыз элинин чыгаан улдары тууралуу кеп улайбыз.

Колдонулган тарыхый булактардын жана адабияттардын тизмеси:

  • Абытов Б.К. Некоторые факты из жизни Абдылдабека Алымбек уулу// В сб.: Кыргыз философиясынын актуалдуу проблемалары аттуу регионалдык ил.-практ. конф. жыйнагы. –Ош, 2002; Его же. «Алайская военно-научная экспедиция»//Вестник ОшГУ. №4. –Ош, 2005; Его же. Историко-политический портрет Алымбека-датки //Центральная Азия. www. Centrasia. 30. 09.2011;  Его же. Малоизвестные факты из жизни Курманжан-датка//Akipress. История Кыргызстана и кыргызов. 07.10. 2011; Его же. Абдылдабек Алымбек уулу//Akipress. История  Кыргызстана и кыргызов. 25.10. 2011; Его же  Некоторые факты об Абдылдабеке и Камчыбеке Алымбек уулу// Курманджан датка – выдающийся политический и общественный деятель кыргызского народа. Материалы международной научной конференции. 25 октября 2011 г. –Бишкек, 2011. –С.100-107; Его же. Взаимоотношения Полот  хана и Абдылдабека Алымбек уулу во время восстания в 1875-76 годах//Akipress. 23.10.2015; Его же.  Алымбек датка – выдаюшиеся и неординарный государственный деятель кыргызов //Алымбек датка жана анын доору. Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Асан бий уулу Алымбек датканын 215 жылдык  мааракесине арналган жыйнак. –Б., 2016. –С.52-70. 
  • ЦГА РУз. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л.4-5. 
  • ЦГА РУз. -Ф. И. -19. Оп. 1. Д.34947. Л. 2-3.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75. Оп.1. Д. 53. Л.21-22; ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.66. Л. 225; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.13, 13 обр.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75. Оп. 1. Д.53. Л.1-2.
  • ЦГА РУз. Ф. 715. Оп.1. Д.67. Л.50; ООГАПД КР. -Ф. 50. Оп. 1. Д.121.  -Л. 3-4 обор.
  • Кауфманский сборник, изданный в память 25-летия истекших со дня смерти покорителя и устроителя Туркестанского края генерал-адъютанта  К.П. фон Кауфмана. -М., 1910. -С. I- IV.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75 Оп. 1. Д.53. Л. 34-38,43-47,50,53-54,68-71, 75-81. Копия; ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.68.  Л.232-240, ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.3.; Кыргызстан-Россия. -С.410-421
  • ЦГА РУз. -Ф. 715. Оп.1. Д.67.-Л.301-302, 357, 398; Д.68. -Л.232-240; ООГАПД. -Ф.50. Оп.1. Д.112;Л.1-3,7,86.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.67. Л.301-302, 357, 398; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.1-2, 7, 10.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп. 1. Д.68. -Л.180; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 7.
  • ЦГА РУз. -Ф.715. Оп.1. Д.68. -Л.195; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л.10, 10 обр.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.105; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.47-48; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 26.
  • Тагеев Б.Л. Памирский поход //Русское слово. -1897. -№ 176; Он же. Царица Алая //Нива. -1897. -№4; Он же. Через Алай  и Памир. – М.,1972.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24, 34-35; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21. 
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 28.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.11061. Л.27. Д. 13587. Л.3, 21-22. Д.3617. Л.1-5 ; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 2, 14-18, 21, 53.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л. 34-35; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.1-5, Д. 11067. Л.27. Д.13587. Л.3; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 14-19, 53.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.13587. Л.4; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 80.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д.13587. Л.4; Оп. 4. Д.179. Л.99; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 80.
  •   Курманжан датканын сыйлыкка сунуштамасы менин “Тысячелетняя история Оша: историко-источниковедческий анализ (IX – начало XX века) – аттуу доктордук диссертациямдан алынды. 
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96.
  • ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3617. Л.1-5, Д. 11067. Л.27. Д.13587. Л.3; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 14-19, 53.

Абытов Байболот Капарович тарых илимдеринин доктору,

профессор, ОшМУ

АКШ COVID-19дун келип чыгышы тууралуу Чалгын кызматынын маалыматтарын ачыктайт

АКШнын президенти Жо Байден чалгындоо кызматтарын COVID-19дун келип чыгышы тууралуу болушунча көбүрөөк маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген мыйзамга кол койду.

“Биз COVID-19дун келип чыгышы, анын ичинде коронавирустун Ухань шаарындагы вирусология институту менен ыктымал байланышын аныкташыбыз керек. COVID-19 боюнча болушунча көбүрөөк маалыматты ачыктоо тууралуу Конгресстин максатын колдойм. Бирок маалыматтар толук жарыяланбайт, анткени ал улуттук коопсуздукка зыян алып келиши мүмкүн”, – деди Байден.

Марттын башында АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирген. Анын айтымында, мекеме “көптөн бери эле” бул версияны приоритеттүү деп эсептеп келген.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганына байланыштуу быйыл февралдын ортосунда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган.

Бээжин COVID-19 кытай лабораториясында тараганы боюнча божомолдорду бир канча жолу “негизсиз” атап, АКШда да коронавирус изилденгенин жана вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Садыр Жапаров: Дүйнөдөгү окуялардын фонунда тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуу маанилүү

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Тажикстан менен чек араны тактоо иштерин аягына чейин чыгарууну убадалады.

Президент өз сөзүндө ошондой эле дүйнөдөгү кырсыктар менен согуштук жаңжалдардын фонунда коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Биз да дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ынтымагыбызды сактап, көп улуттуу мамлекетибизде тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуунун канчалык маанилүү экенин аңдап-сезишибиз кажет”, – деди президент.

Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин Тажикстан менен чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып, акыркы эки жылдан бери эң ири куралдуу кагылыштар катталды.

Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди

Үстүбуздөгү жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Венгрияагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, куттуктоо сөзү менен мекендештерди куттуктап, Нооруз жаз менен жаңылануунун майрамы экенин, ал жаңы жылдын башталышын символдоштуруп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана салттарын камтыган майрам баса белгиледи.
Иш-чара кыргызстандык студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп, элдик жана кыргыз эстрадасынын ырлары ырдалып, “Маш ботой” чыгармасы комузчулардын аткаруусунда тартууланды.
Ошондой эле катышуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган “ Улуттук салттын ажайып сулуулугу” аттуу эл аралык этнологиялык сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.
Майрамдык салтанат, кыргыздын улуттук тамактарынан жасалган майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.

Таласта 14 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы тургун кармалды

Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

“Бул факты боюнча “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыр тергөө иштери уланып жатат” – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу болгон.

Ички иштер министрлиги былтыр сексуалдык зомбулук боюнча жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн. Үч кылмыш иши токтотулуп, дагы 11и боюнча тергөө уланууда.

УКМК: Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп, каттап берип жүргөн Сокулуктун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тийиштүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-мартында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 

Эске салсак, 2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бердымухамедов Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болорун билдирди

16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада бул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Бердымухамедов: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, – деген.

Мындан тышкары ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгилей кетчү нерсе, аталган Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды.

«КыргызНефтегаз» ишканасынын мурдагы жетекчилиги менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды "жабык" өлкө деп атады

Дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапты.

Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

CIVICUS Тажикстан жабык өлкөлөрдүн катарына Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы митингдерди күч менен таркатканы үчүн киргизилгенин билдирүүдө. Баяндаманын авторлору укук коргоо органдарынын аймактагы “атайын операциясы” маалында жарандарга карата ашыкча күч колдонулуп, негизсиз кармоолор, кыйноолор жана адам өлтүрүүлөр болгонун жазышкан. Мындан тышкары бул өлкөдө көпчүлүк коркуп жашай турганы, жарандар өз пикирин айтканы жана тынч митингдерге чыкканы үчүн камакка алынары белгиленген.

“Көз карандысыз журналисттер, жарандык активисттер, адвокаттар жана укук коргоочулар куугунтукталып жатат. Мындай шартта бийликтин оппоненттеринин үнү барган сайын азаюуда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча тажик бийлиги CIVICUS уюмунун бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

2022-жылы май айында Хорогдун тургундары нааразылык акциясына чыккан. Алар милициянын 2021-жылдын ноябрындагы операциясы учурунда каза болгон жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бийлик чогулгандарды “уюшкан кылмыштуу топ” деп атап, аларды таратуу үчүн кошумча күч жөнөткөн. Жолдо Рушан районунун жашоочулары укук коргоо кызматкерлеринин жолун торошкон. ИИМ тургундар күч түзүм кызматкерлерине кол салганын айтып, “антитеррористтик операция” баштаганын билдирген. Анын жыйынтыгында 34 киши өлүп, ондогон адам кармалганы кабарланган.

Сот "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча доо арызды кароону токтотту

Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемеси банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы жазган арызды кароону токтотту. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимди “Азаттык Медианын” Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кабыл алганын билдирди.

Сыдыков банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу “Азаттык Медиа” мекемеси 2022-жылдын 27-октябрынан 28-декабрына чейин каражатын пайдалана албаганын, мындан улам башкаруучу компания салыктарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айып пул катары мамлекетке кошумча 100 миң сомдон ашык акча төлөөгө аргасыз болгонун билдирди.

Адвокат сот ишти маңызы боюнча карагандан кийин гана чечим чыгарышы керектигин белгилеп, жогорку баскычтагы сотко доо арыз жазыларын кошумчалады.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы” банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, “Азаттыктын” “Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен” чыгарылганын расмий жарыялаган.

Азыр “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иши уланып жатат. 7-мартта Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Министрлик өткөн жылы 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

“Азаттыктын” банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

УКМК: Нарын мамлекеттик университети 1083 чет элдик студентти экзаменсиз кабыл алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө билим берүү кызматтарын экспорттоо багытында өлкөнүн кызыкчылыгына жана имиджине зыян келтирген, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдарында одоно бузган фактылары аныкталды.  

Университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына дал келбеген чет өлкөлүк студенттерди (2020-жылы 414, 2021-жылы 679 студент кабыл алынган) кабыл алуу боюнча чечимдерди кабыл алган. 

Чет өлкөлүк студенттер кирүү экзаменин тапшырбай кабыл алынганы, аларды С.Нааматов атындагы НМУга кабыл алуу жөнүндө буйруктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чет өлкөлүк окуу жайлары берген билим берүү жөнүндөгү документтеринин деңгээлинин ылайык келүүсү жөнүндө жүргүзүлчү экспертизасы жок эски мөөнөттөр менен чыгарылганы аныкталды. Ошол эле учурда, кабыл алынган студенттердин көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында узак убакыт бою жок болушкан жана ошондой эле, толук бир окуу жылына (2 окуу семестри) арналган окуу сабактары 1 семестрде өткөрүлгөн.

Бул мыйзам бузуулар КР УКМК тарабынан демилгеленген КР Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында С.Нааматов атындагы НМУнун жооптуу кызматкерлери Э.Б., Н.Ч., К.Г. жана А.Э. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталды. Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына өткөрүлүп берилди.

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. кармалды.

З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. 

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев кармалды

КР УКМК системалуу коррупцияны жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери «М.Т.И.» аттуу жаранга кылмыш ишин козголду.

Бул кылмыш ишинин алкагында аталган «М.Т.И. Калктын социалдык жактан аялуу катмарына биринчи кезекте зыян келтирилип, алардын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемалар (үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, тыгыз жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу) дары-дармектер жана квалификациялуу медициналык жардамдар кирет.

Ошентип, атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ССМнин медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталган. М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн.

Мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу боюнча анын ишмердигинин дагы бир өңүтү мамлекеттик сатып алуулар болгон. Тактап айтканда, финансылык-чарбалык иштин аудити айрым медициналык багыттагы буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактыларынын бар экендигин көрсөттү.

Мисалы, 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тарткан.

Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди: милдронат, пропофол жана магний сульфаты, ошондой эле 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алуу үчүн М.Т.И. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти менен рынокко мониторинг жүргүзүү жана бааларды макулдашуусуз, белгиленген тартипти бузуу менен, туунду компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзүү жолу менен бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялоосуз. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин рыноктук чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми КР ССМ аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 млн 356 миң сомго сатып алган),

КР ССМ КР аймагындагы эң ири медициналык мекеме болуп саналат, анын жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашык. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультра үн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Ошентип, текшерүү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бирөөнү кемсинтип, сабап жатышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көрүп туруп чара көрбөгөн Нарын ШИИБнин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Нарын ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, б.а. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2023-жылдын 14-мартында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына КР жараны З.К. белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 9-мартында Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканы айтылат. Бул боюнча З.К. 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аларды шылдыңдап, кол салуусуна жол беришкен, муну менен анын конституциялык укуктары бузулганын көрсөтүп турат. 

Белгилей кетсек, ушундай окуялар ички иштер органдарында мурда да (Нарын облусунун Кочкор РИИБ жана Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ) болгон.

Бул жагдайлар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлүп жаткан жагымсыз кырдаалды көрсөтүп, бул мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизүүдө.

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду.

УКМК: Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан санариптештирүүнү орто билим берүү мекемелерине жана аларга тиешелүү жеке ишканаларда киргизүүдө пайда болгон коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын 13-мартында окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан байуу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкандыгы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калганы, жана ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишинен "жашыруун" деген грифти алып салды

Бишкек шаардык соту адвокат Кантемир Турдалиевдин арызын жарым-жартылай канааттандырып, “Кемпир-Абад ишидеги” купуялуулук мөөрүн алды. Бул тууралуу Турдалиев өзү билдирди.

Адвокаттын айтымында, азырынча ага соттун чечими тие элек. Юрист мамлекеттик сыр камтылбаган томдордон купуялуулук грифи алынышы керек деп эсептейт.

“Тергөө иштин мамлекеттик сырды камтыган материалдарын жашырууга укуктуу. Мен иштин бардык материалдары жашырылганы боюнча арыз бергем. Бул боюнча сот менин кайрылуумду канааттандырды”, – деди Турдалиев.

Адвокат эми мамлекеттик сыр камтылган иштин материалдарынан башка сот отурумдарынын баары ачык өтүшү керек экенин белгиледи.

Былтыр октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалганын билдирген. Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Бул ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген эмес.

Президент Садыр Жапаров активисттердин камалышы боюнча комментарий берип жатып, “камактагылардын 90% ашыгы чек ара маселелери боюнча жабык талкууларга катышкан жана алар Кемпир-Абад Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билиши керек болчу” деген. Анын айтымында, кармалгандар элди адаштырып, “мамлекеттик төңкөрүш” жасоого аракет кылган.

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопко тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Ж.Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Бишкек шаардык ички иштер Башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.
Матариалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңешинтин депутаты Ж.Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.
Учурда кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. кармалышкан.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.
Ошондуктан, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди.

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. Бул тууралуу 14-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “тажик тарап расмий эскертүүсүз эле кыргыз жарандарын өлкөгө киргизбей коюуда”.

“Душанбе эл аралык аэропортундагы чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурларда кайра авиабилет сатып алууда жана транзиттик аймакта кийинки каттамды күтүүдө кошумча чыгымдар жаралууда”, – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

УКМК: 2 млн 600 миң сомду уурдап жеп алышкан Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ал акча каражаттарын төлөп беришти

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМК материалдарынын негизинде Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлерине карата текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага ылайык, бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын орто ченинен бүгүнкү күнгө чейин райондун орто мектептеринин кээ бир мугалимдерине “Бай Түшүм” жана “РСК Банк” банктарынан эсеп ачып, алар аркылуу көрсөткөн кызматтарына акы төлөө деген шылтоо менен бюджеттик каражаттар чыгарылып турган.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн туруктуу схемасына бөгөт коюу максатында, КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Финансы министрлигинин адистерин тартуу менен текшерүү иштери дайындалды. 

Азыркы учурда, жүргүзүлүп жаткан тергөө материалдары боюнча мамлекетке 2 миллион 600 миң сом кайтарылып, туруктуу схеманын башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. 

Министрлер кабинети Бишкектин мэрин түз шайлоого каршы чыкты

Министрлер кабинети Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна терс корутунду берди. Бул тууралуу 14-марттагы жыйында депутат Жанарбек Акаев билдирди.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун макамы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу документти парламенттеги “Альянс” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан.

Акаевдин айтымында, министрлер кабинети өзүнүн терс кортунусунда түз шайлоо туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

“2020-жылдын октябрь окуясынан бери Бишкекте сегиз мэр алмашты. Түз шайлоо стабилдүүлүккө алып келет деп эсептейм, анткени мэрди шаардыктар өздөрү тандайт. Мэр өзүнүн программасы бар, такшалган адам болушу керек”, – деди Акаев.

Депутат мыйзам кабыл алынса, шайлоо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин болорун жана шаар башчысы депутаттар менен чогуу шайланарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети талкуудан кийин мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.

УКМК: «Росинбанк» рентабелдүү эмес банкын 8 млрд сомго негизсиз сатып алышкан Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн, ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Түштүктөгү жаш ишкерлер үчүн инвестициялык сынак жарыяланды

11-март, ишембиде Ош мамлекеттин университетинде бизнес акселератор Accelerate Prosperity компаниясы Youth CUP пре-инкубация программасынын расмий эмес ачылышын өткөрдү. Иш-чаранын ачылышында Accelerate Prosperity, Кыргызпатенттин өкүлдөрү жана тажрыйбалуу ишкерлер Сабина Темиралиева (Макаронная) жана Бактияр Замирбеков (BeGreen) татыктуу идеялары бар жаш стартаптар жана өсүүгө умтулган ишкерлер менен сүйлөштү.

Youth CUP идеясы бар жаштар командалары менен иштешүү аркылуу алардын идеяларын толук кандуу стартапка чейин өсүп жетүүсүнө жардам берүүнү максаттайт.

Программа минималдуу жашоого жарамдуу өнүмгө ээ болгон жаңы бизнестерге, ошондой эле өнүгүү үчүн келечектүү идеясы бар ишкерлерге колдоо көрсөтүп,  насаатчылык кылат. Мыкты долбоорлор өз идеяларын өнүктүрүү үчүн 10 000 доллардай инвестиция ала  алышат.

Accelerate Prosperityнин бизнес-аналитиги Дастан Асылбеков, жаңы баштаган бизнестер үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып жатып буларга токтолду: “Бүгүнкү күндө Accelerate Prosperity 1 миллион 500 миң доллар инвестиция салды, 500гө жакын бүтүрүүчүлөрдү окутту жана анын портфелинде 48 компания бар. Тагыраагы, ар бир онунчу студент бизден инвестиция ала алады”.

ОшМУ бизнес-инкубаторунун координатору Эрлан Камалов бул иш-чаранын көптөгөн жаш ишкерлерге жакшы башталгыч болуп берерип айтат. “Youth CUP алдына-ала инкубациялоо программасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу студенттерди, академия чөйрөсүндөгүлөродү жана бизнес лидерлерди бир платформада бириктирүүнү каалайбыз”.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусияга карата эки иш ачат

Гагадагы Эл аралык кылмыш соту жакын арада аскердик кылмыштар боюнча Орусияга карата эки иш ачат. Мындан тышкары бул кылмыштарга катышы бар делген бир нече адамдарды камоого ордер берет.

Бул тууралуу 13-мартта Reuters менен New York Times аты аталбаган булактарына шилтеме жасоо менен билдиришти. Азырынча расмий чечим жарыялана элек.

Эгер иш чындап эле ачылса, Украинада согуш башталгандан бери Орусияга карата көрүлгөн алгачкы соттук кадам болуп калат.

New York Times кабарлагандай, эки пункт боюнча айып тагылат: биринчиси – Украинанын жарандык инфратүзүмүн атайлап талкалоо, экинчиси – Украинадан балдары Орусияга алып чыгып кетүү. Киев өспүрүмдөргө карата жасалган мындай мамиледе геноциддин белгилери бар деп эсептейт.

Жакында Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан Украинага барып, кыйраган энергетикалык жана инфратүзүмдөрдү өз көзү менен көрүп кайткан. Reuters кабарлагандай, аткылоолордон жүздөгөн жарандар өлүп, суу жана электр түйүндөрүнүн талкаланганынан миллиондогон украин жашоочулары жабыркады.

Женева конвенциясы жана кошумча протоколдор согушкан тараптарды жарандык объектилер менен аскердик буталарды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык жайларды бутага алууга тыюу салат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 13-мартта жарыялаган баяндамада айтылгандай, ата-энесинен ажыраган балдар оор психологиялык сокку алышкан. Ата-энеси барлар да алар менен жолугуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. Украиналык айрым балдар күчтөп Орусияга чыгарылган.

Киев жана бир катар өлкөлөр орусиялык жетекчилерди жана аскерлерди жоопко тартуунун башка жолдорун да талкуулашууда.

Москва соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады

13-мартта Москва шаарынын Арбитраждык соту Орусияда “Эркин Европа / Азаттык” медиакорпорациясынын атынан иш алып барган “РСЕ/РС” жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп тааныды. Сотко былтыр мартта Федералдык салык кызматы кайрылган.

“Чет өлкөлүк агент” мыйзамын аткарбаганы үчүн медиакорпорациянын орус тилиндеги тогуз долбооруна, анын ичинде “Азаттыктын” орус кызматына миллиондогон айып пул салыган. Корпорация аны төлөөдөн баш тартканы үчүн банкрот деп таанылды.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосу Орусиядагы мыйзамдардын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жараткан саясий цензура деп мүнөздөйт. Медиа уюм орус бийлигинин чечимдерине каршы Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылат.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Роскомнадзор “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун сайттарын Орусиянын аймагында бөгөттөгөн. Медиа уюм Орусияда 1991-жылы ачылган бюросу жабылганын жана Латвиянын баш калаасы Ригада жаңы кеңсесин ачканын жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун 30 кызматкерин “чет өлкөлүк агент” деп жарыялаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийлигинин “Эркин Европа / Азаттык” радиосуна басымын айыпташкан.

Жалал-Абаддык ишкерлер Accelerate Prosperity ASIA долбооруна 50 000 АКШ долларына чейинки инвестиция үчүн долбоорлорун сунушташты

13 март,, 2023-жылы Жалал-Абад, Кыргызстан – Бүгүн Европа Бирлиги жана Ага Хан фонду биргелешип каржылаган Accelerate Prosperity долбоорунун алкагында, Жалал-Абад облусунан тандалып алынган ишкерлер үчүн акселерациялык программаны аяктады.

Буга чейин интервьюнун негизинде 129 ишкерлер ичинен минималдуу жашоого жөндөмдүү 30 компания конкурстук негизде тандалып алынган. Акселерациянын алкагындагы интенсивдүү иш бизнес-трекерлер менен 170 сааттан ашык убакытты камтыды жана бизнес-планга олуттуу таасирин тийгизди. Акселерация мезгилинде 8 ишкана түзүлдү, 11 ишкана 75 жаңы жумуш ордун түзүштү, 4 ишкана уруксат кагаздарын алды, 12 ишкана бизнес процесстерин оптималдаштырды, 3 компания ребрендингди өткөрдү.

Программанын бүтүрүү иш-чарасы демонстрация күнү болду, анда окуу курсун ийгиликтүү аяктаган катышуучулар, 16 ишкерлер, өз компанияларын инвестициялык консультативдик комитетке тааныштырышты жана инвестицияларды масштабдоо үчүн иштелип чыккан стратегияларды сунушташты.

Питчингдин жыйынтыгы боюнча “Аccelerate Prosperity ASIA” долбоордун алкагында 50 000 АКШ долларына чейинки долбоорлорду өнүктүрүүгө инвестиция алуу максатында андан ары комплекстүү баалоо (DD – due diligence) үчүн төмөнкү долбоорлор тандалып алынды: ЖИ “Окенов К.А.”, ЖИ “Тилек Осмонов” и ЖЧК “Нур-Береке Арал”.

Due diligence-тен өткөндөн кийин, компаниялар инвестиция алышат. Ошондой эле, акселерациянын катышуучулары бүтүрүүчүлөрдүн клубуна жана уюмдун андан аркы иш-чараларына мүмкүнчүлүк алышат.

Маалымат үчүн:

Бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргалчылыктын жогорулатууга багытталган.

Ага Хан уюмунун Борбордук жана Түштүк Азиядагы өнүгүү боюнча жаңы глобалдык демилгеси, Accelerate Prosperity-нин миссиясы – өнүгүп келе жаткан экономикалардагы өсүп келе жаткан ишкерлерди жаңы тармактарды өнүктүрүүгө, туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана жамааттарды чыңдоого шыктандыруу болуп саналат. Accelerate Prosperity  техникалык колдоо, чыгармачыл каржылык чечимдер аркылуу туруктуу чакан жана өсүп келе жаткан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Бул – 95-ирет өтүп жаткан азем. Режиссерлор Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерттин “Бардык жерде жана бир убакта” чыгармасы эң мыкты көркөм фильм сыйлыгына ээ болду. Тасма жети “Оскар” алды.

Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерт эң мыкты режиссура жана эң мыкты оргиналдуу сценарий үчүн сыйлык алышты. Пол Рожерс эң мыкты мантаж үчүн байгеге ээ болду.

Эң мыкты актирса наамы Мишель Еого берилди. Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу үчүн байгеге Жейми Ли Кертис татыды. Ке Хюи Куан экинчи пландагы мыкты актер аталды.

Режиссер Даррен Аронофскинин “Кит” фильминде ойногон 54 жаштагы Брендан Фрейзер эң мыкты актер сыйлыгын алды. Бул тасма эң мыкты грим жана чач жасалгасы үчүн да “Оскарды” жеңип алды.

Режиссер Эдвард Бергердин “Батыш фронтто өзгөрүү жок” эмгеги бул аземдин эң мыкты чет өлкөлүк тасмасы болуп калды. Картина эң мыкты оператордук иш жана оргиналдуу саундтрек үчүн да сыйлык алды.

“Аватар. Суу жолу” тасмасы эң мыкты визуалдык эффект үчүн “Оскарга” ээ болду.

Гильермо дель Торонун “Пиноккио” чыгармасы эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм аталды.

Канадалык режиссёр Дэниел Роер тарткан “Навальный” аттуу даректүү тасма “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында “Оскар” сыйлыгын алды. Салтанатка режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы, кызы жана уулу – Юлия, Дарья жана Захар да катышты.

Индиялык Гонсалвес менен Гутит Монгинин “Пил сүйүүчүлөр” картинасы эң мыкты кыска метраждуу фильм аталса, “Бала, Момолой чычкан, Түлкү жана Ат” мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм катары “Оскарга” татыды.

 

Кыргызстанда Орозо айы 23-мартта башталат

Быйыл Кыргызстанда Орозо айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтияттан белгилешкендей, Орозо айынын башы күн менен айдын чыгышына жараша бир күнгө жылышы мүмкүн.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармап, ал Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Муфтият жыл сайын Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитет. Өткөн жылы ал 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм арпа жана курма баасы деп аныкталган.

УКМК: Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад шаарынын аймагында тиешелүү шаар куруу жана уруксаат документтери жок системалуу түрдө көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча фактылар аныкталды. 

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.  

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, “шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш”. 

Бирок, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Орустардан коркпой "Украинага даңк!" деп айтып, автоматтан ок жеп, каза болгон украиналык туткун жоокер Александр Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылды

Украинанын Коопсуздук кызматы “Украинага даңк!” деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши “Украинага даңк!” деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.

Садыр Жапаров эки ири инвестициялык долбоор, Хабибулла Абдукадыр тууралуу

Президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы $321 млн түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу, ошондой эле бизнесмен Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Хабибулла Абдукадыр аттуу бизнесмен буга чейинки президенттер менен байланышы болгон, эми азыркы президентке да жол тааптыр дегендер чыгууда. Ал сиз капсуласын салган объекттерде инвестор деп да айтылууда. Ушуга комментарий берсеңиз?

— “Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз” деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет.

Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 млн доллар турган мечит- медресе салып башташты. Бул мечитти “Аллахтан сооп табабыз” деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришмей болду. Курулуш бүтөөрү менен муфтияттын балансына өтөт. Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Ошого шарт түзүлүп жатат. Буга чейинки ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келишип ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар.

Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алышып “Бишкек-сити” деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?

Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам.

Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын.

Дагы бир элдин эсине салып койчу нерсе. Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Мындан ары да – мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул деген сөз мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим.

Албетте, коррупцияны жүз пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп атышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз. Убакыт керек.

— Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

13-марттан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 2023-жылдын 13-мартынан, (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо), мекендеш статусун алуу үчүн кайрыла алышат.
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран:
1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда – калкты тейлөө борборуна (мындан ары – КТБ) же аймактык бөлүктөрүнө кайрылышы керек;
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун (Мекен-карт) ыйгаруу анын ээсине Кыргызстанда жүрүүнүн, мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн, билим алуунун жана дарылоонун тартибине, ошондой эле эмгек укуктарына өзгөчө укуктарды берет.
Мекен-карт алуу үчүн документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Кошумча суроолор болсо, 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).

Ысык-Көлдө моторлуу кайык менен мыйзамсыз балык кармап жүргөн 21 жаштагы тургун кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча масштабдуу рейдтик иш-чара өтүүдө.

Аталган рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 даана мыйзамсыз кармалган балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди. 

Алардын корунтундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

Accelerate Prosperity бизнес акселератору Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкер жаштарга колдоо көрсөтүүнү баштады

Эртең, 11-март күнү Accelerate Prosperity бизнес акселератору активдүү жана идеялуу жаштарды ОшМУда (ОшМУ) өтө турган Youth CUP алдын-ала инкубациялоо программасынын расмий эмес ачылышына чакырат.

Youth CUP идеясы бар жаштар командалары менен иштешүү аркылуу алардын идеяларын толук кандуу стартапка чейин өсүп жетүүсүнө жардам берүүнү максаттайт.

Программа минималдуу жашоого жарамдуу өнүмгө ээ болгон жаңы бизнестерге, ошондой эле өнүгүү үчүн келечектүү идеясы бар ишкерлерге колдоо көрсөтүп,  насаатчылык кылат. Мыкты долбоорлор өз идеяларын өнүктүрүү үчүн 10 000 доллардай инвестиция ала  алышат.

Youth CUP ачылышында Accelerate Prosperity, Кыргызпатент жана ОшМУнун өкүлдөрү идеялары бар стартаперлер жана жаш ишкерлер менен сүйлөшөт. Тажрыйбалуу ишкерлер Сабина Темиралиева (Макаронная) жана Бактияр Замирбеков (BeGreen) өз тажрыйбалары жана ийгилик сырлары менен бөлүшөт.

“Бул программа максималдуу түрдө катышуучулардан жыйынтык чыгарууга багытталат. Эгерде команда эч нерсе кылбаса, катышуудан чыгып калат, анын ордуна жаңысын алабыз. Бул терс жыйынтыктар үчүн командаларды четтетебиз дегенди билдирбейт. Тескерисинче, терс натыйжа да команда мүчөлөрүнүн жасалган иш-аракеттеринин жыйынтыгы болуп саналат. Программанын баалуулугу – бул ар бир катышуучуну программанын жүрүшүндө ишкер катары өстүрүү”, – деди акселерация боюнча менеджер Айжан Алишерова-Дуймаз.

Youth CUP алдын-ала инкубация программасына 20-мартка чейин катталсаңыз болот. Натыйжаларды бербеген долбоорлор программанын жүрүшүндө чыгарылып, бош орунга жаңы долбоорлорду алуу улантылат. Программа 8 жума бою онлайн түрүндө өтөт. Билим берүү акысыз жана программаны аяктагандан кийин эң мыкты долбоорлор 10 000 долларга чейин инвестиция ала алат.

Программага катышуу үчүн тандоо критерийлери:

— Кыргызстандын бардык аймактарынан 29 жашка чейинки жарандар арыз бере алышат;

– Командада экиден кем эмес адам болушу керек;

– Сиз идея, прототип менен тапшыра аласыз (биринчи сатылган продукцияларга уруксат берилет);

– Катышуу үчүн юридикалык каттоо же патент/күбөлүк талап кылынбайт;

Тапшыруу үчүн: https://kg.accelerateprosperity.org/youthcup23

Accelerate Prosperity – бул Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (AKDN) демилгеси жана инклюзивдик экономикалык өсүштү жогорулатуу, жергиликтүү потенциалды жогорулатуу максатын көздөгөн “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат. Бул каржылоолор экономикалык өсүүнү камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу, жарандардын жана жергиликтүү институттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, плюрализмди жана коомдук биримдикти жайылтуу үчүн инновациялык чечимдерди издөөгө жана ишке ашырууга багытталган.

USAID жана Ага Хандын  “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аялуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.

УКМК: Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн 572 994 сомду кымырып алышкан айыл аймагынын башчысы менен “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, Кабак айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж”  ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган. 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объектти пайдаланууга берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей бүткөрүү болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 28-февралында бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: IT жабдууларын сатып алууда 20.000.000 сом "жеп" койгон «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында, «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК жана Өзбекстан Республикасынын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагынан кармалып, Өзбекстан Республикасынын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны КР УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкен туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.  

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.     

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Кемпир-Абад иши: шаардык сот жети кишини абакта калтырды

9-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып жаткандардын айрымдарынын бөгөт чарасын карап камакта калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз берген. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши менен камакта жаткандардын бөгөт чарасын кароо 10-мартта уланат.

Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Опузалап 50.000 сом пара алып жаткан жеринен Токмок шаардык милициясынын улук тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 7-мартында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. кармалды. 

Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди..

УКМК: Жалал-Абад курортунун директорунун орун басары бейтаптардан пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Меню