Menu

Азаттык радиосу

"Азаттык" радиосунун жетекчиси болуп медиаменеджер Стивен Капус дайындалды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Директорлор кеңеши Стивен Капусту эл аралык медиа корпорациянын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Ал 2024-жылдын 1-январында кызматка киришет. Капус АКШ Сенаты Телерадиоберүү боюнча эл аралык кеңештин курамын бекитип, анын талапкерлигине добуш бергиче компаниянын жетекчисинин милдетин аткарып турат.

Капустун журналистика тармагында 25 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Ал NBC News телеканалынын мурдагы президенти, NBC Nightly News, The News, CBS Evening News долбоорлорунун аткаруучу продюсери болгон.

Соңку жылдары ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесинин жана АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин стратегиялар боюнча кеңешчиси болуп жүргөн.

Капус 2023-жылдын жайында кызматтан кеткен Жейми Флайдын ордуна келет. Июль айынан бери мекеменин президентинин милдетин Жефф Гедмин аткарууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу – АКШнын Глобалдык медиа агенттиги аркылуу Конгресстин гранты менен каржыланган көз карандысыз медиа корпорация. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Украина, Иран, Ооганстан, Пакистан, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү), биринчи кезекте медиа эркиндиги чектелген жерлерде радио, Интернет, телевидение жана мобилдик байланыш аркылуу 27 тилде маалымат таратат.

Шаардык сот "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.

Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган.

Соттук жараянда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди. Адвокаттын айтымында, министрлик таянып жаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.

Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтты.

Жыйынтыгында шаардык соттун коллегиясы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

“Азаттыктын” адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

“Азаттык Медиа” Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.

“Азаттык” туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн "Азаттык" боюнча билдирүүсү

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү биринчи инстанциядагы Бишкек райондук сотунун “Азаттык” радиосунун лицензиясын жокко чыгаруу чечимин тынчсыздануу менен кабыл алат жана жогорку инстанциядагы соттун апелляциялык кароосун адилеттүү кароого чакырат. Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик массалык маалымат каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт.

Ыдырыс Исаков, "Азаттыктын" мурунку журналисти: "Азыр "Азаттык" катардагы бир дүжүр медиадан көп айрымаланбай, бийликтин ойношундай болуп калды"

“Азаттыкты” жабуу боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунун чечиминен кийин белгилүү журналист, “Азаттыкта” көп жылдар иштеп, өз ыктыяры менен кеткен Ыдырыс Исаков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына төмөнкүдөй пост жазды:
Азаттык акыры жабылыш керек!
Ошондо “Азаттык” Прагадан сүйлөп, эркин болот. Бишкек офисиндеги такшалган журналисттер жок эле дегенде 5-6 топко бөлүнүп, дагы 5-6 “Азаттык” пайда болот. Андан эл утат.
Анан өлкөдө маалыматтардын көп түрдүүлүгү пайда болот. Сапаттуу контент жаратууга жөндөмдүү бир нече маалыматтык институттар түптөлөт. Мамлекеттик бюджеттин көзүн караган маалымат каражаттарынын канчалык керексиз экени ошондо ачык көрүнөт.
Айтам деген адамга чети оюла элек темалар чачтан көп.
-ФУГИ деген жемкана мекемени ачып берген бир журналистти көрө элекмин.
-Аймактык административдик ирилештирүүнүн зарылчылыгын түшүндүргөн тиштүү медиа али чыга элек.
-Чал-кемпирлердин чайканасына айланган Профсоюздардын ичиндеги ириңди эч бирибиз жара элекпиз.
Буга окшогон ондогон ири темалар дың бойдон жатат. Азаттык жабылбаса азуусу сынган аюдай болуп кала берет. Андан көрө Азаттык бар болсун, же жок болсун.
Азаттыктын эле оозун карап отура берүү да өзүн актабай турганын турмуш көрсөттү. Мисалы;
Жер-суу аттарын ыйгаруу боюнча мактаган азаттыгыбыз дүң эткен салмактуу бир иликтөө жасай алган жок.
Мамлекеттик оорукананы басып алган ата-бала Мамакеевдер тууралуу Азаттык эч качан ооз ачкан эмес.
Азаттык азыр ар теманын башын айтып, аягына чыкпаган катардагы кадимки бир дүжүр медиадан көп айырмаланбай калды.
Мисалы Азаттык президент Жапаровдун бийликтеги туугандык байланыштары тууралуу бир иликтөө чыгарган жок.
Ташиев тууралуу оозго аларлык бир материал жасаганга жарабады.
Баткенди калыбына келтирүүдөгү коррупция тууралуу ооз ачкан жок.
Ташиев, Жапаровдор тууралуу жаңы пайда болгон Болот Темировдон арттка калган.
Ошондуктан Азаттыкты ашыкча идеалдаштырганды токтотуш керек. Азаттык жабылса оңолот. Жабылбаса тиши жок кемпирдин кейпин кийип, эл артында салбырап жүрө берет. А азыр Кыргызстанга тиши жок кемпир керек эмес. Жок дегенде ныксыраган чиновниктин бетине муздак суу чачканга жараган жандуу медиа керек.
Азаттык азыр бийликтин ойношундай болуп калды. Кааласа жакшы сөз айтып мактап коёт. Каалабаса карабай коёт. Кааласа келет, каалабаса келбейт. Муну ойноштук дейт.”

Бишкектин Ленин райондук соту "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечим кабыл алды

“Азаттык Медиа” мекемесинин адвокаттарынын бири Темир Султанов Ленин райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арыз берилерин билдирди. Ал соңку сот процессте судья келтирилген жүйөлөрдү, негиздерди эске албаганын айтты.

Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесине каршы арызын кканааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.
Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.
26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.
“Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда “Бул видеоматериалда улут аралык кастыкты козутуунун жана согушка үгүттөөнүн лингвистикалык белгилери барбы?” деген эки так суроо коюлган. Лингвист эксперт бул суроолорго жооп бере алган жок. Биз азыр баарыбыз анын “Бул эки суроого мен жооп берген жокмун, себеби алар менин компетенцияма кирбейт” деген ачык жана так жообуна күбө болдук. Ошондуктан доо арыз эч негизсиз жана аны четке кагуу зарыл. Анткени доогер тараптын “Эгер ЖМК согушка үгүттөгөнү аныкталса, аны жабуу керек” дегенин бүгүнкү эксперт корутундусу менен да, көрсөтмөсү менен да бекемдеп бере алган жок”.
Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалган эле. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.
“Азаттыктын” адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.
Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.
Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.
Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Эрбол Султанбаев АКШ сенаторлорунун кайрылуусуна жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун “Азаттык Медиа” тууралуу кайрылуусуна жооп берди.

“Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору “Азаттык медиа” айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет. “Азаттык Медианын” ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин, иинистрлик “Азаттык медиа” редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган”, – деп жазылган анда.

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана “Азаттык” радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө “Азаттык” радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Алар Кыргызстандын басма сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу милдеттемеси АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында “Азаттык” радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришкен. АКШ сенаторлору Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы сөз эркиндигине байланыштуу айткандарын эске салышкан.

Ошол эле кезде алар кыргыз өкмөтүнүн “Талибан” кыймылынан (Кыргызстанда тыюу салынган) улам Бишкекке жер которууга аргасыз болгон “Азаттык” радиосунун ооган кызматынын журналисттерине көрсөткөн колдоосун кубатташкан.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык” радиосуна байланыштуу кыргыз бийлигинин бул чектөөлөрүн сындап, билдирүүлөрдү таркаткан. Кыргызстандын бир катар маданий жана коомдук ишмерлери радиого каршы кысымды токтотуу жана сөз эркиндигин сактоо өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө эркин медианын иши чектелгени тууралуу маалыматтарды четке кагып келатышат.

Парламент "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредиттөө комиссиясы “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирип, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу үчүн журналисттер парламенттин маалымат кызматынан аккредитациялык ырастамаларды алат.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырды.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралат деп күтүлүүдө. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылды.

УТРК жана НТС каналы "Азаттыктын" радио, телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту

Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы “Санжыра” радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирген жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынганы расмий айтыла элек. “Азаттык” НТСтин жетекчилигине кайрылып, соңку жагдай тууралуу расмий түшүндүрмө сурады.

НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, “Азаттык” радиосунун “уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз” деген маалыматты айтуу менен чектелген. Кимден көрсөтмө алганы жана эфирди токтотууга эмне негиз болгону, ал үчүн тиешелүү расмий кагаздын бар-жогун маалымдай албай турганын айткан.

13-ноябрда “Азаттык” Ивакова менен байланышканда, “себебин мен деле толук билбейм” деген жооп узатып, маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бере турганын билдирген.

“Азаттыктын” таңкы жана кечки радио берүүлөрү “Санжыра” аркылуу 2018-жылдан тартып обого чыгып турган.

Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан чыгып келген.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

2-ноябрда “Демирбанк” эсеп “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

Финансылык чалгын кызматы, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) расмий жооп бере элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

"Азаттык" УКМКдан, Финчалгын кызматынан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

“Азаттык Медиа” мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген “Демирбанктын” катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек.

31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда “Демирбанк” “Азаттык Медианын” эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

“Азаттык Медиа” банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда “Демирбанктын” өкүлдөрү “Азаттык Медианын” эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

“Азаттык Медиа” УКМКга да расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча атайын кызматтан жооп ала элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз”, – деген билдирүү жасаган. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

Эдил Байсалов “Азаттык" радиосунун ишмердигин “Тап-таза бузукулук!” деп уяткарды

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Тwitter социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттык” радиосун кескин сынга алды.

“Мына эми карагылачы. Стандарттын стандарты дегендердин кылганын. “Эмнеси болсо да өнүгүү болбосун! Мамлекетке каршы чыккандын баары таза! Өкмөттүкү дайым туура эмес” деген логиканын кесепети. Токтоткула мындайыңарды. Бул эркиндик эмес. Тап-таза бузукулук!” – деп жазды Эдил Байсалов.

“Бул жердеги маскаралык бул “Азаттык радиосундагы” биз жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр деп эсептегендер тирешүү жана карама-каршы коюу максатында бир сөзмөрдүн эки жыл мурунку эски видеосун жаңы жаңылык катары жарыялоону чечкендиги. Бул аталган редакциядагы жана жалпы басма сөздөгү жакшы эмес ситуациянын реалдуу иллюстрациясы”, – дейт Байсалов.

Эсиңиздерге сала кетсек, 14-август күнү Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Ырыс Жекшеналиев өзүнүн “Полит Узник” баракчасында абактан араң кутулган УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевдин 2 жыл мурунку Жетим-Тоо боюнча видеосун жаңы жаңылык катары жарыялаган. Аны аңдабай “Азаттык” радиосу да жаңы жанылык катары “Сегизбаевдин Жетим-Тоодогу кенди иштетүүгө каршы пикири жарыяланды” деп элге жар сала баштаган.

Эдил Байсаловдун уяткаруусунан кийин “Азаттык” өз жаңылыгын алып салган.

Меню