Menu

“Азаттык Медиа” сайты

Сот "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча доо арызды кароону токтотту

Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемеси банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы жазган арызды кароону токтотту. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимди “Азаттык Медианын” Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кабыл алганын билдирди.

Сыдыков банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу “Азаттык Медиа” мекемеси 2022-жылдын 27-октябрынан 28-декабрына чейин каражатын пайдалана албаганын, мындан улам башкаруучу компания салыктарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айып пул катары мамлекетке кошумча 100 миң сомдон ашык акча төлөөгө аргасыз болгонун билдирди.

Адвокат сот ишти маңызы боюнча карагандан кийин гана чечим чыгарышы керектигин белгилеп, жогорку баскычтагы сотко доо арыз жазыларын кошумчалады.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы” банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, “Азаттыктын” “Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен” чыгарылганын расмий жарыялаган.

Азыр “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иши уланып жатат. 7-мартта Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Министрлик өткөн жылы 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

“Азаттыктын” банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Бекешев: “Азаттыкты” жабышса коррупция тууралуу жазган башкалар этияттап калышат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эгер “Азаттык” жабыла турган болсо өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) коррупцияны ашкерелеген макала жарыялоодо этияттап калышат деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 25-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Депутаттын пикиринде, ушундай эле ыкма дагы бир ЖМКга каршы колдонулгандан кийин баары унчукпай калат.

“Жада калса социалдык түйүндөргө жазып жүргөндөр да унчукпай калышат. Медианы оңой эле жаап жатышкан жерде эркиндик менен мүлктү да оңой эле тартып ала беришет”, – дейт Бекешев.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Маданият министрлиги "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды.

Бул тууралуу министрликтин “Азаттыкка” жөнөткөн маалымкатында айтылат. Катта сотко мекеме качан кайрылган датасы көрсөтүлгөн эмес.

Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат” деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеп жатат.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” – ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Биринчи радио” техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана “Азаттык” радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө “Азаттык” радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин “чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого” чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.

"Азаттык" УКМКдан, Финчалгын кызматынан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

“Азаттык Медиа” мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген “Демирбанктын” катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек.

31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда “Демирбанк” “Азаттык Медианын” эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

“Азаттык Медиа” банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда “Демирбанктын” өкүлдөрү “Азаттык Медианын” эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

“Азаттык Медиа” УКМКга да расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча атайын кызматтан жооп ала элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз”, – деген билдирүү жасаган. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү

“Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты.

“Демирбанк” азырынча “Азаттык Медиага” расмий түшүндүрмө бере элек.

УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыктын” эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү өтүндү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн – авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети”=” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындаган.

АКШнын Мамдепартаменти "Азаттыктын" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстан бийлигинин “Азаттык Медианын” сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“АКШ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Эркин басма сөз бардык иштеп жаткан демократиялар үчүн маанилүү”, – деди ал.

Нед Прайстын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттердеги баракчасында бөлүштү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрлик тараткан билдирүүдө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” жазылган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

КР Маданият жана маалымат министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту. Өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү.
Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы (https://www.youtube.com/watch?v=zGU3o1Y4p4w) жана (https://rus.azattyk.org/a/32037683.html) эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында “Азаттык Медиа” мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, “Азаттык Медиа” тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Ошондуктан министрлик Кыргыз Республикасынын “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын 24-октябрындагы № 12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн.
Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин” жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, “Азаттык Медиа” сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды.
Меню