Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

БУУ: Газа тилкеси балдардын көрүстөнүнө айланып баратат

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин кескин сынга алып, карапайым калкка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотууну талап кылды.

Анын айтымында, Израил гумандуу согуш жүргүзүү боюнча эл аралык мыйзамдарды ачык эле бузуп жатат. ХАМАСка каршы согушта карапайым калкты коргоо негизги максат болушу керек.

“Израил карапайым элди бомбалоону жана өлтүрүүнү, ооруканаларды, качкындар лагерлерин, мечиттерди, чиркөөлөрдү жана жарандык инфраструктураны, анын ичинде баш калкалоочу жайларды жок кылууну улантууда. Газа балдардын көрүстөнүнө айланып баратат”, – деди БУУнун баш катчысы.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Гутерриштин Газа тилкеси “балдардын көрүстөнүнө” айланып баратат деген билдирүүсүнө кескин жооп кайтарды.

“Уят, Антонио Гутерриш! Газа тилкесинде ата-энеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 30дан ашык бала, анын ичинде 9 айлык ымыркай барымтада”, – деп жазды Коэн “X” социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Мындан тышкары БУУнун ири гуманитардык мекемелеринин жетекчилери менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) биргелешкен билдирүү жасап, Газа тилкесинде гуманитардык максатта тез арада ок атышууну токтотууга чакырышты.

“Дээрлик бир айдан бери дүйнө жүзү Израилдеги жана оккупацияланган Палестина аймагындагы кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууда. Курмандыктардын санынын өсүшү үрөйдү учурууда. Ракеталар түшүп, он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул коркунучтуу. Бирок мындан да коркунучтуусу – Газада андан да көп карапайым калктын өлтүрүлүшү жана 2,2 миллион палестиналыктын тамак-аш, суу, дары-дармек, электр энергиясы жана күйүүчү майсыз калганы”, – деп айтылат билдирүүдө.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

Интерпол: Кыргызстандын 100дөн ашык жаранынын $1 миллион 400 миң акчасын алдап качып кеткен "Финико" каржы пирамидасынын жетекчиси Түркиядан кармалды

ИИМдин Интерпол Улуттук бюросу Турциянын Анталья шаарында Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жабыр тарткан кылмыштуу иш-аракеттерден 1,4 миллион АКШ долларынан ашык зыян тарткан “ФИНИКО” финансылык пирамидасын уюштуруучулардын бирин кармашты.
 ИИМдин Интерполу менен Турциянын ИИМдин Интерполу биргеликте жүргүзгөн ыкчам – издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын ноябрында эл аралык издөө жарыяланган 43 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды.
 Аталган шектүү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык, кылмыш коомчулугун түзүү жана ага катышкандыгы үчүн изделип жаткан.
 Буга чейин ИИМдин Интерполу Грузия жана Россия Федерациясынын Интерполу менен биргеликте кылмыштарга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Э.М. (Тбилиси шаарындагы №8 түрмөсүндө камакта, КР Башкы прокуратурасы менен бирдикте экстрадициялоо маселелери иштелип жатат), А.Ч. (Россиядан Кыргызстанга экстрадицияланган) жана чет мамлекеттин жараны Д.К. шектүү өз мамлекетинин аймагында жасалган ушундай эле кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турат.
 Чет мамлекеттин жараны Д.К. жарандардын акча каражаттарын алуу жана мыйзамсыз ээлеп алуу максатында финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен алдоо жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого багытталган туруктуу кылмыштуу топту түзгөн. Тактап айтканда, “Финико”аттуу каржы компаниясын уюштурган.
 “Финико” компаниясынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары Э.М., А. Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М. аттуу жарандар кирген, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери болуп дайындалган.
 2019-2021-жылдар аралыгында жогорудагы адамдар уруксат берүүчү документтери жок Бишкекте 17 кеңсе жайын мыйзамсыз ачышкан.
Республиканын аймагында ишмердлгн жргзп, жалпы суммасы 1 283 414 АКШ долларын жана 5 764 980 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алышкан.

УКМК: Жогорку соттун сот аткаруучусу 45.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 3-ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын УКМК системалуу мүнөздөгү ушуга окшош фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

"Манас" аэропортуна жакын жерде жол тосуп, автожарыш уюштургандарга кылмыш иши козголду

Бишкек – ​​“Манас” аэропорту трассасындагы окуя боюнча  Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы комментарий берди.

Расмий маалыматка караганда, Манас айылында белгисиз адамдар автожарыш өткөрүү үчүн жол тосуп, коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Алар милициянын талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.

Бишкек – “Манас” аэропорту жолун тоскондор милициянын кызматтык унаасына таш ыргытышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Окуяга тиешеси бар кишилер аныкталып, суракка алынды. Маалым болгондой, бир айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып жайга киргизилди. Ошондой эле бул кылмышка күнөөлүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

5-ноябрга караган түнү Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда автожарыш өткөрүү пландалган. Бирок аймактын жашоочуларына бул жакпай, чыр чыккан.

Аксынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, ай сайын 20.000 сом "салык" алып жүргөн прокурор кармалды

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына Жалал-Абад облусунун тургуну укук коргоо органынын кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Арызда прокуратура кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап, акча каражатын алып жүргөнү айтылат. Аталган факты Аскердик прокуратурасында каттоого алынып, андан ары иликтөө үчүн материалдар Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Топтолгон материалдардын негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-аракеттерди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында прокуратуранын кызматкери башка районго которулганы аныкталган. Ага карабастан айдын аягында кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылган.
Андан аркы аракеттер укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Прокуратура кызматкеринин кезектеги опузалап талап кылуусунан кийин, ишкер 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон.
Ошол эле күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жана Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүргүзүлүп, Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысын жумуш ордунда кармалган. Буга чейин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда жаңы жумуш ордуна которулган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы белгилер коюлган акча каражаттары далил катары төлөм терминалынан алынган.
Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.

УКМК: Конфискацияланган 48 миллион сомдук контрабандалык тамекини 8 миллион сомго сатып жиберишкен сот аткаруучу, салыкчы жана бажычылар камакка алынды

КР УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  

Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн. 

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Чечен активисти Мовлаев УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди

Кыргызстанда кармалып, камакка алынган чеченстандык активист Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда өткөн апелляциялык арыздар боюнча соттук отурумдун башында айтып үлгүрдү.

“Урматтуу судья, мени тергөө абагында кыйнап жатышат. Мени соттон баш тартууга мажбурлап жатышат”, – деди ал.

Мовланов сөзүн аягына чыгара алган жок. Соттук коллегиянын төрагасы отурум жоопкер тараптын апелляциялык арызы сот өндүрүшүнө келе электигин айтып, жараянды 16-ноябрга дайындады.

Адвокат Бакыт Автандил Мансур Мовлаевдин билдирүүсү боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрыларын журналисттерге жараяндан кийин маалымдады.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, чечен президентин сындап келген активист Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан. Быйыл августта Кыргызстандын коопсуздук кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Коопсуздук кызматынын маалыматында 28 жаштагы Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоону көздөгөн деп шек саналып жатканы жазылган. Мекеме ошондой эле ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнүн кошумчалаган.

Мовлаевге “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү” беренеси менен айып тагылып, 4-октябрда ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аягында мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган.

Активист соттогу акыркы сөзүндө Чеченстанга депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе да бул жакта жазасын өтөөнү суранган. Апелляциялык арызда да кылмыш беренесиндеги эң жогорку жаза – эки жылга эркиндигинен ажыратуу суралган.

 

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин экс-премьер-министр Сапар Исаковго белек кылган люкс классындагы кымбат баалуу брондолгон машинасы камакка алынды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.

Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн  мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

УКМК: Ош облусунун тургунун камайбыз деп коркутуп, 400.000 сом пара алышкан милициянын офицерлери камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлер тобунун курамында Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалды. 

Ош шаардык ИИБнын ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., милициянын капитаны Э.С.Э. жана милициянын майору Ж.у.Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургуну А.у.С.дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкандыгы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана Ош ШИИБнын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Жыйынтыгында акыркысы УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган.

2023-жылдын 3-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБнын кызматкерлери, милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. кармалып, Кыргыз Республикасынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

УКМК: Кадамжайда баасы 1 миллиард 63 миллион сомдук 624 гектар трансформацияланбаган жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберген айыл аймактын жетекчилери камакка алынды

КР УКМК тарабынан Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши тергелүүдө. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С.  жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды, алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен, бирок иш жүзүндө 624 га жер экени аныкталды, анын ичинен 61,37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берилген, ал эми 556,63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген. 

Ошол эле учурда, көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду. 

Эскертүү: мурда КР УКМК органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын И.Ж. аттуу жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом өлчөмүндөгү паранын 50 миң сомун кайтарып жаткан жеринен Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, кармалган К.А.С.нын турак-жайы, айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы, жалпы суммасы 5 млн 450 миң сом мамлекетке конфискацияланды.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Меню