Menu

Сот аткаруучулары

УКМК: Жогорку соттун сот аткаруучусу 45.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 3-ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын УКМК системалуу мүнөздөгү ушуга окшош фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

УКМК: Конфискацияланган 48 миллион сомдук контрабандалык тамекини 8 миллион сомго сатып жиберишкен сот аткаруучу, салыкчы жана бажычылар камакка алынды

КР УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  

Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн. 

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню