Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты

Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.

“ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап, тизмесин министрликке бергенбиз. Бул иш азырынча жыйынтыктала элек”, – деди Ибрагимов.

Ал ТикТоктун жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөр уланып жатканын, платформага каттоосуз кирүүгө тыюу салуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу талаптар коюлганын айтты. Ибрагимов азырынча Тикток коюлган талаптарды аткара электигин, алар менен байланыш уланып жатканын кошумчалады.

Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги комментарий бере элек.

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны “сөз эркиндигин чектөө” деп сыпаттагандар да болгон.

Тиркеме 2016-жылы Кытайда чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

АКШда айрым мыйзам чыгаруучулар ТикТокко толук тыюу салуу демилгесин көтөрсө, Европа Биримдиги платформаны кызматтык телефондордон алып салууга көрсөтмө берген.

Батышта тиркемеге ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын, өкмөттүк купуя сырларды Кытай бийлигине өткөрүп берип, платформаны жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.

МБК: бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргизди.

Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет. Ошондой эле, бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өзбекстанда өзүн электр энергиясы менен толук камсыз кылган алгачкы үй курулду

Ташкент облусундагы Нурафшан шаарында кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен өзүн электр энергиясы менен толук камсыз кылган үй курулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үй БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында курулуп, 17-ноябрда ачылышы болду.

Үйгө 15 кВт/саат кубаттуулуктагы күн батареялары орнотулган. Бул имаратты энергоресурстар менен толуп камсыз кылууга жетет. Ошондой эле үйгө күндүн энергиясы менен иштей турган 200 литрлик суу жылытуучу жабдык орнотулду.

Мындан тышкары үй ээси ашыкча электр энергиясын аймактагы энергетикалык компанияларга сатып, кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болду.

Өзбекстанда күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда. Буга чейин энергетика тармагындагы көйгөйлөрдөн улам Ташкенттин көчөлөрүн түнкүсүн жарыктандырууга чектөөлөр киргизилгени кабарланган.

Өлкө боюнча 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору ишке киргизилди

Кечээ, 7-сентябрда, КР Президенти Садыр Жапаров  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө старт берди.

Мамлекет башчысы БШК базасындагы бишкектик Борбордун биринде болуп, анда онлайн режимде аталган масштабдуу долбоорду ишке киргизүү болду.
Садыр Жапаров окуу залын көрүп, аталган долбоордун алкагында билим берүү программаларын окуп жаткан студенттер менен баарлашып, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында билим берүү программалары өтүп жаткан өлкө боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор менен түз байланыш уюштурулду.

Долбоордун катышуучулары – аймактардын тургундары жеринде Президент Садыр Жапаров менен онлайн режимде учурашып, бул борборлордун облустарда иштөөсүнүн келечеги тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле АКШдагы Борбордук Азиялык IT форумуна катышып жаткан кыргызстандык IT делегациясы менен түз байланыш уюштурулду. Ал жакта мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, ата мекендик IT тармагына инвестиция тартууда.

Чогулгандарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө борборлорду түзүү жарандык жана санариптик билим берүүнү системалаштырууга, жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнүн ар кандай программаларын туруктуу негизде ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Мындан тышкары, бул өзгөчө, алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Билим берүү ишмердүүлүгүнө жарандык билим берүү программаларын киргизүү пландаштырылууда. Алар: “КР жараны жана шайлоолор”, “КР саясий системасы”, “КР шайлоо процесси”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Экология жана укук” жана башкалар.

Ошондой эле, компьютердин баштапкы көндүмдөрү, өз алдынча билим алуу жана өзүн өнүктүрүү үчүн интернет ресурстарын кантип колдонуу керек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын кантип колдонуу керек, SEO (сайтыңызды кантип илгерилетсе болот), SMM (жарнамалык көндүмдөрдүн мониторинги), графикалык дизайн сыяктуу жана башка санариптик билим берүү программалары.

Иш-чаралардын форматтары окутуу курстарын (онлайн/офлайн), тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, дебат клубун, аялдар клубун ж.б. өткөрүүнү камтыйт.
Бул социалдык долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.

Акылбек Жапаров: 5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

Белгилей кетсек, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Министрлер Кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», – деди ал.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.

Бүгүн өлкөдө 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын утурлай, 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды. Бул тууралу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат”, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте өткөн стартап борборлорун ачуу аземинде.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, студенттер ар кандай тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыга жылдыруучу идеяларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Аларга тажрыйбалуу насаатчылар жардам берет.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

“Студент биринчи курстан баштап конкреттүү бир бизнес идеяны акыл-оюнда бышырса, акыркы курста стартап форматында ишке ашырса, анын натыйжасында коом үчүн жаңы жана өтүмдүү болгон бир продукт өндүрүүнү жолго койсо, бул чоң ийгиликке жетүү болуп саналат”, – деди министр.

Министр Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын (КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУ) ректорлору жана көз карандысыз эскперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып, жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген. Аталган 31 бизнес-инкубаторлор ушул иш-сапардын алкагында ишке ашты.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Патент” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш планын түзгөн. Анын негизинде студенттик стартаптарды өнүктүрүү, аларды акселерациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизнес-инкубаторлор ачылган жогорку окуу жайлардын тизмеси:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
  • И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  • К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агарадык академиясы
  • Кыргыз Республикасынын эл аралык университети
  • Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  • Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия-Славян университети
  • М. Рыскулбеков атындыгы Кыргыз экономикалык университети
  • К. Дыйканбаев атындагы  КРнын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык акдемиясы
  • И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту
  • Ош мамлекеттик университети
  • М. Адышов атындагы Ош технологиялык университети
  • А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
  • Баткен мамлекеттик университети
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  • Талас мамлекеттик университети
  • АДАМ университети
  • Борбордук Азиядагы Америка университети
  • Эл аралык Алатоо университети (МУ Алатоо)
  • Эл аралык инновациялык технология университети (МУИТ)
  • Салымбеков университети
  • АВС Академиясы
  • Борбордук Азиядагы эл аралык университети
  • ОИӨК “Кыргызстан эл аралык университети”
  • МАУПФиБ

Кыргызстандын эң алыскы Зардалы айылы интернетке туташты

Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылына интернет орнотулду. Аны Кыргыз Интернет Коому ишке ашырып, уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок экенинен сырткары, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калып, өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардамга жете албай, кээде аялдар төрөтканага жетпей жолдон көз жарган окуялар катталып турат.

UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Кыргыз Интернет коому Зардалыда алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат.

Бул аркылуу Кыргыз Интернет Коому UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Жашыл экономиканы колдонуп, мектептерге электр жарыгын, интернетти туташтырып, туруктуу өнүгүүнүн жаңы моделине аракет жасоодо.

Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан.

Биз жергиликтүү акимиатка, чек ара кызматына, UNICEF уюмуна жана Интернет коомунун (ISOC) Башкы кеңсесине ыраазычылык билдиребиз.

Түркиялык “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясы Бишкекке трамвай системасын (жеңил темир жол же заманбап дековил) курууга кызыкдар

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда транспорт жана инфраструктура жаатындагы долбоорлор талкууланды.
Равшанбек Сабиров өз сөзүндө өлкөгө инвестиция салууну көздөгөн ар бир инвестор маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясаты жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде түркиялык инвесторлор Лейлектеги Исхак Раззаков аэропортун модернизациялоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын (жеңил темир жол же заманбап дековил) курууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда талкууланган маселелер боюнча биргелешип жумуш алып баруу макулдашылды.
Эскерте кетсек кыргыз тараптан жолугушууга «Манас» эл аралык аэропортунун президенти Б.О. Шаршеев, Ош эл аралык аэропортунун директору А.С. Токуров, Лейлек районундук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Р. Рахманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.И. Ажибаев жана башкалар катышышты.
Маалымат үчүн: Yapı Merkezi 1965-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн отуздан ашык өлкөсүндө түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иш алып барат.

Акылбек Жапаров Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Заманбап санариптик банк жана экосистема” форумунда сөз сүйлөдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын  мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат жана Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”-деп белгилеген Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, мейли банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи

Өз кезегинде, «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Меню