Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

БУУ: Газа тилкеси балдардын көрүстөнүнө айланып баратат

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин кескин сынга алып, карапайым калкка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотууну талап кылды.

Анын айтымында, Израил гумандуу согуш жүргүзүү боюнча эл аралык мыйзамдарды ачык эле бузуп жатат. ХАМАСка каршы согушта карапайым калкты коргоо негизги максат болушу керек.

“Израил карапайым элди бомбалоону жана өлтүрүүнү, ооруканаларды, качкындар лагерлерин, мечиттерди, чиркөөлөрдү жана жарандык инфраструктураны, анын ичинде баш калкалоочу жайларды жок кылууну улантууда. Газа балдардын көрүстөнүнө айланып баратат”, – деди БУУнун баш катчысы.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Гутерриштин Газа тилкеси “балдардын көрүстөнүнө” айланып баратат деген билдирүүсүнө кескин жооп кайтарды.

“Уят, Антонио Гутерриш! Газа тилкесинде ата-энеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 30дан ашык бала, анын ичинде 9 айлык ымыркай барымтада”, – деп жазды Коэн “X” социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Мындан тышкары БУУнун ири гуманитардык мекемелеринин жетекчилери менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) биргелешкен билдирүү жасап, Газа тилкесинде гуманитардык максатта тез арада ок атышууну токтотууга чакырышты.

“Дээрлик бир айдан бери дүйнө жүзү Израилдеги жана оккупацияланган Палестина аймагындагы кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууда. Курмандыктардын санынын өсүшү үрөйдү учурууда. Ракеталар түшүп, он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул коркунучтуу. Бирок мындан да коркунучтуусу – Газада андан да көп карапайым калктын өлтүрүлүшү жана 2,2 миллион палестиналыктын тамак-аш, суу, дары-дармек, электр энергиясы жана күйүүчү майсыз калганы”, – деп айтылат билдирүүдө.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

"Азаттык" радиосунун жетекчиси болуп медиаменеджер Стивен Капус дайындалды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Директорлор кеңеши Стивен Капусту эл аралык медиа корпорациянын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Ал 2024-жылдын 1-январында кызматка киришет. Капус АКШ Сенаты Телерадиоберүү боюнча эл аралык кеңештин курамын бекитип, анын талапкерлигине добуш бергиче компаниянын жетекчисинин милдетин аткарып турат.

Капустун журналистика тармагында 25 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Ал NBC News телеканалынын мурдагы президенти, NBC Nightly News, The News, CBS Evening News долбоорлорунун аткаруучу продюсери болгон.

Соңку жылдары ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесинин жана АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин стратегиялар боюнча кеңешчиси болуп жүргөн.

Капус 2023-жылдын жайында кызматтан кеткен Жейми Флайдын ордуна келет. Июль айынан бери мекеменин президентинин милдетин Жефф Гедмин аткарууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу – АКШнын Глобалдык медиа агенттиги аркылуу Конгресстин гранты менен каржыланган көз карандысыз медиа корпорация. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Украина, Иран, Ооганстан, Пакистан, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү), биринчи кезекте медиа эркиндиги чектелген жерлерде радио, Интернет, телевидение жана мобилдик байланыш аркылуу 27 тилде маалымат таратат.

Түркиянын Анталья шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Антальянын Муратпаша муниципалитетинин аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта кыргыздын чыгаан жазуучусу атындагы китепкананын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ачылыш аземи Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду.

Салтанатка Элчи Руслан Казакбаев, Башкы консул Рустам Кошонов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Анталья облусунун Губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат, Антальянын Муратпаша муниципалитетинин Мэри Үмит Уйсал, “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” Эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти Динара Жумабаева, Анталья шаарындагы Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Анталья шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери жана өкүлдөрү, академиялык коомчулуктун, бизнес чөйрөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мекендештер жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Иш-чара Кыргызстандан келген акындардын айтышы менен башталып, ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү менен уланды.

Элчи Руслан Казакбаев сөз сүйлөп, бардык чогулгандарды маанилүү окуя менен куттуктады. Ал өз сөзүндө дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун улуулугун баса белгиледи. Ал белгилегендей, китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын бир көрүнүшү.

Ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы китепкана маанилүү маданий борборго айланып, өз өлкөсүнө, элине берилген муунду тарбиялоого көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюстун ачуу аземи да болду. Бюстун калыбына келтирүү долбоору Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун демилгеси менен Аланиядагы мекендешибиз Венера Кожоеванын көмөгү менен ишке ашырылган.

Иш-чаранын урматына парктын аймагында улуттук боз үй орнотулуп, анда конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Башкы консул Рустам Кошонов жетектеген Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулдугу Муратпаша райондук мэриясы менен биргеликте бир жыл бою китепкананы ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барды.

Элчилик жана Антальядагы Башкы консулдук бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгына терең ыраазычылык билдирет. Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий алмашуу жана өз ара түшүнүшүү борбору болуу максатын көздөйт жана ар бир адамга Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Рамзан Кадыров башаламандыктарга катышкандарды "чекеге атуу" буйругун берди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жапырт башаламандыктардын алдын алуу жана зарылчылык жаралса ага катышкандарды “чекеге атуу” буйругун берди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Мындан бир нече күн мурда – жекшемби күнү кечинде Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган.

“Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, аны кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, – деди Кадыров чечен өкмөтүнүн жыйынында.

Чеченстандын башчысы Владимир Путин сыяктуу эле Дагестандагы антисемиттик акцияларга Киев менен Батыш өлкөлөрү “шыкакчы” болгонун айтты.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын мындай дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атаган.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып жатат деп айыптап, аны нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда жекшемби күндөгү башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалганы кабарланган. Бирок аларга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Дагестанда өзбек дарыгери "жөөт" эмес экенин далилдөөгө мажбур болду

Махачкаладагы антисемиттик акция учурунда агрессивдүү топ Москвадан Дагестанга келген адамды Израилдин жараны деп кармап алган.

“Кавказ.Реалии” жазгандай, ал жөөт эмес экенин жана израилдик эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында полициячылар аны жоон топ кишилердин арасынан алып чыгып кеткен.

Ал улуту өзбек, Москвада дарыгер болуп иштеген Дилшод Мамадалиев экени белгилүү болду.

Күч органдары 30-октябрда таңга жуук тополоңду таркатууга жетишти. Бул окуя боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Дагестандын баш калаасы Махачкаланын аэропортунда жекшембиде болгон тоз-тополоңдо 20дан ашуун киши жабыркап, ону олуттуу жараат алганы маалым болду. “Свобода” радиосу полиция 60 кишини кармаганын жазды.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган. Телеграм каналдардын бири жарыялаган видеодо 20дай киши өзүн “өзбекмин” деген жигиттин паспортун тартып алып, кайра бербей жатканы тартылган. Жаалданган топ “жөөттөрдү издөө үчүн” ОМОНдун машинелерин дагы тинткенин “Сота” жазды.

Орус бийлиги Дагестандын башкы аэропортундагы тоз-тополоңго “чет жактардан, анын ичинде украиначыл Телеграм каналдардын кырдаалды дестабилдештирүү аракети” түрткөнүн белгилеп, күнөөнү тышка оодарды.

Казакстан Орусияга товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салды

Казакстандын бийлиги товарлардын 106 түрүн Орусияга сатууга тыюу салды. Бул тууралуу KazTAG агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, тыюу салынган товарлардын тизмесинде аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон продукциялар бар.

“Биз согушка тиешеси бар жана чектөө киргизилген товарлардан башкасынын баарын экспорттойбуз. Бул 106 түрлүү товар, алардын экспортуна тыюу салынды”, – деди Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев.

Тыюу салынган товарлардын катарына негизинен чет жактарда өндүрүлгөн электр чиптери жана электрондук жабдыктар кирди. Төребаев аларды алып келүүгө уруксат берилген, бирок экспорттоого болбойт деп кошумчалады.

Май айында орусиялык “Важные истории” басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel басылмасы жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялар аркылуу Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Казак бийлиги былтыр май айынан тартып аскердик максаттагы товарларды Орусияга сатууга тыюу салганын, эки максатта пайдаланылчу продукцияны экспорттоого уруксат алуу эрежесин киргизгенин айтып келет.

Ошол эле маалда казак Тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарлардын реэкспорту менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөөгө аракеттенгенин билдирген.

Казакстан ХАМАСтын Израилге кол салуусун айыптап, Газадагы жайкын тургундарды коргоого чакырды

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун жана аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесинде жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды.

Мекеменин мындай билдирүүсү 17-октябрда жарыяланды.

“Казакстан ХАМАСтын Израилдин карапайым тургундарына кол салуусун жана израилдиктерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү барымтага алуусун айыптайт. Аларды тез арада бошотуу жана эч кандай тоскоолдуксуз гуманитардык жардамга жетишин камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакырыгын колдойт”, – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Астана тараптарды аскердик аракеттерди токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүгө чакырган.

Мекеменин пресс-релизинде ошондой эле өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде айткан сөздөрү да келтирилген:

“Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук жаралат жана Жакынкы Чыгыш менен бүтүн дүйнө үчүн кейиштүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн”.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1 400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды. Бул топ 130дан ашык адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы-ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан каза болгондордун саны 2 800гө, жарадарлардын саны 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Садыр Жапаров Бээжиндеги "Бир алкак, бир жол" форумуна катышпайт

Президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы 17-октябрда билдирди.

Буга быйыл октябрдагы КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгону айтылат.

Форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышууда.

ТИМ билдиргендей, 17-18-октябрда Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтыгынын үчүнчү форумунун темасы “Бир алкак, бир жолду” жогорку сапатта куруу, жалпы өнүгүүгө жана өркүндөөгө биргелешип жетишүү” деп белгиленген.

Бул форумга 140тан ашуун мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, министрлери жана башка деңгээлдердеги 30тан ашуун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында экология, логистика, санариптик экономика, тышкы соода, маданий-гуманитардык байланыштар, аналитикалык борборлордун ортосундагы кызматташтык, аймактар аралык жана деңиз кызматташтыгын илгерилетүү маселелери талкууланат.

Грузиянын Конституциялык соту президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз Европа мамлекеттерине барып, Баш мыйзамды бузду деп тапты

Грузиянын Конституциялык соту көпчүлүк добуш менен президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз бир катар Европа мамлекеттерине барып, өлкөнүн Баш мыйзамын бузду деп тапты.

Бир нече күнгө созулган сот жараянына Зурабишвили катышкан жок. Ал Франция жана Германиянын президенттери менен жолугушууну мыйзам бузуу деп эсептебей турганын айткан. Грузия президенти Тбилисиге Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирүүдө.

Өлкө конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Конституциялык соттун чечиминен кийин президентке импичмент жарыялоо боюнча мыйзам парламентте добушка коюлат. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жуманын ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Оппозициянын бардык партиялары, анын ичинде Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” да добуш берүүгө такыр катышпай турганын, же импичментке каршы добуш берерин билдирүүдө. Алар бул жараянды саясий бир жактуу деп аташат.

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта Азербайжандын туусун көтөрдү

Жекшемби күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борбору Ханкенди шаарында (армяндар Степанакерт деп атайт) азери туусун көтөрдү.

Мындан тышкары Алиев 19-сентябрдагы аскердик операциядан кийин Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактагы Хожалы, Агдер өңдүү бир катар калктуу конуштарга да барып, Азербайжандын туусун көтөрдү.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча “Тоолуу Карабак Республикасы” деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта “антитеррордук операция” баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.

Андан бери Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден ашыгы Арменияга чыгып кеткен.

Эл аралык коомчулук тааныбаган “Тоолуу Карабак республикасынын” лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январына карата жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Меню