Menu

Рамзан Кадыров

Рамзан Кадыров башаламандыктарга катышкандарды "чекеге атуу" буйругун берди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жапырт башаламандыктардын алдын алуу жана зарылчылык жаралса ага катышкандарды “чекеге атуу” буйругун берди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Мындан бир нече күн мурда – жекшемби күнү кечинде Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган.

“Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, аны кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, – деди Кадыров чечен өкмөтүнүн жыйынында.

Чеченстандын башчысы Владимир Путин сыяктуу эле Дагестандагы антисемиттик акцияларга Киев менен Батыш өлкөлөрү “шыкакчы” болгонун айтты.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын мындай дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атаган.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып жатат деп айыптап, аны нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда жекшемби күндөгү башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалганы кабарланган. Бирок аларга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Рамзан Кадыров Шавкат Мирзиёевге эки жылкы белек кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага эки жылкы белек кылды.

“Мен жылкыларды аябай жакшы көрөм, сиз да жакшы көрөрүңүздү билем. Ошондуктан жалпы чечен элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге эки күлүктү белек кылууну чечтим. Сизге чын ден соолук, узак өмүр, ошондой эле Өзбекстан элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, – деди Кадыров Instagram’га чыгарган куттуктоо видеосунда.

Мындан тышкары ал куттуктоосунда Өзбекстандын президентин “жөнөкөй жана меймандос адам, ошол эле маалда акылман жана алысты көрө билген саясатчы” деп мүнөздөдү.

24-июлда Мирзиёевге коңшу өлкөлөрдүн, ошондой эле Азербайжандын, Беларустун, Орусиянын жана Түркиянын президенттери телефон чалып, аны 65 жылдыгы менен куттукташкан.

23-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин “Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө кызматы үчүн” Шавкат Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Меню