Menu

Шавкат Мирзиёев

Шавкат Мирзиёев кызын президенттик администрацияга кызматка дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик аппараттын коммуникациялар жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Жаңы түзүлгөн бул бөлүм маалыматтык саясат жана коомдук пикирди изилдөө менен алектенет. Мындан тышкары маданият, билим берүү жана социалдык тармактардагы реформалардын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Өзбек лидеринин улуу кызы Саида Мирзиёева 2019-2022-жылдар аралыгында президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттиктин жетекчи орун басары кызматында иштеген. 2022-жылдан тарта Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинин төрага орун басары кызматында иштей баштаган.

2021-жылы ноябрда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган туугандардын тизмесин кеңейткен мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер тууганы менен бир мекемеде иштеп жатканын билгенден кийин 10 күндүн ичинде ал тууралуу жетекчилигине маалымат бериши керек болот. Бул талапты аткарбаган кызматкерлер үчүн 375-500 доллар өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер кызматкер бул тууралуу маалымат бергенден кийин жетекчилик алардын бирөөнү башка кызматка которуу боюнча чараларды көрбөсө, ал 600-750 доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Мирзиёев түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштады

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтырдан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди.

Ал учурдагы дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады. Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонбогонун, бажы төлөмдөрү жогору экенин белгилеп, эркин соода жүргүзүү аймагын түзүүнү сунуштады. Транспорттук байланышты күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Өзбек президенти коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин, дүйнөнүн ар кыл бурчундагы жаңжалдар түрк дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады. Бул шартта коопсуздук органдары терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барышы керектигин сунуштады.

Буга чейин айтылгандай саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат.

Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун баш катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулаган.

Шавкат Мирзиёев алгачкы жолу дүйнөнүн таасирдүү мусулмандарынын тизмесине кирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы жолу дүйнөдөгү таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине кирди.

Бул тизмени Омандагы падышалыктын Ислам стратегиялык изилдөөлөр борбору 2009-жылдан бери түзүп келет. Ага Ислам дүйнөсүндө же мусулмандар үчүн маанилүү маданий, идеологиялык, каржылык, саясий өзгөрүүлөрдү жасоого жөндөмдүү инсандар киргизилет.

“Muslim 500” басылмасы белгилегендей, Өзбекстандын президенти коопсуздук кызматтарынын ыйгарым укуктарын чектөө, тышкы сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана көбүрөөк саясий эркиндик берүү өңдүү бир катар реформаларды ишке ашырды.

2023-жыл үчүн түзүлгөн тизмеде Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, маркум Усманхан Алимов да бар. Ал рейтингге буга чейин да 11 жолу кошулган.

Быйылкы тизмеге мындан тышкары Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да кирген.

Эң таасирдүү мусулмандардын алдыңкы бештигин Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз ал Сауд, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи, Катар амири шейх Тамим бин Хамад ал Тани, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Иордания падышасы Абдулла II ибн ал Хусейн жетектеген.

Мирзиёев ЕБдан Борбор Азиянын интеграциясын активдүү колдоого чакырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-октябрда Астанада өткөн “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде Борбор Азиянын интеграциясына көңүл бурууга чакырды.

«… Глобалдык жана регионалдык абал кескин өзгөрүп, ушул тапта Борбор Азиядагы интеграция жараяндарына европалык өнөктөштөрдүн активдүү колдоосу зарыл болуп турат. Буга байланыштуу Стратегияны аткарууну тездетүү жана биздин өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн көп тармактуу программалык документти – “жол картасын” кабыл алуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайм”, – деди Мирзиёев.

Мындан тышкары ал жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чогуу күрөшүү үчүн Борбор Азия менен ЕБ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын жолго коюуну сунуштады.

“Борбор Азия- Европа Биримдиги” саммити биринчи жолу өттү. Ага чөлкөмдүн лидерлери жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Шарль Мишелден Казакстан жана Өзбекстан президенттери менен адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүүнү сурашкан.

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.

“Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат”.
Нуран Ниязалиев кол коюлчу документтердин мазмунун ачыктаган жок.
Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан.
Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген.

Жапаров менен Мирзиёев Камбар-Ата - 1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата – 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.

Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.

Жапаров ШКУнун 15-16-сентябрь күндөрү өтүп жаткан саммитине катышууда. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп тараптуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолукту.

Рамзан Кадыров Шавкат Мирзиёевге эки жылкы белек кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага эки жылкы белек кылды.

“Мен жылкыларды аябай жакшы көрөм, сиз да жакшы көрөрүңүздү билем. Ошондуктан жалпы чечен элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге эки күлүктү белек кылууну чечтим. Сизге чын ден соолук, узак өмүр, ошондой эле Өзбекстан элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, – деди Кадыров Instagram’га чыгарган куттуктоо видеосунда.

Мындан тышкары ал куттуктоосунда Өзбекстандын президентин “жөнөкөй жана меймандос адам, ошол эле маалда акылман жана алысты көрө билген саясатчы” деп мүнөздөдү.

24-июлда Мирзиёевге коңшу өлкөлөрдүн, ошондой эле Азербайжандын, Беларустун, Орусиянын жана Түркиянын президенттери телефон чалып, аны 65 жылдыгы менен куттукташкан.

23-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин “Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө кызматы үчүн” Шавкат Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Шавкат Мирзиёев чек арадагы соода-сатыкты өнүктүрүүнү сунуштады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарын берди. Алардын бири катары чек ара аймактарындагы соода-сатыкка көңүл бурду.

“Талдоолор оң жылыштар бар экенин көрсөткөнү менен биздин мамлекеттердин соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турат. Ушундан улам биз өз ара соода-сатыкка түрткү берүүнүн жаңы жол-жобосун, ыкмасын жигердүү киргизүүнү сунуштайбыз. Сөз чек арадагы соода-сатык, товарларды алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүү жол-жобосу тууралуу болуп жатат”, -деди Мирзиёев.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери Кыргызстанга 20-июлда келген. Калган эки президентти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан бүгүн, 21-июлда тосуп алды.

Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюлары айтылып жатат.

Бул аймактагы үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялар, Түркмөнстандагы бийлик транзити жана Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен көзмө көз жолугушары да айтылган.

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө "Ак кемеге" түшүп сейилдешти

Бүгүн, 20-июлда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Ысык-Көлдүн үстүндө “Ак кемеде” сейилдешти.

 

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары Жапаров, Токаев, Рахмон, Бердымухамедов жана Мирзиёевдин Консультативдик жолугушуусу өтөт

20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Муратбек Азымбакиев.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Меню