Menu

Европа Биримдиги+Борбордук Азия

Европа Биримдиги Борбор Азия аркылуу Орусияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азия өлкөлөрү Орусияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдикти “эң ылайыктуу өнөктөш” деп эсептейт. Өз кезегинде ЕБ чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар.

Боррелль ЕБ менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер чың эмес экенин белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрү Европанын жана дүйнөнүн базарларына Орусиянын аймагы аркылуу гана чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок ашыкча көз карандуулуктун жана тандоонун жоктугунун баасы өтө чоң болот. Биз муну өз тажрыйбабызда көрдүк”, – деди Боррель.

Өз сөзүндө ал негизинен Кытай менен Европаны Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу байланыштырган Транскаспий коридору жөнүндө сөз кылды. Боррель белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул коридордун техникалык-экономикалык негиздемесинин үстүндө иштеп жатат.

Боррель Орусия менен Кытай Борбор Азияда “маанилүү роль ойной турганын”, бирок Евробиримдик аймактын “негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү” экенин кошумчалады. Ал ЕБ акыркы он жылда Борбор Азияга 100 миллиард евродон ашык инвестиция салганын, бул Орусия менен Кытайга караганда “бир топ көп” экенин белгиледи. Биримдик дагы 300 миллиард еврого чейин бөлүүнү пландоодо.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардан улам Орусия Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну күчөткөн. 2022-жылдын октябрында Орусия – Борбор Азия форматындагы биринчи саммит өтүп, анда орус президенти Владимир Путин “Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын алдыңкы инвестору: биздин түз инвестициялардын жалпы көлөмү беш миллиард долларга жакын” деп билдирген.

КРнын делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты

Кечээ, 17-ноябрда Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.
COVID-19 кризисинин кесепеттерин жоюу үчүн соода-экономикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын ырасташты. Бул максатта сооданын көлөмүн көбөйтүү, “жашыл экономиканы” өнүктүрүү, Борбор Азияга инвестиция тартуу жана ВСП+ программасын натыйжалуу пайдалануу боюнча конкреттүү чаралар жана инструменттер каралды.
Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жана андан ары колдоо, бизнес чөйрөсүн чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өткөн биринчи форумдан кийин Кыргызстандын ЕБ-БА Экономикалык форумун түзүү демилгесин Казакстан 2023-жылы улантышы айтылды.
Аймак өлкөлөрү менен Евробиримдик коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды, чек араны жөнгө салуу, терроризмге, экстремизмге жана баңги аткезчилигине каршы күрөштү талкуулашты.
Дүйнөдөгү бир топ татаал жана чыңалган геосаясий кырдаалдын, Ооганстандагы туруксуздуктун жана дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө чыңалуунун жаңы очокторунун шартында Кыргыз делегациясы бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын жана коопсуздук маселелери боюнча диалогду улантуунун жана пикир алмашуунун жогорку актуалдуулугун белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары климаттын тез жана кайтарылгыс өзгөрүшүнүн маселелери боюнча жалпы тынчсызданууларын билдиришти. Бул маселе боюнча кыргыз тарап кайра жаралуучу энергия, ресурстарды жана энергияны үнөмдөө, “жашыл” транспорт, органикалык айыл чарба калдыктарды башкаруу, токой плантацияларын калыбына келтирүү жана көбөйтүү чөйрөлөрүндө конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу аз көмүртектүү жана жашыл өсүү жолунда чечим болушу мүмкүн экенин билдирди.

Жозеп Боррель: Европа Биримдиги Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен күчтүү, кеңири жана заманбап өнөктөштүктү куруу үчүн бардык аракеттерди жумшоодо

Жозеп Боррель, Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын Вице-президенти.

Кылымдар бою Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштар биздин коомдоштуктардын калыптанышында чоң роль ойноп келген. Европа менен Азиянын цивилизацияларын бириктирип турган, материалдык баалуулуктарды, аны менен бирге бири-бирине болгон маданий жана турмуштук кызыкчылыкты жайылткан Улуу Жибек жолундагы байыркы дүйнөдө соода гүлдөп турган учурга чейин эле, көп убакыт мурун ушундай болгон.

Ал эми байланыштарды бекемдөө дайыма өз ара аракеттенүүнү жана көңүл бурууну талап кылат. Балким, акыркы убактарда биздин эки аймактын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурбай жаткандырбыз. Евробиримдик биздин Борбордук Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте бул нерсени оңдоого ниет кылат. Ушул айдын башында Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель биздин кызматташтыгыбызды бекемдөө максатында аймакта иш сапары менен болду. Ал эми ушул айдын аягында, 2022-жылдын 18-ноябрында, Самаркандда (Өзбекстан) Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Евробиримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы өз ара мамилелер боюнча “Global Gateway” конференциясын өткөрөм.

Биз геосаясий чакырыктар өсүп, бийлик саясаты күчөгөн доордо жашап жатабыз. Биз ошондой эле эки мега-тенденцияларга туш болуудабыз: климаттын өзгөрүшү жана экономика жана коомдоштуктарды санариптештирүү. Ошондуктан «жашыл» өтүүнү тездетүү жана санариптик экономиканы калыптандыруу биздин тышкы саясаттын, Евробиримдиктин саясий күн тартибинин борборунда турат. Биздин Глобалдык шлюз аркылуу Евробиримдик глобалдык деңгээлде «жашыл» жана санариптик өтүүгө көмөк көрсөтүүдө. Биздин бардык жасаган иш-аракеттерибиз өнөктөш өлкөлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырууга жана жергиликтүү коомдоштуктарга пайда камсыз кылууга негизделген.

Биздин Борбордук Азиядагы өнөктөштөрүбүз биз сыяктуу эле кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билебиз: экономиканы пандемиядан кийин калыбына келтирүү, энергетикалык жана климаттык кризисти чечүү, ошондой эле Россиянын Украинага басып киришинен улам келип чыккан тартипсиздикти жеңүү. Бирок бул чакырыктардын бардыгы ошондой эле туруктуураак жана өз ара байланышкан глобалдык экономикага инвестициялоо үчүн мүмкүнчүлүктөр болуп саналат.

Самаркандда биз үч теманы карайбыз: санариптик, транспорттук жана энергетикалык өз ара аракеттенүү. Үч чөйрөнүн баарында тыгыз иштешүүнүн жолдорун издейбиз, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктайбыз жана тыгыз байланыштарды курууга катализатор боло ала турган реформаларды чагылдырабыз. Биз саясатчыларды жана техникалык эксперттерди, эл аралык финансылык мекемелердин өкүлдөрүн, ошондой эле эң негизгиси – бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултабыз. Адамдардын ортосундагы байланышты түзүү менен биз аймактардын ортосундагы байланышты камсыз кылабыз.

 Санариптик чөйрөдө биз коопсуз платформаларды куруу, географиялык тоскоолдуктарды жеңүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу, билим берүүнү колдоо жана жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүктөрүн издейбиз.

Биз ошондой эле экономикалык диверсификацияны жана «жашыл» өсүштү стимулдаштыруу үчүн Борбордук Азиянын ичинде жана Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштарды бекемдөө жолдорун карайбыз.

Климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы олуттуу кесепеттерге алып келээрин баарыбыз билебиз. «Жашыл» энергияга өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн биз аз көмүртектүү энергия булактарына жетүүнү жакшыртуу жолдорун изилдейбиз. Биз, албетте, айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүн, сууну жана калдыктарды башкарууну жакшыртууга алып келүүчү жол менен, көбөйтүүгө жалпы кызыкдарбыз.

Биздин Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштар боюнча көз карашыбыз Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча Стратегиясынын фонунда калыптанган. Биз Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен күчтүү, кеңири жана заманбап өнөктөштүктү куруу үчүн бардык аракеттерди жумшап жатабыз.

Ал эми биздин саясий жактоочулугубуз конкреттүү жардам менен бекемделген. Европа Биримдиги (Евробиримдиктин институттары плюс Евробиримдик мүчө-мамлекеттери) Борбордук Азиядагы биринчи донор болуп саналат: 2014-2020-жылдар аралыгында аймакка болгон европалык жардам 1,1 миллиард евро түзгөн. Жакынкы төрт жылда 2021-24-жылдары Борбордук Азия үчүн гранттык каржылоонун жалпы көлөмү, эки тараптуу жана аймактык программаларды камтыган, кеминде 390 миллион еврону түзүшү керек. Бул жерге «Европанын командасы» эки аймактык демилгеси кирет: бири санариптик байланыш боюнча, экинчиси суу ресурстары, энергетика жана климат боюнча, аларды Евробиримдик расмий түрдө Самаркандда тартуулайт. «Европанын командасы» – бул биз Евробиримдиктин институттары, мүчө-мамлекеттер жана финансылык мекемелер чогуу иштеген долбоорлорду аныктоо үчүн колдонгон бренд.

Евробиримдиктин концепциясы өз ара байланыш жаатында инклюзивдүү болуп саналат. Биз башка өнөктөштүктөрдү жокко чыгарууга умтулбайбыз. Анан, албетте, биз жаңы көз карандылыкты түзүүгө кызыкдар эмеспиз.

Евробиримдикте биз «ачык стратегиялык автономияны» куруп жатабыз. Негизи, бул эл аралык укукка, туура эрежелерге жана эл аралык стандарттарга негизделген глобалдык системанын алкагында өздүк стратегиялык тандоону жасоо, ашыкча көз карандылыктан качуу жана альтернативаларга ээ болуу эркиндиги жөнүндө. Албетте, биз өнөктөштөрүбүздүн өз алдынчалыгын жана тандоо эркиндигин өнүктүрүүгө умтулуусун түшүнөбүз.

Биздин өнөктөштөргө жагымдуу сунуш киргизүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Европа Биримдиги дүйнөдөгү эң ири инвестор болуп саналат. Европалык компаниялар башкаларга караганда, анын ичинде Борбор Азияга караганда, көбүрөөк түз чет элдик инвестиция тартууда. Европанын жеке секторунун инвестициялык күчүн колдонуу менен биз Борбордук Азияда бүткүл дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаңы «жашыл» санариптик экономиканы курууга жардам бере алабыз.

Самарканддагы биздин милдет – бизнести тартуу үчүн реформаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана ишке ашыруу аркылуу бул инвестицияны стимулдаштыруу. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы динамикалуу өнүгүп келе жатат. Анын чоң потенциалы бар. Геосаясий толкундоолордун жана өзгөрүүлөрдүн дүйнөсүндө Евробиримдик ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Ошондуктан мен Европа бул маанилүү аймактын ийгилигин камсыз кылууда өз ролун ойноорун көрүүнү чыдамсыздык менен күтөм.

Мирзиёев ЕБдан Борбор Азиянын интеграциясын активдүү колдоого чакырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-октябрда Астанада өткөн “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде Борбор Азиянын интеграциясына көңүл бурууга чакырды.

«… Глобалдык жана регионалдык абал кескин өзгөрүп, ушул тапта Борбор Азиядагы интеграция жараяндарына европалык өнөктөштөрдүн активдүү колдоосу зарыл болуп турат. Буга байланыштуу Стратегияны аткарууну тездетүү жана биздин өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн көп тармактуу программалык документти – “жол картасын” кабыл алуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайм”, – деди Мирзиёев.

Мындан тышкары ал жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чогуу күрөшүү үчүн Борбор Азия менен ЕБ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын жолго коюуну сунуштады.

“Борбор Азия- Европа Биримдиги” саммити биринчи жолу өттү. Ага чөлкөмдүн лидерлери жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Шарль Мишелден Казакстан жана Өзбекстан президенттери менен адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүүнү сурашкан.

Астана шаарында Борбор Азиянын жана Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү

Кечээ, 27-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара өлкө лидерлери менен Борбор Азиянын делегация башчыларын жана Европа Кеңешинин Президентин тосуп алуу аземи жана эстеликке сүрөткө түшүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан алты тараптуу жаңы форматтагы жогорку деңгээлдеги жолугушууну кубаттаарын айтып, аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турганын белгиледи.

Жолугушууга Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамурад Гельдимурадов, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президенти жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

 

 

Меню