Menu

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2011-жылы Кыргызстанды Роза Отунбаева башкарып турганда УКМКчылар кыйнап өлтүргөн бажычы Ф.Физиевдин өлүмү боюнча чечим чыгарды

Бөлүшүү:

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда кыйноолордон улам каза болгон Фирусхан Физиевге байланыштуу корутунду чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова тастыктады.

Корутундуда Кыргызстан жабырлануучунун кыйноолору жана өлүмү боюнча ыкчам, калыс жана натыйжалуу иликтөө жүргүзбөгөндүгү жана натыйжалуу укуктук каражаттарды камсыз кылбагандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, 2011-жылы 1-августта Тажикстандын жараны Банюша Резазаде “Кылым Шамы” укук коргоо борборуна КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында каза болгон агасы Фирусхан Физиевдин өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен кайрылган. Буга чейин күбө ага Физиевди Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери сабап өлтүргөнүн айткан.

«Ал мага 29-июнда саат 23:45 чамасында аны жана уулу УКМКга камакка алынып, аны сабап, күнөөнү мойнуна алууну талап кылышкандыгын, жарым сааттан кийин Фирусханды колуна кишен салып алып келишкенин айтты. Аны имараттын алдына алып барышып, ошол жерден аны УКМКнын 15 кызматкери мыкаачылык менен ур-токмокко алышкан, андан кийин аларды имараттын ичине киргизип, ар кайсы бөлмөлөрдө уруп-сабап турушкан, Алар жуунуп туруу үчүн гана эшикке чыгып турушкан. Ошол учурда ал Фирустун токмок жегенин көргөн. Фирусту таңкы саат бештер чамасында тез жардам унаасы менен УКМКдан алып кетишкен “, – деп Резазаде суракта айткан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, тез жардам тобу Физиевдин өлүмүн каттоо үчүн келишкен.

“Денедеги көкалалар, баштын, бетинин, моюндун, буттарынын сыйрылышы, мээнин контузиясы, кабыргалардын, төш сөөктөрдүн, көкүрөк омурткалардын сынышы, ички органдарына кандын куюлушунун бардыгын Физиев бир учурда алган эмес. Денесиндеги жаракаттарды ал өлүмдөн бир аз мурун алган, алар травмалык шоктун өнүгүшүнө алып келген жана жалпысынан ден-соолукка олуттуу зыян келтирилген, натыйжада өлүмгө алып келген “, – деп айтылат медициналык экспертизанын корутундусунда.

Физиев көзү өткөнчө Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы инспектору болгон. Ал 44 жашта болчу.

Кармалган адамды кабыл алуу жайына алып барган УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн эки кызматкерине кылмыш иши козголгон. “Кылым шамынын” кызматкерлери жана жабыркаган тарап кылмыш ишин иликтеп чыгып, айыпталуучулар Физиевдин өлүмүнө күнөөсү жок деген бүтүмгө келишкен.

Учурда чыныгы кылмышкерлер аныктала элек жана кылмыш үчүн эч ким жазага тартыла элек.

“Кылым шамы” Физиевдин карындашына юридикалык жардам көрсөттү. Мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жөнөткөн. Комитет Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын бир нече беренелери бузулган деп тапты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: