Menu

Мальтада журналист Каруана Галицияны өлтүргөн киши 15 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Мальтада 2017-жылы өлтүрүлгөн Дафне Каруана Галициянын иши боюнча сот өкүмү чыкты. Күнөөсүн мойнуна алган Винсент Маскат 15 жылга түрмөгө кесилди.

Антикоррупциялык блогу менен таанылган журналист Галиция «Панама досьеси» менен да алектенген. Анын машинесин 2017-жылдын октябрында баш калаа Валеттада жардырып жиберишкен.

«Евроньюс» телеканалы билдиргендей, Маскат журналисттин автоунаасына мина койгон үч кишинин бирөө болгон. Ал башында айыптоолорду четке каккан, кийинчерээк башкы прокурор менен келишим түзгөнү айтылууда.

Ага-ини Жорж менен Альфред Дежоржио күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок. «Таймс оф Малта» басылмасы кабарлагандай, эки шектүү тең жардыруучу затты жасоого катышы бар, алар камалган.

Журналисттин өлүмүн иликтөө узак убакытка созулган. 2019-жылы бир нече министр, анын ичинде өкмөт башчы Жозеф Маскат кылмышка шектүү кишилер менен байланышы бар деген шек менен отставкага кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: