Menu

Хожент түрмөсүндөгү тополоңдун «уюштуруучусу» өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жогорку соту бийлик тарабынан Хожент түрмөсүндөгү тополоңдун уюштуруучуларынын бири деп эсептелген Амирали Давлатовду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы өз булактарына таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Амирали Давлатовго жана бул иш боюнча айыпталган дагы 32 адамга карата сот өкүмү июндун аягында чыккан.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр 8-ноябрга оогон түнү башталган абактагы тополоң маалында камактагы 21 адам каза болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлүп, беш күзөтчү оор жаракаттарды алган.

Азырынча өлкөнүн Жогорку соту бул иш боюнча жабык өткөн сот отурумдары тууралуу расмий билдирүү тарата элек. Бирок өз булактардын билдиришинче, абактагы тополоңго тиешеси бар камактагылар «адам өлтүрүү», «бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү», «адам саламаттыгына зыян келтирүү» өңдүү бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, кошумча жаза мөөнөттөрү белгиленди. «Айрым соттолуучулар, анын ичинде Амирали Давлатов өмүр бою эркинен ажыратылды», — деди булак.

Соттолуучулардын адвокаттары маалымат бербөө тууралуу тилкатка кол коюшканын айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок айрым айыпталуучулардын туугандары сот өкүмү менен макул эмес экенин айтып, жогорку баскычтарга кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө.

Буга чейин бул иш менен жакындан тааныш булактар бийлик Амирали Давлатовду Хожент түрмөсүндөгү тополоңдун негизги уюштуруучусу деп эсептей турганын билдиришкен. Алардын айтымында, абактагылар тополоң уюштурууга төрт ай бою даярдык көрүшкөн. «Планга ылайык, тополоңдун уюштуруучусу Амирали Давлатов ал түнү түзөтүү абагынын аймагында жүргөн камактагылардын жубайларын барымтага алмак. Бирок күтүүсүздөн жарык өчүп калып, анын бул планы ишке ашпай калган», — деген Согди облустук прокуратурасындагы өз булак.

Хожент түрмөсүндөгү тополоң иши боюнча сот отуруму быйыл март айында башталган. Анда айыпталуучу катары камактагы 30дан ашык адам бар экени кабарланган. Тополоң токтогондон көп өтпөй абактын бир нече кызматкери, анын ичинде башчысы Файзулложон Сафаров камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: