Menu

Казакстанда бир район толугу менен карантинге жабылды

Бөлүшүү:

Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында төрт тургундан коронавирус табылгандан кийин район толугу менен карантинге жабылды.

Облустун башкы санитардык дарыгери Мухамгали Арыспаевдин айтымында, алгач вирусту айылдын жашоочуларынын бири Орол шаарына барганда жуктуруп алган. Кайтып келгенден кийин илдет анын эки жакын тууганына жана райондук оорукананын бир кызматкерине жуккан.

Батыш Казакстан облусунда карантин 30-мартта киргизилип, 12-майдан тартып чектөөлөр акырындык менен алына баштаган. Бирок илдет жуктургандар көбөйүп жаткандыктан, өткөн жумада карантин режими 15-июнга чейин узартылган.

27-майга карата облуста 472 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы өлкө боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны 9304кө жетип, 37 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: