Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты, анда комиссия ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды. Бул тууралуу 5 февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Талас облусунун 500 ашуун тургуну катышты.

Суроо-жооп форматында өткөн кеңешменин жүрүшүндө облустун тургундары «Жерүй» алтын кенинин иштеши, анын ичинде өндүрүш ишинин экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, экологиялык коопсуздук маселеси Өкмөт үчүн артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

«Үстүбүздөгү жылдын 6-январында мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көзкарандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздалаарын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», – деди ал.

Артем Новиков билдиргендей, келерки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көзкарандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен Мамлекеттик комиссия түзүлөт.

«Жарандар тарабынан айтылган ар бир факт текшерилип, зарыл болгон учурда фактылар укук коргоо органдарына берилет. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт», – деди ал.

Буга катар биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, «Жерүй» кенин иштетүү экономиканы жана аймакты өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

«Ишкананын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү керек. Фабрика ишке бериле электе алар бюджеттин кирешесине дээрлик 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт.  4 миллиард сом – бул биздин пенсионерлер, мугалимдер, дарыгерлер, милиционерлер ала турган каражат. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орун түзүлөт. Келгиле, компанияны иштетүүгө мүмкүндүк берели», – деди Артем Новиков.

Талас облусунун тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө ал эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан тоо-кен секторун реформалоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду. Жарлыкка ылайык, Өкмөт 2021-жылдын 1-июлуна дейре Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыгат, анда мамлекеттик маанидеги кендердин тилкесин иштетип жаткан жана андай лицензияга ээ болгон ишканаларды эске албаганда, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу бар улуттук тоо-кен компаниясы иштетүүсү каралмакчы. Баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо мамлекеттин үлүшү каралат.

Пакистандын Премьер-министри Имран Хан Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Сиздин акылмандыгыңыз жана бай тажрыйбаңыз Кыргызстан элин чоң прогресске жана гүлдөп өнүгүүгө алып барат деп ишенебиз. Пакистан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда терең байланыштар жана кызматташуу мамилелери бар. Сиз менен көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү, бардык тармактагы ишмердүүлүктө күчтүү өнөктөштүктү орнотуу үчүн кызматташууну күтөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Мирбек Атабеков: "Акыркы убакта "Манас" айткым келип жүрөт"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кечээ, 5-февралда өзүнүн инстаграм социалдык тармактагы баракчасына “Манас” айткысы келип жүргөнүн жазып чыкты.

“Акыркы убакта “Манас” айткым келип жүрөт. “Тай торунун” сөздөрүн билгендер болсо мага жазып койосуздарбы”.- деп жазып, “Манас” айтып жаткан видеосун киргизген.

Бишкекте унаа жуучу жайдан 26 жаштагы жаранды бычак менен коркутуп акча талап кылган шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-февралда болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан бычак менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган О.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, акча жана чөнтөк телефон опузалап талап кылышкан .

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.Ы. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча интеграциялык кызматташтыкты күчтөндүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңешменин алкагында Улукбек Мариповдун Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман   Головченко, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуулары орун алды.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов ошондой эле «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумунун «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» жалпы сессиясына катышты.

Бекназаров элчи болуп жөн иштебей, популизм менен алектенүүдө

Бир жагынан Азимбек Бекназаровдуку өттү да. Малайзияда элчи катары жөн иштебей, улам элге, бийликтегилерге кайрылуу жасап, курулай популизм менен алектенүүдө. Садыр Жапаровдун башын ооруткандар ансыз дагы жетиштүү болуп жатканда… Аныгында, элчилер саясатка аралашпайт, тек гана тийешелүү жумуштарын аркалашат. Тилекке каршы, Бекназаров дипломатиядагы этика, эрежелерди бузуп, байма-бай интервью, кайрылууларын жарыялоодо. Сыртта туруп, Кыргызстандын ички саясатын калчап гана келатат. Өз билгенин жасап, өтүгүн төргө иле берсе болобу?..

Булак: “Азия ньюс”

6-12-февралда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолу

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралдарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу 5-февралда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, 8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы күтүлөт. 9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 7-9-февралдарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 4-февралынан 5-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-91 жана 100-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

7-февралдан 10-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

6-10-февралда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз  кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

8-февралда күндүз жаан, 9-10-февралдарда мезгил-мезгили менен, жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 7-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт.

 6-10-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы 

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар,  тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  8-февралда күндүз жана 9-февралда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар,  тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош  облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт. 

6-10-февралда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда күндүз жана 10-февралда кээ бир райондордо жаан, кар тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

6-7-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-февралда жана 9-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

9-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

10-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы 

6-февралда жан 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-февралдарда жана  10-февралда түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

 11-12-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

11-февралда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Таалайбек Сарыбашов биринчи жолу таза суу чыгарылган жаңы конушка барып, бир топ көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди

Кечээ, 5-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын 218-кварталындагы жаңы конуштун жашоочулары менен жолугуп, таза суу чыгаруу боюнча бүткөн долбоорду жеринен көрүп келди. Жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов долбоор боюнча жаңы конуштун негизги көчөлөрүндө жалпы 8 суу түтүкчөсүндө суу чыгарылганын айткан. Өз билемдик менен короосуна суу тартып алгандар мыйзам чегинде жооп бере тургандыгын баса белгиленген.

“Бул жаңы конушка биринчи жолу 5 чакырымдан таза суу тартылып, алынып келинди. Долбоор боюнча сегиз жерге суу түтүкчөсү коюлду. Бирок бул убактылуу мүчүлүштүктөр. Жаңы суу кампалары бүтсө толук кандуу таза суу менен камсыздоо болот. Ал эми азыр ар бир үйгө таза суу тартууга азырынча мүмкүн эмес. Анткени суунун басымы аз. Түшүнүү менен кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп туралы. Суу чыгарылгандан кийин да көйгөй болгондуктан, өзүм келип көрүп, маселени чечүүнү туура көрдүм. Бул жаңы конуштардын маселеси бир күндө чечилип кетпейт. Бир четинен аракеттер көрүлөт”,- деген Т.Сарыбашов.

Жашоочулар тарабынан жол, жарыктандыруу, электр мамычасы, бала бакча жана коомдук каттамдар туурасында көйгөйлөр айтылган. Калаа башчысы 218-кварталдын айрым көчөсү жарыктандырыла турганын, электр мамычалары боюнча да маселелер каралаарын билдирген.

Өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 72 учуру аныкталды

Бүгүн, 6-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 72 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 27, Чүй облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 3, Ош облусунан – 4, Жалал-Абад – 5, Ош шаары – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусу- 1, Нарын облусунан – 12 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 992 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 98 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 542ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 40, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 27, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 11, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 5.

Садыр Жапаров бакиевдерге каршы кадам жасап, Айжан Садыркулованы көтөрдү

2009-жылы 13-мартта Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубатбек Сулайманов өлтүрүлгөн. Үчөөнү кыйноого алышып, аягында өрттөп жиберишкен эле. Бул каргашаны Жаныш Бакиев бийликтин кылмыштуу тобу менен биргелешип, ишке ашырышкан да. 2010-жылдан кийин баары ачыкталган…
Бүгүн эсептөө палатасынын төрайымдыгына Айжан Садыркулова дайындалды. Ал аталган системада аудитор катары иштеп аткан. Эмне үчүн мындай кадрдык жүрүш орун алды? Себеби, буга чейин Садыр Жапаровду канкорлорго, ошол бакиевдердин үй-бүлөсүнө, жакындарына байланыштырып келишкен. Мындай бетке чиркөөдөн, кара пиардан кантип арылуу керек эле? Анүчүн Садыр Жапаров иш жүзүндө бакиевдерге каршы кадам жасоосу маанилүү болчу. Натыйжада, Медет Садыркуловдун кызы Айжанды жогорку кызматка көтөрүү менен коомчулук астында упай алды. Көркоолорго көз каранды эмес экенин көрсөттү.
Баса, Медет Садыркулов атайын буйрутма аркылуу өлтүрүлүп атса, агездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жашырып, жол кырсыгына шылтаганы эсиңердеби?..

Булак: “Арыба.кж”

Меню