Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Палестиналыктар Израилди көздөй 600дөн ашык ракета атышты

Шейшемби күнү кечинде Палестина Израилди көздөй 130дан ашык ракета атты. Алардын бири Тель-Авивдин жака белинде бараткан каттамдагы автобуска тийгени кабарланууда.

Аткылоолордон улам Бун Гуриона атындагы аэропорт убактылуу жабылып, имараттагы адамдар эвакуацияланды. Тель-Авивге келе турган учактар Кипрге жөнөтүлүүдө.

Жалпысынан акыркы суткаларда Палестина тараптан Израилдин аймагына 600дөн ашык ракета атылды. Алардын көбүн ракетадан коргонуу системасы атып түшүргөнү менен айрымдары Ашкелон шаарындагы жайкын тургундар жашаган эки имаратка тийген. Шейшемби күнү кечинде изариль басылмалары аталган шаардын улгайган эки тургуну каза болуп, ондогон киши жаракат алганын кабарлашты.

Бул аткылоолор үчүн жоопкерчиликти ХАМАС жана «Ислам жихады» радикал топтор өздөрүнө алышты.

Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине чабуул койду. Алардын бир нечеси адамдар жашаган имараттарга жакын жайгашкан. 11-май күнү кечинде палестин ЖМКлары бир нече турак-үй зыянга учурап, ондогон киши каза болгонун кабарлашты. Бирок израиль тарап радикал топтордун объектилерин гана бутага алып жатканын билдирүүдө.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу сот чечими себеп болгон. Буга нааразы болгон палестиналыктар жума намаздан кийин полиция кызматкерлерине таштарды, бөтөлкөлөрдү жана арматураларды ыргыта башташкан.

Палестиналык басылмалардын маалыматына караганда, израиль тарап нааразы болгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталарды жана желим окторду пайдаланган. Андан соң полиция Ал-Акса мечитин күч менен алып, андагы адамдарды аймакты таштап кетүүгө аргасыз кылган.

10-майда кагылышуу уланып жатканда жөөттөр Иерусалим күнүн белгилешти. Адатта бул күнү 1967-жылы Израил күчтөрүнүн Иерусалимдин чыгышына көзөмөл орнотконунун урматына жүрүштөр уюштурулат. Палестиндер Иерусалим күнүн “чагым” катары мүнөздөп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев түрмөдөн чыгып, Москвага дарыланууга кетеби?

Жүрөгү, омурткасы ооруп, операцияга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарууга убакыт жакындап калганын эшиттик. Эгерде түрмөдөн ары карап кетсе, анда кайрадан нааразычылык акциялар жаралышы анык. Аягы басылбаган чоң чатактар ырбайт. Мамлекет олку-солку болуп турганда коогалаңдын кимге кереги бар? Ошон үчүн Атамбаевдин камактан чыгаары күтүлүп, Кремль төбөлдөрү да тынчсызданып жатканы айтылууда. Орустар менен мамилени бузуу кимге опо?

Андыктан, экс-президент Москвага барып, жогорку профессионалдуу врачтардын көзөмөлүндө дарыланып, ден-соолугун чыңдап алса, анан кайрадан сот процесстерине активдүү катышса керек. Атамбаевдин саламаттыгы начар болгону менен духу бийик эмеспи. Баардык суроолорго жооп берүүдөн качпайт да.

Булак: Азия News гезити

Рита Карасартова: “Болгон күчүм менен президенттик башкарууга каршы иштейм”

– Парламенттик башкаруунун жактоочусу катары айтсаңыз, бүгүн жалпы коомдун аң-сезими ал система менен жашоого даярбы?

– Биз илгертен парламентаризмдин алкагында жашап келгенбиз. Биздин ата-бабаларыбыз “кеңешип кескен бармак оорубайт” деп келишкен. Парламент – бул чоң жыйын, курултай. Жергиликтүү кеңеш – кичи жыйын, курултай. Тескерисинче, ушул талаштуу ыкманы ишке ашырып, дүйнө жүзүнө эң акыйкат башкарууну сунуштаган кыргыздар болушу абзел.

– Сиздерге “чет өлкөнүн буйругун аткарууда” деген дооматтар көп айтылат. Мындай сөздөр жөн жерден чыга бербесе керек?

– Албетте, жөн жерден чыкпайт. Бул биз бийликке ачуу чындыкты дайым бетине айтып турганыбызга байланыштуу. Кайсы бийлик тактыга келбесин, бизди “башка өлкөдөн каржылоо алып, башка бирөөнүн буйуртмасын аткарат” деп келишет. Мисалы, мен бир жыл мурун мамлекеттик кызматка кеткем. Беш айдан бери ал жерден баса берип, саясатта жүрөм, жумушсузмун. Бирок, дагы деле “НПОщник” аттан кетелекмин. Бийлик өзү түрмөдө отурганда, бизге, ачык ММКларга муктаж. Бийликке келгенде, биз душман, эркин ММК – жалганчы болуп чыга келет.

– Референдумда президенттик башкаруу системасы тандалып алынса, сиздердин кийинки кадамдарыңыздар кандай болот?

– Президенттик башкаруу келет десе, анда ошол жолду дагы басып өтүшүбүз керек болот. Аргасыздык. Бирок, мен болгон күчүмдү андай болбошуна жумшайм.

– Садыр Жапаровдун айткан сөздөрү бири-бирине каршы келип атканын да айтып келесиз. Анын бул кадамдарын эмне менен байланыштырасыз?

– Популизм ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнө жакын. Анткени элибиз өз күчүнө ишенбей, “бир адам келип жашоону оңдоп кетсе” деп күтөт экен. Ошондуктан саясатчылар тоону убадалап, шайлоочуларынын жүрөгүнө жакындаганга аракет кылышат. Бирок, билген кишиге эмне ишке ашат, эмне ашпайт дароо эле белгилүү. Ошондуктан, билим берүү тармагынын сапатын көтөрсөк, алдангандар азаят. Популизмдин аркасы менен алдыга чыккандар дагы суюлмак. Бул Садыр Жапаровдун бийликке келүү эле аракети болууда. Анын 80% демилгелери системдүү оңолууга алып келбейт. Тескеринче, тегерек-четиндегилерге коррупцияга малынганга шарт түзөт…

Мээрим Асанова

Булак: “Азия ньюс”

Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачууда, алдыда дагы канча “акулалар” бар?

“УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык “джиптерде” жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айтты. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? Анан калса, алардын шубасы 5 миң доллар, өтүгү 1 миң доллар экенин да жашырган жок. Соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышканы пара алууга байланыштуубу? Деги эле Ташиев тоңгон музду жара алабы? Же “ириген системанын” курмандыгы болобу?..” деген собол узаттык. Бу жолу элге таанымал жактоочулар Майрамбек Жумабеков, Канат Хасанов жана Мунарбек Супатаевдер жооп беришти.

Канат Хасанов, жактоочу:

– Эми ачыгын айтыш керек, көптөгөн жактоочулардын жана сот системасындагы катардагы кызматкерлердин байкоосунда, судьялар чындап эле Камчыбек Ташиев айткандай, бери дегенде 50 миң долларлык машине минип жүрүшөт. Жашаган жерлери эки-үч кабаттуу чоң хансарайда же баардык шарттары менен кымбат батирлерде күн кечиришет. Балдары чет өлкөлөрдө же бизде карапайым үй-бүлө баш багалбаган ЖОЖдордо окушат. Бул боюнча бир кезде коомчулукка жар салып: “Булар мындай акчаны кайдан табышат? Эмне үчүн булардын жашоолору майталкан?” деп жазып, айтып чыккам. Бул боюнча жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич чара көрүп баштаганы көзгө көрүндү. Менимче, эгер ушул темп менен алдыны көздөй кетип отурса, коррупция менен шугулданган бир канча сотторду камакка алчусун камакка алып, “кустурчусун кустурат”. Ошону менен бирге сот системасында алдыга жылыш болот (!) деген үмүттөмүн. Муну эмнеге ишенимдүү айтып атам? Өз көзүм менен көрүп, мындай иштерге аралашып жүрөм, реалдуу “акулаларды” кармап атат.

Майрамбек Жумабеков, жактоочу:

– УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жогорку трибунадан “жүз миң доллар турган “джиптерде” жүрөт, кийген шубалары эле 5 миң доллар, баланча-түкүнчө” деп айтканы бир аз туура эмес болуп калды. Соттор куру доомат катары эле кабыл алышты. Чоң кызматта турган киши мындай сүйлөбөш керек эле да. Эгер конкреттүү түрдө “судья Акматовго иш козголуп, соттун чечими чыкты” деп айтса, анда болот. Соттун чечими чыга электе кишини айыптап, “туура эмес иш кылган, кымбат баалуу кийимдери бар экен” дегени туура эмес. “Калиеваны эртең эле камайм, күнөөсү бар” дейт. Күнөөсү бар же жок экенин сот аныктайт. Алдын ала айткан туура эмес. Муну менен ал бүткүл Кыргызстандын сотторуна шек келтирип атат. Биз эмнеге УКМК төрагасына макулбуз жана колдойбуз? Эгерде Ташиев баалуу особняктарда жашап, кымбат машинелерди тээп жүргөн сотторду текшерип, декларациясын бербей, алардын коррупциялашкан чынжырын таап, күнөөнү коюп, ага карата сот чечимин чыгарса, мына ошондо “Камчыбек Кыдыршаевич тоңгон музду жарды” деп айтсак болот. Жара элек музду “жарам” дегенин туура эмес эле көрдүм. Бул менин жеке пикирим.

Мунарбек Супатаев, жактоочу:

– УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, кымбат баалуу машине тепкенин, хансарайда жашаганын ж.б. нерселерин жөн эле асмандан алып айткан жок. Демек, мындай айтканга негиздер болгон. Жакында эле эбегейсиз байлыкка ээ болгон соттордун аттары аталып калды. Бул жерде сөзсүз суроо жаралат: “Мынча байлык кайдан келди?” деген. Албетте, пара алып, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган үчүн болсо керек. Жаңы эле соттук процесстен чыгып, үйгө кетип баратсам, түрк ишкери мени токтотуп алып, “сиздердин соттор ким акча берсе эле чече берет турбайбы?” деди. Мен “жок, андай эмес” деп айта албадым, айтууга негиз жок. Бул ачуу чындык. Биздин сот системасынын бүгүнкү абалын айтып койду, кысталак! Эми мындай учурда Камчыбек Ташиев “тоңгон музду” жара алабы же жара албай калабы, айтуу кыйын. Себеби, алдыда президенттик шайлоо, анын жыйынтыгы да чоң роль ойносо керек. Кимдер чоң кызматка келет, кимдер кызматтан кетет ж.б. толуп жаткан маселелер бар. Кызыктын баары али алдыда!

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эдил Байсалов: “Биз коркунучтабыз! Жарым кадам кетсек Сомалиге барабыз...”

Лондондогу элчибиз саясый кырдаал боюнча ой бөлүштү.

– Эдил мырза, сиз конституциялык кеңешмеге мүчө болуп катышып атасыз, Лондондогу ишиңизге тоскоол болгон жокпу? Эмне себептен элчилердин арасынан сизди чакыртып, кеңешменин курамына киргизишти деген ойдосуз?

– Мен биринчи жолу конституциялык кеңешменин курамына кирген жерим жок. Алыскы 2002-жылы Аскар Акаев түзгөн, өзү баш болуп кырк ишмерден турган кеңешмеге да катышкам. Ага катышуу үчүн Брюсселден Чыңгыз Айтматов элчиликтен келген. Андан тышкары, Аликбек Жекшенкулов дагы Венада иштеп жүргөн жеринен келип катышкан. Ошондуктан элчилер кеңешмеге катышуу боюнча прецеденттер бар жана жетиштүү. Кеңешме мүчөсү катары мага да расмий уруксат берилди, ички саясатта орун алып аткан дебаттарга катышууга. Менин калыптанган саясый көз караштарым бар, жыйырма жылдан көбүрөөк баскан жолум, ошол эле укук коргоо тармагында, мамлекеттик башкаруу жагында болобу, айтор, мен мына келип, эки жарым жумадан бери күнүгө активдүү катыштым. Катуу талаштар болду. Кээ бирөөлөрү уланып атат. Бирок, “бул кеңешме жөн эле көргөзмө үчүн, калп эле иштемиш болуп атышат” дегендер терең жаңылышат. Кылдаттык менен ар бир статьяны, ар бир сөздү, ар бир тамганы терип, терең ойлонуп, ийри отуруп, түз кеңешип, бекитип аттык. Албетте, биз иштеп чыккан долбоор бул акыркы долбоор жана келечектеги Конституциянын тексти катары айтуудан алысмын. Мындан кийин дагы бир канча редакциялык топтор иштеп, юристтер карап чыгып, анан Жогорку Кеңеш менен жаңы шайланган президент дагы карап чыгышары белгилүү. Бирок, биз өзүбүздүн салымыбызды жок дегенде жанагы кеңешменин протоколдорунда жаздыртып койгонубуз – бул деле чоң иш болду.

– Өткөн жумада, сиз ошол 2014-жылы эле Өмүрбек Текебаевге “сиздин Конституцияңыз жарабайт, иштеген жок” деп айтып аткан видеоңуз кенен тарады. Сиз президенттик формага кайтып келсек кооптонбойсузбу, мурункудай диктатуралар кайра жаралбайбы? Анан талкууланып аткан курултайларга да көз карашыңыз кандай?

– Албетте, кооптоном. Андай коркунуч бар! Бирок, эмне, азыркы Конституция акыйкатты орното алдыбы? Жок да. Ошол Атамбаев менен Текебаев ант берип, “мына, биздин системабыз азыр элге жыргалчылык менен тазалыкты алып келет” дегендери ишке аштыбы? Тескерисинче, булар курган мамлекет ошол үч жүз адамдын эле кызыкчылыгында иштеди. Өздөрү жана башка партиялык олигархтар, ар кандай чоң жана майда мошенниктер. Элдин кызыкчылыгы эң акыркы ролду ойноду. Ошол үч жүз киши талашышат, бири-бирин камашат, тартышышат, айтышышат, калган алты миллион киши үчүн күнүгө бекер цирк жана шоу. Саясатыбыз биздин элдин жашоосун жакшыртууга багытталбай калган эчак эле. Сүйлөгөн сөзүбүз Конституция, ышкырыгыбыз таш жарат, айдаганыбыз бир теке…
Менин оюмча, азыр биздин негизги көйгөйүбүз – бул жакырчылык. Саясый укуктар эмес. Мен дегеле сөз эркиндиги же жыйналыш эркиндиктерин 2020-жылдары чектөөгө мүмкүн экенине ишенбейм. Кеп башкада. “Саясат, саясат” деп атып, биз өтө эле неолибералдашкан экономиканы түзүп койдук. Мамлекеттин өзү жок азыр. Экономикабыз кымындай, эч өндүрүш дагы жок. Жалгыз эле мигранттардын эсебинен жашап аткандайбыз. Ковид учурунда, жайында көрдүк, медицина тармагы бир да иштеген кычкылтек станциясыз болгону аз келгенсип, килейген министрлик ошол марттан бери өздөрү бирөөсүн да оңдоп койгонго кыймылдап дагы коюшкан жок. Анан жайында волонтерлор жасап беришти го? “Тотальный коллапс госуправления” деп коёт муну. Англисче жанагы фраза да бар эмеспи, «несостоявшееся государство» деген. Мындан жарым эле кадам артка кетсек, ары жагы Сомали. Чоң коркунучтабыз биз. Аны сезген киши жок. Эксперименттердин убагы өттү. Болду, жетишет! Ойногонубуз – мамлекеттин тагдыры. Мобул цирктин аты демократия эмес. Эмнесине болушуп атышат, түшүнбөйм. Элди ойлогон киши жок! Баары жеке менчик болуп калды: мектеби да, ооруканасы да. Мындан ары “мамлекетти азайтабыз, кыскартабыз” деп атышат. Бекем бийликтин орношун ошол үч жүз эле киши каалаган жок. Алар өздөрүн эле ойлошот! Эл өзүнчө, алар өзүнчө болуп калган эчактан эле. Бул жөнүндө өзүнчө көп сөз. Бирок, элдин баары азыр мамлекетке нааразы, мындай жашоого болбойт!
Курултайлар боюнча айтсак, бул көптөн бери эле айтылып келаткан жомокко айланып калды. Кеңешмеде бирөө “Чыңгызхандын учурунда да ушундай курултайлар өткөн” деп айтышканына чыдай албай, “анан эмне, ошол курултайда Чыңгызхандын башын алып, тактыны да алып койсо болот беле?” деп какшыктаганга туура келди. Анан бул курултайларын Батышка карама-каршы келтиргендери да күлкүнү келтирет. Теңдик идеясы каяктан келди бизге? Азыр ушулардын кимиси мурунку өткөн жыйындарга жакын жолотулмак эле, ыя? Каратамандар качан эле мурун бизде башкара алышчу эле, элестеткиле?! Жалпы адамзаттын тарыхы жана башкаруу системалары өнүгүп, тажрыйба жалпыбызга таандык философияда жана юриспруденцияда топтолгон. Биз өзүнчө же өзгөчө эмеспиз. Анан эле бизде өзүн гений эсептегендер көбөйүп эле, отуз жылдык тажрыйбабызды өздөрүнүн деңгээлинде чала-була түшүнгөндөрүн беш миң жылдык илимден өйдө коюуга болбойт (!) деп айтышыбыз керек. Айылдарда бизде эчактан эле “сход” деп жыйындар өтүп жүрөт. Азыр деле “курултай” деп өткөзүп келдик, бийлиги дагы, оппозициясы дагы. Ошончо эле “курултай” деген сөз жагат экен, мен “Жогорку Кеңештин атын ошондой кылып коёлу” деп да айтууга туура келди. Бизде мына азыр “круглосуточный курултайлар” Фейсбукта, толтура вотсап каналдарында орун алып атат го? “Бийликтин жаңы формасы” деп киргизүүгө болбойт курултайды Конституцияга. Мындай кеңеш айтчу бир орган болсо, киргизгенге макул болсок болот. Бирок мындай түз демократиянын форматы бир чакан шаарча, мисалы, байыркы Афина же Новгороддо гана иштей алат. “Бир күнгө топтолуп келип эле, баарын курултайда чечип коёбуз” деп килейген мамлекеттик маселелер боюнча түшүнүгү жоктор гана айтышат.

– Элчи болгонуңузга бир жарым жыл болуп калыптыр. Кайра саясатка кайтып келесизби ушуну менен? Кээ бирөөлөр “Эдил Байсалов бийликке кошоматтанып атат” деп да айтып атышканына кантип жооп берет элеңиз?

– Мен саясаттан кеткен деле эмесмин. Элчилик – бул сүргүн эмес. Англиянын эле баш калаасы эмес, Лондон – жалпы дүйнөнүн борбору. Бул элчиликтин даражасы өтө жогору. Аны биздин өлкө жакшы баалап, пайдалана албай келиптир ушуга чейин. Пландарыбыз өтө чоң. Быйыл мына пандемиядан улам көбү токтоп калды. Бирок ишти улантып, ошол койгон максаттарды ишке ашырыш керек. Мен өмүрүмдө бирөөгө кошоматтанып көргөн эмесмин. Аны элдин баары эле билет. Дайыма өзүмдүн позициям бар. Ал туруктуу. Азыркы же мурунку бийлик менин профессионалдык сапаттарымды жакшы билишет жана баалашат. Мен мактанбай эле коёюн. Дипломатия – бул өтө тынч жана керек болсо тымызын бир иш. Бул жактагы жумуштар кыска мөөнөттө өзүнүн жыйынтыгын бербейт. Берсе дагы жарыяланбайт. Биз өзүбүздүн мамлекеттин саясатын ашканадагы абысындардын бир сөзүнүн деңгээлине түшүрбөйлү. Менин байкаганым, биз чоң-чоң маселелер жөнүндө ошол бир кокту-колоттун эле тили, же түшүнүктөрү менен өлчөйт экенбиз. Жогорку деңгээлде, мамлекеттик ой жүгүртүү бизде жокко эсе. Эми мен ар кайсы майда сөздөргө терикпейм деле.

– Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сураныч, сизге бир суроо берип алалы. Аликбек Жекшенкуловду Москвадагы элчиликтен “утеря доверия” деп чакыртып алуу боюнча көз карашыңызды бөлүшүп койсоңуз?

– Биринчиден, бул, албетте, мамлекет башчынын укугу. Ал дайындаса, ала алат дегендей. Аликбек Жекшенкулов өзү деле көп даттанган жок анысына. Мен билбейм, кандай чыныгы себептер мындай чечимге түрткү болгонун. Бирок, айтып коюшум керек, жанагы жарыяланган эки шылтоо суу кечпейт. Мен муну жалпы эле толук ыйгарымдуу жана атайын элчилердин статусуна шек келтирүү катары кабыл алдым. “Элчи өзү нота жаза албайт” деп айтуу дипломатияны түшүнгөн адам үчүн күлкүлүү. Анан элестетсеңиз, Арменияда согуш болуп атса, аларга эч кандай Россия баш болуп башка союздаш мамлекеттер жардам бере албай атсак, анан бир жыл мурун дайындалган Еревандагы саммитти өткөрбөй коюу ойго келгис чоң бир демарш болуп калмак. Ага Россия эч бара алмак эмес. Кыргызстанда жанагындай окуялар болуп кеткени аз келгенсип, толугу менен жетекчилик байланышка чыкпай калганда, Москвадагы элчибиз жалгыз туура бир чечимди алууга мажбур болду. Мен көп ойлондум, “мен кантмек элем?” деп. Биз жоопкерчиликтен качпайбыз, башкалары качса дагы. Ошондуктан мен дагы улуттук кызыкчылыкта стратегиялык өнөктөшүбүздүн суранычын кыя алмак эмесмин. Мындан бир дагы зыян келтирилген жок мекенибизге. Эч кандай кошумча бир милдеттенме жүктөлгөн жок. Элчи Жекшенкулов сөз алып да сүйлөгөн жок. Ошондуктан менин оюмча, бул өтө бир чоң сокку болду биздин дипломатиябызга. “Утрата доверия” деп өздөрү элдин ишениминен жана эл аралык коомчулуктун, стратегиялык өнөктөштөрдүн ишениминен чыккандар жазып аткандары да кызык болду. Азыр бизге Москвада өтө күчтүү элчи керек. Жок болгон үчүн, алар биз менен жанагындай тон менен сүйлөп атышат. Мен дагы бир жолу кайталап коёюн, балким, мен билбеген себептери башкадыр. Бирок, жарыяланган жанагы эки шылтоо – бул баардык атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин статусуна шек келтирди (!) деген ойдомун. Бул жаңылыштык жана туура эмес болду!

– Эдил мырза, дипломатияны айтып калдыңыз, жанагы абышка менен айтыша кеткениңизге өкүнбөйсүзбү?

– Эми көп киши менен жолуксаң, көп бассаң, сөзсүз арасында андайлар болбой койбойт. Кеңешмеге канча киши келди: жашы да, карысы да, орусу да, баардыгы менен тил табышып, кулак салып, алар айткан сунуштарды эске алып, иш алып келдим. Өзүмдүн мүнөзүмдө да эч кандай оройчулук жок. Ал чал өзү ким экени жалпы элге деле маалым болуп калды. Ал кирип келери менен эле “мен революционермин, милийсалар менен жакалаштым, былтыр Чүй УВД начальнигин өлтүрө жаздадым…” деп кирди. Ошол сөзү башынан эле мага жаккан жок, анткени биз Конституциябызды жазып атсак, тартипти орнотуп атсак, элдин тынччылыгын коргоп чыгып, араң аман калган Самат Курманкуловдой баатырыбызды тим эле койсо болмок. Экинчиси, бул абышка өзүн элестетип алыптыр, Жумагул Сааданбеков жана Кемел Ашыралиевдин жанына отуруп, жалпы кыргыз элине аксакал болом (!) деп. Кыргызда “жакшы карыса экен” деп көп айтылат эмеспи. Көкүрөгүнө медалдарды тагып, кайсы бир согуштун ардагери катары өзүн элестетип алса керек. Анан эле сүйлөгөн сөзү “өлүм, жана өлүм жазасы!” деп кыйкырып кирди. Чарчап да кеттик, анан мен “сотторубузда азыр акыйкаттык жок, алар мына мыйзамсыз эле камап атышат, анан кантип биз өлүм жазасына кесебиз?” десем, эң эле ыплас сөздөр менен сөгүнүп, жеке мага гана эмес, жалпы ошол жерде отурган мүчөлөргө акаарат келтирди. Мен жанагы кыргыздын жалпак сөзү менен мындай кутурган чалды ордуна коюп койдум. Өтө жумшак жана тартиптүү түрдө. Туура эле кылдым. Тартипти бекемдейли. Мына анын “164 миң сомдук штрафы бар экен” деген маалымат чыкты. Көпкөндөр көбөйдү. Ордуна коюп коюу керек мындайларды!

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Бийликти колдогусу келген Ахматбек Келдибековдун амалы

Тагдырдын тамашасын кара. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сатып кеткен Ахматбек Келдибеков эми акылына келип, эски досторун колдогону жатыптыр. Бул жагынан ал улам сөз козгоп, айттырып атканы бизге чейин угулда. Кечээ эсирип, карабай кеткени эсиңердеби? Айтмакчы, “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанып, алгылыктуу жыйынтык көрсөтө албай, өзүнүн кичи мекенинен жаш балдар менен айтышып, кагуу жеп жүргөнү боюнча да тасма тараган. Ал күндөр өттү. Депутаттык мандат буюрбай калганын көрдүк. Натыйжада, кайрадан жаңы бийликтин тилин табууга, “устукан” алууга же шайлоого барууга суранат го? Бирок, Садыр Жапаров кыраакы эле, Ахматбек Келдибековдун толгон-токой кылыктарын кечирбесе керек…

Булак: “Азия ньюс”

Акылбек Жамангулов “Мегакомдогу” коррупция үчүн ооз басырык кылдыбы?

Мурдагы бийликтин учурунда “Мегакомдогу” төрт тендерди тең бир казак компаниясы утканы кандай? Бул боюнча күдүк кептер жаралганы менен бас-бас болуп атат го? “Мегакомдун” гендиректору Акылбек Жамангулов өткөн парламенттик шайлоодо бийлик партиясына “жең ичинен” миллиондорду чыгарганы ыраспы? Ал кожоюндарынын айтканын жасаган беле? Айтор, “Мегакомдун” айланасында ушул сыяктуу суроолор арбын. Эң кызыгы, азыркы бийлик да тымпыйып, чечкиндүү аракеттерге барбай калганы эмнеси? Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев баарын аңдап турса керек, а эмне үчүн унчукпай отурат? Биз качан гана коррупцияга каршы күрөшүүдө ачык коом курганыбызда, мамлекеттин келечегине кам көрөбүз. А болбосо эски жолдо кете бергенибиз анык!

Булак: “Азия ньюс”

Сегизбаев менен Текебаевдин жүзүн ачкан генерал Суваналиевдин эрдиги

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев бир канча ирет Садыр Жапаровго саясый сокку жасап, упай алууга жанталашып атканына күбө болдук. Ал “чимкирик” депутаттардын 80 пайызын чөгөлөтүп койгонун да жашырган эмес. Мындай шартта генерал Өмүрбек Суваналиев чыгып, Абдил Сегизбаевдин дарамети чектелүү экенин, чагымчылыкка баратканын эскертип, шайлоодон кийин башпаанек сурап кете турганын ачыктады.
УКМКнын экс-төрагасы Атамбаевдин аркасынан күчтөнүп, көпчүлүк саясый элитаны коркутуп алганын, депутаттарга компромат-материалдары бар экенин ачык эле айткан. Башкалар “тиш сала” албай, даабай турган жагдайда “Комиссар Каттани” оңой эле жүзүн ачып, ордуна коюп койгонуна күбө болдук.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев да Садыр Жапаровду “сүзгүлөп” баштаганда, генерал Суваналиев негиздүү аргументтер менен аны да жарга такаган. Маевскийден 1 миллион доллар алганын айтып салган да. Учурда бизге эмне керек? Мамлекет үчүн туруктуулук зарыл, ошого катар ар кандай күчтөрдүн оюну менен башаламандыкка азгыргандарды убагында токтотуу шарт. Дал ушул алкакта каарманыбыз элдик позициясын айгинелеп, реалдуу саясаттагы күчүн көрсөткөн кербези…

Булак: “Aryba.kg”

Генерал Суваналиевдин сөзүнөн кийин Сегизбаевдин штабы тарай баштаптыр

Бакылдап чыккан Абдил Сегизбаев коомчулукту адаштырууга багыт алган. Жада калса ага ишенгендерди кайда жашырабыз? Мындай шартта генерал Өмүрбек Суваналиев таамай анализ жасап, Сегизбаевдин башпаанек алып, кача турганын ачыктаган. Учурда анын “табакташтары” камала баштады. УКМКнын кечээги орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалса, Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Булардын алтын контрабандасы боюнча мамлекетке ири зыян келтиргени айтылууда. Президенттик шайлоодон кийин Абдил Сегизбаев да камакка алынары, же качып кетери болжонууда. Дал ушул жагын Суваналиев чемелеп бергенден кийин анын штабындагы офицерлер, тарапташтары кете башташыптыр. Аныгында, ким эле кылмышка шектүү адамга аралашып, балээге кабылгысы келсин?..

Булак: “Aryba.kg”

Равшан Жээнбеков: “Конституция артка эмес, алдыга жылсын...”

– Равшан мырза, президенттикке аттанып жатасыз. Президенттикке аттангандардын 30 миңден кем эмес кол чогултуусу бюрократиябы?

– Учурда борбордук шайлоо комиссиясы болбогон инструкциялык жол менен президенттик шайлоого катышып жаткандарга башаламандыктарды, тоскоолдуктарды жаратууда. Алардын биринчиси – кол топтоо. Азыр 10-15 күндүн ичинде 30 миңден 60 миңге чейин кол топтошубуз керек. Экинчиси – кол топтоо 30 жыл мурдагы бюрократиялык жол менен кагаз түрүндө телефон номерин, паспортунун номерин жазылышын талап кылат. Үчүнчүсү – бланк өзү туура эмес даярдалган. Жазууга мүмкүн эмес, “жазыш керек” деген нерсенин баары батпайт. Ошондой эле талапкерлер салык инспекциясына барып, ишкерлер сыяктуу каттоодон өтүшүбүз керек экен. Биз 15 күнгө шайлоого баратып, шайлоо менен алектенбестен, салык менен алектенишке туура келип жатат. БШК мына ушуга окшогон башаламандыктарды жеңилдетиштин ордуна, талапкерлерди бюрократиялык жол менен кыйынчылыктарга туш кылып жатышат. Азыр дүйнөдө жаңы технологиялар пайда болгон. Кол менен жазып, БШКга тапшыра турган маселелерди телефондун тиркемелери аркылуу кыла турган мезгилге эбак эле жетип калсак да, кол топтоого аргасыз болуудабыз.

– Эмне үчүн коомдо “Батыштын саясатын колдогон саясатчылар Конституцияга каршы чыгып жатат” деген пикир калыптанып калды?

– Бүгүнкү күндө эки көз караш талаш болуп жатат: 1) күчтүү президенттик бийликти колдогон көз караш, 2) демократиялык парламенттик башкарууну колдогон көз караштар атаандашууда. Негизи көз караштардын тиреши туура. Анткени, биз канчалаган идеялардын кагылышын, атаандашууну жарата турган болсок, биздин өлкө үчүн ошончолук жакшы болуп эсептелет. Эң негизгиси, жекеге өтпөшүбүз керек. Бийликте отургандар башка көз караштагыларды басмырлап, коркутуп, камап, кылмыш ишин козгогондон алыс болушу керек. Ал эми биз канчалык көз караштарыбызды талашып, атаандаша турган болсок, коом үчүн да, мамлекет үчүн да, келечек үчүн да пайдалуу. Мен “Батышты колдогон саясатчылар президенттик башкарууга каршы чыгып жатат” деген ойлон алысмын. Анткени, ар бир саясатчынын топтогон тажрыйбасы, көз карашы бар. Конституцияга кайсы саясатчылар каршы чыгып жатса, алардын көз каршы, позициясы аларга дал келбейт. Ошондуктан, биз ошол көз карашты сыйлашыбыз керек. Бирок, “президенттик бийлик орнотобуз” деген адамдардын дагы айтканга укугу бар. Идеяларды, талаш-тартыштарды социалдык тармактар, телевидение аркылуу жүргүзсөк, талаштан тактык жаралат. Бирок, азыркы Конституцияны колдобой каршы чыгып жаткандарды “Батыштын саясатчылары” деп доомат койгон туура эмес. Анткени, парламенттик башкарууда жашаган, ийгиликке жеткен, элине жакшы шарт түзгөн мамлекеттер көп. Ошондуктан, көптөгөн саясатчылар парламенттик башкарууну колдоп, президенттик башкарууга каршы чыгышууда.

– Эл арасында “жоопкерчилиги жок системадан качып, бийликти бир колго топтосок гана абалдан чыгабыз” деген пикир калыптанды. Конституцияга каршы чыккандар “президенттин аткаруу бийлигин кошо колго алганы – эбегейсиз бийликке ээ болгону” деп сындап жатасыздар. Мүмкүн, чын эле бийликти бир колго берсек, тезирээк өнүгүүгө шарт түзүлөттүр?..

– Биздин коомчулукта чынында эле “бийликти бир колго берүү – азыркы оор абалдан алып чыгууга шарт түзүлөт” деген абал түзүлүп калды. Менимче, бул туура эмес көз караш. Анткени, бийликтин баарын бир адамга бере турган болсок, бийлик ошончолук көзөмөлсүз калат. Бийлик ошончолук чектен чыгып, каалаганын жасай бере турган шарт түзүлөт. Мамлекеттеги бийликти бир адамдын колу менен башкаруу туура эмес экенин тарых азыркы күндө дагы далилдеди. Биз тескерисинче, бийликти бир адамга берүүдөн коркушубуз керек. Биз бийликти массалык маалымат каражаттар, жарандык коом, саясатчылар жана өзгөчө бийликке оппозиция болгон тараптар сөзсүз түрдө көзөмөлдөп турушубуз керек. Президентти, премьер-министрди канчалык көзөмөлдөй турган болсок, коом ошончолук ачык, эффективдүү болот. Мыйзамдын чегинде иштөөсүн талап кыла турган болсок, өлкөдө ошончолук өнүгүү, өсүү, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук болмок. Эгерде биз бардык эле бийликти бир адамга өткөрүп берип койсок, анда жаңылыштыкка жол берип коёбуз.

– Кыргызстан өнүгүү үчүн сөзсүз Конституцияны өзгөртүш керекпи?

– Мен дагы “Конституцияны өзгөртүшүбүз керек” деп ойлогондордун катарындамын. Бирок, Конституцияны артка эмес, прогресс, илим, өнүгүү тарабына өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Тилекке каршы, азыр жаңы сунуш кылынган Конституциянын көпчүлүк беренелери бизди алдыга эмес, артка тарта турган долбоор болуп калыптыр. Мен саясатчы катары ал долбоорду колдогон жокмун. Эгерде азыркы жаңы Конституция прогресске багыт алып, адам укуктары, демократия, сөз эркиндиги, тынч митингдер жана саясый оппозициянын укуктарын бекем карай турган болсо, дүйнөлүк цивилизацияга кошо турган Конституция болмок. Ошондой талаптарга жооп бербегенинен улам, азыркы Конституциянын жаңы долбоорун көпчүлүк саясатчылар, жарандык коом, эл аралык уюмдар колдоодон баш тартып жатышат. Бирок, азыр болбосо да келечекте Конституцияны өзгөртүүгө мажбур болобуз. Анткени, азыркы Конституция жараксыз, кемчиликтери көп. Биз Конституцияны шашпастан, көп катмарларды камтыган конституциялык кеңешме түзүп, ал жакка оппозицияны, бийликти, жарандык коомду, көрүнүктүү эксперттерди киргизип, ачык-айкын талкуулап, ар кандай варианттарды карап чыгып, анан өзгөртүшүбүз керек. Азыркы шашылыш өзгөрткөн Конституция баары бир ийгиликке алып келе албайт. Улутубузду бириктире албайт. Прогресске багыт алалбайт.

– Эгерде парламенттик башкаруу эле мамлекетти саздан чыгарып кете турган болсо, эмне үчүн парламенттик башкарууну Текебаев сактап калууга жан үрөбөй, тескерисинче, Атамбаевдин укуктарын мыйзам менен күчөтүп берген?

– Мен “парламенттик башкаруу эле бизди саздан сүйрөп чыгат” деп айтпайт элем. Парламенттик башкаруунун дагы кемчиликтери бар. Ал дагы бизди өнүгүүгө алып келе албай калышы мүмкүн. Бирок, ошентсе да салыштырмалуу түрдө президенттик башкарууга караганда парламенттик башкаруу бир топ дурус, адилеттүү. Ар кандай адамдардын укугун сактап, өнүгүүгө алып келе ала турган мамлекеттик башкаруу болуп эсептелет. Дүйнөдөгү президенттик мамлекеттер менен парламенттик мамлекеттерди салыштырсак, парламенттик мамлекеттер жакшы өнүккөн. Бир топ адилеттүү. Эли да алдаканча жакшы жашайт. Алардын медицинасы, экономикасы президенттик башкаруудагы мамлекеттерге караганда мыкты. Ошондуктан, мен саясатчы катары парламенттик башкарууну колдойм.
Айтып жатканыңыз туура. Көптөгөн саясатчылар акыркы он жылда кээде өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, парламенттик башкарууну өнүктүрбөстөн, тескерисинче, парламенттик башкарууну мурдагы президенттер менен жок кылганга аракет кылышты. Бул чындык. Ар кандай жолдор менен президенттин бийлигин бекемдөөгө аракет кылып, мыйзамдарды кабыл алып берген мезгилдер болду. Бирок, кайсы бир саясатчы, кайсы бир депутат мурдагыдай президенттерге кызмат кылып, президенттин бийлигин бекемдеп берүүгө аракет кылса да, ар бир саясатчы өзүнүн көз карашын, позициясын бекемдеп, парламенттик башкарууну кааласак, анда парламенттик башкарууну улантканга, өнүктүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Бизде тилекке каршы, эч качан парламенттик башкаруу болгон эмес. “Парламенттик башкаруу болуп жатат” деп президенттин тегерегиндеги саясатчылар, депутаттар элдин башын айландырып келишкен. Парламенттик башкарууну орнотобуз десек, анда бир нерсени так жасашыбыз керек: парламенттик башкарууда президенттин ролу жокко эсе болот! Президент укук коргоо органдарына, экономикага кийлигишпейт. Кээде гана мамлекетте парламент, премьер-министр жок болуп калып, коалиция түзүлбөй кала турган болсо, президент ошол убакта убактылуу абалды жөнгө салуу үчүн саясатка кийлигишет дагы, эки-үч айдын ичинде саясатты стабилдештирип, анан баштагыдай эле эч нерсеге кийлигишпей калат. Мына ушундай убакта гана “парламенттик башкарууга өттүк” деп айта алабыз.

– Сиз Атамбаевди сатпаганыңыз үчүн камалдыңызбы, же Атамбаев менен бириккениңиз үчүн айыпталдыңызбы?

– Мени мыйзамсыз жана адилетсиз камоо менен Сооронбай Жээнбеков жана анын укук коргоо органдары эки максатка жетүүгө аракет кылышкан. Биринчиси, “кимде-ким Сооронбай Жээнбековдун чоң душманы мурдагы президент Атамбаев менен мамиле кылса, алардын баарына Равшан Жээнбековго окшогон мамиле жасалат. Баардыгыңар түрмөгө отурасыңар” деген сигналды коомго, саясатчыларга бергенге аракет кылган. Экинчиси, “кимде-ким оппозициялык маанайдагы уюмдарды түзгүсү келсе, Сооронбай Жээнбековдун кланына, анын укук коргоо органдарына каршы чыкса, баардыгыңарды Равшан Жээнбековдой абал күтүп турат” деген сигналды бергиси келишкен. Авторитардык бийликтер ар дайым укук коргоо органдарына, адилетсиздикке жана жеке бийлигине таянат. Президенттик башкаруу болсо, президенттер дайыма ушундай жолдор менен иштешет. Өкүнүчтүүсү, ушундай адилетсиз, мыйзамсыз жол аларды акырында бийлигин жоготууга, элге жек көрүндү болууга түрткү болот дагы, мезгили келгенде баардыгы бийлигинен куулуп кетишет. Сооронбай Жээнбековдун тагдыры дал ошондой болду. Элге жек көрүндү болуп, мөөнөтүнөн мурун куулуп, бийлигин тапшырып кетишке мажбур болду.

Булак: “Азия Ньюс” 

Меню