Menu

АНАЛИТИКА

Табылды Акеров, саясат таанучу: "Кыргыз-өзбек чек арасын мыкты чечип, көз карандысыздыгыбызды бекемдеп, Туран союзуна киришибиз керек"

-Табылды мырза, жакында эле соцтармактарда түндүк Калифорниялык америкалык эсселен уруусунун индеецтери тээ илгери испаниялык келгиндерге тарттырып жиберген жерлерин “Western Rivers Conservancy” экоологиялык тобунун жардамы менен 250 жылдын кийин 4,5 млн. долларга сатып алганы кабарланды. Бизде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлүп берилгени жатат. Балким, биз өз жерибизди баалабай жаткан чыгаарбыз?

-Жер маселеси дайыма оңой чечүүлүүчүлөрдөн болгон эмес. Жер өтө кымбат маселелердин бири. Жер үчүн адамдар канын, жанын берген. Илгери хуннулардын жетекчиси Модэ шаньюйга моңгол тилиндеги коншу уруусу дунхулардын башчысы элчи жиберип адеп күлүгүн суратат. Модэ аксакалдар кеңешинен кеңеш сураса, бир бөлүгү бербеш керек, себеби ал уруу башчыбыздын күлүгү дейт. Бир бөлүгү коңшулар менен ынтымакта бололу, бериш керек дейт. Модэ коңшулар үчүн бир күлүк эмне болуптур, бергиле деп, “бербеш керек” деген аксакалдардын башын алдырат. Экинчи жолу анын эң сулуу аялын суратат. Анда да Модэ кеңеш сурап, коңшулар менен ынтымак жашаш үчүн бир аял эмне экен деген чечим чыгарат да, “бербеш керек” деген аксакалдардын башын алып, аялын берип коёт. Үчүнчү ирет хуннулар менен дунхулардын ортосунда эч кимге тиешелүү эмес жерди бизге өткөрүп бергиле деп талап кылат. Аксакалдар кеңешинин теңи “ал жерге эч нерсе өспөйт, мал оттобойт, иштетилбейт, андан көрө бере берели” дейт. Айрымдары жерди берсе болбойт дешет. Ошондо ачуусу келген Модэ жер мамлекеттин негизи деп, жерди берели деген аксакалдардын башын алдырып, жигиттерине аттангыла, кеттик деп буйрук берип, дунхуларга каптап барып, аларды орду түбү менен жок кылат. Ошондон кийин дунхулар тарыхый булактарда эскерилбей калат.

-Хуннуларды кыргыз болгон деп айтышат. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Тан династиясынын мезгилиндеги булактарда пугэ-бугу уруусу хуннулардын курамына киргендиги айтылат. Бугэ уруусу шаньюйлар чыккан аристократиялык урууларынын бири болгон. VIII-X кылымдардагы булактарда Ысык-Көлду жердеген чигилдер менен байыркы бугэлерди бир эле аристократиялык сабак уругу башкарган. Б.а. булар азыркы бугу уруусунун ата бабалары болгон десек туура болот.

-Кечээки тарыхка келсек, 1920-30-жылдарда Кыргыз мамлекеттүүлүгү кантип куралган, кимдер башында турду эле. Кыргыз мамлекети эмнеге РСФСРдин курамына кирип калган? СССР мезгилинде жер талаш меселелери курч болгондугун айтып келишет? Эмнелерди айта аласыз?

-1917-жылы февраль буржуазиялык революциясынын жыйынтыгы менен ак падышанын бийлиги кулайт. Керенский башында турган өкмөт кашаң болуп, өлкөдөгү бардык социалдык маселелерди так жана туура чече албай, кылчактап жатканда, эл Ленин башында турган социал-демократиялык партияны колдоп, бийлик большевиктердин колуна өтөт. Буга Ленин жана большевиктер жарыя кылган «Жер» жана «Тынчтык» жөнүндөгү декреттер жана «Орусияда жашап жаткан элдердин укуктарынын декларациясы» документери чоң жардам берген. Бийликке келген большевиктер жерди дыйкандарга таратып берсе, өлкөгө тынчтык алып келүү үчүн Орусияны дүйнөлүк биринчи согуштан чыгарып, Германия менен тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Орусия империясынын курамындагы элдерге өз тагдырларын өздөрү тандап алуу сунушталган. Эгерде алар Орусия менен бирге болгусу келсе, анын курамында кала берген. Жок, бөлүнүп кетебиз дегендер, бөлүнүп алып, өзүнчө түтүн булатууга мүмкүнчүлүк алган. Ушул жобону пайдаланып, Орусиянын курамынан Финляндия, ж.б. өлкөлөр чыгып кеткен.

1918-жылы бул документке таянып Орто Азияда да Кокон автономиясы пайда болгон. Бирок, бул мамлекеттин бийлик структураларына большевиктер чакырылбагандыктан Кокон автономиясы М.В.Фрунзе башында турган кызыл армиянын күчү менен бир күндө тыптыйпыл кылынып жок кылынган. Борбордук Азияда казактар биринчилерден болуп өз мамлекеттүүлүгүн орнотууга жетишишкен. 1918-жылы казактар өздөрүнүн мамлекетин Кыргыз Республикасы деп жарыялап, азыркы Казакстан 1925-жылга чейин Кыргыз Республикасы деп аталып келген. Ордосу Оренбург шаары болгон. Бирок, кыргыздар ак падыша кулаары менен өз мамлекеттүүлүгүн жарыялай алган эмес. Себеби, Орус империясы Орто Азияны басып алгандан кийин, бул чөлкөмдү Самарканд, Сырдарья, Фергана, Жети-Суу деп төрт облуска бөлүп, Жети-Суу губернаторлугуна баш ийдирип койгон. Бул төрт облуста тең кыргыздар этникалык азчылыкты түзүшкөн. Өз идеяларын, сунуштарын реализациялоо мүмкүнчүлүгү аз эле.

Ошентсе да 1918-1920-жылдары кыргыздардын арасында да өз мамлекетин куруу идеясы пайда болуп, изденүүлөр жүрүп келген. Биринчилерден болуп А.Сыдыков Тоолу областты куруу идеясын көтөрүп чыккан. Ал кыргыздар компактуу жашаган уезддерди Жети-Суу, Фергана ж.б. областтардан бөлүп, Тоолуу областты куруу идеясын айтып чыккан. Аны И.Арабаев жана Ю.Абдырахманов колдогон. Алар Алматы да, Ташкентте да бул проблеманы көтөрө беришкен. Ошентип, 1922-жылы 25-мартта Түркстан Борбордук комитенин компартиясы Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча чечим кабыл алат. Турк ЦИКтин токтомунун негизинде ал Пишпек, Каракол, Нарын жана Олуя-Ата уездиинин тоолуу райондорунан куралган. Бирок, Жети-Суу обком партиясынын 1922-жылдын 4-июнуна областты уюуштуруу сьездине Пишпекке чакырылган 425 делегат Сталиндин буйругу менен, башталбай жатып таратылган. Ал эми Кыргыз областын түзгөн мурдагы чечимдерди баары мыйзамсыз деп таанылган. Себеби, Сталинге 400 бай-манаптын тукумдары Кыргыз мамлекетин түптөп жатышат деп жалган маалымат берип коюшкан. Анткен менен Кыргыз мамлекетин түзүү аракети улана берген. Бирок, ошол кезде Пишпекте Ташкентке жан тарткан кадрлар бул жакта эмне болуп жатканын акырын жеткирип турган. Ал эми улуту казак Худайкулов башында турган кадрлар Пишпекте эмне болуп жатканын Алматыга жеткирип турган. Ошондой эле маалымат Ташкентке да жеткирилип турган. Себеби, Түркстан менен Казакстан жаңы түзүлүп жаткан областты өз курамына киргизип алууга кызыкдар болушкан.

-1924-жылга токтолуп, 30 кыргыз көтөргөн демилге боюнча айтсаңыз?

-1924-жылы Кыргыз обалстын түзүү идеясы кайрадан жанданган. А.Сыдыковдун демилгеси менен 30 кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү чогулуп, Сталинге кат жазышат. Катта алар кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз кылышпаганы менен кыйыр түрдө Сталинге бул проблеманын бар экендигин жеткиликтүү түшүндүрө алышкан. Отузчулар катына биз кыргыдар Орто Азиянын элдиринен болгон өзбек, түркмөн, казак, тажиктердей эле өз тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз бар элдерденбиз. Ошого компартиянын жетекчилиги кыргыздардын балдарына мектепте өз тилинде билим алууга, соттордо өз кызыкчылыктарны эне тилинде коргоого мүмкүнчүлүк алуусун камсыздап берүүсүн жана мамлекетти башкарууга кыргыз кадарларын тартуу маселелерин чечип берүүнү өтүнүшөт. Отузчулар  Кыргыз мамлекетин куруу маселесин ачык суроодон коркушкан. Себеби, Кокон автономиясы жана Тоолу Кыргыз облусун куруу аракеттери эмне менен бүткөнүн алар жакшы билишкен. Бирок, ошондон кийин Сталин жана компартиянын жетекчилиги бул маселени биротоло чечип берүү туура деп тапкан. 1924-жылдын 1-октябрында Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу областын куруу максатында 17 кишиден турган Революциялык комитет түзүлөт. Анын башына И.Айдарбеков бекиген. 1925-жылдын 27-мартында өткөн Учредителдик сьезди Кара-Кыргыз автоном областынын түзүлгөндүгү расмий бекиткен. Сьездде  А.Сыдыков, Худайкулов ж.б. лидерлердин группаларынын ортосунда чоң карама-каршылыктар жаралган. Кыргыз областы РСФРдин курамына кирген. Бирок, жаңы түзүлгөн областтын жетекчилигин бекитүүдө негизги ролду партиянын обкомунун катчысы М.Каменский негизги ролду ойногон. Ал А.Сыдыков жана Худайкуловдун группаларынын каршылашынан пайдаланып, билим дарамети күчтүү, А.Сыдыковдун санаалашы И.Айдарбековдун кандидатурасын аткаруу комитететинин төрагалыгына өткөрбөй коюуга жетишкен. М.Каменский бул кызматка нейтралдуу кандидатты карап көрүүнү туура деп эсептеген. Ошентип, саясий оюндардын негизинде А.Орозбеков аткаруу комитеттин төрагасы болуп бекиген. И.Айдарбеков жана А.Сыдыковдун башка саанаалаштары бийликте таасирин жоготушкан. Кийинчирээк, алардын баары социал-туранчылар, эл душманы деп репрессияга кабылып, атылып кетишкен.

СССРде саясий жана экономикалык маселелердин баары Москвадан чечилген. СССР бир чоң мамлекет катары эсептелген. Ошого Москва Советтик республикалардын жетекчилигинен сурап да койгон эмес. Н.Хрушев өз убагында чөлкөмдү каалагандай калчай берген. 1962-жылы Ш.Рашидов анын колтугуна кирип алып, Казакстандын пахта эккен үч областын Өзбекстандын курамына киргизип алган. Бул тууралуу казак лидери Д.Кунаев  жана Казакстандын Жогору Кеңеши билген да эмес. Бул маселени Москва Түштүк Казакстандын край компартиясынын жетекчиси И.Юсупов менен чечип койгон. Д.Кунаев муну териштире баштаганда аны кызматтан алып ташташкан.

-Эми Кемпир-Абадка кайрылсак…

-Кемпир Абад суу сактагычынын тарыхы да дал ошол 1962-жылы башталган. 1962-жылы Ш.Рашидов Моксквага таянып, Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, Кемпир-Абад суу сактагычын куруу маселесин көтөрөт. Суу сактагычты куруу үчүн суу топтолуучу жайдагы кыргыз айылдар көчүрүлүш керек болгон. Бул үчүн компенсация катары Өзбекстан Кыргызстанга 5 миң гектардай жер берүүнү жана кыргыз дыйкандары үчүн канал, Сох суу сактагычын ж.б. обьектилерди куруп берүүнү моюнга алган. 1965-жылы Өзбекстан суу сактагычка бериле турган 5 миң гектарды берген дешет. Википедияда бул тууралуу төмөндөгүдөй маалымат жазылган. «Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин (2021-жыл, март) айтымында, кыргыз өкмөтү 1973-жылдары суу сактагычтын курулушу үчүн 5 731 гектар жерди бөлүп берген. Анын ордуна Өзбекстан тарап компенсация катары 4 127 гектар жер берген. Алар Ала-Бука, Аксы, Ноокат, Кадамжай районунда жайгашкан. Ошол келишимде убадаланган 1600 гектар жер 2021-жылкы сүйлөшүүдө алынганы айтылган». Кемпир-Абад суу сактагычы 1983-жылы курулуп бүткөн жана Кыргызстандын 5 миң гектар дыйканчылыкка жарамдуу, Өзгөн күрүчүн өстүрүүгө ыңгайлуу жери суу астында калган. Бирок, өзбек тарап Кыргызстандын алдындагы канал жана Сох суу сактагычын куруп беребиз деген милдеттемелерин аткарбай койгон. Ш.Рашидов муну атайылап эле, карасанатайлык менен курбай койгон десек болот. Себеби, канал менен суу сактагыч курулса, ал жерге пахта эгилип, Кыргызстандын пахта аянттары көбөйүп, өлкөнүн конкуренттик мүмкүнчүлүгү кеңейет деп корккон. Экс-элчи М.Абыловдун билдириши боюнча 1975-жылы Кыргыз өкмөт башчысы А.Сүйүмбаев Өзбекстан тарап өз милдеттерин аткарбаганы үчүн Кыргызстандын чектери Ош областынын чектери менен аныкталат деген токтомун токуп койгон. «Би-Би-Си» радиосу да Т. Усубалиевдин эски маегин тартуулап, анын өз оозу менен Кемпир-Абад кыргыз элинин менчиги деген сөзүн соцтармактарда берди.   Бирок, менимче документалдуу түрдө да Кемпир-Абаддын кыргыздын менчиги экенин көрсөткөн документтерди  коомчулукка көрсөтүшсө жакшы болмок.

-Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп кетти дейли. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок, эки өлкө ортосунда пикир келишпестик, тирешүү болуп кетсе, абал кандай болот?

-Чек ара маселелери өтө дыкат чечилиш керек. Алдыда эмне болоорун айтып болбойт. Ошого келишимдерди дагы бир жолу карап чыгып, так чечишип алуу зарыл деп ойлом. Бул маселе комитетте каралып, ЖКда ратификациядан өтөт. Аябай тыкыр каралыш керек. Өзбекстандын чеги суу сактагыч аркылуу Өзгөнгө чейин кирип келет деп жатышат. Ошого биз көп нерселерден уттуруп коюшубуз мүмкүн деген кабатырлануу бар. Келишим боюнча суу сактагычта аскерлер болбой тургандыгы макулдашылган дешет. Бул жакшы жана өтө маанилүү маселе. Бирок, баары бир коркунуч туулуп калышы мүмкүн. Биринчиден, суу турганда аскерлер суунун үстү менен катерлер аркылуу Өзгөнгө жана Ош шаарына кирип келүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер болуп калып жатат. Суу жок болсо ал жерге аскер жана техника, танктарды жайгаштырып деле коюшу мүмкүн. Бирок, ошол эле маалда  эгер Кемпир-Абад бизде болсо, анда ал жакты эс алуучу зона деп жарыялап, жаштар учун миндеген иш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болмокпу деп ойлойм. Балким, бул да каралган чыгаар.

-Коопсуздукту бекемдеш үчүн эмне кылуу керек эле? Соцтармактарда бул Өзгон, Ошко да коркунуч туудурат деп жазып жатышат?

–Мен ал жакты жакшы билбейм. Бирок, менимче, Өзбекстан берип жаткан жерлердин кайсы бир бөлүгүн, мисалы, 10 гектарын, Кемпир-Абад суу сактагычынын дамбасынын Өзбекстан жак бетинен алсак туура болмок деп ойлойм. Ошондо, Кемпир-Абаддын суу баскан жери анклав болуп калып, ал жакка аскерлерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк болбой калмак. Өзгөн жана Ош шаарларынын коопсуздугу камсыз болмок.

-Жакында камалган саясатчылар жана активисттер алар үчүн атайын операция жүргөндүгүн айтып жатышат. Булар президент менен 2 жолу жолугушуп, анан  Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөндөн кийин дароо камалды. Бир күндө күч органдары материалдарды анализдегенге жетише алабы?

-Кыргызстанда мурдадан бери атайы операциялар жүрүп келген. Мисалы, Бакиевдер оппозициядан биротоло кутулабыз деп анын 14 мүчөсун бир күндө камай коюп, бийликтен жылбышпады беле. Атамбаевдин тушунда «Юпигейт» операциясы жүргөн. Ошол күнгө жакын бизди эксперттерди резиденцияга чакырышкан. Коопсуздук катчысы, УКМКнын башчысы өтө кызыктуу окуялар болгону жатыптыр деген сөздөрдү тарап жатты. Мен бир нерсе болгону жаткан окшойт, үн катпагыла деп милдеттендирип коюшпасын деп барбай койгом. Эртеси эле оппозиция А.Жекшенкулов, С.Жапаров, Т.Мамытов ж.б. Нарын суусундагы балыктарды уулап, өлкөгө тополоң уюштурганы жатыптыр деп, камоолор башталып кетти. Мен биринчилерден болуп бул атайы операция деп айтып чыктым. Оппозицияны каралатабыз деп болжогон жигитке убактылуу 3-4 жылга өлкөдөн чыгып туруу сунушу айтылган.

С.Жээнбековдун учурунда «Кой-Таш» операциясы жүрүп, А.Атамбаев жана анын санаалаштары камалды. Бирок, А.Атамбаев ошол кезде коомдун тынчтыгына, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө чын эле коркунуч туудуруп жаткан. Бирок, бүгүн абал таптаза өзгөрдү. Ал эч кимге кокунуч туудура албайт. Ошого аны чыгарып койсо болот. Жаңы эле түзүлгөн Кемпир-Абадды сактоо комитети коомго коркунуч туудургудай өтө деле чоң күч катары кабылдана элек болчу. Аларды элдин колдоп кетээри деле, али белгилүү эмес болчу. Бийлик шашылып кетти көрүнөт.

-Чек ара маселесинин чечилиши безге эмне берет?

-Чек араны мыкты чечип алуу менен биз өлкөнүн көз карандысыздыгын мындан да  бекемдей алмакпыз. Экинчиден, геосаясий аракеттерибиз алда канча жакшырмак. Мисалы, Туран союзуна кирүү жана ж.б.у.с. маселелерди чечүүдө чечкиндүүрөөк болмокпуз. Менимче, Туран союзу Туркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстандын негизинде түзүлүп калышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Видео - Өмүрбек Текебаевдин Кемпир-Абад боюнча позициясы

Былтыр 28-апрелде, элчилик кызматка дайындала элек кезинде, оппозициялык саясатчы болуп турган Өмүрбек Текебаев КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен түзгөн чек ара келишимине кооментарий берип, партиялаштарын жыйнап жыйын өткөргөн.  Анда азыр ызы-чуу болуп жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча да өз позициясын билдирген. Ошол жыйындын ачык булактардагы видеоотчетуна сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

 

 

 

 

 

 

Алмаз Кулматов, тарыхчы: "Документтерге таянсак Кемпир-Абад совет доорунда да, андан кийин да талашсыз Кыргызстанга таандык болуп келген, азыр бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз"

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы чек араны тактоого болгон умтулуу жакшы. Эки тарап түрдүү деңгээлде жана форматта кезигип, документтер макулдашылып, протоколдорго кол коюлуп, кыскасы мындай учурларга мүнөздүү стандарттык аракеттер жасалууда. Болсун, кубаттайбыз. Бирок ошол макулдашуулардын жана документтердин мазмуну тууралуу коомчулукка маалымат толук, так берилбей, айрым учурда бурмаланган кабарлар басымдуулук кылгандыктан, түшүнүксүз жагдайлар, бүдөмүк ойлор жаралууда.

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун кечээ Өзгөнгө барып, эл менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкелери боюнча соңку макулдашууларды түшүндүрүү болгон изги аракети жеткиликтүү маалымдалбай калгансыды. Басма сөзүнөн кеттиби, башкасынан кеттиби, айрымдардын не каңырыш укканы, не натуура түшүнгөнү белгисиз, айтор ар кандай пикирлер айтылууда. Айрыкча Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түрдүү кеп, түркүн пикирлер. Эл ичинде ошол уу-дуу кеп арасында негедир Кемпир-Абад тээ өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары өзбектерге берилип кеткен экен, биз ордуна жер алыптырбыз деген түшүндүрмөлөр да айтыла баштады. Бизде болгон документтерге таянсак, Кемпир-Абаддын Кыргызстанга таандык экендигин совет доорунда жокко чыгарган жагдай жок экен. Эки республика эгемендик алган соң Кыргызстанга таандык бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз.

Союз ыдыраган соң респубикалар СССРдин курамындагы кезибиздеги чек араларыбызды тааныйбыз, бири бирибизден жер талашпайбыз, аныкталган чектен чыкпайбыз, кокус чарбалык шарттардан улам тактала элек административдик-территориялык маселелер болсо эки тараптуу макулдашуунун негизинде аныктап алабыз деп макулдашкан экен. Бул универсал эреже, дүйнөлүк тажрыйба, эл аралык укуктун жобосу. Республикалар ортосунда алкактык документтер, декларациялар, ратификацияланган документтер, эки жана көп тараптуу келишимдер да ушул принципке таянат. Эгемендүүлүк кездеги ачык документтерде Кемпир-Абад такталбаган тилке катары көрсөтүлбөгөн. Кокус жаза тайып, мурдагы президенттер тушунда андай документ болсо, ак чөп башта.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Туура. Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбек ССРинин демилгеси менен курулган. Ал кезде кубаттуу мамлекет СССР үчүн пахта стратегиялык сырье, кирешелүү продукт болгондуктан Өзбекстандын пахта аянтын кеңейтүү максатында бир топ гидротехникалык объектилер салынат. Анын ичинде Кемпир-Абад. Бул суу сактагычка суу Кара-Дарыя,Тар, Кара-Кулжа дарыяларынын кошулган жерине курулган тосмо менен топтолот. Маселе 1962-жылы козголуп, 1973-жылы курулушу аяктаган. Суу сактагычтын аянты 4400 гектар. Долбоорлонгон сыйымдуулугу 1,7 куб километр. Азыр 1,9 куб километр деп жүрүшөт. Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин компартияларынын Борбордук комитеттеринин жана министрлер кеңештеринин биргелешкен токтомунун долбоорунда Кемпир-Абаддын курулушу, сууну пайдалануу шарттары жана милдеттенмелери так көрсөтүлгөн. Кемпир-Абаддын курулушу боюнча Өзбекстан милдеттенмелери так белгиленген.

Жер боюнча гана жоболорго токтололу. Ошол документтин 7-пунктунда “Суу астында кала турган жер үчүн компенсация катары Өзбек ССРи төмөнкүлөрдү Кыргыз ССРине берет (текст орус тилинде, сөзмө-сөз которулду):

а) Үч-Коргон районунан Үч-Коргон шаарынын чыгыш тарабындагы, Нарын дарыясынын сол жээгиндеги, БФКнын башкы тилкесинен жогорку жайгашкан, Кыргыз ССРине чектешкен жерден 2340 га айдоо аянтын;

б) Наманган районунан Чуст каналынын жогору жагында Ала-Бука районунун “1-Май” колхозунун жерлерине танапташ жайгашкан жерден 1,1 миң га сугарылбаган аянтты;

в) Мархамат районунан XII партсьезд атындагы каналдын жогору жагында, Араван районунун Төө-Моюн капчыгайына чектеш жерден 1,2 миң га аянтты”.

Эч бир жерде Кемпир-Абад Өзбекстанга өтөт деген шартнама жок. Өзбек ССРи Кыргызстандын аймагындагы кыргыз дарыялары кошулган жерде, Кыргызстанга караштуу суу сактагычтын ордуна компенсация катары канча аянт суу астында калса ошончо жер берет тургандыгы даана жазылган. Бирок суу сактагыч же суу сактагыч курула турган аянт (4400 га жер) Өзбекстанга биротоло берилет деген сөздөр документтерде кездешпейт.

Өзбек биринчи катчысы Ш. Рашидовдун Т. Усубалиевге жазган каттарында мурдакы макулдашууларды аткара тургандыгын бышыктайт. Тескерисинче, эки тараптуу ошол документтерде Өзбек ССРи өз эсебинен Бүргөндү массивин өздөштүрүүгө (8 миң га) шарт түзө турган Солжээк каналын жана башка ирригациялык объектилерди курат, суу сактагыч жайгаша турган жерден көчүрүлгөн үйлөрдүн, чарбалык объектилердин курулушун камсыздайт деген сыяктуу ондогон милдеттенмелерди алган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын астында 5,7 миң га жер, 11 кыштак, 985 турак-жай, 135 мамлекеттик жана чарбалык имарат, Өзгөн-Жалал-Абад жолдору, гидротехникалык жана башка объектилер калган. Кийин Өзбекстан аларды куруп берүү милдетттенмелерин аткарган эмес. Кыргызстандын жетекчиси Т. Усубалиев Өзбекстандын биринчи катчысы Ш. Рашидовго бир нече жолу кайрылган. Ал СССРдин долборлоо, пландоо институттарынын эсеби сиз көрсөткөн эсептерден башкача айтып жатат, тактайлы деген шылтоолорду айтып келген. Москвага таянган Ташкент суу сактагычтын курулушуна байланыштуу эки республиканын ортосундагы чек араны анча-мынча өзгөртүү маселесин кое баштаган. Бирок, кыргыз бийлиги буга макул болбойт.

1973-жылы 20-февралда Кыргызстандын Министрлер Кеңеши кабыл алган токтомдо өзбек тарап берген жерлерди кабыл алуу тууралуу чечимди бекитет. Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аянтка байланыштуу чек араларды айрым жерлерде өзгөртүүгө жол бербөө чечимин кабыл алган. Ошентип Фрунзе чек ара маселесин Кемпир-Абадга жакын жолоткон эмес. Өзбек тараптын напсиси арта баштаганда Кыргызстандын жетекчилиги ижарага алган жайыттарды кайтарууну, Токтогул, Касансай, Керкидон суу сактагычтарынын курулушу үчүн компенсация катары Өзбекстан тарап берүүгө милдетттенген жерлерди берүүнү талап кылган.

Өзбек ССРинин демилгеси менен СССРдин колдоосу астында курулган Токтогул, Кемпир-Абад, Керкидон, Касансай (Орто-Токой деп да аталат) суу сактагычтары, Керкидон жана Ала-Бука каналдарын жалпысынан Кыргызстанга караштуу 40 миң гектар аянтты ээлейт. Макулдашууларга карабастан Өзбекстан ушунча жердин болгону 5 миң гектарын (анын ичинен 2,4 миң га айдоо аянты) компенсация катары Кыргызстанга берген. Калганы компенсацияланган эмес. Азыр да талап кылына турган маселе. Эми да аргумент.

Канча жер кимге берилген?

А жогоруда аталган жерлерден кийин Кыргызстанга кай жерден канчасы өткөн? 1973-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калган жерлер үчүн компенсация катары Наманган облусунан 2663 га, Касансай суу сактагычынын астында калган жер үчүн Фергана облусунан 1013 га аянт Кыргызстанга берилген (Т. Усубалиев. “Вода – дороже золота”, 197-бет). Бул жерлер Министрлер кеңешинин чечими менен кабыл алынган, түшүндүрмөсү бар.

Турдакун Усубалиев Жогорку Кеңештин депутаты кезинде сууга ээлик кылуу жана пайдалануу маселелеринин тарыхый, укуктук, табигый, социалдык-экономикалык, саясий шарттарын кашкайган аргументтер менен көрсөтүп, азыр талашка түшкөн Кемпир-Абад боюнча документтердин көчүрмөсүн да тиркеген экен. Дагы бир ирет тактап коелу, бизге берилген аянт Кыргызстанга таандык суу сактагычтын астында калган, Кыргызстанга тиешелүү жер үчүн компенсация. Кемпир-Абаддын өзү үчүн же анын ордуна берилген эмес. Эгерде мурдакы документтерде кенедей эле илинчеги болгондо өзбектер алып коймок.

Макул дейли, Кемпир-Абад суу сктагычынын жалпы аянты 5,7 миң га жер эмес, Усубалиев жаңылышат, ошол кездеги документтер ката деген күндө да азыркы эсеп боюнча 4400 га аянттын ордуна компенсация катары 2663 га аянт бизге берилген. Касансайдын компенсациясы үчүн берилген 1013 га кошкондо да болгону баары биригип 3676 га жер бизге берилиптир. Кийинчерээк Касансай суу сактагычын курууда суу астында калган жердин компенсациясына бериле турган 700 га жердин 125 гектар берилиптир.

Андан кийинки документтерде деле Өзбекстан бизге жер бербептир, биз Кемпир-Абадды бере турган болбоптурбуз. Болду. Документтер боюнча ушундай. Ал эми Кемпир-Абадга байланыштуу документтерде Кемпир-Абад курулат, курулган соң Өзбекстандын карамагына өтөт, ордуна Кыргызстанга 4400 га жер берилет деген макулдашуу, шарт, жобо кезикпейт. Каяктан жүрүп Кемпир-Абад талаштын предметине айланганы белгисиз, айрымдар шилтеме кылган жетимишинчи жылдардагы документтердеги аянттар менен азыр пайда болгон аянттардын арифметикасы түшүнүксүз.

Соңку 31 жыл ичинде эле жашыруун документ болбосо, Кемпир-Абад 4400 га, анын ордуна 1973-жылы 4100 га берилген деген түшүндүрмөгө (https://ru.sputnik.kg/20221004/chto-izvestno-kempir-abadskoe-vodokhranilische-1068624223.html) ошол 1973-жылдагы жана андан кийинки документтерде негиздеме табылбайт. Өзбекстан ошол кездеги расмий документтерде Кемпир-Абадга дооматын арткан эмес. Кыргыз-өзбек чек арасын биротоло чечүү максатында жетишилген макулдашууларды (протоколдор, келишимдер жана башка документтер) көбүбүз билбейбиз.

Окубасак да оюбузду айтат болбойлу. Бирок өзбек тараптын Кемпир-Абадга дооматы болгондуктан жогорудагыдай түшүндүрмө болуп жатса керек. Эгер андай дооматы болсо, анда жогорудагы биз мисал кылган документтер “биз Кыргызстанга жерди бергенбиз, милдеттенмелерди аткарганбыз, эми Кемпир-Абад бизге бергиле” деген маанидеги өзбек тараптын дооматы курулай экенин тастыктап турат. Ошол кезде алынган жана берилген жерлер, гидротехникалык жана башка курулуштар менен компенсацияланган аянттар тарыхый булактарда так көрсөтүлгөн. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы совет доорундагы документтердин баарында Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык экени белгиленип турат.

Булак: ВВС

Сулайман Кайыпов, профессор: Азыр адамзат тирешип, БУЛ ДҮЙНӨДӨ КИМ КАЛАТ ДА, КИМ КАЛБАЙТ деген маселе чечилип жатат

Мени аксакалсын дешти. Анда, ак сакалдын кебине кулак салгыла
Адамзаттын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы тилкесин ачып жатат. Кандаш, жатындаш, бир тууган элдер, кудай кошкон миң жылдык кошуна калктар бирин-бири кырып жоготууга даяр турган, опурталдуу күнгө келип такалдык. Жалпы адамзаттан ырк, ыйман, ынсап, боорукерлик ж. б.лар кетип турган чак. Алардын ордун чырлык, тажаалдык, кара мүртөздүк, бузукулук, ач көздүк, тойбостук, ташбоорлук ыкчам ээлеп бара жаткан учур. Дүйнөдө акылмандар, билимдүүлөр канчалык көп чыккан сайын, адамзат үчүн зөөкүрлүк, карасанатайлык жасаган наадандардын саны андан бетер артууда. Адамдын акыл-эси, таланты, жөндөмү өзүнө каршы иштей баштаганын көрүүдөбүз. Тарыхтын өнүгүү жолу ушул күнгө алып келди. Тагдырга чара жок…
Кеңири масштабда ала турган болсок, кептин ачыгы, БУЛ ДҮЙНӨДӨ КИМ КАЛАТ ДА, КИМ КАЛБАЙТ деген маселе чечилип жатат. Мурда сыя калем менен чийилген дүйнөнүн саясый картасы эми кызыл кочкул адам каны менен кайра чийилет окшоп калды. Жаалы катуу жаңы доор дүйнөдөгү ыркы жок, өнүгө албаган, ар-намысы ойгонбогон элдердин мойнуна кебезге оролгон ач албарсын такап туру. Мындайда аёо болбойт… руху күчтүү, уңгусу бекем, акылы тунук, ниети таза элдер гана жаңы мөөнөттө жашоо үчүн мандат алуу акысына ээ болот. Көбүнчө, байлык чечпейт, дух чечет.
Демек, биз тез аранын ичинде эсибизге келип, бар күчүбүздү, акылыбызды бир уучка бириктирип, кадимки, баягы-баягы көөнө кыргыз сыяктуу оңдонуп, окторулуп чыгышыбыз керек. Тез арада… Тез арада! Убакыт бизге каршы иштеп жатат. Мунун эң башкы шарты, чоң-кичине, улуу-кичүү, тияктык-буяктык, мусулман-теңирчи, кызыл-кара, оппозиция-позиция болумуш этип тейтектегенди, майда-чүйдө сөздөрдү кан буугандай токтотушубуз зарыл. Бири-бириңерди чымчылаган сасык сөзүңөрдү, болду эми, токтоткула, кыргыз уулу!
Саясатчы ини-карындаштарым, силердин да оозуңарга келгенди оттоп сүйлөй берген эрке-талтаң дооруңар бүттү, эми өлкөбүздүн бар балушу үчүн башыңарды катыргыла. Ал колуңардан келбесе, орундарды бошоткула, колунан келгендер барып иштесин.
Кыргыздын акчалуу, байсымак уул-кыздары, алкымыңарды тыйып, четке ташып кеткен арам оокатыңарды адал ишке жумшагыла; акчаңар көп болгондугу үчүн эмес, ушул өлкө бар болгондугу үчүн силер барсыңар, ушуну кеч боло электе түшүнгүлө!
Кыргыз коомунун мүчөлөрү, өлкө жетекчилери тууралуу ыйкы-тыйкы ушак сөз сүйлөгөндү таптакыр токтотолу. Аны-муну, жасалма этика-метиканы мындай коюп, ачык айтсам момундай:
1. Садыр Жапаровдун ак көңүлдүгүн, кең пейилдигин, кечиримдүүлүгүн, ачык сөздүүлүгүн, ичи таза ишенчээктигин, ошол эле мезгилде, чечкиндүүлүгүн эч кимден таба албайсыңар! Мурдакы бешөөнүн түбүнө жеткен кекчилдик, трайбализм дегендер мында жок.
2. Камчыбек Ташиевдин тайманбастыгын, жанын канжыгага байлап коюп от кечкен баатырдык сапаттарын, көкжалдыгын, ошол эле мезгилде, калдаңдаган ак көнүлдүгүн эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылардын былгытма сценарий түзүп, ак жерден кылтак салчу адаты мында жок.
3. Талант Мамытовдун сабырдуулугун, жети өлчөп бир кескен токтоолугун, калыстыгын, сылыктыгын эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылырдын популизми, аша чапкандыгы, дардаңкөйлүгү мында жок.
4. Акылбек Жапаровдун акыл калчоо ылдамдыгын, айлакерлигин, алтернативдүү ойлоо жөндөмүн, кысталышта жол таап кеткен эпчилдигин эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылардын иш кылбай эле, процент күтүп молтоюп отура берген адаты мында жок.
5. Курманкулдун кылдаттыгын, ар тараптуу ой жүгүртө билүү сапатын, калыбынан жазбаган калбааттыгын, толеранттуулугун, профессионалдуулугун эч кимден таба албайсыңар! Бир нерсе “өнө турган” жерлерди каттап алып, аларды ирети менен “саап” отуруу мында жок.
Ушул сапаттардын баарынын бир чекитке топтолорун ойлогондо үмүтүм арта түшөт. Баса, “Ай агай апыртып жибериптир” дебегиле, мени билгендер билет – мен “дежур чалдардан” эмесмин. Мени ушул сөздөрүм үчүн “Чоңдорго жагайын деп жаткан экен” деп, ичи бузуктар гана ойлошу мүмкүн. Мен – бирөөгө жагайын деген доордон өтүп кеткен кишимин; болгонун болгондой айтып туруу жарандык милдетине айланып калган адаммын. Менин өлкөмөн, элимен, бала-чакаман башка байлыгым жок, калганы керек да эмес.
Ооба, периште болуп кеткен эч ким жок, чекиликтер жок дейсизби, албетте бар. Бирок азыр аларды териштирип отурчу убак эмес. Тез аранын ичинде, бардык күчүбүздү жыйнап, бир кишинин сөзүнө кулак салып, бир пикирди колдоп, бир гана максатты көздөшүбүз керек болуп туру. Ал максат – Кыргызстаныбыздын бүтүндүгүн коргоп калуу! Биз да бийлигибизди сындай бербей, аны колдоп жатып туура жолго багыттоону, жакшы иштерди жасоого шыктандырууну үйрөнөлү. Кыргыздар, ээн баш, ээн ооз, эсирген эл деген жаман атактан кутулалы.
Сулайман Кайыпов, профессор

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Ооганстанда Талибан жеңди, эми эмне болот?

Бүгүнкү күндөрдө бүт дүйнө жүзү америкалыктардын Афганистандан уят болуп качып чыкканын көрүп турду. Жыйырма жыл бою Америка Талибанды жеңүү аракетинде болду, жыйырма жыл алар афган мамлекетин жана армияны Америкалык стандарт менен курду, бирок жыйынтыгында эмне тапты? Алар курган Марионетка өкмөт бат эле кулап түштү…

Дүйнө коомунун алдында көптөгөн төмөнкүдөй суроолор жаралууда:

  • Эмнеге бул окуялар тез арада болуп кетти? Америкалык салык төлөөчүлөрдүн үч триллиондон ашык доллары кантип жана каяка сарпталды. Ал эми Американын өзүндө конгрессмендер бул суроону башкача коюшууда… Американын салык төлөөчүлөрүнүн акчалары ким тарабынан, кантип жана качан уурдалды?! Бул маселе биздин Кумтөр сыяктуу көпкө чейинки талаш-тартыштын себепкери болот.
  • Эмне үчүн дал ушул жалгыз Талибан кыймылы ооган жерин америкалык оккупациядан бошотуучу боло алды?
  • Эмне үчүн Афганистандын калкынын көпчүлүгү каттуу Ислам тартибин кармаган Талибанга колдоо көрсөтүүдө?
  • Талибан мурдагыдай эле аялдырдын билим алуусуна жана алардын үйдөн эркек адамсыз, паранжасыз чыгуусуна тыйуу салабы?
  • Негизи эле эркиндикти сүйгөн Афганистанда Ислам эмираты деген түшүнүк иш жүзүндө эмнени билдирет?
  • Талибан Орто Азия өлкөлөрүнө курал менен кирип келбейт, бирок Орто Азиянын жана Россиянын мусулмандарына өз идеологиясын жайылтууга аларга ким тоскоолдук кылат?
  • Эмне үчүн дүйнөлүк гегемондун ролун аткаргысы келген Америка жыйырма жыл бою диний Талибанды жеңе алган жок?

 Ушул сыяктуу суроолорго толук жана акыркы жоопторду дүйнө жүзү жакынкы убактарда алат…  Бирок бүгүн эле буларга айкын жооптор бар десек болот:

  • Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчаларын башаламан сарптаган афган марионеткалык режиминин, ошондой эле Америкалыктардын өзүнүн ичиндеги жедеп жайылып кеткен коррупция, алардын согушта утулганы, бийликке жана окупанттарга афган элинин нааразычылыгы.
  • Караламан калктын жашоосу акыркы 20 жылда жакшырган жок, бийликтегилердин жана саясатчылардын аз гана тобу байып, акчаларын Афганистандан чыгарып кетишти.
  • Талибандын идеологиясы Рахмондун жана диктатор Түркмөнбашынын үй бүлөөлүк, кландык режимдерине эң чоң коркунуч келтирет. Эч бир армия диктаторлорду адилеттүү бийликке зар болгон калкынын нааразычылыгынан сактап кала албайт.
  • Азыркы кыргыз бийлигиндегилер жөнөкөй бир чындыкты түшүнүп алуусу кажет – Тажикстан буфер катары бизди Талибандан сактап бере албайт, эртең эле тажик Талибаны биздин чек араларга жетип калышы мүмкүн…
  • Мына ушул биз үчүн эң чоң коркунуч, мындан бизди куралданган эл гана сактап кала алат, бирок эл дагы да болсо өкмөтүнө ишенип отурат.
  • Баткен облусунан аскердик кызматка чакырыла турган Эр азаматтардын бардыгы кыргыз-тажик чек арасына, өз айылдарында кызмат өтөөгө жөнөтүү, мөөнөтү аяктаган соң контракттык негизде кызматын улантуу маселелеринин үстүнөн бүгүндөн баштап иштөө зарыл. Чек арадагы коргонуу отряддары заманбап курал-жарактар менен камсыздалышы керек.
  • Үч революцияны баштан өткөргөн кыргыз эли кошуна мамлекеттерге караганда элге курал берүүдөн коркпойбуз, биз ушунубуз менен күчтүүбүз.
  • Бийликтегилер элибиздин бийликтин адилеттүүлүгүнө жана тазалыгына болгон ишенимин сактоосу зарыл… Эгерде бул ишенимди жоготуп алса, анда муну менен Кыргызстандын эртеңки жаркын келечегине болгон ишенимин жоготот, анан өлкөбүздүн афгандашып кетүүсүнөн сактоого кепилдик жоголот.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

2021-жыл 17-август.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр: Афгандыктар бири-бири менен согушуп жатышат… Ал эми америкалыктар өз максатына жетишти

Бул окуялар америкалыктардын башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнүн кезектеги ишке ашырылган фактысы жана американын тышкы саясатынын кезектеги курмандыгы болду.

Америка дипломатиясынын түпкү максаттарын түшүнүш үчүн, акыркы он жыл ичиндеги окуяларды талдап көрсөк жетиштүү болот… (1) бөлүп ал да бийлей бер, (2) башкаруу мүмкүн болгон хаос теориясынын иш жүзүнө ашырылганы, (3) согушуп жаткан эки тарапка тең курал жеткирип берүү, (4) өлкөлөрдүн жаратылыш ресурстарын дээрлик бекер алып кетүү. Акыркы он жылда… Ирак, Ливия, Сомали, Ливан, Афганистан, Украинаны мисал кылып карасак болот. Бул өлкөлөрдүн баары тең же өлкө ичинде согушуп жаткан, же ыдырап аткан, ошондой эле жерлеринен ажырап жатышат, бийлик үчүн бүтпөс согушту улантышып, анан «улуу» америкалыктардан кайра-кайра жардам сурап жатышат.

Бул нонсенспи?! Жок! Жок, бул гегемондун катаал жана мыкты ойлонулган саясаты … Максаты эмне? Мүмкүн болушунча, көпкө чейин гегемон болуу! Мында Американы күнөөлөшкө болобу? Жок, болбойт… бирок бул жөнүндө билип коюу абзел. Анткени америкалыктар политтехнологиянын элементардуу жөнөкөй ыкмаларын колдонушат, бийликтеги коррупционерлерге, саткын саясатчыларга, калктын сабатсыздыгына таянып иш жүргүзүшөт, демократиялык өлкөдөгү сырты жалтырак, ичи калтырак кооз жашоо менен азгырышат, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн мыкты-мыкты акылдууларды жана эң бир эпчил, демилгелүү адамдарды алып кетип жатышат. Аталган өлкөлөрдүн бийлик башындагылары саткын болуп жатканына ким күнөөлүү? Афганистандын дыйкандары өздөрү апийим өстүрүүгө умтулуп жатканына ким күнөөлүү? Америкалыктар ушулардан пайдаланышып, ири-ири аймактарды жана миллиарддаган элди жакыр кулчулук абалда атайын кармап жатышат. Очень трудно заподозрить американцев, что дядя Сэм мечтает, чтобы мощных развитых стран как они сами, было как можно больше…

Бүгүнкү күндөгү Афганистан жөнүндө, тезис менен кыскача бир нече сөз…

Ал жакта жакында тынчтык орнобойт. Афганистандын кыйроосу толук мумкун…

Афган тажиктери Тажикстандын чек арасына таяп, өздөрүнүн улуттук анклавын түзүп алышы мүмкүн. Ошондой эле афгандык өзбектер да ошентиши мүмкүн…бул кебетесинде пуштундар да аймактык автономдуулукту алууга аракет кылышы мүмкүн.

Бул сценарий толук ишке ашып кетиши мүмкүн, анткени карапайым калк аягы көрүнбөгөн согуштан тажашты, ошон үчүн керек болсо автономдуулук жолу менен болсо да кандай болбосун тынчтыкка, стабилдүүлүккө умтулушат. Борборлошууга умтулган, Афганистанды бириктирүүчү күчтөр бүгүнкү күндө жок.

Талибан Тажикстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга кирет деген бул америкалык же башка пропагандисттер чыгарып жаткан жөн эле жомок… Алар муну менен болбогон бир суммадагы долларына жана жергиликтүү бийлик менен жакындашкан америкалык самолеттору үчүн бензин берүү менен,  ошол көз карандысыз мамлекеттерге өздөрүнүн базаларын жайгаштырганы жатышат. Биз, кыргыздар муну баштан өткөргөнбүз, авиакеросинди кантип башыбызга төгүлөөрүн билебиз жана түшүмүбүзгө кандай кедергисин тийгизээрин жакшы түшүнүп калганбыз.

Ушул абалда Россия эмне кылат?

Регионалдык гегемон катары ал өзүнүн позицияларын бекемдейт… Талибандарды дараметтүү террористтер катары алыс кармап, жакындатпайт. Талибанга ички күчтөр каршы туруп жаткандыктан, сырткы кол салуу оюна келбейт. Ички күчтөрү, булар моджахеддер, алар афган өкмөтүн колдоп жатышат, алар Пакистандын талибандарына каршылык көрсөткөн олуттуу күчтөр… бул кагылышуу көпкө уланып, качан жана эмне менен аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Талибандын Орто Азия республикаларында жана жадагалса Россияда да бекитип койгон ячейкалары бар деген сөздөр – бул деле нукура мусулман душмандарынын пропагандалык трюктары. Анткени Талибан деген – исламдын жаш жолдоочуларынын Афганистандын эгемендүүлүгү үчүн болгон кыймылы. Ал эми биз, азия өлкөлөрүнүн мусулмандары Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн өзүбүздү курмандыкка чала турган оюбуз жок, биз өзүбүздүн эгемендүү өлкөбүз үчүн күрөшөбүз.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Медербек Корганбаев, серепчи: Бабанов жана Кумтөр

Менин жеке ой – пикирим. Өмүрбек Бабановго карата Кумтөрдүн иши боюнча ага көрсөтүлгөн айыптоо канчалык мыйзамдуу жана Бабановдун күнөөсү бар экен деген негизге суроо жаралат.

Баарыбызга белгилүү, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттын дайыма президент чечип келген. Жогорку Кеңеш ажонун сөзүн жерге түшүрбөй, ажо тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарган.

Кыргызстандын президенти ким болбосун, парламентке карата болгон өлкө башчысынын таасири зор болгон. Бул чындык. Бир гана Күмтөр эмес, көп маанилүү маселелерди ажо жана анын жан жоокерлери парламенттин кароосуна чыгарып, депуттардын колдору менен өзүнүн жеке пайдасына керек чечим чыгарып жүрүшкөн.

Канадалык “Центерра Голд” кампаниясы биздин республика жетекчилерибиздин эрке баласы сыяктуу болуп жүрдү. Менимче, канадалыктар мурунку бийлик, ажолор менен дайыма тил табышып келишкен.

Ал эми өкмөт башчысынын Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына тийгизген таасири чектелүү болгон. Себеби бизде премьер-министр кызматында ашып кетсе бир жыл иштейт. Өкмөт жетекчиси акылдуу, каржы жана экономиканы мыкты билсе деле, таза болсо да, бир жылдан соң ар кайсы шылтоо табып, президенттин командасы кызматтан кетиришкен. Жумушун мыкты аткарган өкмөт башчысы ажонун даражасын төмөндөтүп коюушу ыктымал жана ишмердүүлүгүн так алып барган премьер-министр президент үчүн атаандашка айланат деген көз караш болгон. Ошондуктан, мурунку президенттердин айлана-чөйрөсү тынбай интрига жасап, күчтүү өкмөт жетекчилерин, адисттерин өстүрбөй, аларга карата басым көрсөтүүгө кызыкдар болушкан. Ушундай саясий кадамдарды ишке ашыруу үчүн мурунку ажолор Жогорку Кеңеш аркылуу сокку жасашкан.

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы кызматын аркалаган кезде Жогорку Кеңеш Ак үйдөн (президент Атамбаевден – ред.) абдан көз каранды эле. Менин жеке оюмча, жогоруда айтылган сөзгө жараша Бабанов кааласа да, аракет жасаса деле, ал Кумтөрдүн суроосу боюнча парламентти өзүнө карата тарта албайт болчу. Тескеринче, ал мезгилдеги Жогорку Кеңештин өкүлдөрү (Текебаев баш болуп – ред.) Бабановго каршы чабуул жасашкан. Айласы кеткен Бабанов 2012-жылы кызматын тапшырып берип кутулду.

Логикалык суроо пайда болот – эгерде Бабановдун саясий таасири чын эле күчтүү болсо, мындай жыйынтык болмок беле?
Медербек Корганбаев, серепчи

Алексей Елисеев: "2007- жана 2009-жылдардагы “Кумтөрдөгү” концессиялык аянттардын кеңейтилиш маселесин бул багытта жеткиликтүү маалыматы жана билими жок адамдар гана көтөрүп жатышат"

КР Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча агенттиктин мурунку жетекчилеринин бири Алексей Елисеев Кумтөр кенин иштетүү боюнча 2009-жылдагы келишимдин негизинде кыргыз тарап “Центеррага” 16 миң гектар жерди кошуп берген деген оппоненттеринин маалыматын жокко чыгарган макаласын жарыялайбыз.

Акыркы учурларда “Кумтөр” долбоорунун концессиялык аянттарын кеңейтүү боюнча чыгып жаткан чайкоочулуктар, бул долбоор боюнча 2007-жылдын 30-августундагы Келишим менен 2009-жылдын 24-апрелиндеги Келишимдердин шарттарын карама-каршы коюусу, ошондой эле бул талашып-талкууга жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди аралаштыруусу, көз карандысыз кесипкөй түшүндүрмөнү талап кылат. Мындай түшүндүрмө кандайдыр бир саясый боёктордон алыс болуп, жалаң документтер аркылуу далилденген фактыларга негизделиш керек, антпесе бул тема кайра эле саясый талашып-тартышууларда пайдаланыла берет жана мындай шартта көз карандысыз эксперттик корутунду чыгаруу мүмкүн эмес. Ошентип, бул кыскача анализдин жалгыз максаты жооптуу мамлекеттик кызматкерлерге жана коомчулукка ошол учурдагы айрым факт жүзүндөгү шарттарды жеткирүү болуп саналат, булардын чын-төгүнүн бул жерге тиркелген биринчи булактарды окуп эле текшерип алса болот. Жарыяланып жаткан анализ пайдалуу болот жана мындан ары бул маселеде ар кандай түшүнбөстүктөрдөн качууга жол ачат деп үмүттөнөбүз.

Биринчи кезекте, 2007-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Премьер-министр А.Ш.Атамбаевдин колу менен) жана «CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын (Президенти Homeniuk L.A. колу менен) ортосундагы Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Келишимдин 2.4 пунктуна ылайык “Тараптар “Кумтөр Голд компанинин” учурда иштеп жаткан Концессиясын кеңейтүү үчүн Өзгөртүлгөн Концессиялык Келишим түзүшөт жана ага азыр “КГК”нын чалгындоого жана иштетүүгө лицензиясы бар территориялары да киргизилет” деп макулдашылгандыгын белгилеп кетүү зарыл. ““Кумтөр Голд компанинин” кеңейтилген концессиялык аянттардагы чалгындоого, иштетүүгө жана кен казып алууга укуктары чектелбейт.” Ошондой эле бул Келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 382-Токтому менен да (КР Премьер-министри Атамбаев А.Ш. кол койгон) бекитилген.

«CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын Директорлор кеңешинин 2007-жылдын 28-августундагы чечимине ылайык, “Кумтөр” долбоорунун концессиялык аянтынын кеңейтилиши «Cameco Corporation» компаниясынын пайдасына 10 000 000 даана кошумча казыналык акцияларды чыгаруу менен төлөнгөн (Кыргыз Республикасы менен «Cameco Corporation» компаниясынын ортосундагы өз ара колдоо боюнча Келишиминин 1.1.пункту).

2007-жылдын 30-августунда «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы ачык жаңылык Релизин чыгарган (шилтемеси: (http://centerragold.com/sites/default/files/news-releases-en/cg-08302007-en.pdf), анда бүгүн «Centerra Gold Inc. (TSE:CG) жана Cameco Corporation компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен милдеттендирген келишим түзүүгө жетишкендигин көрсөтүп, жарыялаган, анда “Кумтөр” долбоорунун узак мөөнөттө өнүгүүсүн улантуу үчүн кыргыз өкмөтү тараптан Centerra компаниясына толук берилгендик жана колдоо каралган. Бул келишим ошондой эле мурда бул компанияга чалгындоолорго берилген бардык аянттарды бириктирүү үчүн, ошондой эле “Кумтөр” кенинин иштешине жеңилдетилген, туруктуу жана алдын-ала билип турууга мүмкүн болгон салык режимин орнотуу үчүн буга чейин берилген концессиялык аянтты 25 000 гектардан ашык көбөйтөт.”

2007-жылдын 30-августунда «Cameco Corporation» компаниясы да өзүнүн жаңылык релизин чыгарган (шилтемеси: http://www.cameco.com/media/news_releases/2007/?id=196), анда бүгүн “Cameco Corporation” жана «Centerra Gold Inc.” компаниялары Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен милдеттендирген келишим түзүүгө жетишкендигин көрсөтүп, жарыялаган. Келишимдин шарттарына байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы  “Кумтөр” долбоорунун узак мөөнөттө өнүгүүсүн улантуу үчүн Centerra компаниясын колдоого макул болгон, ошондой эле «Cameco Corporation” компаниясынын Centerra компаниясындагы кызыкчылыктарынан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга макулдашышты. Мунун акысына Кыргызстандын өкмөтү 32,3 миллион акция алат (Cameco компаниясынан 22,3 миллион жана Centerra компаниясынан 10 миллион казыналык акция) Cameco жабылганда, ал эми жабылуунун укуктук аныктамалары бүгүн кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн… Кыргызстандын өкмөтүнүн Centerra менен келишими боюнча Centerra компаниясынын кен казып алуучу концессиялык аянттарына чалгындоо үчүн лицензия алган аянттарын кошуу менен кенцессиялык аянттарды олуттуу көбөйтүп, 25 000 гектардан ашат жана Centerraнын операциялык ишмердигин кыргыз өкмөтү толук колдооого алат.”

Ошентип, КР Премьер-министри Атамбаев Алмазбек Шаршенович 2007-жылдын 30-августунда «CENTERRA GOLD INC.» жана «Cameco Corporation» компаниялары менен келишимге кол коюп, Кыргыз Республикасы «CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын “Кумтөр” долбоору боюнча концессиялык территориясын 25 000 гектардан ашык көбөйтүп бергени – бул факт. Бул кеңейтилген концессияга Кумтөр Голд Компанинин ошол кезде чалгындоого жана иштетүүгө алган бардык колдонуудагы лицензияларынын территориялары киргизилген. Кеңейтилген концессиянын акысы үчүн «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Кыргыз Республикасына өзүнүн 10 миллион казыналык акциясын өткөрүп бериш керек эле, бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам Кыргызстандын коомчулугунун көзүнө будамайланып, ал акциялар «Cameco Corporation» комапаниясынын пайдасына чыгарылып кеткен.

Дал ушундай эле кеңейтилген концессия 2009-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.В.Чудинов кол койгон “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Келишимде каралган. Ушул аталган Келишимдин 1.2 пунктуна ылайык “Тараптар бул келишимдин “Кеңейтилген Концессиялык Аянт” аттуу 1-тиркемесинде Келишимдеги “Кумтөр” долбоорундагы концессиялык аянттардын кеңейтилишин Кумтөр голд компанинин кызыкчылыгына ушундай эле укуктарды берүү менен кайра каралган деп макулдашат. Муну менен бирге 2009-жылдагы Келишимде кеңейтилген концессия үчүн акы катары «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Кыргыз Республикасынын пайдасына 18 232 615 казыналык акциясын чыгарат.”

Бирок, концессиянын аянттарын кеңейтүү маселесинде 2007-жылдагы келишимдин авторлоруна жана 2009-жылдагы келишимдин катышуучуларына эч кандай айыптоолор жана кандайдыр бир чайкоочулуктар болбошу керек. Чындыгында концессияны “Кумтөр Голд Компанинин” кендерди чалгындоого жана иштетүүгө алган колдонуудагы лицензияларында көрсөтүлгөн территорияларына чейин кеңейтүү бул техникалык мүнөздөгү эле чечим болгон, анткени бул долбоордун компаниялары долбоорду ишке ашыруунун башталышынан эле Кумтөр кенинин бул кеңейтилген территорияларын иштетүүгө укугу болгон.

1992-жылдын 4-декабрындагы Кумтөр алтын кени боюнча Генералдык келишим “Кумтөр Голд Компани” ишканасына Кумтөр алтын кенинин айланасындагы бардык пайдалуу жер байлыктарын иштетүүгө өзгөчө укук берген.

1994-жылдын 30-майындагы Генералдык келишимдин редакциясынын 4.13-беренесинде “Кумтөр Голд Компани” ишканасына “Кумтөр алтын кенинин периметри боюнча 7,5 километр радиустагы территорияда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана инвестиция салууга артыкчылыктуу укуктар” кепилдиги берилген.

2003-жылдын 31-декабрындагы Инвестициялык келишимде жогоруда көрсөтүлгөн укуктар жана кепилдиктер кайталанып киргизилген.

Ушул инвестициялык милденттенмелердин рамкасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары “Кумтөр голд компани” ишканасына Кумтөр алтын кенинин флангаларында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө бир нече лицензияларды беришкен, алардын ичинде:

  • “Кумтөр аянты” участогун геологиялык изилдөө үчүн 1997-жылдын 19-декабрындагы № Au-79-97 лицензиясы;
  • “Түштүк-Батыш участогун иштетүүгө 2005-жылдын 22-июлундагы № АЕ-147 лицензиясы;
  • “Сарытор” участогун иштетүүгө 2007-жылдын 30-ноябрындагы № АЕ-15-21 лицензиясы;

Андан сырткары, 2004-жылы «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Торонтодогу (IPO) фондулук биржасында биринчи жолу өзүнүн акцияларын ачык сатыкка коюп жатып, фондулук рынокто өзүнүн запастары жана ресурстары катары 1997-жылдын 19-декабрындагы № Au-79-97 лицензиясын боюнча бардык геологиялык чалгындоо иштерине укуктарын да койгон. http://www.centerragold.com/sites/default/files/prospectus_2004.pdf).

2006-жылы Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жогоруда аталган артыкчылыктуу укуктарынан күмөн санаганда CENTERRA GOLD INC. компаниясы Кыргыз Республикасына 1 миллиард долларга доомат артып, UNCITRAL эрежелери боюнча эл аралык арбитраждык териштирүүнү баштаган.

2007-жылдын 30-августундагы Келишимге ылайык CENTERRA GOLD INC. компаниясы өзүнүн арбитраждык иликтөөөсүн убактылуу токтоткон.

2009-жылдын 24-апрелиндеги Келишимге ылайык ал арбитраждык дооматтар жөнгө салынган, CENTERRA GOLD INC өзүнүн бардык дооматтарынан баш тарткан.

Жогоруда баяндалгандарга негизденип, 2007- жана 2009-жылдагы “Кумтөр” долбоорундагы концессиялык аянттардын кеңейтилиш маселесин бул багытта жеткиликтүү маалыматы жана билими жок адамдар гана көтөрүп жатышат, же биздин мамлекеттин жооптуу кызмат адамдарына тескери маалымат берип, адаштырып, реалдуу окуялар менен фактыларды атайылап бурмалашууда деп так кесе жыйынтык чыгарууга болот. Бул учурлардын кайсынысы болбосун Канадалык инвесторлор менен болгон сүйлөшүүлөр процессинде Кыргызстандын позициясын жакшыртпайт, тескерисинче, биз тараптан сүйлөшүүчүлөрдүн компетенциясына негиздүү шек жаратат.

Алексей Елисеев, КР Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча агенттиктин экс-жетекчиси

 

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Эмнеге Жогорку Кенештин депутаттары «чимкириктерге» айланды?

Биз эч кимди шылдындап, басынтып же каралагыбыз деле келбейт… Биз бул укмуш феноменди талдап көрүп, түшүнгүбүз келип жатат. Эмнеге Атамбаевдин бир айтып койгону менен эле «чимкирик» деген кемсинтүүчү сөз байыркы акылгөй элдин аң сезимине сиңип кетти?

2010-жылдагы Конституцияны мурунтан жалпыга таанылган парламенттик жана президенттик башкаруу формаларынын стандарттарына шайкеш келүүсүн талдап көрүп, андан толук кандуу иштей турган парламентаризмди да, жана айкын президенттик моделди да көрө албадык. Жөнөкөй тил менен айтканда, 2010-жылдагы Конституцияда «Колу жок, буту жок, рулу жок, ачык-айкын багыты жок автоунаага отуруппуз да, баарыбыз эле кыйкырып, чуру-чуу түшүп, кокуйлап эле жатабыз, бирок эч кимибиз эч жакка шашкан жерибиз жок, бир жерди таптап эле турабыз».

2010-жылдагы Конституциянын ачык-айкын, так эмес жана карама-каршы болушунан улам, Кыргызстан баары эле сүйлөй берген, бирок жоопкерчилиги жок өлкөгө айландык. Ушул мезгил ичинде – парламентке кайра эле баягы жадаткан, уят-сыйыты жок «чимкириктер» келип өтүп, 2020-жылдын октябрында кезектеги төңкөрүш чыкканга чейин эл кыжыры кайнап, карап отурду.

Эмне үчүн мындай окуялар болуп кетти жана бул жерде 2010-жылдагы Конституциянын эмне тиешеси бар?

Балким билбегендиктенби, же атайын элеби, айтор, 2010-жылдагы Конституцияда депутаттар баардыгына кийлигише берген, бирок эч нерсеге жооп бербеген, ал эми Өкмөт тескерисинче, баардыгына жооптуу болуп, бирок чечимдерин чыгарууда парламентке жана  президенттин администрациясынын эркине үтүр, чекитине чейин көз каранды болуп, өзү эч нерсени чечүүгө укуксуз болгон, бийлик жана мамлекеттик түзүлүшү киргизилген.

Депутат болуш түз да, кыйыр да маанисинде өтө  пайдалуу да, ынгайлуу да болуп калды. Биринчиден, бардыгында жеке унаасы, айлыгы жакшы жеке секретаршасы, жеке жардамчысы бар, акысыз уюлдук байланышы бар, өлкө ичиндеги каалаган сапары мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ай сайын депутаттар 40 миң сомдон күтүүсүз чыгымдарына алышат, аларга отчет беришпейт. Экинчиден, дээрлик бардык депутаттар туугандарын, жакындарын, досторун жана тааныштарын кызматтарга орноштура беришип, басып жүргөн кадрлар бөлүмүнө айланышты. Үчүнчүдөн, депутаттардын негизги киреше булагы – ата мекендик бизнеске кыянаттык кылуу менен чет элдик фирмалардын кызыкчылыгын көтөрүү болуп калды. Муну депутаттар ачык эле, бетпактык менен жасашчу, анткени оозеки айткандарын далилдеп берүүгө болбошун билишчү. Министрлерди, чиновниктерди мыйзамсыз чечимдерге кол коюуга мажбурлап, өздөрү четте карап турушчу. Ошон үчүн ар бир депутат өзүн министр сезип, фракция лидерлери өздөрүн премьер-министр сезип калышкан. Депутаттардын мыйзамсыз иштери андан көп, ошон үчүн азыр октябрь төңкөрүшүнөн кийин алар дымып, унчукпай отурушат, жана кандай болбосун чечимдерди колдоп берип жатышат. Депутаттардан принципиалдуулукту жана акыйкаттуулукту күтүү – бул келесоонун иши, алар кара санатай болгону үчүн эмес, алар мамлекеттик кызыкчылыкты кыпындай да ойлоп койбогондору үчүн! Анткени алар өздөрүнүн андан көп эселентип көбөйтүп алуу үчүн, акчаларын партиянын “общагына” салышкан. Шайлоо алдындагы какшаган убадаларын эстеп да коюшпайт, парламентке кирген партиялар кийинки шайлоого чейин иштеринин баарын жыйыштырып коюшат. Жеке жана партия ичиндеги талаштар парламенттик фракцияларга өтүп, ошол жактан кызматтарды, тендерлерди жана бюджеттин акчаларын бөлүштүрүү иши башталат. Депутаттар бат эле конституциялык-бычылган импотенттерге айланып отуруп калышат! Мунун баары кыргыз элинин башына бүткөн балээ…. коомдун саясий рак шишиги.

Эми жаны парламент да Кыргызстандын денесиндеги рак шишигине айланбашы учун эмне кылыш керек?

Эң биринчиден, Жогорку Кенешти күтүүгө болгон каражаттарды кескин азайтуу керек. Эгерде депутат – элдин кызматкери болсо, анда ал элге льготалар же артыкчылыктар үчүн эмес, таза идея үчүн, жөнөкөй элдин турмушун оңдош үчүн иштеп берсин. Жеке автоунаасын, жеке секретаршаларын, жогорку эмгек акыларын кайтарып алыш керек, ал эми жардамчылары коомдук башталышта, акысыз иштеп берсин. Жогорку Кенештин аппаратын кыскартуу менен сапатын жаңыртуу зарыл. Жогорку Кенештин аппаратына жогорку класстагы эксперттерди жакшы айлыкка ишке тартуу керек, алар мыйзам долбоорлоруна туруктуу мониторинг жана экспертиза жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө, көп акылгөй адистер чет элдик долбоорлордо иштешет. Мына ушул абалды түп тамырынан өзгөртүү кажет.

Ал эми эмгеги сиңген, акылман инсандарыбыз элге кызмат кылып берүүгө даяр жана  аткаруу бийлигиндеги чиновниктер коррупциясын, чынчыл иштешин көзөмөлдөп беришет. Жүрөгу ак депутаттар гана льготаларын же артыкчылыктарын жоготуп алуудан корпкпостон, тайманбай, принципиалдуу иштей алышат. Бул көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн далилденген тажрыйбасы.

Жогорку Кеңештин чыгымдарын үч эсеге кыскартуу – тышкы карыздан кутулуунун кепилденген ыкмасы. Ошол ачкөз депутаттардын принципсиз иш-аракеттеринен улам, мамлекеттин тышкы карызы көбөйгөн!

Жаңы Конституция боюнча бийликтин толук жоопкерчилигин гана эмес, ошондой эле тарыхый зор жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги, анын айланасындагылар жана командасынын негизги мүчөлөрү бир өтө маанилүү акыйкатты түшүнүп алышсын – сырты жалтырак, ичи калтырак болуп, калп көрүнбөстөн, акыйкат иштеш керек! Мына ошондо гана мурунку президенттер аткара албай кеткен эл мүдөөсүн аткарууга – Кыргызстанды өнүккөн, гүлдөп өскөн өлкөгө айландыруу вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгү берилет!

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: "Согушуучу Кыргызстан…"

Тез аранын ичинде эле өнүгүп кеткен тажик-кыргыз согушу жооптору ар кандай карама-каршы келген,  менен көптөгөн суроолорду жаратты.

Эмне болду? Кезектеги эле чек арадагы кагылышпы же толук кандуу эле согуш болдубу?

Бул атайы пландаштырылган адамкерчиликсиз коркутуу акциясы болду. Тажик аскерлери Кыргызстандын тынч жаткан айылдарына жана чек ара заставаларына чыккынчылык менен кол салышты. Минометтук-артиллериялык аткылоону чек ара конфликти деп айтууга болбойт. 

Бул коркутуу акциясынын максаты эмнеде эле? Анан эмне үчүн бул согуш тез арада бүтүп калды?

Тажикстан Ворух анклавына коридор ачуу үчүн жана ошол региондо сууну бөлүштүрүүнү өзүнүн көзөмөлүнө алуу сыяктуу анык эле максаттарды көздөгөн болчу. Алар чечкиндүүлүгүн жана өз максаттарына бат эле жетип кое алаарын көрсөтүп коюшту. 

Согушту тез арада эле башталып, аякташы – бул Россия жетекчилигинин согуштун создугуп кетүүсүнүн кесепеттерин көрө алганы менен түшүндүрсө болот. Бул окуялар түрк дүйнөсүн толкутуп, биригүүгө түрткү берип койду. Экинчиден, РФ Президенти Путиндин Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмун (ЖККУ) түзүп кылган бардык аракеттери текке кетти. Армян-азербайжан кагылышы ЕАЭБ жана ЖККУ түзүмдөрүнүн наркын түшүрүп салды эле, ал эми кыргыз-тажик кагылышынын создугушу мурунку болгон бардык союздук республикалардын биримдигин таптакыр жок кылмак. Үчүнчүдөн, Навальныйдын тарапташтары жана Батыштын ар тараптуу санкциялары Россияны алсыздантып, Россия президентинин бийлигин бошоңдотуп, эки союздук республиканын ортосундагы согуш бүткүл Россиянын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын мигранттарынын ортосунда катуу кагышууларга алып келмек. Төртүнчүдөн, Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун саммитинде кандай кулуардык кызуу талкуулар болгонун эч ким билбесе да, болжолдосо болот болчу. Ал жерде алар, жана биринчи кезекте ЖККУ уюмунун лидери катары укукка ээ болгон Россия делегациясы да өзүн кандай кемсингенин жана алсыз сезишкенин билсе болот. Албетте, Россия жетекчилиги ал жердеги бардык маанайлар жана кулуардык сүйлөшүүлөр жөнүндө отчетту толугу менен алды. Дал ушул себептен улам, жана ошол коркутууларга байланыштуу, кремль Россиянын эки союздашынын ортосундагы боло турган чоң согуштун алдын алып, бул кагылышуунун башында кан төгүүнү токтотууну чечти. Эгерде окуялар ушул жүрүшүндө кете берсе, Москва Борбор Азиядагы эки союздашынан тең кол жууп калышы ыктымал. Ушуларды Кремль түшүндү болуш керек деген үмүттөмүн. 

Бешинчиден, кремльдеги аналитиктер Жапаровдун азыркы бийлиги дагы эле туруксуз экенин жана каалаган учурда Кремль таптакыр билбеген карөзгөй күчтөр союздук республикада бийликти басып алып коерун сезип калышты деп ойлойм, анткени жергиликтүү масштабдагы саясатчылар эскирип бүттү жана абалды контролдоого жөндөмсүз болуп калышты. Аларды эч ким укпайт дагы, алардын артынан эч ким ээрчибейт.  

Мындай учурда эмне кылуу керек? Биринчи кезекте кандай чараларды көрүү зарыл?

Тынчтыкты кааласаң, согушка даяр тур деген акыйкат бар. Биз Лейлекти жоготуп алышыбыз мүмкүн, муну түшүнүш керек. Бул район анклавга айланып, каалаган учурда кошуна мамлекет басып алышы толук ыктымал. Бүткүл Баткен облусу боюнча өзгөчө абал жарыялап, облусту аскердик аймакка айландырып, чычкан өтө алгыс чеп менен курчаш керек. Өзүбүзгө өзүбүз жардам бербесек, эч ким жардам бербейт. Элге курал таратыштын кереги жок, бул курал бүт республикага тарабайбы, бирок армиянын түзүмүндө куралданган, мыкты даярдалган отряддарды түзүп, буларды ар бир калктуу пункттарга жайгаштыруу зарыл экенин турмуш көрсөтүп жатат. Бул элдин мүдөөсү, учурдун талабы жана абалды реалдуу баалап, кароо болуп саналат. 

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы.

Меню