Menu

Өмүрбек Бабанов

Бабановдун "Азия парк" компаниясы Россиялык компанияларга Бишкекте кампа курбасын билдирди

Азия парк” фирмасы Бишкекте орусиялык компаниялар үчүн кампа курбай турганын айтты. “Коммерсантъ” басылмасынын жазганын төгүндөп, ал жайды кыргызстандык компаниялар колдонорун маалымдады.

“Биз кампаны “Азия” жана “Азбука” дүкөндөр түйүндөрү жана бир катар фармацевтикалык компаниялар үчүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык салып жатабыз”, – деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында “Коммерсантъ” Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирма орусиялык компаниялар үчүн Бишкектин жанында ири кампа куруп жатканын жазган. Анда басылма бул долбоордун консультанты NF Group компаниясына шилтеме берген.

“Азия парк” деп аталган комплекстин аянты 28,8 гектар, ал эми кампанын өзү 165 миң чарчы метр болот. Басылманын булактарынан алынган маалыматка ылайык, долбоорду “Траст KG” фирмасы ишке ашырарын белгилеген.

Юстиция министрлигинин маалыматында айтылгандай, бул компаниянын башчысы – Жаныбек Мырзабаев. Ал “Мбанк” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

“Коммерсантъ” макала жазылып жаткан чакта Мырзабаев менен байланыша албаганы, жергиликтүү басылмалар ал Бабановдун жээни экенин жазып жүрүшкөнүнө токтолгон.

Аталган басылманын бажы брокерлери арасындагы булагы Кыргызстан европалык санкция салынган жүктү жөнөтүүгө активдүү колдонулуп жатканын айтып берген.

Бабанов 2021-жылы майда “Кумтөр ишине” байланыштуу айыпталып камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы айып коюлган жана былтыр августта сот аны актаган.

Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө чыгып кетти

“Кумтөр иши” боюнча камакка алынып, чет өлкөдө дарылануу үчүн бошотулган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Ал Бабанов кайсы өлкөгө кеткенин айткан жок. 24.kg маалымат агенттиги Бабанов Бишкек – Москва аба каттамы аркылуу 5-августта учуп кеткенин жазып чыкты.

“Кумтөр иши” боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда камактан бошотулган.

Атайын кызмат Бабановдун ден соолугу начарлап кеткенин жана чет өлкөдө медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулары бар экенин көрсөткөн медициналык документтер алынганын билдирген.

Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөрүп, чет өлкөдөн дарыланып келүүгө уруксат берилген.

УКМК Бабанов шектүү деп эсептелген “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Бабановду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 31-майда “Кумтөр иши” боюнча коррупцияга айыптап кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп келет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Кумтөр ишинин” алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерге кылмыш ишин козгогон.

УКМК: Абактагы Өмүрбек Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан бошотулду

Мурда маалымдалгандай, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда, экс-премьер-министр Ө. Бабанов кылмышка шектүү экендиги маалымдалып, камакка алынган. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бирок, Ө. Бабановго карата камакта кармоо мөөнөтүн узартууну кароодо, Ө. Бабановдун ден-соолугунун начарлап кеткендигин жана республикадан  тышкары жактан медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды.

2021-жылдын 27-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ө.Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ал камактан бошотулду.

Ө. Бабанов шектүү деп эсептелген Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүүдө.

УКМК коомчулукка бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, анын ичинде Ө. Бабановго байланыштуу, анын иш-аракеттерине акыркы укуктук баа берүү боюнча тынымсыз маалымат берилип турмакчы.

Видео - Абактагы Өмүрбек Бабановдун аялы Рита Бирбаева сотко, бийликке нааразычылыгын билдирди

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту абактагы Өмүрбек Бабановдун аппеляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун Өмүрбек Бабановду 2 айга УКМКнын абагына камоо боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечиминен кийин Өмүрбек Бабановдун аялы Рита Бирбаева соттун алдына келген Бабановдун тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп, сотко жана бийликке күйөөсүн адилетсиз соттоп жаткандыгы үчүн нааразычылыгын билдирди.

 

УКМКнын алдына митингге чыккан Өмүрбек Бабановдун тарапташтары тарады

“Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун атайын кызматтын имаратынын алдына митингге чыккан тарапташтары тарады.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) келип, саясатчынын үй камагына чыгарууну, ишинин калыс тергелишин талап кылышты.

Мунун алдында Бишкек шаардык соту Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Анын адвокаты Амантур Абдрахманов чечимди мыйзамсыз деп атады.

“Биздин жүйөлүү негиздерибизди эске албай, айыбын негиздебей чечим кабыл алды. Бул мыйзамсыз чечим. Сот жактоочуларынын дооматтарын кабыл албай койду. Бабанов эч кайда качпайт, тергөөгө, күбөлөргө басым кылмак эмес. Ага байланыштуу 120 депутаттын 74ү өтүнүч менен кайрылган”.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

2011-2012-жылдары премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

УКМК: Абактагы Өмүрбек Бабанов спорт менен машыгып жатат деп таратылып жаткан видеоматериал фейк болуп саналат

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылып тарап жаткан видео-материал боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети төмөнкүлөрдү маалымдайт, Өмүрбек Бабановдун УКМК убактылуу кармоочу жайында болуп машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат,  жана анын ичинде фото-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет.

Медербек Корганбаев, серепчи: Бабанов жана Кумтөр

Менин жеке ой – пикирим. Өмүрбек Бабановго карата Кумтөрдүн иши боюнча ага көрсөтүлгөн айыптоо канчалык мыйзамдуу жана Бабановдун күнөөсү бар экен деген негизге суроо жаралат.

Баарыбызга белгилүү, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттын дайыма президент чечип келген. Жогорку Кеңеш ажонун сөзүн жерге түшүрбөй, ажо тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарган.

Кыргызстандын президенти ким болбосун, парламентке карата болгон өлкө башчысынын таасири зор болгон. Бул чындык. Бир гана Күмтөр эмес, көп маанилүү маселелерди ажо жана анын жан жоокерлери парламенттин кароосуна чыгарып, депуттардын колдору менен өзүнүн жеке пайдасына керек чечим чыгарып жүрүшкөн.

Канадалык “Центерра Голд” кампаниясы биздин республика жетекчилерибиздин эрке баласы сыяктуу болуп жүрдү. Менимче, канадалыктар мурунку бийлик, ажолор менен дайыма тил табышып келишкен.

Ал эми өкмөт башчысынын Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына тийгизген таасири чектелүү болгон. Себеби бизде премьер-министр кызматында ашып кетсе бир жыл иштейт. Өкмөт жетекчиси акылдуу, каржы жана экономиканы мыкты билсе деле, таза болсо да, бир жылдан соң ар кайсы шылтоо табып, президенттин командасы кызматтан кетиришкен. Жумушун мыкты аткарган өкмөт башчысы ажонун даражасын төмөндөтүп коюушу ыктымал жана ишмердүүлүгүн так алып барган премьер-министр президент үчүн атаандашка айланат деген көз караш болгон. Ошондуктан, мурунку президенттердин айлана-чөйрөсү тынбай интрига жасап, күчтүү өкмөт жетекчилерин, адисттерин өстүрбөй, аларга карата басым көрсөтүүгө кызыкдар болушкан. Ушундай саясий кадамдарды ишке ашыруу үчүн мурунку ажолор Жогорку Кеңеш аркылуу сокку жасашкан.

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы кызматын аркалаган кезде Жогорку Кеңеш Ак үйдөн (президент Атамбаевден – ред.) абдан көз каранды эле. Менин жеке оюмча, жогоруда айтылган сөзгө жараша Бабанов кааласа да, аракет жасаса деле, ал Кумтөрдүн суроосу боюнча парламентти өзүнө карата тарта албайт болчу. Тескеринче, ал мезгилдеги Жогорку Кеңештин өкүлдөрү (Текебаев баш болуп – ред.) Бабановго каршы чабуул жасашкан. Айласы кеткен Бабанов 2012-жылы кызматын тапшырып берип кутулду.

Логикалык суроо пайда болот – эгерде Бабановдун саясий таасири чын эле күчтүү болсо, мындай жыйынтык болмок беле?
Медербек Корганбаев, серепчи

Өмүрбек Бабановдун абактан жазган каты

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!
Мен бул катты УКМКнын тергөө абагынан жазып жатам.
Менин эрким бекем жана үмүтүм чоң, анткени чындык баары бир жеңет!
Мен башымды бийик көтөрүп жүрөм, анткени менин абийрим таза жана ишим туура!
Сот боюнча айтсам:
Мен жактоочуларым менен соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандык. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле деп суранат белем?
Тилекке каршы, сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алса болот деген. Бирок соттук териштирүүдөн кийин видео-материалды берүүдөн баш тартышты.
Менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп сот жооп берип койду.
Эмнеге судья алдайт?
Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат…
Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак.
Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту.
Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо! Жана мени жөн эле соттоп жатышат!
Ушул да сотпу? Бул адилетсиздик!
Мага коюлуп жаткан айып тууралуу айтайын.
Мени Кумтөр менен сүйлөшүп алган деп айыптап жатышат.
Бирок, бул суу кечпеген, болбогон нерсе!
Андай болсо:
1. Ким Кумтөрдөн 16300 гектар жерди мамлекетке кайтарды?
2. Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү? Мамлекеттик комиссия 3/07/2012-ж. түзүлгөн, 1/10/2012-ж. Өкмөткө отчет бермек, 1/11/2012 ж. Жогорку Кеңешке отчет бермек. Башкача айтканда, жыйынтык чыгарууга болгону үч ай берилген.
3. Премьер-министрлердин ичинен кимиси “Центерранын” экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп кимиси ачык айтып чыкты эле?
4. Премьер-министрлердин ичинен кимиси Кумтөрдү калктын начар жашаган аялуу катмарына жардам катары 21 млн $ өлчөмүндө каражат бөлүп берүүгө мажбур кылды эле?
Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатабы?
Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп, жерди элге кайтарып, Центерра менен катуу конфликтке барганым үчүн соттолуп жатамбы?
Же башка да себептер барбы?…
Айыптоочу тарап мен премьер-министр кызматында турганымда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө “үндөгөн” деген суу кечпеген жүйөө келтирип жатат.
Бул эмне деген быжырак кеп?
1. 2010-2012-жылдары тарыхта Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары калды.
Жогорку Кеңеш мени жана менин Өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр?
Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан.
Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим.
2. Керек болсо «Республика» фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында “макул” же “каршы” добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы?!
3. Эмне үчүн коалицияны бузуп, мени отставкага кетүүгө мажбур кылган башка фракциялардагы депутаттардын көпчүлүгү – депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш беришкен? Эгер мен алар менен сүйлөшүп алган болсом, алар коалицияны ыдыратпай койбойт беле?
Айыптоонун дагы бир акылга сыйбас жүйөөсү – мен Кумтөрдү текшерүү боюнча (өзүм түзгөн!) Мамлекеттик комиссиянын ишине тоскоолдук жаратып, “анын ишин ары-бери сүйрөө” жолуна багыттаптырмын. Бул маанисиз, негизсиз!
1. 2012-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен 2012-жылдын 10-июлуна чейин мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берет. Мен мамлекеттик комиссияны 2012-жылдын 3-июль күнү түздүм. Мамлекеттик комиссия 3 айдын ичинде, б.а. 2012-жылдын 1-октябрына чейин көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен Центерранын бардык кылмыштарын жана мыйзам бузууларын аныктап, чечим чыгарып жана Өкмөткө отчет бериши керек болчу. Жана 2012-жылдын 1-ноябрына чейин Жогорку Кеңешке отчет бериши керек эле.
2. Мен мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары экономика министри Темир Сариевди дайындадым. Эгер мен кандайдыр-бир тоскоолдуктарды жараткым келсе, анда эмнеге күчтүү саясатчы, апрель революциясынын башында тургандардын бирин дайындайм? Мамлекеттик комиссиянын курманын карап көрүңүздөр, курамы өтө күчтүү адистерден түзүлгөн. Ошол эле Алмамбет Шыкмаматов, ошол эле белгилүү эколог Калия Молдогазиева, ошол эле депутаттык комиссияга катышкан депутаттар…
Эгер мен бул ишти созуп, тоскоолдук жараткым келсе, өз пикири бар, көз карандысыз адамдарды чогултат белем?
Ошондой эле, экология боюнча эксперт катары Д.А. Кутманова чакырылган.
3. Мен Кумтөргө барганымда Мамлекеттик комиссиянын суроолоруно жоопту жана зарыл документтерди 1-2 күндөн кечиктербей берип тургула деп жетекчилигине так кесе айткам (интернетте видеолор бар, көрсөңүздөр болот). Андан тышкары, мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен биздин мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү жагына карайбыз дегем. Мен мамлекеттик комиссиянын ишине, тескерисинче, жардам берген болуп жатпаймынбы? Бул далил эмеспи?
Андан кийин мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн болсо, мен ошол эле жылдын 31-августунда кызматтан кетип жатсам, кантип комиссиянын ишине кийлигише алмак элем?
Абсурд! Акылга сыйбаган айыптоо!
Дагы бир нерсе, 2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин Центеррага системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили! Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70%га жеткирип, Кыргызстан өзү Кумтөрдү башкарып калмак!
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Мен жашоомдо кийин балдарым менин айымдан жер карап калбашы үчүн ар дайым абийрим менен иш кылдым!
Адамды өлтүрүп койсо болот!
Анын Ысымын өлтүрүүгө мүмкүн эмес!
Мен үчүн жашоодо эң кымбат бул – менин фамилиям!
Мен Чындык жеңет деп ишенем!
Кыргыз элине чоң урмат-сүйүүм менен Сиздердин уулуңуздар,
Өмүрбек Бабанов
6/06/2021 г.
Меню