Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

"Азаттык" радиосунун жетекчиси болуп медиаменеджер Стивен Капус дайындалды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Директорлор кеңеши Стивен Капусту эл аралык медиа корпорациянын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Ал 2024-жылдын 1-январында кызматка киришет. Капус АКШ Сенаты Телерадиоберүү боюнча эл аралык кеңештин курамын бекитип, анын талапкерлигине добуш бергиче компаниянын жетекчисинин милдетин аткарып турат.

Капустун журналистика тармагында 25 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Ал NBC News телеканалынын мурдагы президенти, NBC Nightly News, The News, CBS Evening News долбоорлорунун аткаруучу продюсери болгон.

Соңку жылдары ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесинин жана АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин стратегиялар боюнча кеңешчиси болуп жүргөн.

Капус 2023-жылдын жайында кызматтан кеткен Жейми Флайдын ордуна келет. Июль айынан бери мекеменин президентинин милдетин Жефф Гедмин аткарууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу – АКШнын Глобалдык медиа агенттиги аркылуу Конгресстин гранты менен каржыланган көз карандысыз медиа корпорация. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Украина, Иран, Ооганстан, Пакистан, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү), биринчи кезекте медиа эркиндиги чектелген жерлерде радио, Интернет, телевидение жана мобилдик байланыш аркылуу 27 тилде маалымат таратат.

"Ынтымак" телеканалынын бир күн мурда дайындалган жетекчиси Бакыт Айдаров кызматтан кетти

Ошто “Ынтымак” коомдук-региондук телерадиокомпаниясынын жаңы дайындалып, жамаатка тааныштырылган жетекчиси бир күн өтпөй кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бакыт Айдаровду 3-майда жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов расмий тааныштырып кеткен.
Ал эми 4-майда Бакыт Айдаров кайрадан жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазганын журналисттерге министрликтин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов тастыктап, буга анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жагдай себеп болгонун билдирди.
Бакыт Айдаров “Ынтымакта”директор болуп 2020-жылдын декабрь айынан бери эмгектенип келген, ага чейин аталган каналдын коммерциялык директору болуп иштеген. Быйыл 17-апрелде ал кызматтан өз арызы менен кеткен.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) текшерүүсү себеп болгону айтылган. Айрым кызматкерлерди атайын кызмат суракка чакырган.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов 3-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, андай текшерүү тууралуу кабары жок экенин айткан.
“Ынтымак” КРТРКсы 2011-жылы аймактык телекомпания болуп ачылган. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кыргыз, өзбек тилдериндеги көрсөтүүлөрдү даярдап келет.

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду
Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.
Мамлекет башчысынын чечими менен:
– Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
– Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
– Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жантаев Элчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду.

УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров жер мунапысын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Чүй облусунун жетекчиси Нурил Алимбаев менен Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында Мамлекет башчысы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү  тапшырмасы берилген.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Президент Садыр Жапаров бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган Мыйзамга карабай, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Меню