Menu

Сулайман Кайыпов, профессор: Азыр адамзат тирешип, БУЛ ДҮЙНӨДӨ КИМ КАЛАТ ДА, КИМ КАЛБАЙТ деген маселе чечилип жатат

Бөлүшүү:
Мени аксакалсын дешти. Анда, ак сакалдын кебине кулак салгыла
Адамзаттын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы тилкесин ачып жатат. Кандаш, жатындаш, бир тууган элдер, кудай кошкон миң жылдык кошуна калктар бирин-бири кырып жоготууга даяр турган, опурталдуу күнгө келип такалдык. Жалпы адамзаттан ырк, ыйман, ынсап, боорукерлик ж. б.лар кетип турган чак. Алардын ордун чырлык, тажаалдык, кара мүртөздүк, бузукулук, ач көздүк, тойбостук, ташбоорлук ыкчам ээлеп бара жаткан учур. Дүйнөдө акылмандар, билимдүүлөр канчалык көп чыккан сайын, адамзат үчүн зөөкүрлүк, карасанатайлык жасаган наадандардын саны андан бетер артууда. Адамдын акыл-эси, таланты, жөндөмү өзүнө каршы иштей баштаганын көрүүдөбүз. Тарыхтын өнүгүү жолу ушул күнгө алып келди. Тагдырга чара жок…
Кеңири масштабда ала турган болсок, кептин ачыгы, БУЛ ДҮЙНӨДӨ КИМ КАЛАТ ДА, КИМ КАЛБАЙТ деген маселе чечилип жатат. Мурда сыя калем менен чийилген дүйнөнүн саясый картасы эми кызыл кочкул адам каны менен кайра чийилет окшоп калды. Жаалы катуу жаңы доор дүйнөдөгү ыркы жок, өнүгө албаган, ар-намысы ойгонбогон элдердин мойнуна кебезге оролгон ач албарсын такап туру. Мындайда аёо болбойт… руху күчтүү, уңгусу бекем, акылы тунук, ниети таза элдер гана жаңы мөөнөттө жашоо үчүн мандат алуу акысына ээ болот. Көбүнчө, байлык чечпейт, дух чечет.
Демек, биз тез аранын ичинде эсибизге келип, бар күчүбүздү, акылыбызды бир уучка бириктирип, кадимки, баягы-баягы көөнө кыргыз сыяктуу оңдонуп, окторулуп чыгышыбыз керек. Тез арада… Тез арада! Убакыт бизге каршы иштеп жатат. Мунун эң башкы шарты, чоң-кичине, улуу-кичүү, тияктык-буяктык, мусулман-теңирчи, кызыл-кара, оппозиция-позиция болумуш этип тейтектегенди, майда-чүйдө сөздөрдү кан буугандай токтотушубуз зарыл. Бири-бириңерди чымчылаган сасык сөзүңөрдү, болду эми, токтоткула, кыргыз уулу!
Саясатчы ини-карындаштарым, силердин да оозуңарга келгенди оттоп сүйлөй берген эрке-талтаң дооруңар бүттү, эми өлкөбүздүн бар балушу үчүн башыңарды катыргыла. Ал колуңардан келбесе, орундарды бошоткула, колунан келгендер барып иштесин.
Кыргыздын акчалуу, байсымак уул-кыздары, алкымыңарды тыйып, четке ташып кеткен арам оокатыңарды адал ишке жумшагыла; акчаңар көп болгондугу үчүн эмес, ушул өлкө бар болгондугу үчүн силер барсыңар, ушуну кеч боло электе түшүнгүлө!
Кыргыз коомунун мүчөлөрү, өлкө жетекчилери тууралуу ыйкы-тыйкы ушак сөз сүйлөгөндү таптакыр токтотолу. Аны-муну, жасалма этика-метиканы мындай коюп, ачык айтсам момундай:
1. Садыр Жапаровдун ак көңүлдүгүн, кең пейилдигин, кечиримдүүлүгүн, ачык сөздүүлүгүн, ичи таза ишенчээктигин, ошол эле мезгилде, чечкиндүүлүгүн эч кимден таба албайсыңар! Мурдакы бешөөнүн түбүнө жеткен кекчилдик, трайбализм дегендер мында жок.
2. Камчыбек Ташиевдин тайманбастыгын, жанын канжыгага байлап коюп от кечкен баатырдык сапаттарын, көкжалдыгын, ошол эле мезгилде, калдаңдаган ак көнүлдүгүн эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылардын былгытма сценарий түзүп, ак жерден кылтак салчу адаты мында жок.
3. Талант Мамытовдун сабырдуулугун, жети өлчөп бир кескен токтоолугун, калыстыгын, сылыктыгын эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылырдын популизми, аша чапкандыгы, дардаңкөйлүгү мында жок.
4. Акылбек Жапаровдун акыл калчоо ылдамдыгын, айлакерлигин, алтернативдүү ойлоо жөндөмүн, кысталышта жол таап кеткен эпчилдигин эч кимден таба албайсыңар! Мурдакылардын иш кылбай эле, процент күтүп молтоюп отура берген адаты мында жок.
5. Курманкулдун кылдаттыгын, ар тараптуу ой жүгүртө билүү сапатын, калыбынан жазбаган калбааттыгын, толеранттуулугун, профессионалдуулугун эч кимден таба албайсыңар! Бир нерсе “өнө турган” жерлерди каттап алып, аларды ирети менен “саап” отуруу мында жок.
Ушул сапаттардын баарынын бир чекитке топтолорун ойлогондо үмүтүм арта түшөт. Баса, “Ай агай апыртып жибериптир” дебегиле, мени билгендер билет – мен “дежур чалдардан” эмесмин. Мени ушул сөздөрүм үчүн “Чоңдорго жагайын деп жаткан экен” деп, ичи бузуктар гана ойлошу мүмкүн. Мен – бирөөгө жагайын деген доордон өтүп кеткен кишимин; болгонун болгондой айтып туруу жарандык милдетине айланып калган адаммын. Менин өлкөмөн, элимен, бала-чакаман башка байлыгым жок, калганы керек да эмес.
Ооба, периште болуп кеткен эч ким жок, чекиликтер жок дейсизби, албетте бар. Бирок азыр аларды териштирип отурчу убак эмес. Тез аранын ичинде, бардык күчүбүздү жыйнап, бир кишинин сөзүнө кулак салып, бир пикирди колдоп, бир гана максатты көздөшүбүз керек болуп туру. Ал максат – Кыргызстаныбыздын бүтүндүгүн коргоп калуу! Биз да бийлигибизди сындай бербей, аны колдоп жатып туура жолго багыттоону, жакшы иштерди жасоого шыктандырууну үйрөнөлү. Кыргыздар, ээн баш, ээн ооз, эсирген эл деген жаман атактан кутулалы.
Сулайман Кайыпов, профессор

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: